Бардык Жандуу- Жансызды, Ааламды Аллахтын Жараткандыгын Эч Унутпаңыз

Көп адамдар илимпоздордон уккан бүт нерсени абсолюттук чындык деп ойлошот. Илимпоздордун бир катар философиялык же идеологиялык алдын ала ой-пикирлерге көз-каранды болушу мүмкүн экени эсине келбейт.

Чынында болсо бул бир алдануу, себеби илимпоздордун бир бөлүгү кээ бир ой-пикирлерин же көз-каранды болгон философиялык көз-караштарды илимге жамынышып, коомдун аң-сезимине сиңиришет. Мисалы, кокустуктардын хаос жана башаламандыктан башка эч нерсе жасай албашын өз көздөрү менен көрүп турушуп, ааламдагы жана жандыктардагы долбоорлор жана тең салмактуулуктар кокустан пайда болду деген көз-карашты жакташат.

Мисалы, атеист бир биолог бир протеин молекуласынын түзүлүшүнүн абдан татаал экенин өз көзү менен көрөт. Мындай татаалдыктын ичинде кереметтүү бир тең салмактуулук бар экенин жана бул тең салмактуулуктун кокустуктар менен өзүнөн-өзү пайда болуу ыктымалы жок экенин абдан жакшы билет. Бирок, ошого карабастан, жандуулуктун курулуш материалы болгон протеинди миллиарддаган жыл мурда примитивдик дүйнө шарттарында кокустуктар натыйжасында пайда болду деген пикирди жакташат. Бул эч акылга сыйбас бир догма. Ал адам муну менен эле чектелбейт, бир гана эмес, миллиондогон протеиндер кокустан пайда болуп, кийин кереметтүү бир план жана система ичинде бир жерге чогулушуп, алгачкы жандуу клетканы пайда кылганын да эч тартынбастан догмасына кошот. Ал тургай, бул догмасын абдан өжөрдүк менен жактайт. Сөз болуп жаткан адам – бул «эволюционист» бир илимпоз.

Бирок ошол эле илимпоз бош бир талаада баратып, үстү-үстүнө тизилген үч кирпичти көрсө, булар кокустан пайда болуп, кийин кокустан үстү-үстүнө тизилди деген ой акылына да келбейт. Ал тургай мындай бир догманы айткан бир адамды акылынан адашыптыр деп ойлойт. Күнүмдүк окуяларды туура баалай алган бул адамдар кандайча болуп өздөрү жана айланасындагылардын кантип пайда болгонун изилдөө жөнүндө сөз болгондо, мынчалык акылга сыйбас мамилеге барышууда?

Мындай кыймыл-аракет илим үчүн жасалууда деп айтууга мүмкүн эмес. Себеби илим ыктымалдуулуктары барабар болгон бир окуяда да эки ыктымалдуулук жөнүндө тең ойлонууну, экөөсүнөн тең шектенүүнү талап кылат. Чынында болсо, жандуу бир клетка мындай турсун, анын миллиондогон протеининен жалгыз бир даанасынын да табигый шарттарда кокустуктар натыйжасында пайда болушу эч мүмкүн эмес.

Демек, бир гана ыктымалдуулук калууда. Жандуулук кокустан пайда болгон эмес, аң-сезимдүү негизде пайда кылынган. Т.а. «жаратылган». Б.а. бардык жандуулар улуу бир күч, илим жана акыл ээси бир Жаратуучунун, т.а. Аллахтын долбоорлошу менен пайда болушкан. Бул чындык бир гана ишеним эмес; акыл, логика жана илимдин жеткен орток бир жыйынтыгы.

Демек, бүт нерсенин жаратуучусунун Раббибиз болгон Аллах экенин жана жер бетиндеги бүт нерсени долбоорлогондун да бир гана Ал экендигин эч унутпаңыз.

Айтышты: «Сен – Улуксуң, бизге үйрөткөнүңдөн башка биздин
эч кандай илимибиз жок. Чындыгында,
Сен – бардык нерсени билүүчү,
өкүмдар жана даанышмансың.»
(Бакара Сүрөсү, 32)

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
doc
pdf
БӨЛҮМДӨР