Бейишке Чыныгы Ыймандуулардын Гана Кирээрин Унутпаңыз

Раббиңерге жалбарып, купуя түрдө дуба кылгыла. Албетте, Ал чектен чыккандарды сүйбөйт. Жер бетинде, аны оңдогондон кийин, бузукулук чыгарбагыла; Ага коркуу жана үмүт менен дуба кылгыла. Чынында Аллахтын ырайымы жакшылык кылуучуларга жакын. (Аьраф Сүрөсү, 55-56)

Аллахтын бүт адамдардын Рабби болгон сыяктуу сиздин да Раббиңиз экендигин, жашоодогу эң улуу досуңуздун жана таянычыңыздын Аллах экенин, бүт нерсени эң биринчиден Аллахтан сурашыңыз керек экенин унутпаңыз.

Дуба – адамды Аллахка чын ыкластан жакындата турган маанилүү ибадаттардын бири. Адамдардын баары дубага муктаж. Бирок ыймандуулар үчүн дуба өмүрлөрүнүн бөлүнгүс жана табигый бир бөлүгү болсо, башка адамдар үчүн бир гана чоң кыйынчылыктарга түшкөндө, өмүрү коркунучка кабылганда эске түшкөн бир кутулуу жолу болуп саналат. Албетте, бир гана кызыкчылыктар үчүн кылынган дуба Аллах Кабатында кабыл болбошу мүмкүн. Себеби эң сонуну – бул бейпилдикте да, кыйынчылыкта да, кыскача айтканда, адамдын дайыма Аллахтан жардам сурашы. Себеби дуба кылган адам Раббибиздин алдындагы алсыздыгын, Аллах кааламайынча эч нерсеге күчү жетпешин түшүнгөн болот.

Дуба Аллахка моюн сунууну да алып келет. Дуба кылган адам алдынан чыгышы мүмкүн болгон кыйын же жеңил ар кандай окуяда ааламдын Жаратуучусу жана Өкүмдары болгон Аллахты өзүнө өкүл (Векил) туткан болот. Бир маселени чечүүнүн же алдын алуунун бардык жолдорунун ааламдагы бардык күч-кудуреттин ээси Аллахка тиешелүү экенин билүү, бардык иштеринде Аллахты өкүл тутуу жана бир гана Ага дуба кылуу – ыймандуу үчүн бейпилдик жана коопсуздук булагы.

Бирок, албетте, бул жерде туура эмес бир түшүнүккө да токтолуу керек. Бир адамдын бардык иштери үчүн Аллахка дуба кылышы эч нерсе кылбай, отуруп күтүү деген мааниге келбейт. Адам башына келген бүт нерсенин Аллахтын башкаруусунда экенин билип, мунун бейпилдигин жашашы керек, бирок ошол эле учурда Аллах ага чечүү жолу катары көрсөткөн себептерди да толук жасашы зарыл. Аллахка чындап, чын ыкластан дуба кылган бир адам Ал койгон эрежелерге ылайык кыймыл-аракет дубасын да кылышы керек. Бул жерде кыймыл-аракет дубасы адамдын кандайдыр бир каалоосуна жетүү үчүн колунан келген бүт нерсени толугу менен жасашын түшүндүрөт. Мисалы, ооруган бир адамдын докторго барышы, дары ичиши, өзүн жакшы карашы айыгуу үчүн кылган бир кыймыл-аракет дубасы болот. Муну менен бирге адамдын булардын баарын жасап жатканда, Аллахтын ага шыпаа беришин суранышы болсо – бул сөз менен болгон бир дуба. Ошондуктан кыймыл-аракет дубасы - сөз менен кылынган дуба менен бирге жасалышы керек болгон негизги ибадаттардан.

