Белоксуз жашоо мүмкүн эмес. Себеби белоктор, бир жагынан, дененин негизги материалын, экинчи жагынан, адам жашоосунда өтө зор мааниге ээ болгон фермент менен гормондордун материалын түзүшөт. Фермент менен гормондор – бул денеде белгилүү кызматтарда жана реакцияларда адистешкен белок молекулалары. Алар дене ичиндеги координацияны камсыз кылуудан негизги жашоо функцияларынын улантылышына чейин көптөгөн маанилүү кызматтарды аркалашат.
Бул бөлүмдө белоктордун керемет түзүлүштөрүн жана белоктордон турган бул механизмдердин дене ичинде жасаган укмуш татаал иштерин карайбыз. Ар көз ирмем сайын ичибизде бул процесстердин миллиарддаганы болуп жатканын эске алсак, адам денесинин акылга сыйбас комплекстүү бир система экенин жакшыраак түшүнөбүз.
Белоктордун курамында 20 түрдүү аминокислота болот. Негизи табияттагы бул жыйырма түрдүү аминокислотанын ар кандай санда жана ар кандай катарда тизилишинен чексиз түрдүү белок түрү пайда боло алат. Белокторду бир чынжырга окшотсок, аминокислоталар ал чынжырдын шакектери болот. Тирүү жандыктарда кездешкен белок түрлөрүнүн курамындагы аминокислоталардын саны 100 менен 3000 арасында өзгөрөт. Бир белокту түзгөн тизмектердеги аминокислоталардын бирөөсүнүн туш келди алып салынышы, кошулушу же катарынын өзгөртүлүшү көбүнчө белоктун бүтүндөй ишке жараксыз, ал тургай, зыяндуу болуп калышына себеп болот.
Аминокислоталардын орду менен санынан тышкары, ал аминокислоталар түзгөн белоктун үч өлчөмдүү формасы да өтө маанилүү. Аминокислоталар керектүү санда жана катарда тизилип эле тим болбой, белгилүү чекиттерде бүгүлүп, белок өз кызматын аткарышы үчүн талап кылынган үч өлчөмдүү формасын да аныкташат. Буга шарт түзүү үчүн бүгүлүү чекиттериндеги аминокислоталар белгилүү бир бурчта бүгүлүүгө мүмкүндүк бере тургандай, башкаларынан алсызыраак байланыштар менен байланыш түзүшөт. Эгер мындай болбой, бүт аминокислоталар бир-бири менен бирдей күчтө байланыш түзгөндө, түптүз, сапатсыз жана ишке жараксыз бир белок чынжыры пайда болмок.
Бирок, үч өлчөмдүүлүк белоктор үчүн өтө маанилүү бир касиет. Өзгөчө ферменттер үч өлчөмдүү формалары аркылуу гана бир катар реакцияларды башкарып, көзөмөлдөшөт же ылдамдата алышат. Кыскасы, туура санда жана туура катарда тизмек түзүлсө да, керектүү геометриялык форма түзүлө албаса, ал белок ишке жараксыз болуп калат. Ал үчүн болсо аминокислоталардын арасындагы тартылуу күчтөрү да керемет бир контроль жана кылдаттык менен бир-бирден жөнгө салынып, бүт майда-чүйдөлөрү атайын белгиленүүдө.
Көрүнүп тургандай, бир даана белок молекуласы да сансыз процесс жана көзөмөлдөр натыйжасында жасала алууда. Учурдагы технология менен бир белок молекуласын лаборатория шарттарында да жасалма жол менен синтездөө мүмкүн эмес.
Бирок эволюционисттер, кадимки сезбестик жана сокурлуктары менен, мындай бир молекуланын алгачкы дүйнө атмосферасында кокустуктар натыйжасында пайда болгонун айтышууда.
Эми бир белоктун кокустан пайда боло алуу ыктымалдыгын жана бул ыктымалсыздык алдында эволюционисттердин чарасыздыгын карайлы.
«Чексизде бир ыктымалдык»
Эволюциянын белгилүү жактоочуларынан орус илимпоз А.И. Опарин “Origin of Life” (Жашоонун келип чыгышы) аттуу китебинде белоктордун кокустан пайда болушунун мүмкүн эместигин төмөнкүдөй айтат:
Ар бири белгилүү формада жана өзгөчө абалда тизилген миңдеген көмүртек, суутек, кычкылтек жана азот атомун камтыган бул заттардын эң жөнөкөйү да өтө комплекстүү бир түзүлүшкө ээ. Белоктордун түзүлүшүн изилдегендер үчүн бул заттардын өзүнөн-өзү бириккен болушу Римдик акын Вергилийдин белгилүү «Энеида» ыр саптарынын айланага чачылган тамгалардан туш келди келип чыгышындай ыктымалсыз көрүнүүдө.
