Динсиздердин Азап Мекени Тозокко Кетээрин Унутпаңыз

... Ант болсун, тозокту жиндерден жана адамдардан болгон каапырлардын баары менен толтурам. (Сажда Сүрөсү, 13)

Тозок – бул Аллахты жокко чыгарып, кайдыгерлик менен өмүр сүргөндөргө түбөлүк мекен боло турган бир азап мекени. Бирок акыретке ишенбегендер бекем жабышкан бул дүйнө сөзсүз жок болот, ал эми тозок болсо түбөлүк бар болот. Аллах «оттун калкы» деп атаган адам топторунун баары тозокто түбөлүк калышат. Эч кача албай турган бул азаптын эч теңдеши жок:

Эми ал күнү эч ким (Аллах) бере турган азаптай (күчтүү) азапталбайт. (Фежр Сүрөсү, 25)

Тозок (сакар) эмне, сен билесиңби? Ал калтырбайт жана жөн койбойт. Адамга абдан суусаган. (Мүдессир Сүрөсү, 27-29)

Адамдар арасында тозокто белгилүү бир мөөнөт жашап, андан соң бейишке киребиз деген бир негизсиз ишеним бар. Чынында болсо тозоктун эң коркунучтуу өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул азаптын эч бүтпөй турган болушу, ал жерден чыгуунун түбөлүккө эч мүмкүн болбошу. Куранда мындай негизсиз (батыл) ишенимге ээ болгондордун коркунучтуу жаңылыштыкта экендиги мындайча баяндалууда:

Айтышты: «Саналуу күндөрдөн башка, от бизге эч тийбейт.» Айткын: «Аллах Кабатынан бир убада алдыңарбы? Аллах эч убадасынан кайтпайт. Же болбосо, Аллах жөнүндө билбеген бир нерсени айтып жатасыңарбы?». Жок; ким бир жамандык кылып, күнөөсү аны курчаган болсо, (эми) алар отто калышат, ал жерде түбөлүк жашашат. Ыйман келтирип, ыкластуу амалдарды кылгандар болсо бейиш калкы болуп, ал жерде түбөлүк жашашат. (Бакара Сүрөсү, 80-82)

Чынында тозок күтүп туруучу мекен. Чектен чыгып-адашкандар үчүн кайтып баруучу орун. Алар анда дайыма болушат. (Небе Сүрөсү, 21-23)

Тозоктон чыгуу (Аллах каалабаса) эч мүмкүн эмес. Бүт кылмышкер-күнөөкөрлөр тозокко кирген соң тозоктун эшиктери жабылып, от каапырлардын үстүнө түбөлүккө кулптанган болот:

Ал эми аяттарыбызга каапыр болгондор болсо – сол тарап ээлери (Асхабы Мешъеме). «Эшиктери кулптанган» бир от ошолорго болот. (Балад Сүрөсү, 19-20)

Бул дүйнөдө ага берилген чектүү мөөнөттү бош өткөргөн ар бир адамдын дайыма ичинде кала турган, түбөлүккө чейин эшиктери үстүнө кулптанган бул азапка ылайык болоорун эч унутпаңыз.

Кулптанган эшиктердин артында боло турган азап болсо бул дүйнөдө эч болжолдоого мүмкүн болбогондой бир азап. Куранда бизге сүрөттөлгөнү боюнча, тозок тар, ызы-чуулуу, караңгы жана түтүн каптаган бир мекен. Адамдын клеткаларын кууруган ысыктыгы, жийиркеничтүү тамак-аш жана суусундуктары менен азаптарга толгон бир жер. Тозокто ар бир көз ирмем ар тараптуу кыйноолорго толгон бир жашоо бар. Тозок элинин көзү эң коркунучтуу жана жийиркеничтүү көрүнүштөрдү көрөт; кулагы коркунучтуу жана азап бере турган үндөрдү, сыздагандарды, ызы-чуу, кыйкырык, онтоо, айкырыктарды угат; мурду мүмкүн болгон эң сасык жана жийиркеничтүү жыттарга толот; тили эң жийиркеничтүү даамдарды, эч чыдоого болбос азаптарды сезет, ошол эле учурда бүт денеси күйүп-куурулат.

Тозок калкынын жүзүн от каптап, баштарынын үстүнөн кайнак суулар куюлат, маңдайлары, карындары жана аркалары күйгүзүлөт. Жана бул азаптардын баары эч токтобостон жана жеңилдетилбестен түбөлүккө уланат.