Дубаңызда чындап ыкластуу болууну, чын жүрөктөн бир муктаждык менен Аллахка кайрылууну унутпаңыз. Себеби Аллах адамга күрөө тамырынан да жакын, бүт нерсени билүүчү жана угуучу. Жана дуба – бул Аллахка жете алуунун эң оңой жолу. Адамдын ичинен өткөргөн жалгыз бир ою да Аллахтан жашыруун калбайт. Бирок адамдардын көпчүлүгү Аллахтын бардык дубаларга, каалоолорго күбө экенин билишпейт. Алар дуба кылганда, Аллах кээ бирлерин угат, (Аллахты аруулайбыз) кээ бирлерин болсо укпайт же укса да жооп бербейт деп ойлошот. Бул абдан туура эмес көз-караш. Адамдын ичинен өткөн ар бир ойуна, тили менен айткан ар бир каалоосуна Аллах күбө жана жооп берет. Куранда бул чындыкка мындайча көңүл бурулган:

Эгер Менин пенделерим сенден Мен жөнүндө сурашса, (айткын) Мен (аларга) абдан жакынмын. Мага дуба кылышса, дуба кылуучунун дубасына жооп беремин. (Эми,) Мага да жооп беришсин жана ыйман келтиришсин. Туура Жолго түшүп калышаар. (Бакара Сүрөсү, 186)

Демек, чын ыкластан Аллахтан бир нерсе суроо үчүн адамдын ойлоп коюшу эле жетиштүү экенин унутпаңыз. Мына Раббибиз болгон Аллахка жетүү ушунчалык оңой.

Адам табиятынан шашма бир жандык. Ошондуктан Куранда Аллах «Адам шашма (сабырсыз) болуп жаратылды. Силерге аяттарымды жакында көрсөтөм. Азыр мынча шашылбагыла.» (Анбия Сүрөсү, 37) аяты менен адамдын ушул тарабын билдирет. Адамдын мындай шашмалыгы кээ кээде дубаларында да көрүнүшү мүмкүн. Жогоруда да айтылгандай, дуба кылганда ошол замат дубасына жооп берилишин каалайт.

Чынында болсо, сиз үчүн эмненин жакшы экенин Аллахтын жакшы билээрин билишиңиз керек. «...(Кээде) бир нерсени жаман көрүшүңөр мүмкүн. Чынында ал силер үчүн жакшылык. Ошондой эле (кээде) силер жакшы көргөн нерсе өзүңөргө жамандык болуп чыгат. Аллах билет, силер билбейсиңер.» (Бакара Сүрөсү, 216) аяты адамга ушуну кабар берет. Ошондуктан адам Аллахтан бир нерсе суранганда, каалоону Ага калтырышы керек, Андан ар кандай шартта ыраазы болуп сабыр менен күтүшү зарыл. Балким дуба кылып сураган нерсеңиз сизге бир жакшылык алып келбестир, ушул себептен Аллах аны сизге бербей жаткандыр. Балким ал жакшылыкка жетишиңиз үчүн белгилүү деңгээлде бышып жетилишиңиз, бул үчүн болсо белгилүү бир мөөнөт тарбияланышыңыз керек болуп тургандыр. Балким Аллах сизге андан да жакшыраак башка бир жакшылык береттир, бирок сабырыңызды жана Ага болгон бекемдигиңизди сынап жаткандыр. Дубада сабыр кылуу керек экенин Аллах Бакара Сүрөсүндө мындайча кабар берүүдө:

Сабыр жана намаз менен жардам сурагыла. Бул, албетте, кичипейил болгондордон башкалар үчүн оор (бир жүк). (Бакара Сүрөсү, 45)

Дубада сабыр кылуу ыймандуу адамды бышыраарын, күчтүү бир эрк жана кулк-мүнөзгө ээ кылаарын, адамдын дубасынын жообун терең бир руханий маанайга (даражага) ээ болуу менен алаарын унутпаңыз; мындай маанай болсо каалаган нерселеринин көпчүлүгүнө жетүүдөн баалуураак.

Бирок Аллахты зарыл деңгээлде тааный албаган адамдар Аллахтын дубаларына жооп берээринен күмөндө болушат. Ыймандуу адам дуба кылганда, Аллахтын аны угуп турганын жана ар бир дубасына кандай абалда болбосун жооп берээрин билет. Себеби окуялардын ээн баш жана кокустан эмес, Аллах аныктаган тагдырга ылайык ишке ашаарын билип турат. Ушул себептен дубама жооп албашым мүмкүн деген сыяктуу күмөндө болбойт. Сиз Аллахтын жардамынан эч күмөнгө түшпөстөн, кабыл болооруна толук ыйман келтирип, Раббибизге дуба кылууну унутпаңыз жана Аллахка толук ишенип, таяныңыз. Себеби Аллах пенделеринин Ага жакын болушун каалайт. Сизди болгону бир тамчы суудан жараткан, ааламды жоктон жараткан Аллах үчүн сиздин дубаңызга жооп берүү абдан оңой. Демек, сиздин жалгыз милдетиңиз – бул ишеним жана сабыр менен сурануу.