Канчалык эволюцияны жактаган көз-карашта болсо да, бул белгилүү илимпоздун жогорудагы сөзү өзү жактаган теориясын толугу менен жараксыз кылган бир моюнга алуу. Ошол эле учурда эволюционисттердин парадоксалдуу логикасын да көрсөткөн маанилүү бир мисал. Себеби чындап эле бир белоктун кокустан пайда болуу ыктымалдыгы бул илимпоз айткандай жок; бирок эволюционист илимпоздор муну көрүп туруп «кокустукка» болгон негизсиз ишениминен кайтпай келишүүдө.
Түркиянын белгилүү илимпоздорунан эволюционист профессор, доктор Невзат Бабан белоктун пайда болушунда математикалык жактан кокустуктун мүмкүн эмес экенин төмөнкүчө айтат:
Молекула салмагы 34000 болгон, курамында 288 аминокислотасы бар жана 12 түрдүү аминокислотадан турган теориялык бир белок молекуласынын 10 даражасы 300 түрдүү формасы болушу мүмкүн экени эсептелген. Мындай ар кандай формалардагы бирден молекуланын чогулушунан түзүлгөн массанын салмагы 10 даражасы 280 грамм. Бирок дүйнөбүздүн бүт массасынын болгону 10 даражасы 27 грамм гана экени эске алынса... Түзүлүшүндө белоктордун курамында кездешкен 20 аминокислота түрүнүн баары орун алган 61 аминокислотадан жасалган полипептиддин изомер саны 5х10 даражасы 79 экени эсептелет... бул боюнча, ааламдагы ар бир атомго түзүлүшү жогоруда айтылган 61 аминокислотадан турган полипептид молекуласынын изомеринен 6 даанасынын туура келээри түшүнүктүү болот.
Бабан да айткандай, 61 аминокислотадан турган кичинекей бир белоктун шакектеринин туш келди тизилиши натыйжасында келип чыга турган вариацияларды түзүүгө ааламдагы бүт атомдордун саны жетишсиз болуп калат. Болгондо да, орточо бир белок молекуласы 61 эмес, 400 аминокислотадан турат. Мунун бир мааниси мындай: ааламдагы бүт атомдор бардык иштерди таштап, бир эле ушул белокту пайда кылуу үчүн эч токтобостон туш келди биригишсе, аалам пайда болгондон бери өткөн миллиарддаган жыл жана ааламдагы бүт атомдордун саны бир белок молекуласынын «кокустан» пайда болуу ыктымалдыгына жетишсиз болот.
Кыскасы, 400 аминокислотадан турган орточо бир белок молекуласынын кокустан пайда болушу, бир сөз менен айтканда, мүмкүн эмес. Болгондо да, жашоонун келип чыгышында кийинки этапты караганыбызда, бул «мүмкүн эмес» деген сөздүн да жетишсиз болуп калаарын көрөбүз. Себеби бир даана белоктон эч нерсе чыкпайт. Ушул кезге чейин белгилүү болгон эң кичинекей бактериялардын бири Mycoplasma Hominis H 39'дун да 600 түрдүү белогу бар экени аныкталган. Демек, бир даана белок үчүн жасалган жогорудагы ыктымалдык эсептөөлөрүн 600 түрдүү белок үчүн жасашыбыз керек болот. Мындан чыккан сандар адам акылына сыйбас масштабдарга жетет.
Бир даанасынын да кокустан келип чыгышы мүмкүн эмес болгон бул белоктордон орточо бир миллион даанасынын кокустан керектүү абалда чогулуп, кемчиликсиз бир адам клеткасын пайда кылышы болсо мындан да миллиарддаган эсе мүмкүн эмес. Болгондо да, клетканын курамында белоктордон тышкары, углевод, липид, суу, электролиттер (анион жана катион) жана витаминдер бар, баары көптөгөн түрдүү органеллдин ичинде курулуш материалы жана жардамчы молекулалар катары колдонулууда.
