Жол Көрсөтүүчүнүн Куран Экендигин Унутпаңыз

Алиф. Лам. Ра. Бул бир Китеп, Раббиңдин уруксаты менен адамдарды караңгылыктардан нурга, Ошол күчтүү жана мактоого татыктуунун жолуна чыгарышың үчүн сага түшүрдүк. (Ибрахим Сүрөсү, 1)

Куран – адамдар Аллахты таанышы, Анын жалгыз Кудай экенин билиши, Раббибизге кандайча кулчулук (ибадат) кылаарын үйрөнүшү жана акыл ээлери жакшылап сабак алып ойлонушу үчүн Аллах Кабатынан жөнөтүлгөн бир Китеп. Жол көрсөтүүчүбүз болгон Куранда Аллах бизге муктаж боло турган бүт нерсебизди түшүндүрүүдө, Өзү ыраазы боло турган жолдорду көрсөтүүдө жана Ага кулчулук кылуунун сонун натыйжасын сүйүнчүлөөдө:

... Биз Китепти сага бүт нерсенин түшүндүрмөсү, Мусулмандарга бир хидаят (туура жол), бир ырайым жана бир сүйүнүчтүү кабар катары түшүрдүк. (Нахл Сүрөсү, 89)

Куран – Аллахтын пенделерине жөнөткөн Акыйкат Китеби. Ыймандуулар үчүн Аллахтан бир кеңеш, шыпаа жана рахмат. Бул маанилүү чындыкты түшүнө алган момундар (ыймандуулар) Курандын ар бир аятын терең терең ойлонуп, бүт жашоосун ошого ылайык жашашат. Аллах момундардын абийирлеринде жообун издеген ар бир суроосунун жообун Куранда түшүндүргөн:

Ант болсун, Биз аларга бир Китеп алып келдик; ыйман келтире турган бир коомго бир хидаят (туура жол) жана бир ырайым катары бир илимдин үстүндө аны ар кандай мисалдар менен түшүндүрдүк. (Аьраф Сүрөсү, 52)

Аллах Өзү ыраазы боло турган адеп-ахлакты Куранда сүрөттөгөн. Ошондуктан ар бир адам Куран менен жашоого, т.а. өкүмдөрүн аткарууга милдеттүү. Адамдар дүйнө жашоосунда кылгандарынын эсебин бере турган күнү Курандан суралышат. Ушул себептен, бүт кыймыл-аракеттериңиздин, ойлонуу калыбыңыздын, алган чечимдериңиздин, кыскача айтканда, жашоо калыбыңыздын коомдун көпчүлүгүнө эмес, бир гана Куранга ылайыктуу болушу керек экенин унутпаңыз. Куранга ылайык жашоо адамды кутулууга жеткире турган жалгыз жол.

Бирок динди Куранга ылайык жашай алуу үчүн, албетте, аны окуу жана түшүнүү керек. Айланаңыздагы адамдар муну кылбай жаткан болушу мүмкүн. Адамдардын көпчүлүгү Куран аяттарын билишпейт, билгендер да маанисин түшүнбөстөн, бир гана Арапча окулушун жаттап жаткан болушу мүмкүн. Ал тургай Куранга өздөрүнүн батыл (негизсиз) ишенимдери менен баа берип (Аллахты аруулайбыз), бир талисман (тумар) китеби сыяктуу көрүшүп, үйлөрүндө шкафтарынын үстүнө гана коюп коюшкан болушу мүмкүн. Эгер кутулууга жеткиңиз келип жатса, сиз бул көпчүлүккө эмес, Раббибиздин буйругуна баш ийиңиз; Аллахтан бир сабак жана эскертүү катары түшүрүлгөн Куранды окуңуз жана өкүмдөрүн үйрөнүңүз. Себеби Аллах аяттарында Курандын адамдарга жөнөтүлүү себептерин бизге мындайча билдирүүдө:

Мына ушул (Куран) эскертилип коркутулушсун, чындыгында Анын жалгыз бир Кудай экенин билишсин жана таза акыл ээлери жакшылап сабак алып ойлонушсун деп (түшүрүлгөн) бир эскертүү. (Ибрахим Сүрөсү, 52)

(Бул Куран) Аяттарын жакшылап ойлонушсун жана таза акыл ээлери сабак алышсын деп сага (Биз) түшүргөн мубарек (куттуу) бир китеп. (Сад Сүрөсү, 29)

Жогорудагы аяттарда да көрүлгөндөй, Аллах бир гана Куранга ылайык ыйман келтирген таза акыл ээлеринин сабак ала алаарын билдирген. Жана унутпаңыз, Куран сабак алып, ойлоно алышыңыз үчүн жеңилдетилген. Аяттарда мындайча буюрулууда:

Аллахтан башка бир өкүмдар издейинби? Чынында болсо Ал силерге Китепти (толук) баяндоочу кылып түшүрдү. Биз китеп берген элдер мунун чынында Раббиңден акыйкат катары түшүрүлгөнүн билишет. Демек эч шектенүүчүлөрдөн болбогун. (Энъам Сүрөсү, 114)

Биз аны (Куранды) апачык аяттар кылып түшүрдүк; шексиз Аллах каалаганын хидаятка (туура жолго) багыттайт. (Хаж Сүрөсү, 16)

Булардан тышкары, унутпаш керек болгон абдан маанилүү дагы бир чындык бар: Куран ыймандуулар үчүн туура жолду көрсөтүүчү болгон сыяктуу, каапырлар үчүн болсо адаштыруучу болушу мүмкүн. Эсеп күнү Аллахтын алдына бараарына ишенбеген, Курандын Раббибизден бүт адамдарга түшүрүлгөн акыйкат китеп экенин түшүнө албаган кээ бир адамдар аяттардагы хикматтарды (терең сырларды) да түшүнө алышпайт. Аяттарга кезигишкенде сокур жана дүлөйлөрдөй болушат. Мындай адамдардын абалы Куранда мындайча кабар берилген:

Куран окуп жатканыңда сени менен акыретке ишенбегендер арасына көрүнбөс бир парда койдук. Жана алардын жүрөктөрүнө аны аңдап-түшүнүүлөрүнө тоскоол болуучу тосмолорду, кулактарына бир оордук койдук. Сен Куранда Раббиңди гана «бир жана жалгыз» (Кудай) катары эскергениңде, «жаман көрүү менен качып», артты көздөй кетишет. (Исра Сүрөсү, 45-46)

Албетте, баш тартуучулар (каапырлар) кабылган мындай абалдын булагы – бул алардын чын пейилдүү болбошу, Аллахтын буйруктарын унутуп өз каалоо жана амбицияларына ылайык аракет кылышы. Баш тартуучулар акылы төмөндүгүнөн улам мындай мисалдарды беришет:

Биз ал оттун коргоочуларын периштелерден кылдык. Жана алардын санын каапырлар үчүн бир фитна (темасы) гана кылдык; (натыйжада) китеп берилгендер чыныгы бир илим менен ишенишсин, ыйман келтиргендердин да ыймандары артсын; китеп берилгендер жана ыйман келтиргендер (ушундайча) шектенүүгө түшүшпөсүн деп. Жүрөктөрүндө бир оорусу барлар жана каапырлар болсо мындай дешсин: «Аллах бул мисал менен эмне дегиси келди?» Аллах каалаганын ушинтип адаштырат, каалаганын ушинтип хидаятка жеткирет. Раббиңдин аскерлерин Андан башка (эч ким) билбейт. Бул болсо адам үчүн болгону бир сабак (кеңеш). (Мүдессир Сүрөсү, 31)

Ыймандуулар болсо такыр башка маанайда болушат. Алар Аллахтан аларга түшүрүлгөн аяттарды угушканда, ылдам сөздүн эң сонунун ээрчишет жана дүйнөдө да, акыретте да кутулууга жетишет. Алардын аяттарга карата мындай өрнөк мамилелери болсо Куранда мындайча билдирилген:

Аллах мүтешабих (бири-бирине окшош), экиден болгон бир китеп катары сөздүн эң жакшысын түшүрдү. Раббилеринен ичи титиреп-корккондордун Андан терилери титирейт. Анан алардын терилери жана жүрөктөрү Аллахты эстеп жумшарып калат. Мына ушул Аллахтын жол көрсөтүшү, аны менен каалаганын хидаятка жеткирет. Аллах кимди адаштырса, эми ал үчүн бир жол көрсөтүүчү жок. (Зүмер Сүрөсү, 23)

Унутпаңыз, эгер Аллахтан коркуп-тартынып жатсаңыз, анда сиздин да Анын аяттарын укканыңызда жүрөгүңүз жумшарып, тынчтанышы керек. Себеби Аллах ыкластуу (чын пейилден) ыйман келтиргендердин Курандын Акыйкат экенин түшүнө алаарын бизге билдирген. Курандын Акыйкат экенинен шектенгендер болсо – бул бир гана баш тартуучулар. Аллах аяттарында мындай буюрууда:

(Ошондой эле) Аларга илим берилгендердин мунун (Курандын) эч талашсыз Раббилеринен келген бир чындык экенин билиши үчүн; ушундайча ага ыйман келтиришсин жана жүрөктөрү ага ыраазы болгон абалда байлансын. Шексиз, Аллах ыйман келтиргендерди туптуура жолго багыттайт. Каапырлар болсо кыямат-сааты аларга кокустан келгенге чейин же үзүлгөн (натыйжасыз) бир күндүн азабы аларга жеткенге чейин андан (Курандан) шектенип жүрө беришет. (Хаж Сүрөсү, 54-55)