Жалындуу от адамдарды ар тараптан ороп курчайт. Аллах тозоктогулар үчүн оттон кийимдер тигилгенин (Хаж Сүрөсү, 19), кийимдеринин кара майдан болоорун (Ибрахим Сүрөсү, 50) билдирүү менен, алардын азапта канчалык калаарын кабар берет. Күйгөн терилеринин ордуна жаңылары жаратылат (Ниса Сүрөсү, 56), натыйжада от берген кыйноо эч жеңилдебестен уланат. Ушундай абалда чынжырларга кишенделип, колдору моюндарына байлануу абалда оттун эң тар жана кысылган жерине ташталышат (Фуркан Сүрөсү, 13). Оттон болгон төшөктөргө жаткырылышат, үстүлөрүнө жапкандары да оттон.

Мындай азаптан кутула алуу үчүн дайыма кыйкырышат, жалбарышат, бирок аларга жооп да берилбейт. Жок дегенде бир күн болсо да азаптын жеңилдетилишин суранышат, бирок аларга басмырлануу жана азап менен жооп берилет.

Коркунучтуу бир добуш менен кайнап, алоолонгон тозок отунун ышкырыгы абдан алыстан угула турганчалык күчтүү. Тозок калкы тозокто «абдан күчтүү күйүп турган» (Меариж Сүрөсү, 15), «ачуулуу, жалындары күчөгөндөн күчөгөн» (Лейл Сүрөсү, 14) оттун ичине ташталышат жана абдан күйүшөт.

Манжаңыздын учу күйгөндө да катуу бир оору сезээриңизди эстеңиз. Жана оттуу азап мынчалык күчтүү болгон бир жерге баруу ыктымалдуулугун жарата турган кичинекей бир кыймыл-аракеттен да качышыңыз керек экенин бир саамга да болсо эч унутпаңыз.

Түбөлүк бир жашоо улана турган тозокто адамдар, албетте, ачка болушат, суусашат. Бирок бул дүйнөдө өз колдору менен кылгандарынын жана шүгүрсүз мамилелеринин жообун акыретте ушундайча алган адамдар тамак катары бир гана заккум дарагын жана тикенди таба алышат (Гашия Сүрөсү, 6). Суусундук катары болсо ириң жана кайнак суудан башка эч нерсе болбойт (Небе Сүрөсү, 24-25). Ошондой эле, бул тамак жана суусундуктарды тамактарынан да өткөрө алышпайт (Мүземмил Сүрөсү, 13). Болгондо да тамакка тыгылып калчу бул тамактардын эч бири тойгузбайт, ачкалыктан куткарбайт (Гашия Сүрөсү, 7).

Ал жерде оттон чыгууну каалашат, бирок андан чыга алышпайт; ичине кирген соң эми кайра чыгуу мүмкүн эмес. Адамдар азаптын күчүнө чыдай алышпай, жок болууну каалашат. Бирок ал жерде адам өлбөйт да, тириле да албайт, ар тараптан өлүм келет, бирок өлбөйт (Ибрахим Сүрөсү, 17). Өз топтогондорунан башкасы менен азапталбай турган тозок калкынын азабы жеңилдетилбейт жана аларды эч ким карабайт.

Тозоктогу от өлтүрбөйт, бир гана азап берет. Адам мунун түбөлүккө уланаарын билгендиктен, эч чыдагыс чарасыздык, үмүтсүздүк жана кыйроо ичинде болот. Азаптын дагы бир тарабы болсо – бул өзгөчө адамдар бул дүйнөдө эң маани берген текеберликтерин, шылдыңчылдыктарын, бой көтөрүүлөрүн көрсөткөн беттеринин күйүшү. Болгондо да бет – бул бардык сезүү органдары чогулган, азап эң күчтүү сезилген жерлердин бири:

Жүздөрүн от орогон күнү: «Кыйроо болсун бизге, Аллахка моюн сунганыбызда кана жана Пайгамбарга моюн сунганыбызда кана (аттиң)» дешет. (Ахзаб Сүрөсү, 66)

От алардын жүзүн ороп күйгүзөт, анын ичинде алар (эттери шылынып түшкөн) тиштери менен калышат. (Мүминун Сүрөсү, 104)

Тозокто бетиңиздин отто күйүп жанышын каалабасаңыз, анда бул дүйнөгө жаралуу максатыңызды жана Аллахтын ыраазычылыгына жете албасаңыз сөзсүз тозокко жолугаарыңызды эч унутпаңыз.