Бул клеткалардан 100 триллионунун кокустан пайда болуп, адамдын ички жана тышкы органдарын кемчиликсиз түзө турган абалда жана тартипте биригишинин канчалык ыктымалсыз экенин түшүндүрүү үчүн, тилекке каршы, ылайыктуу бир сөз табуу мүмкүн эмес.
Көрүнүп тургандай, эволюция жападан жалгыз «сөзү (түшүндүрмөсү)» болгон кокустук пикири менен клетка мындай турсун, клеткадагы миллиондогон белоктун бир даанасынын да пайда болушун бизге түшүндүрө албайт. Белок этабын да түшүндүрө албай жатып, жашоонун жана жандыктардын кантип келип чыкканы жөнүндө сценарийлер жазууга аракеттенген бир теориянын маанилүүлүгү менен ишенимдүүлүгүнүн канчалык экени белгилүү.
Жашоонун кайсы этабы же кайсы бөлүгү каралбасын, бул «кокустук» пикири бир «жиндинин тантык сөзүнө» айланууда. Мисалы, сол-жактуу белокторду карайлы.
Бүт аминокислоталардын омурткасын бир көмүртек атомуна байланган суутек жана бир азот атомунан турган бир бөлүк түзөт. Бул омуртканын түзүлүшү бүт аминокислоталарда бирдей. Бирок бул омурткага уланган жана «R-тобу» деп аталган кошумча бир бөлүк бар; бул топ ар аминокислотада ар түрдүү. Аминокислотага жеке өзгөчөлүгүн ушул R-тобу берет. R-тобу атомдору түзүлүшү жагынан негизги омуртканын оң же сол тарабында боло алат. Алардан R-тобу сол тарапта жайгашкандары L-levo (сол-жактуу) аминокислоталар, оң тарапта жайгашкандары болсо D-dextro (оң-жактуу) аминокислоталар деп аталат. Жана бул экөөнүн ар биринин пайда болуу ыктымалдыгы 50%га барабар. Бир эле молекуланын оң-жактуу жана сол-жактуу формалары бир-бирлеринин «оптикалык изомерлери» деп аталат. Оптикалык изомерлердин арасындагы айырма бир буюм менен анын күзгүдөгү көрүнүшүнүн арасындагы айырма сыяктуу. Бирдей атомдордон, бирдей бөлүктөрдөн, окшош бир тартипте түзүлгөнү менен, бул молекулалар оң кол менен сол кол сыяктуу үч өлчөмдүү симметриялык бир түзүлүштө болушат.
Жансыз дүйнөдө бул изомерлер бирдей көлөмдө (50-50% катышында) кездешет. Жана адам денесинде колдонулган 20 негизги аминокислотанын ар бири табиятта levo же dextro формасында кездешет.
Бирок жүргүзүлгөн изилдөөлөрдө таң калыштуу бир чындык аныкталган: эң жөнөкөй организмден эң комплекстүү организмге чейин бүт өсүмдүк жана жаныбарлардагы белоктор levo (сол-жактуу) аминокислоталардан гана турат. Ал тургай, кээ бир эксперименттерде бактерияларга dextro (оң-жактуу) аминокислоталардан берилген, бирок бактериялар ал аминокислоталарды заматта талкалашып, кээде болсо ал бөлүктөрдөн кайрадан өздөрү колдоно ала турган levo (сол-жактуу) аминокислоталарды жасашкан.
Эволюционисттер мындай өзгөчө жана пландуу бир тандоону эч түшүндүрө алышпоодо. Эгер жашоо кокустуктар натыйжасында келип чыккан болсо, мындай тандоонун болбошу керектигин көрсөткөн ортодо жетиштүү себептер бар. Табиятта эки түрдүү аминокислота тең бирдей санда кездешет жана эки топтогу аминокислоталар тең экинчиси менен эч кыйынчылыксыз бириге алат. Андай болсо, бүт тирүү организмдердеги белоктордун бир гана levo аминокислоталардан тураарын кантип түшүндүрүүгө болот?
Сиз да байкагандай, белоктордун бул жаңы касиети эволюционисттердин «кокустук» туюгун андан да татаалдаштырды: ишке жарактуу бир белок пайда болушу үчүн бир аз мурда да айтылгандай, аны түзгөн аминокислоталардын белгилүү бир санда, катасыз бир катарда жана өзгөчө бир үч өлчөмдүү формада биригиши да эми жетиштүү болбойт. Бүт булардан тышкары, бул аминокислоталардын баарынын сол-жактуулар (levo) арасынан тандалып, араларында бир дагы оң-жактуу аминокислота болбошу да шарт. Бул болсо кокустук түшүнүгүн дагы бир жолу жокко чыгарган бир жагдай.
