Радикализм 18-кылымда пайда болгон, латын тилинде тамыр маанисине келген «radix» сөзүнөн чыккан, «тамырдан, түбүнөн» деген мааниге келген бир сөз. Бул доктрина кийинчерээк философиялык мааниде каралып, коомдук жана саясий окуяларда жашоо формаларын тамырынан сындап, өзгөртүү деп аныктама берилген.
Бул философиялык доктринаны өздөрүнө жол тутунган уюмдар өздөрүнө карама-каршы келген көз-караштын эмнени, кандай пикирди жактап жатканын түшүнүүгө аракет кылбастан, өз идеологияларын сиңирүү аракетин жасашкан. Дүйнөлүк коомчулукта мындай радикалдуу уюмдар демократиялык режимдер тарабынан мыйзамсыз жана террористтик уюмдар катарына киргизилген.
Радикализмди диний ишенимдерге таянган бир көз-караш катары көрүү туура эмес. Эң биринчиден, акыйкат диндердин эч биринде террор жана киши өлтүрүү эч качан кадыресе кабыл алынбайт. Ислам террорго толугу менен каргыш айтат жана ага тыюу салат. Бирок динди туура эмес чечмелеп пайда болгон кээ бир топтор дүйнөдө ушундай пикирдин жаралышына себепчи болушту. Ал топтордон тышкары, Европада көптөгөн ашыкча оңчул, б.а. фашизмди жактаган радикалдуу топтордун жасаган кылмыштары да бар. Ошол сыяктуу, ашыкча оңчул же радикалдуу солчулдар катары кабыл алынган көптөгөн уюмдардын террорлору да Бириккен улуттар уюму менен НАТО тарабынан маанилүү чаралардын көрүлүшүнө себеп болууда. Мисалы, Түркияда да иш-аракет жүргүзгөн сталинист террор уюму ПКК да ушундай тизмеде орун алган. http://tr.wikipedia.org/wiki/PKK'y%C4%B1_ter%C3%B6r_%C3%B6rg%C3%BCt%C3%BC_kabul_eden_%C3%BClke_ve_kurulu%C5%9Flar
Бүгүнкү күндө дүйнөнүн ар кайсы тарабында жогорудагы аныктамаларга туура келген көптөгөн уюмдар иш-аракет жүргүзүүдө. Өлкө башчылары да өз сөздөрүндө бул коркунучка көп көңүл буруп, радикализм менен күрөшүүнүн маанилүүлүгүнө басым жасашууда. Мисалы, Түркиянын премьер-министри урматтуу Режеп Таййип Эрдоган Россияга болгон зыяратында радикалдуу топтордун кооптуулугуна көңүл буруп, бул топторго каршы кызматташтык жасоону сунуштаган. http://www.turkiyegazetesi.com.tr/gundem/130755.aspx Президент Абдуллах Гүл болсо радикалдуу топтордун Түркия үчүн чоң бир коркунуч экендигине, Ислам дүйнөсүндө каргаша менен бөлүнүүчүлүктү тутандырып жаткандыгына жана суннит-шиит кагылышууларынын негизги себеби экендигине басым жасаган. http://www.aljazeera.com.tr/haber/suriyedeki-radikal-gruplar-turkiye-icin-buyuk-tehdit
Европада да радикализмге сын-пикирлер көп айтылууда. Мисалы, Германиянын Гамбург шаарында чыккан окуяларда саясат таануучу Карстен Кошмидер (Carsten Koschmieder) бул темадагы интервьюсунда 1970-жылдары террор колдонгон ашыкча солчул топ «Кызыл армия фракциясы» (RAF) жөнүндө пикирин айтып, өз сөзүндө «радикалдуу сол» терминин колдонду. http://www.hurriyet.com.tr/dunya/25573285.asp
Дүйнө акыркы 50 жыл ичинде, өзгөчө Азия жана MENA (Ортоңку Чыгыш жана Түндүк Африка) аймагы, радикалдуу, фанаттык топтор тарабынан жасалган көптөгөн зордук-зомбулуктарга күбө болду. Калп эле Ислам атын жамынып чыккан көптөгөн радикалдуу топтор өздөрүнүн туура эмес ишеним жана жашоо формаларын күч колдонуу аркылуу коомго таңуулашууда. Өзгөчө Аль-Каида, Аль-Нусра, Аш-Шабаб жана Боко Харам сыяктуу уюмдар дүйнөнүн бир канча аймагында зомбулукчу жана жек көрүүчү саясаттарды жүргүзүшүүдө. Ислам атын жамынган бул топтор Исламды туура эмес чечмелеп, алардын ишенимин кабыл албагандардын баарын душман санашууда.
Бул фанаттык көз-караш «атын чыгаруу жана элдерди коркутуу» үчүн коммерциялык ишканалар, базарлар, жүргүнчү терминалдары жана маркеттер сыяктуу эл көп болгон ондогон жерлерде теракттарды жасашууда. Бир канча мисал келтирсек; Алжирде 2013-жылдын 16-январында Аль-Каидага байланышы бар бир топ табигый газ фирмасында иштеген 41 кишини барымтага алып, бул окуядан бир канча барымтадагы киши каза тапкан. Өздөрүн «кан менен кол койгондор» деп атаган бул радикалдуу топ Батышка болгон душмандыкты жайылтууга жана өз ойлорунда Исламга таянган бир башкаруу системасын курууга аракет кылып жатышканын айткан.http://www.radikal.com.tr/dunya/cezayirde_rehine_operasyonu_50_olu-1117367
Кениянын борбору Найробиде Аш-Шабаб террордук уюму Кениянын Сомалиге жасаган аскердик кийлигишүүсүн шылтоо кылып бир соодо борборуна кол салып, болжол менен 62 кишини өлтүрүп, 200 кишини жаралады. http://www.hurriyet.com.tr/planet/24758343.asp
Фанаттык көз-караштар башаламандыкка жол ачкан өлкөлөрдүн бири – бул Нигерия. Борно штатында 2002-жылы түзүлгөн Боко Харам террордук уюму ал аймакта көптөгөн кыргындарды жасады. Боко Харам хауса тилинде «батыштык билим берүүгө тыюу салуу» маанисине келет.