Дубанын өзгөчөлүгү – бул Аллах менен пендеси арасында өзгөчө бир байланыш болушу. Адам болгон арызын жана каалоолорун Ага төгөт, Ага жалбарат, Аллах болсо дубаны угуучу жана дубага жооп берүүчү. Ошондуктан Куранда дуба эч кандай абал-калыпка салынган эмес. «Аллахты турганда, отурганда, жатканыңарда эстегиле.» (Ниса Сүрөсү, 103) аяты адамдын ар кандай абал жана шартта, кандайдыр бир калыпка кирбестен, Аллахты эстеп, Ага дуба кыла алаарын көрсөтөт. Себеби калып эмес, адамдын чын ыкласы маанилүү...

Дуба үчүн белгилүү бир жер да жок. Базарда, көчөдө, унаанын ичинде, мектепте, жумуш ордунда, кыскача айтканда, бүт жерде дуба кыла алаарыңызды унутпаңыз. Бирок маанилүүсү – дуба учурунда мээңизди бардык бош ойлордон тазалашыңыз жана Аллахтын жакындыгын сезишиңиз.

Дубасыз бир жашоонун Аллах Кабатында эч баркы жок экенин да унутпаңыз. Фуркан Сүрөсүнүн 77-аятында адамдар «Силердин дубаңар болбосо, Раббим силерге маани берет беле?» сөзү менен эскертилишет. Адам пенделик (кулчулук) аң-сезиминде болгондо гана Аллах Кабатында бир кадыр-баркка ээ боло алат. Ошондуктан адам Аллахка багытталышы, Аллахка каталарын мойнуна алышы жана бир гана Аллахтан жардам сурашы керек. Мындан башка бир кыймыл-аракет Аллахка бой көтөрүү дегенди билдирет; Аллах Куранда мунун жазасынын түбөлүк тозок экенин билдирген.

Аллахтын мээримдүүлөрдүн эң мээримдүүсү экенин эч унутпаңыз. Аллах Куранда туура эмес кылгандын Анын кечиришин суранса, эч бир күнөөлөрдү айырмалабастан бул адамды кечирээрин айтууда (Ниса Сүрөсү, 110). Ушул себептен сиз да дуба кылып жатканыңызда, Аллахтын коргоочу жана кечиримдүү сыпаттарын ойлонуңуз жана үмүт кылып Ага дуба кылыңыз.

Кылган катаңыз жана ушул себептен сезген абийир азабыңыз канчалык чоң болбосун, бул Аллахтын кечиримдүүлүгүнөн үмүт үзүшүңүз үчүн бир себеп эмес. Муну менен бирге адамдын ката кетирүүдөн жана күнөө кылуудан улам ичине кирген маанайы анын үмүт менен дуба кылышына да тоскоол болбошу зарыл. Себеби Куранда бир гана каапырлардын Аллахтын мээриминен үмүт үзүшөөрү айтылууда:

... жана Аллахтын ырайымынан үмүт үзбөгүлө. Себеби каапырлар коомунан башкасы Аллахтын ырайымынан үмүт үзүшпөйт. (Йусуф Сүрөсү, 87)

Ошондой эле эч кимдин «бейиштик болуу» сыяктуу бир кепилдигинин жок экенин да унутпаңыз. Эч ким Аллахтын азабынан ток пейил боло албайт. Ошондуктан адам дуба кылып жатканда, бир тараптан Аллахтын мээриминен үмүт кылып, экинчи тараптан болсо Анын ыраазычылыгын жоготуп алуудан коркушу керек. Бейишке кирүү үчүн канчалык каалоо менен дуба кылып жатса, тозоктон кутулуу үчүн да ошончолук каалоо менен дуба кылышы зарыл. Б.а. тозоктон коркуп, бейишке жетүүнү үмүт кылышы керек. Аллахтын улуулугун сезген, Анын азабынан корккон жана ыраазычылыгына жетүүнү каалаган адам жүрөгүнөн чыккан чын ыкластуу жана чынчыл сөздөрү менен Аллахка кайрылат. Ошол сыяктуу өзүн Аллахка тапшырган, дос жана жардамчы катары Аллахка таянган адам ар кандай кыйынчылык жана арызын Раббибизге төгөт. «Мен жан чыдагыс азабымды жана кайгымды бир гана Аллахка арызданып жатам.» (Йусуф Сүрөсү, 86) деген Аз. Йакуб сыяктуу бүт кыйынчылык жана талаптарын Аллахка айтат, ар кандай жардам жана жакшылыкты Аллахтан сурайт.