Бул жагдай эволюциянын сокур бир жактоочусу Britannica илимий энциклопедиясында төмөнкүдөй айтылат:
Негизи, дүйнө жүзүндөгү бүт тирүү организмдердеги аминокислоталардын баары белоктор сыяктуу татаал полимерлердин курулуш блоктору бирдей асимметрия тибинде. Дээрлик баары сол-жактуу. Бул, кандайдыр бир мааниде, миллиондогон жолу өйдөгө ыргытылган тыйындын дайыма герб тарабы менен түшүшүнө, эч экинчи бети менен түшпөшүнө окшошот. Молекулалардын кантип сол-жактуу же оң-жактуу болоору түшүнүксүз. Бул тандоо түшүнүксүз абалда жер жүзүндөгү жашоонун булагынан көзкаранды.
Бир тыйын миллиондогон жолу өйдөгө ыргытылып, дайыма герб тарабы түшүп жатса, муну кокустук менен түшүндүрүү логикалуураак болобу же бирөөнүн атайын абага ыргытылган тыйынга кийгилишип жатканын кабыл алуубу? Жооп белгилүү: пландуу, атайын бир кийлигишүү бар. Бирок эволюционисттер бул апачык чындыкка карабастан, Аллахтын жандыктарды жаратып-башкарып тураарын кабыл алгылары келбегени үчүн гана, кокустукту башпаана кылышууда. Бул болсо, бир аз мурда айтылгандай, жаңылууга гана алып барат.
Аминокислоталардагы сол-жактуулук кубулушуна окшош бир жагдай нуклеотиддер, б.а. ДНК менен РНКнын курулуш материалдарына да тиешелүү. Мисалы, тирүү (жандуу) организмдердеги бүт аминокислоталардын тескерисинче, булар оң-жактуулардан гана тандалышкан.
Жыйынтыгында; жашоонун келип чыгышын кокустуктар менен түшүндүрүүнүн мүмкүн эместиги башынан бери каралган ыктымалдуулук эсептери менен толук далилденүүдө: 400 аминокислотадан турган орточо чоңдуктагы бир белоктун сол-жактуу аминокислоталардан гана тандалуу ыктымалдыгын эсептесек, 2 даражасы 400дөн, б.а. 10 даражасы 120дан 1дик бир ыктымалдыкты алабыз. Бир салыштыруу жасоо үчүн, ааламдагы электрондордун санынын бул сандан бир топ төмөн бир сан, болжол менен 10 даражасы 80 экенин да айта кетели. Бул аминокислоталардын керектүү катарда тизилип, ишке жарамдуу форманы пайда кылуу ыктымалдыгы болсо мындан да алда канча чоң сандарды көрсөтөт. Бул ыктымалдыктарды да кошуп, бирден көп сандагы жана бир канча түрдөгү белоктун пайда болушун да эсептерге кошконго аракет кылсак, эсептер өтө татаалдашат. Булардын баарынан соң дагы бир нерсени эскерте кетүү керек.
Жогоруда айтылган бүт ыктымалсыздыктарды бир саамга унутуп, пайдалуу бир белок молекуласы «кокустан» өзүнөн-өзү пайда боло алган деп элестетели. Бирок бул жерде эволюция дагы бир жолу сазга тыгылат. Себеби ал белок аман калышы үчүн ошол замат айланасындагы табигый шарттардан изоляцияланып, атайын шарттарда корголушу керек болот. Антпесе, ал белок дүйнөдөгү шарттардын таасиринен талкаланат же башка аминокислоталар менен химиялык заттарга кошулуп, өз касиетин жоготуп, пайдасыз, ал тургай, зыяндуу бир затка айланат.
Бул жерге чейин айтылгандар жашоонун келип чыгышында жандуу бир клетканын пайда болушу үчүн керектүү белоктордун куралышында эволюционисттик көз-караштардын толугу менен чыкпас бир туюкта экенин көрсөттү. Демек жалгыз чындык мындай: бүт бул кереметтүү тең салмактуулуктарды курган жана системанын иштешин уланткан, керектүү бүт заттарды керектүү жерлерде пайда кылган жана ошентип белокторду жараткан чексиз илимдүү жана кудуреттүү Аллах.