Боко Харамдын бир кездеги уюм лидери Мухаммед Йусуф БиБиСиге (BBC) айткан сөзүндө «илимий жана Европадагыдай билим берүүнү каалабаганын» айтып, фанаттык Ислам түшүнүгүнөн келип чыккан жаңылыш көз-карашын билдирген. Ушул көз-карашта иш-аракеттерин жүргүзгөн уюм өлкө масштабында элдерди коркутуп, көптөгөн адамдарды өлтүрүүнү улантууда. http://tr.wikipedia.org/wiki/Boko_Haram
Радикализмдин жырткычтыгы менен заалымдыгынан эл аралык коомчулук өтө кооптонууда. Албетте, Исламга каршы көз-караштагылар да бул кооптуу көрүнүштү пайдаланып, исламофобияны күчөтүшүүдө. Негизи бул термин «исламофобия» эмес, «фанатофобия» болушу керек. Себеби бул фобиянын (коркуунун) булагы – сөз уңгусу «тынчтык» маанисине келген Ислам эмес, такыр башка ишеним системасы болгон фанатизм.
Эми болсо радикализмдин «жашоо формасына тамырынан кийлигишип, өзгөртүү» пикирин Ислам дининин эч кабыл албай тургандыгын карайлы. Ислам дини адамдардын жашоо формасына, ишенимине жана көз-караштарына толук эркиндик берген. Куранда бул эркиндик түшүнүгү көптөгөн аяттарда баса белгиленген. Бул аяттардын бири төмөнкүдөй:
«Динде мажбурлоо (жана кысымчылык көрсөтүү) жок. Күмөнсүз, туура жол (рүшд) адашуу жолунан апачык бөлүп көрсөтүлгөн...» (Бакара Сүрөсү, 256)
Ошондой эле, христиан динин, иудей динин жана мусулмандыкты мыйзамсыз бир доктрина болгон радикализм менен эч байланыштырууга болбойт. Бүт акыйкат диндердин маңызын караганыбызда, сүйүүнүн, тынчтыктын, бир туугандыктын, толеранттуулуктун жана адилеттүүлүктүн насаат кылынганын көрөбүз.
Бурмаланган Тоорот менен Инжилди караганыбызда да адамдарга сүйүүнүн, тынчтыктын жана толеранттуулуктун насаат кылынганын көрөбүз:
«... Бүт адамдарга урмат көрсөткүлө. Бир туугандыкты жакшы көргүлө. Кудайдан корккула» (Петирдин биринчи каты, 2-бөлүм, 15-17)
«Өч албайсың жана коомуңдун балдарына кек санабайсың жана кошунаңды өзүңдөй жакшы көрөсүң» (Лебилер, 19-бөлүм, 15-18)
Көрүнүп тургандай, бүт акыйкат диндер терроризмге жана радикализмге каргыш айтат. Бүт акыйкат диндер сүйүүнү, тынчтыкты, бир туугандыкты, адилеттүүлүктү жана толеранттуулукту адамдарга насаат кылып, зомбулук менен фанатизмге тыюу салган.
Диний мааниде радикализм каада-салттарга таянган туура эмес фанаттык көз-караштарды диндин ичине кошууга аракет кылуу жана Курандын өкүмдөрүн алып салуу аракеттери натыйжасында келип чыгууда. Фанаттык көз-караштарды кабыл алгандардын көпчүлүгү өздөрүн туура жолдомун деп ойлошууда. Ошондуктан бул топтор ичинде террор жасагандар да фанатизм сазында мусулмандык үчүн муну жасаганга болот деп ишенишүүдө.
Мына ушул себептен Куранда адамдардын тынчтыкка, бейпилдикке, боорукердикке жана толеранттуулукка чакырылганын бүт адамдарга жеткирүү бул туура эмес түшүнүктү жок кылат. Адамдар Исламда бар деген ой менен жактап жаткан көз-караштар Исламдын негизги булагы Куран менен жооп берилгенде гана жок кылынат. Чыныгы Куран адеп-ахлагынын бүт дүйнөдө тынчтыкты, сүйүүнү, бейпилдикти максат кылаарын, террорго, зомбулукка жана канкордукка каргыш айтаарын бүт дүйнөгө жеткирүү жана Мусулмандардан өрнөк боло турган кулк-мүнөзүн бүт дүйнөгө көрсөтүү ушул себептен абдан маанилүү. Радикализмди курал-жарак, күч колдонуу эмес, илимий-пикирдик күрөш жана сүйүү жеңет.
Аднан Октардын TopNews.kg & Daily Mail'де жарыяланган макаласы:
http://dailymailnews.com/2014/04/20/columns-articles/1.php#sthash.Jw8dhM9M.dpuf