Кийин чынында Раббиң билбестик менен жамандык кылган, андан кийин мунун артынан тообо кылган жана оңолгондор (менен бирге). Шексиз, Раббиң кечиримдүү, боорукер. (Нахл сүрөсү, 119)
Чын ыкластуулуктун Аллах Кабатындагы маанисин түшүнгөн бир адам кандай ката кетирбесин, Аллахка багытталып, Анын кечиришин суроо жана тообо кылуу мүмкүнчүлүгү бар экенин билет. Бул – Аллахтын чексиз мээриминин бир көрүнүшү. Аллах чексиз кечиримдүүлүгүн аяттарында мындайча кабар берген:
Ким бир жамандык кылып же напсисине зулумдук кылып, анан Аллахтын кечиришин суранса, Аллахтын кечиримдүү жана ырайымдуу экенин көрөт. (Ниса Сүрөсү, 110)
Аллах пенделерине ар кандай катадан артка кайтуу мүмкүнчүлүгүн берген. Аллах Кабатында катанын кичине же чоң болушу эмес, адамдын ыкластуулугу маанилүү. Бул, албетте, ыймандуулар үчүн абдан улуу бир ырайым.
Жана жаман бир күнөө кылышканда же өздөрүнө зулумдук кылышканда, Аллахты эстеп ошол замат күнөөлөрүн кечиришин сурашат. Аллахтан башка күнөөлөрдү ким кечирмек эле? Ошондой эле, алар кылган (жаман иштерин) билип туруп кайталай беришпейт. (Али Имран Сүрөсү, 135)
Бир нерсени билүү керек; кетирилген ката кандай гана болбосун, адамдар өз оюнда абдан чоңойткон эң чоң кылмыш болсо да, андан соң ыкластуу бир бушаймандык менен тообо кылып, Аллахка чын жүрөктөн багытталуу адамды бул жүктөн куткарат.
Бир адам ушул күнгө чейин динсиз болуп жашаган болушу мүмкүн, бүт өмүрүн Аллах ыраазы болбой турган абалда өткөргөн болушу да мүмкүн. Бирок бир заматта чын ыкластуу жана алган бекем бир чечими менен тообо кылышы натыйжасында Аллахтын кечирээрин жана тообосун кабыл кылаарын үмүт кыла алат. Аллахка карата жасалган кылмыштардан чын ыкластуу бир тообо менен кутулуу бир заматтык чечимден көз-каранды жана жалгыз кутулуу жолу. Бирок эң маанилүүсү – бул Аллахка берилген сөздө туруу жана Аллах сунуш кылган ыкластуулукка жете алуу. Аллах тообо жөнүндө бир аятта мындай буюрууда:
Аллах кабыл кыла турган тообо – бир гана билбестик (караңгылык) себебинен жамандык кылып, артынан ылдам тообо кылгандардын (тообосу). Аллах ушундайлардын тооболорун кабыл алат. Аллах – билүүчү, өкүмдар жана даанышман. Ал эми күнөө кылып жүрө берип, качан алардан бирине өлүм келгенде гана «мен эми тообо кылдым» дей турган адамдардын жана каапыр бойдон өлгөндөрдүн тооболору кабыл кылынбайт. Андай адамдарга Биз жан ооруткан азапты даярдап койгонбуз. (Ниса Сүрөсү, 17-18)
Сиз да кылган катаңыз кандай гана болбосун, ылдам тообо кылууну жана Аллахтан кечиришин суроону эч унутпаңыз. Өлүмдүн сизге ар качан келип калышы мүмкүн экенин жана бул үчүн балким башка эч мүмкүнчүлүгүңүз болбошу мүмкүн экенин ойлоп, ушул азыр эле тообо кылыңыз.
Албетте, бул Аллахка чындап ыйман келтиргендерден башкасына оор келет (Бакара Сүрөсү, 45). Бирок муну да унутпаңыз; ал адамдар тозокко мойну бүгүлгөн адамдар болуп (Момун Сүрөсү, 60), жүзү менен жерге сүйрөлүшүп киришет (Камер Сүрөсү, 48). Аяттарда кабар берилгендей, эми алар ал жерде Раббибизден айрылышкан, Аллах алар менен сүйлөшпөйт жана аларды тазалабайт дагы:
Бир гана тообо кылган, ыйман келтирген жана ыкластуу амалдарды кылгандар башка; мына ошолордун күнөөлөрүн Аллах жакшылыктарга айлантат. Аллах абдан кечиримдүү, абдан боорукер. Ким тообо кылса жана ыкластуу амалдарды кылса, чынында ал тообосу кабыл алынган абалда Аллахка кайтат. (Фуркан Сүрөсү, 70-71)