Сиз дагы сурак күнү Курандан суралаарыңызды унутпаңыз. Аллах бул чындыкка «Демек, сага вахий кылынганга бекем карман; себеби сен туптуура жолдосуң. Жана, шексиз ал (Куран) сен жана коомуң үчүн чынында бир зикир. Силер (андан) сураласыңар.» (Зухруф Сүрөсү, 43-44) аяттары менен көңүл бурган. Адамдардын көпчүлүгүнүн Курандан алыстап, аны таштап койгон болушу сизди эч жаңылтпасын. Себеби көп адамдар 60-70 жашка чейин жашаарына кепилдик бар сыяктуу, Куранды окуп, үйрөнүүнү улгайган курактарга калтырууну туура көрүшөт. Жаш куракта динге ылайык жашоо бизди көп нерседен куржалак калтырат деп ойлошот. Чынында болсо мындай ыклассыз (алдамчы) логикалары менен өздөрүнө өздөрү жаман бир натыйжа даярдашат.

Аллахка кандайча кулчулук кылаарыңызды сизге түшүндүргөн жана жалгыз жол көрсөтүүчү болгон китеп – бул Куран. Бүт жашооңузду Курандын өкүмдөрүнө жана Пайгамбар Мырзабыздын (сав) сүннөтүнө ылайык түзүшүңүз шарт. Себеби ыйман келтирсин, келтирбесин, бүт адамдар сурак күнү Курандан суралат. Унутпаңыз, чын пейилден (ыкластуу) анын өкүмдөрүн аткарганыңызда гана түбөлүк азаптан кутулууну жана бейишке жетүүнү үмүт кыла аласыз.

Сиз дагы сурак күнү Курандан суралаарыңызды унутпаңыз. Аллах бул чындыкка «Демек, сага вахий кылынганга бекем карман; себеби сен туптуура жолдосуң. Жана, шексиз ал (Куран) сен жана коомуң үчүн чынында бир зикир. Силер (андан) сураласыңар.» (Зухруф Сүрөсү, 43-44) аяттары менен көңүл бурган. Адамдардын көпчүлүгүнүн Курандан алыстап, аны таштап койгон болушу сизди эч жаңылтпасын. Себеби көп адамдар 60-70 жашка чейин жашаарына кепилдик бар сыяктуу, Куранды окуп, үйрөнүүнү улгайган курактарга калтырууну туура көрүшөт. Жаш куракта динге ылайык жашоо бизди көп нерседен куржалак калтырат деп ойлошот. Чынында болсо мындай ыклассыз (алдамчы) логикалары менен өздөрүнө өздөрү жаман бир натыйжа даярдашат.

Аллахка кандайча кулчулук кылаарыңызды сизге түшүндүргөн жана жалгыз жол көрсөтүүчү болгон китеп – бул Куран. Бүт жашооңузду Курандын өкүмдөрүнө жана Пайгамбар Мырзабыздын (сав) сүннөтүнө ылайык түзүшүңүз шарт. Себеби ыйман келтирсин, келтирбесин, бүт адамдар сурак күнү Курандан суралат. Унутпаңыз, чын пейилден (ыкластуу) анын өкүмдөрүн аткарганыңызда гана түбөлүк азаптан кутулууну жана бейишке жетүүнү үмүт кыла аласыз.

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
  • Эч Унутпаңыз!
  • Аллахтын Жалгыздыгын Унутпаңыз
  • Жол Көрсөтүүчүнүн Куран Экендигин Унутпаңыз
  • Ар Бир Болуп Жаткан Окуянын Тагдыр Экендигин Унутпаңыз
  • Сизди Жолдон Чыгаруу Үчүн Бардык Аракетин Жумшаган Шайтандын Бар Экендигин Унутпаңыз
  • Бул Жашоонун Убактылуу Сыноо Экендигин Унутпаңыз
  • Ар Дайым Бул Дүйнөдөн Өтүп Кетишиңиз Мүмкүн Экенин Унутпаңыз
  • Кыяматтын Жана Эсеп-Кысап Күнүнүн Сөзсүз Болоорун Унутпаңыз
  • Динсиздердин Азап Мекени Тозокко Кетээрин Унутпаңыз
  • Бейишке Чыныгы Ыймандуулардын Гана Кирээрин Унутпаңыз
  • Аллахка Дуба Кылууну Унутпаңыз
  • Аллах Алдында Дайыма Чын Ниеттүү Жана Ак Жүрөктүү Болууну Унутпаңыз
  • Ката Кылганыңызда Эртерээк Тообо Кылып, Аллахтан Кечирим Суроону Унутпаңыз
  • Жыйынтык: Эскертүү Аллахтан Корккондорго Гана Жардам Берет
  • Бардык Жандуу- Жансызды, Ааламды Аллахтын Жараткандыгын Эч Унутпаңыз