Мындан тышкары, бир гана бул дүйнө жакшылыктарын каалап, кылынган дубанын Аллахка карата чоң бир ыклассыздык экенин да унутпаңыз. Ыймандуулардын чыныгы максаты – бул бейиш. Аллах бир гана бул дүйнөнү каалаганга бул дүйнөнү берет, бирок акыретте бул адамдар үмүт кылган жоопту албашы мүмкүн. Аллах муну аяттарында мындайча кабар берген:

... Адамдардын ушундайы бар: «Раббибиз, бизге бул дүйнөдө бер» дейт; анын акыретте насиби жок. Алардын ушундайы да бар: «Раббибиз, бизге бул дүйнөдө да жакшылык бер, акыретте да жакшылык (бер) жана бизди оттун азабынан сакта» дейт. Мына ушулардын тапкандарына жараша насиптери бар. Аллах абдан жакшы эсептешүүчү. (Бакара Сүрөсү, 200-202)

Караңгы (сабатсыз) адамдардын эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул алардын бир кыйынчылык келгенде, бүт нерсени бир тарапка таштап, Аллахка дуба кылышы, кыйынчылык өтүп кеткен соң болсо эч дуба кылбагандай болуп, Аллахты унутушу. Б.а. Аллахка өз ойлорунда «акыркы чара» катары кайрылышы. Мындай шүгүрсүз мамиле Куранда мындайча сүрөттөлөт:

Адамга бир жамандык келгенде, жатып алып да, отуруп да же турганда да Бизге дуба кылат; ал жамандыкты андан алып койгонубузда болсо, ага тийген зыянга Бизди эч (жардамга) чакырбаган сыяктуу болуп бурулуп кетет. Өлчөөнү бузгандарга кылган иштери мына ушундай кооздолгон. (Йунус Сүрөсү, 12)

Кургактыкта жана деңизде силерди Ал саякат кылдырат. Кайсы бир убакта силер кемеде баратканыңарда, кемелер жагымдуу жел менен аларды сүздүрүп баратканда жана муну менен сүйүнүп жатышканда, (капыстан) ага добул шамал келип согот жана ар тараптан толкундар аларды курчап калат; эми алар бул (толкундар менен) чындап курчалып калдык деп ойлошкондо, динде Ага «чын көңүлдөн моюн сунгандар (ыкластуу)» болушуп Аллахка дуба кылып башташат: «Ант болсун, эгер мындан бизди куткарчу болсоң, сөзсүз Сага шүгүр кылгандардан болобуз.» Бирок (Аллах) аларды куткарганда болсо, бир заматта акыйкатсыздык менен жер жүзүндө чектен чыгып башташат. Эй адамдар, силердин чектен чыгууңар өзүңөргө гана зыян; (бул) дүйнө жашоосунун убактылуу алдамчы кооздугу. Кийин Бизге кайтасыңар, Биз болсо кылгандарыңарды силерге кабар беребиз. (Йунус Сүрөсү, 22-23)

Чынында болсо адамдын жашоосунда Аллахка муктаж болбогон жалгыз бир көз ирмеми да жок... Ошондуктан сиз Аллах бир аятында сүрөттөгөндөй «эрте менен кечинде, бийик эмес бир үн менен, өзүңүзчө, коркуу менен, жалбарып жалбарып жана терең терең» (Аьраф Сүрөсү, 205) дуба кылууну эч унутпаңыз жана Аллахка дуба кылбагандардын аягынын түбөлүк тозок азабы экенин да эч эсиңизден чыгарбаңыз. Бул чындык бир аятта мындайча кабар берилген:

Силердин Раббиңер: «Мага дуба кылгыла, силерге жооп беремин (кабыл аламын)» деди. Мага ибадат кылуудан текеберленген адамдар тез арада кор болгон абалда тозокко киришет. (Момун Сүрөсү, 60)

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
doc
pdf
БӨЛҮМДӨР