Кыяматтын Жана Эсеп-Кысап Күнүнүн Сөзсүз Болоорун Унутпаңыз

Чынында кыямат сааты жакындап келатат, анда шек жок. Чынында Аллах кабырлардагыларды тирилтет. ((Хаж Сүрөсү, 7)

Азыр колуңуздагы саатты бир караңыз, ар бир өткөн секунда сизди Аллахтын алдына чыгып сурак бере турган күнүңүзгө жакындатууда. Болгондо да сизге бул дүйнөдө канчалык өмүр берилгенин да билбейсиз. Бирок сиз үчүн аныкталган ошол убакыт сөзсүз келет жана сиз эч күтпөгөн бир учурда периштелер жаныңызды алып, андан соң кыямат күнүнө жолугасыз. Бир заматта бул дүйнөгө байланыштуу бардык иштериңиздин мааниси жоголуп, такыбаалык (Аллахтан коркуу) жана Аллахтын ыраазычылыгына жетүүнүн эң маанилүү экенин толук түшүнөсүз.

Демек, али мүмкүнчүлүгүңүз турганда; бул дүйнөгө тиешелүү эмне бар болсо баары жоголуп, бүгүнкү күнгө чейин жаратылган бардык адамдар жаткан жеринен тургузулуп, Аллахка сурак берүү үчүн бир жерге чогула турган кыямат күнү үчүн даярдык көрүүнү эч унутпаңыз.

Бүт адамдардын бул дүйнөдө кылган бардык иштери толугу менен ортого коюла турган ошол күнү жакшылык кылгандар кылган жакшылыктарынын сыйлыгын кемчиликсиз алышса, жамандык кылгандар болсо кылган жамандыктарынын алардан алыста болушун тилешет. Адамдар жападан жалгыз Аллахтын алдына барышат жана кыпындай да адилетсиздикке кабылбастан, алар жөнүндө өкүм берилет.

Сурак күнү ушунчалык бат жакындап келе жатканда, бүт эскертүүлөрдү алыс көрүшүп, маани бербестен, өз каалоолору үчүн жашагандар чоң бир капылеттик ичинде. Куранда бул чындык мындайча билдирилген:

Адамдарды суракка алуу (убактысы) жакындашты, алар болсо капылеттик ичинде жүз бурушууда. Раббилеринен аларга жаңы бир эскертүү келсе эле, аны сөзсүз оюн кылып угушууда. (Анбия Сүрөсү, 1-2)

Сиз да ал улуу сурак күнүнүн жакындап келе жатканын жана Аллахтын алдында сурак берээриңизди эч унутпаңыз.

Ал күнү адамдын кылган бүт иштери бир бирден, эч унутулбастан, толугу менен анын алдына коюлат. Аллах чексиз эс-тутуму менен адам өзү да унутуп калган ар бир кыймыл-аракетин, ар бир оюн анын алдына койот. Куранда адамдардын ар бир кылганынын жазылып тураары мындайча билдирилген:

Алардын кылган бардык нерселери китептерде (жазылуу). Кичине, чоң бүт нерсе сап сап (жазылуу). (Камер Сүрөсү, 52-53)

Адам унутчаак, бирок Аллах эч унутпайт жана жаңылбайт, ошондуктан бул дүйнөдө жасалган жамандыктардан анын ээлери эч кача алышпайт. Бир адам мындан 10 жыл мурда Аллах ыраазы болбой турган бир сөздү айтканын же оюнан каапырдык бир пикир өткөргөнүн эстебеши мүмкүн, бирок сурак күнү Аллах ал сөздү да, ойду да толугу менен алдына койот:

Айткын: «Көкүрөгүңөрдөгүнү жашырсаңар да, ачыкка чыгарсаңар да, Аллах билет. Жана асмандардагыны да, жердегини да билет. Аллах бүт нерсеге кудуреттүү.» Ар бир напси кылган жакшылыктарын алдында көргөн жана эмне жамандык кылса, аны менен арасында алыс бир аралык болушун каалаган ал күндү (ойлонгула). Аллах силерди Өзүнөн тартынтат (коркутат). Аллах пенделерине карата боорукер. (Али Имран Сүрөсү, 29-30)

Аллах баарын тирилте турган күнү аларга эмнелер жасашканын кабар берет. Аллах алардын (кылгандарын бир бирден) санаган, алар болсо аны унутушкан. Аллах бүт нерсеге күбө. (Мүжаделе Сүрөсү, 6)

Бүт нерсенин күбөсү болгон, эч унутпаган жана жаңылбаган Аллахтын ал күнү кылгандарыңызды жана ойлоруңузду бир-бирден алдыңызга койоорун эч унутпаңыз.