Тозокто адамдар бул жерге чейин баяндалган дене азаптары менен бирге басмырлануу, шылдың болуу, бушаймандык, чарасыздык жана үмүтсүздүк сыяктуу руханий азаптарга да кабылышат. Аллахка ибадат кылуудан бой көтөргөн текеберлер тозокко мойну бүгүлгөн абалда киришет. Бул дүйнөдө бой көтөрүү менен жүргөндөр акыретте моюндарын жерге салып Аллахка жалбарышат. Ушунчалык кыйроого туш болушуп, басмырланып, уят болгон абалга түшүшкөндүктөн, баштарын да көтөрө алышпайт:

Оттун ичинде жүзү жер карап айдала турган күнү тозоктун азабын таткыла (деп айтылат). (Камар Сүрөсү, 48)

Аны кармап, тозоктун ортосуна айдагыла. Анан кайнак суунун азабынан башынан ылдый куйгула; (азапты) тат; себеби сен (өз оюңда) жогору, кадырлуу элең. Чынында бул силер күмөндө болгон нерсеңер. (Духан Сүрөсү, 47-50)

Тозоктун отуна басмырланып айдалуу менен айдала турган күнү; (Тур Сүрөсү, 13)

Башка бир аятта болсо Аллах каапырлардын тозокко кириши жөнүндө «Эми алар жана адашкандар анын ичине ташталышты.» (Шуара Сүрөсү, 94) деп буюрууда.

Бул адамдардын баары ал күнү күнөөлөрүн моюндарына алышат. Аяттарда да билдирилгендей, «Эгер угуп, акыл жүгүрткөнүбүздө, ушул алоолоп күйгөн оттун калкы арасында болбойт элек» (Мүлк Сүрөсү, 10), «Дүйнөгө кайра кайтарылып, ыймандуулардан болгонубузда кана аттиң» (Энъам Сүрөсү, 27), «Аллахка жана Пайгамбарга баш ийгенибизде кана аттиң» (Ахзаб Сүрөсү, 66) дешет. Ал күнү бири-бири менен урушушат, бири-бирин каргашат, бири-биринин азабы үчүн дуба кылышат.

Бейиш калкынан суу жана ырыскы сурашат; бирок булардын баары аларга арам кылынган. Ал жерде жардам сурашканда, аларга «катуу бир суюктук сыяктуу жүздөрдү кууруп күйгүзүүчү бир суу» менен жардам берилет (Кехф Сүрөсү, 29)

Тозоктун ичинде алар «Раббибиз, бизди чыгар, кылганыбыздан башка ыкластуу бир амал (иш-аракет) кылалы» (Фатыр Сүрөсү, 37) деп Аллахка сөз беришет. Бирок булардын баары үмүтсүз жаналакеттер гана. Эч бири пайда бербейт жана бул адамдарды күткөн натыйжаны өзгөртө албайт.

Демек, «Аллахтан кайра кайтарууга мүмкүн болбогон ал күн келээрден мурун Раббибизге ибадат кылгыла жана ал күнү силер үчүн жашына турган бир жер да жок, силер үчүн баш тартууга (бир мүмкүнчүлүк) да жок» (Шура Сүрөсү, 47) аятын эч унутпаңыз.

Билип коюңуз, адилеттүүлүк менен өкүм берүүчү Аллах сиз да кошо, бул дүйнөдөгү бардык адамдарга эскертүүчү жөнөткөн жана бул дүйнөдө сабак ала турган адам сабак ала турганчалык өмүр берген. Ошондуктан Аллах «заалымдар» деп атаган бул адамдар үчүн акыретте бир жардамчы болбойт (Фатыр Сүрөсү, 37). Ал күнү адамдардын бул дүйнөдө өз колу менен кылгандарынын азаптуу натыйжасынан башка нерсеге кабылбашы апачык бир чындык.

Мына Аллах пенделерин өмүр бою ар кандай жолдор менен эскертип коркуткан, бардык майда-бараттарын али бул дүйнөдө турганыбызда билдирген жана аларды тоскон тозок ушундай бир жер. Бул дүйнөдө тозок менен эскертилип коркутулбаган, түбөлүк азаптан кабарсыз болчумун деп айта ала турган эч ким жок. Аллах ал күнү адамдар башынан өткөрө турган бушаймандыкты бизге билдирген. Аяттарда мындай буюрулууда:

Ал күнү тозок да жакындатылган болот. Адам ал күнү ойлонуп-эстейт, бирок (бул) эстөөдөн ага эмне пайда? (Ал) Айтат: «Аттиң, жашоом үчүн (мурдатан бир нерселер) алып келген болгонумда.» (Фежр Сүрөсү, 23-24)

Демек, сиз да ал күн келгенде, бул дүйнөдө жасалган эскертүүнүн сизге эч пайда алып келбешин жана тозоктон бир жыл эмес, миң жыл эмес, бир миллион, бир миллиард жыл эмес, ал тургай, миң триллион жыл да эмес, түбөлүккө чейин чыгуунун эч мүмкүн эмес экенин эч унутпаңыз.

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
doc
pdf
БӨЛҮМДӨР