Апрель айындагы көтөрүлүш менен бийлик алмашкандан эки айдан кийин Кыргызстанда кайрадан ызы-чуулар башталды. Жашоосунан айрылган бир туугандарыбызга Аллахтан рахмат тилейбиз, жарадар бир туугандарыбыздын эртерээк айыгышы үчүн дуба кылабыз. Өзбекстанга жана өлкөнүн башка аймактарына корголонгон он миңдеген качкындын болсо эң кыска убакта, эң бейпил шарттарга жетишин каалайбыз. Уруш-талаштардын эртерээк токтоп, Кыргызстандын туруктуулукка жетишүүсү үчүн эң башында Түркия жана башка өлкөлөрдүн эл аралык укукка ылайыктуу негизде керектүү кийлигишүүсүн жасап, бул аймакка муктаж болгон гуманитардык жардамдын кечиктирилбестен жеткирилишин каалайбыз.
Алынган расмий маалыматтар боюнча дээрлик 170 адам жашоосунан айрылган, миңдеген адамдар жарадар болгон, он миңдеген адамдар болсо үйлөрүн таштап качууга аргасыз болгон бул маанилүү окуялар Түрк-Ислам Биримдигинин курулушунун канчалык кечиктирүүгө мүмкүн болбой турган эң маанилүү чара экендигин дагы бир жолу көрсөтүүдө.
Советтер Союзу кулагандан бери этникалык топтор арасында чыккан уруштардын эң күчтүүлөрүнүн бири болгон бул окуялардын жүздөрүнө маска тагынган адамдардын эки тарапка тең ок жаадыруулары натыйжасында башталганы айтылууда. Өзбектер жыш жайгашкан Ош жана Жалалабат шаарларында араларында чет элдик жалданма снайперлер да болгон куралчандардын жарандарга ок атышы, өзбектердин жергиликтүү калктын үйлөрү жана кызмат орундарынын өрттөлүшү, көп жерлердин таланып тонолушу, Ош шаарында имараттардын 70%ынын зыян тартышы, жашоосунан айрылгандардын санынын расмий маалыматтардан бир топ жогору болушу алынган маалыматтар арасында. Жашоосунан айрылган жана жарадар болгондор менен бирге үйлөрүн таштап Өзбекстанга жана өлкөнүн башка аймактарына баш калкалаган он миңдеген адамдар абдан оор шарттарда жашоосун улантууга аракет кылышууда.
Кыргызстанда болгон мындай айоосуз уруштун себептери жөнүндө ар кандай пикирлер бар. Ар ким ар кандай түшүндүрүүдө, бул окуяны ар кайсы жагынан таразалоодо. Кандай себеп менен башталган болбосун бир туугандын бир тууганын кыйраткан мындай акылга сыйбас окуянын толугу менен токтошу жана ар кандай этникалык тамырга ээ коомдор жашаган бул аймакта ушул сыяктуу уруш-талаштардын кайра эч кайталанбашы үчүн маселенин жалгыз чечүү жолу – бул Түрк Ислам дүйнөсүн коргоосуна алган күчтүү бир биримдиктин курулушу. Түрк-Ислам Биримдигинин руханий лидерлиги болгон бир чөйрөдө эч кимдин башка бирөөсү менен уруш баштай албашы айдан ачык. Түрк-Ислам Биримдиги курулганда, бардык пикир келишпестиктер тынчтык жолу менен чечилет, алынган чечимдердин адилеттүүлүгүнөн улам бүт коомдор ыраазы болушат, бирөөсүнүн экинчисине кыжыр жана кек сакташынын алды алынат, бүт адамдардын акысы эң жакшы жол менен корголгон, мындай кеңири аймактын ар бир жеринде бейпилдик жана бакубаттык өкүм сүргөн бир система курулат.
Адриатикадан Кытайга, Чаддан Индонезияга чейин узанган кеңири Түрк-Ислам аймагында тили, этникалык тамыры, маданияты бири-биринен айырмалуу көп сандагы коом бар. Бирок бул коомдордун баары жалгыз болгон Аллахка ыйман келтиришет, Пайгамбарыбыз (сав)дын жолунан жүрүшөт, бир кыбылага карап намаз кылышып, бир Китептин өкүмдөрүнө баш ийишет. Аллах Куранда билдирген өкүм боюнча баары бир тууган. Ошондуктан, араларындагы мамиле да эки бир тууган арасындагы сыяктуу ысык жана жакын болушу зарыл. Түрк-Ислам Биримдиги Курандын бул өкүмүнүн толугу менен ишке ашырылышына себепчи болот, бардык Мусулмандардын бир тууган катары бири-бирин сүйүшүн, бири-бирин коргоп, жардам беришине шарт түзөт. Түрк-Ислам Биримдиги курулганда, Кыргызстандагы сыяктуу этникалык уруштардын болушу мындай турсун, мындай наадандык ойго да келбейт.
Түрк-Ислам Биримдиги курулмайынча, Түрк-Ислам ааламынын руханий бир лидер айланасында бир туугандар катары бирикмейинче, өлкөлөр ичиндеги уруш-талаштар жана пикир келишпестиктер да жана тыштан Мусулмандарга жасалган кол салуулар да токтобойт. Ошондуктан, эгер Мусулман бир туугандарыбыз Кыргызстанда бир туугандын бир тууганын өлтүрүшүн каалабаса, Чыгыш Түркстанда күнөөсүз уйгур бир туугандарыбыздын зулумдукка кабылышына көз жумгусу келбесе, Иракта, Афганистанда, Палестинада аккан кандардын токтошун, Ислам ааламынын абдан өнүккөн жана алдыңкы маданиятка жетишин кааласа Түрк-Ислам Биримдигинин эртерээк курулушу үчүн болгон күчтөрү менен аракет кылуулары зарыл. Коргошун менен кайнатылган дубал сыяктуу бири-бирине байланып, биримдик болгон Мусулман ааламы бүт дүйнөнүн бейпилдик жана бакубаттуулукка жетишине себепчи болот.
Эч ким «менин кылгандарымдан эмне өзгөрмөк эле?» деген сыяктуу туура эмес бир ойго кабылбашы керек жана ар бир чөйрөдө Түрк-Ислам Биримдигинин курулушунун маанисинен сөз кылып, буга болгон чын көңүлдөн каалоосун билдириши зарыл. Жашалып жаткан «зулумга токто» деп айтуунун эң акылдуу, эң көңүлгө туура келген жана Куран ахлагына эң ылайыктуу жолу – бул Түрк-Ислам Биримдигинин курулушу. Аллах көптөгөн окуялар аркылуу бул куттуу биримдиктин курулушунун маанисин көрсөтүп жатканда, мындай нерсе жок сыяктуу мамиле кылуу эч кайсы Мусулманга жарашпайт. Мындай мамиле кылгандар байкуштун, алсыздын акысын коргоо милдети турганда, зулумга шерик болгон болот. Аллахтын алдында мунун жообун, эсебин берүүлөрү эч мүмкүн эмес.