Албетте, адамдын өмүр бою Аллахка сурак берээрин унутуу менен кылган ар бир кыймылы ага кыйроо жана орду толгус бир бушаймандык алып келет. Албетте, эч бир унутулган нерсенин наркы мынчалык оор жана коркунучтуу боло албайт. Адамдын түбөлүк жашоосун коркунучка салган бул чындыкты сиз да эч унутпаңыз. Себеби бул адамдын Раббибизге карата жасаган чоң катасы. Аллах бир аятында мындай буюрууда:

... Шексиз Аллахтын жолунан адашкандарга сурак күнүн унутушканы үчүн оор бир азап бар. (Сад Сүрөсү, 26)

Куранда адамдарды коркутуу үчүн кыямат күнүн эске салган жана ал оор күндү сүрөттөгөн абдан майда-баратына чейин сүрөттөөлөр бар. Кыямат күнү бүт материалдык нерселер кыйроого дуушар боло турган, жок боло турган бир күн. Аллах билдиргени боюнча, «Ал күн оор бир күн; каапырлар үчүн болсо эч оңой эмес» (Мүдессир Сүрөсү, 9-10)

Сура биринчи чалынышы менен кыямат убактысы башталат. Кичинекей бир жер титирөөдөн качып сыртта таң атырган адамдар ал күнү кыймылдабас тоолорду майдалап кыйрата турган күчтөгү жер титирөөлөргө кабылышат. Аллах ал күндү Камер Сүрөсүнүн 6-аятында «Ал чакыруучу «тааныш эмес, эч көрүлбөгөн» бир нерсеге чакыра турган күн...» деп сүрөттөйт.

Ал күнү бүт жерди жана бүт нерсени каптаган, буга чейин эч көрүлүп, угулбаган бир коркунуч башка келет. Деңиздер жанып-от болот (Таквир Сүрөсү, 6), асман ээриген металл сыяктуу болот (Меариж Сүрөсү, 8), жылдыздар тосулуп, (нурлары) өчөт (Мүрселат Сүрөсү, 8), ай карарат, күн менен ай бириктирилет (Кыямат Сүрөсү, 8-9), асман жарылып ачылат жана эшик эшик болот (Небе Сүрөсү, 19), тоолор тамырынан жулунуп сапырылат (Мүрселат Сүрөсү, 10), «айланага чачылган» түстүү жүндөр сыяктуу болот (Каариа Сүрөсү, 5), бүт дүйнө, бетинде бир дөңчө-чуңкур да калбаган абалга келет (Таха Сүрөсү, 107).

Сура экинчи жолу чалынганда адамдар тирилтилип жана суракка алынуу үчүн бир жерге чогултулуп башташат. Аяттар төмөнкүдөй:

Суръа (сур) чалынды, ушундайча Аллах каалагандан башка асмандарда жана жерде болгондор сүзүшүп-кулашты. Кийин ал дагы бир жолу чалынды, эми алар буттарында туруп карап турушат. Жер Раббиңдин нуру менен жаркырады; китеп койулду; пайгамбарлар жана күбөлөр алып келинди жана араларында чындык (адилеттик) менен өкүм чыгарылды, алар акыйкатсыздыкка кабылышпайт. (Зүмер Сүрөсү, 68-69)

Каапырлар ал күнү көздөрү коркунучтан алаңдап, башаламан чегирткелердей кабырларынан чыгышып, моюндарын чакыруучуну көздөй созуп чуркап баратышканда, «бул өтө оор бир күн» дешет (Камер Сүрөсү, 7-8). Аллах аларды суракка алуу үчүн бир мөөнөт белгилеген эмес деп ойлогондор (Кехф Сүрөсү, 48) ал күнү качаарга бир жер таба алышпайт. Себеби эми алар аягында бара турган жалгыз жер болгон Раббибиздин алдында. (Кыямат Сүрөсү, 10-12)

Эч тирилбейм жана өлүм түбөлүк улана турган терең бир уйку деп ойлогондор кыямат сааты келгенде аларга берилген эскертүүлөрдүн чындык экенин түшүнүшөт:

Айтышат: «Биз чуңкурда кезибизде, чындап биз кайрадан (тирилтилип) кайтарылабызбы?» «Биз чирип майдаланган сөөктөргө айлангандабы?» (Назиат Сүрөсү, 10-11)

Айтышкан эле: «Кыйроо болсун бизге, уктап жаткан жерибизден бизди ким тирилтип-тургузду? Бул Рахман (болгон Аллах)тын убадасы, (демек) жөнөтүлгөн (пайгамбар)лар туура айтышкан экен». (Йасин Сүрөсү, 52)

Ал махшар күнү ыймандуулар жана баш тартуучулар бири-биринен толугу менен бөлүнүшөт. Ыймандуулардын ичтериндеги кубанычтын бир көрүнүшү катары жүздөрү жаркырап, «нурдуу» карашса, каапырлардын жүздөрүн болсо бир кара өңдүн каптаары кабар берилген:

Ал күнү жүздөр нурдуу жаркырайт. Раббилерине карап турушат. Ал күнү ушундай жүздөр да бар, карарып-капаланган. Ага запкылуу азап берилээрин билип турат. (Кыямат Сүрөсү, 22-25)

Ал күнү бул дүйнөдө жашап жатканда эле сурак берээрин түшүнүп, дүйнө жашоосуна акырет жашоосун сатып алгандардын китеби оң колдоруна берилет. Ар бир кыймылын Аллахты көздөп жасагандардын ал күнү айланасындагыларга «алгыла, китебимди окугула» дей ала турганчалык көңүлдөрү ток жана мунун натыйжасында ыраазы боло турган бир жашоого, т.а. бейишке киришет.

Китеби сол колуна берилген болсо сурак күнүн унутуп жашаганы үчүн сүрөттөөгө болбой тургандай бир бушаймандык жана кыйроо ичинде болуп; «...Мага эч китебим берилбей эле койгондо, сурагымды эч билбей эле койгонумда кана» (Хакка Сүрөсү, 25-26) дейт. Аяттарда айтылгандай, эми алар үчүн «азап толо бир күн өткөрүү» бар, жүздөрү «кыйынчылык ичинде басмырланган», «үстүлөрүн чаң баскан», бир «кара өң ороп-курчаган». Аллах мындай адамдарды «жүзү жер караган көр, дудук жана дүлөй абалда» тирилтет (Исра Сүрөсү, 97)

Таха Сүрөсүндө Аллахты эстөөдөн жүз бургандардан болгондугу үчүн кыямат күнү көр болуп тургузула тургандардын мындай дешээри билдирилген:

«Мен көзү соо адам элем го, мени эмнеге көр кылып тирилттиң Раббим?» деген суроосуна жооп кылып (Аллах): «Мына ушундай, сага аяттарыбыз келген эле, бирок сен аларды унуттуң, дал ошондой бүгүн сен да унутуласың» дейт. (Таха Сүрөсү, 125-126)

Сиз дагы сурак күнү ушундай абалга түшкүңүз келбесе, анда өмүр бою Аллахты ыраазы кылышыңыз керек экенин унутпаңыз.

Билип коюңуз, ал күнү Аллах каалагандан башка, асмандарда жана жердегилердин бүт баары коркууга кабыла турган, күнөөкөрлөр бири-бирин күнөөлөй турган, ыймансыздар бактысыз боло турган бир күн. Бир гана дүйнө жашоосу бою Аллахтын буйруктарына чын көңүлдөн баш ийгендер ал күндүн коркунучунан коопсуздук ичинде болушат. Адам дүйнө жашоосунда кыяматтын бар экенинен канчалык капылетте болсо жана ага карата канчалык даярдыксыз болсо, ал күнү кабыла турган коркунучу ошончолук чоң болот. Аллах аяттарда ал күндүн коркунучун адамдарга мындайча эстетет:

Эй инсандар, Раббиңерден коркуп-тартынгыла, себеби кыямат саатынын зилзаласы коркунучтуу нерсе. Аны көргөн күнүңөрдө ар бир эмизүүчү өз баласын унутуп калат жана ар бир кош бойлуу боюндагысын түшүрөт. Адамдарды болсо нес-мас абалда көрөсүң, чынында болсо алар мас эмес. Бирок Аллахтын азабы абдан катуу. (Хаж Сүрөсү, 1-2)

Унутпаңыз, андай күндө эч бир жакын дос бир жакын досун сурабайт жана эч ким бири-бирине досчо мамиле кылып, жардам бербейт. Адамдар азаптан кутулуу үчүн эң жакындарын да садака кылып берүүгө ыраазы болушат, бирок булардын эч бири алардан кабыл алынбайт:

Алар бир-бирине көрсөтүлүшөт. Бир кылмышкер-күнөөкөр ал күндүн азабынан кутулуу үчүн балдарын садака чапкысы келет; өз жубайын жана бир тууганын, жана аны баккан тууган-уругун да; жер бетиндегилердин баарын (берип), анан бир кутулса. Жок; (эч бири кабыл алынбайт). Чынында ал (тозок) алоолонуп күйүп жаткан от». (Меариж Сүрөсү, 11-15)

Кыскача айтканда, адамдардын ал күнү башына келе тургандарга карата ала турган эч бир чарасы, качып-жашына турган эч бир жери болбойт. Ал күнү адам ойлонуп ага жасалган бардык эскертүүлөрдү эстейт, бирок бул эстөөнүн ага эч кандай пайдасы болбойт:

Себеби ал (дүйнөдө) өз жакындары арасында кубанычта эле. Чынында ал (Раббисине) кайра кайтып келбейм деп ойлогон эле. Жок; чынында Рабби аны абдан жакшы көрүп турчу. (Иншикак Сүрөсү, 13-15)

Кыямат күнү абдан так таразалар курулат жана эч бир напси эч нерседе адилетсиздикке кабылбайт. Бир сары кычы данынчалык жакшылыгы болсо таразага алып келинет (Анбия Сүрөсү, 47). Кимдин таразасы оор басса, эми ал ыраазы болунган бир жашоонун ичинде. Кимдин таразасы жеңил болуп калса, анын орду тозок (Каариа Сүрөсү, 6-11). Бул чындыкка аяттарда мындайча көңүл бурулган:

Ал күнү адамдар амалдары (кылган иштери) аларга көрсөтүлсүн деп бөлүк бөлүк ыргып чыгышат. Эми ким зерре (абдан кичинекей) оордугундай жакшылык кылса, ошону көрөт. Эми ким зерре оордугундай бир жамандык кылса, ошону көрөт.» (Зилзала Сүрөсү, 6-8)

Ал күндүн бул дүйнөдөгү кызматтык даража, чин, мал-мүлк жана бала-чакалардын эч кандай мааниси калбаган бир күн экенин да унутпаңыз. Ал күнү адамдар бир гана кылган жакшы же жаман иштерине жараша айырмаланышат. Бүт адамдарга аларды жараткан Аллахка кулчулук (ибадат) кылып кылбагандыгы суралат. Жашыруун, билинбеген эч нерсе калбай турган ал күнү эч бир катасын жоюуга эч кимдин күчү болбойт:

Сырлар ортого төгүлө турган күнү; эми анын күчү да, жардамчысы да жок. (Тарык Сүрөсү, 9-10)

Каапырлардын бардык күнөөлөрү, балит иштери, жамандыктары, акыл жана жүрөктөрүнөн өткөргөн бардык ойлору бир-бирден бүт адамдардын алдында ортого коюлат. Аларды жараткан жана өмүр сүрдүргөн Аллахты жокко чыгаруу менен мүмкүн болгон эң чоң кылмышты кылгандар сурак күнү басмырланган жана айоолуу бир абалда алар жөнүндө өкүм чыгарылышын күтүшөт:

Ал күнү жалганга (жокко) чыгаргандарга кайгы. Бул алар сүйлөй албай турган бир күн. Жана аларга актануу үчүн уруксат берилбейт. Ал күнү жалганга чыгаргандарга кайгы. Ал өкүм күнү; силерди жана абалкыларды бир жерге чогулттук. Эгер кура турган тузак амалыңар болсо, эч күтпөстөн Мага карата кургула. Ал күндү жалганга чыгаргандарга кайгы. (Мурсалат Сүрөсү, 34-40)

Ыймандуулардын болсо сурагы жеңил болот. Кыяматтын жана сурак күнүнүн коркуусунан бейпилдикте болушат жана түбөлүк оттун азабынан алыс кармалып, чексиз немат-жакшылыктарга толгон бейишке жетишет.

Билип коюңуз, динсиз бир адам да жогоруда баяндалган күнгө жолугушум мүмкүн деп ойлошу керек. Бир адамдын «мен ишенбейм, ошондуктан мындай күнгө кабылбайм» деп айтышы эч логикага сыйбайт. Себеби ал адам эч ишенбесе да өз логикасына ылайык кыямат күнүнө жолугууга элүү пайыз ыктымалдуулук бериши керек. Кыямат күнүнүн өзгөчөлүктөрү жана тозоктогу азап элестетилгенде, бул күнгө жолугуу ыктымалы бир пайыз болсо да адам дүрбөлөңгө кабылып, ал күндөн кутулууга аракет кылышы зарыл.

Болгондо да ар бир өткөн саат биздерди өлүмгө жана жогоруда баяндалган дүйнөнүн аягына жана суракка тартыла турган учурга дагы бираз жакындатууда. Бул ар бир адам үчүн сөзсүз келчү бир натыйжа. «Ал каапырлар Мусулман болууну канчалаган жолу каалашат.» (Хижр Сүрөсү, 2) аятында билдирилгендей, каапырлар кусалык жана бушаймандык менен Мусулмандардан болууну каалаша турган ал күндү эч унутпаңыз. Аллах бул адамдар үчүн мындай өкүм берүүдө:

Демек бул (азап) күнүңөр менен жолугушууну унутканыңар үчүн азапты таткыла. Биз да силерди чындап унуттук; кылгандарыңар үчүн түбөлүк азапты таткыла. (Сажда Сүрөсү, 14)

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
doc
pdf
БӨЛҮМДӨР