Ферменттер
Денебиздин ичинде ар бир секунда сайын көптөгөн татаал кубулуштар жүрүүдө. Булар ушунчалык татаал болгондуктан, дээрлик ар бир этабында бүт башаламандыкты көзөмөлдөөчү, тартипти камсыз кылуучу жана окуяларды ылдамдатуучу «супер текшерүүчүлөрдүн» кийлигишүүсү талап кылынат: ферменттер... Ар бир жандуу клеткада өзүнө бөлүнгөн ишти жасоочу, мисалы, азык заттарын майдалоочу, азыктардан энергия өндүрүүчү, жөнөкөй молекулалардан чынжыр жасоочу жана ушул сыяктуу сансыз иштерди кылуучу миңдеген ферменттер бар.
Эгер бул ферменттер болбосо, эң жөнөкөйүнөн эң татаалына чейин дээрлик эч бир функцияңыз иштебей калмак, же өтө жай болуп калмак. Экөөндө тең жыйынтык өлүм болмок. Дем ала албай, эч нерсе жей албай, сиңире албай, көрө албай, сүйлөй албай, кыскасы жашай албай калмакпыз.
Ферменттердин окуяларды ылдамдатышына күнүмдүк жашоодон бир мисал берсек болот. Эгер «ферментсиз» калганыбызда; кадимки шарттарда бир канча секундада окуй турган бир сүйлөмдү окуу болжол менен он жылга созулмак. Ферменттер денедеги реакцияларды эң аз ушул мисалдагычалык ылдамдатышат. Ферменттердин белок синтезинен энергия өндүрүшүнө чейин клетканын бүт функцияларында өтө зор мааниси бар.
Фермент менен ал таасир берген заттын арасындагы байланышты кулпу менен ачкычтын арасындагы байланышка окшотсок болот. Фермент менен ал кошула турган зат үч өлчөмдүү татаал бир геометрияда бир-бирине кийилет. Экөө тең бир-бирине толук дал келе тургандай абалда өзгөчө жаратылышкан. Болгондо да, бул дал келүү өтө чоң ылдамдыкта жүрөт. Бул ылдамдык ушунчалык чоң болгондуктан, бир фермент кээде бир секундада 300 зат менен белгилүү бир кезекке жараша бир-бирден биригип, ал затты керектүү формага салып, андан бөлүнүп чыгат.
Кыскасы, клетка ферменттер урматында жашайт. Бирок ферменттер клеткада өндүрүлөт. Ар бир клетка өзүнө керектүү ферментти керектүү санда өзү өндүрөт.
Булардын баары бир адамдын оюнда суроолор жаратышы керек: бир клетка кантип бир нерсени керек деп чече алат, муктаждыгын кантип эсептейт? Көптөгөн татаал иштерди жасаган, бир роботтон батыраак иштеген фермент деп аталган машиналарды клетка өзү пландап жасаганбы? Мунун планын түзгөн акыл каерде?
Аң-сезимдүү бир адамдын бара турган жообу да белгилүү. Булардын баары «клетка» деп аталган микроскопиялык түзүлүштүн жана анын ичиндеги андан да кичине бөлүктөрдүн чыгармасы болушу мүмкүн эмес. Чындык апачык көрүнүп турат: булардын баары Аллахтын «...бүт нерсени бир-бирине ылайыктуу кылып, карама-каршылыксыз жана дал келбөөчүлүксүз жаратышы...» (Мүлк Сүрөсү, 3)натыйжасында болуп жатат.
Гормондор
Көп клеткалуу организмдер болгон жаныбарлар менен адамдар формасы жана кызматы жагынан ар түрдүү болгон клеткалардан турушат. Дененин бүтүндүгү ушул клеткалар арасындагы татаал, бирок өтө гармониялуу байланыштардан көз-каранды. Адам денесиндеги 100 триллион клетка бир-бирин тааныгандай кыймыл-аракет жасашат. Өздөрүнө тапшырылган кызматтарын аягына чейин эч тоң моюндук жана жалкоолук кылбастан орундатышат. Мына ушул кемчиликсиз координацияда гормон деп аталган кабар ташыгычтарга клеткаларга буйрук ташуу милдети жүктөлгөн. Дененин чоңойушу, көбөйүүнүн жөнгө салынышы, денедеги ички тең салмактуулук, нерв системасындагы координация жана дагы көптөгөн процесстер гормондордун тиешелүү клеткаларга жеткирген кабарлары аркылуу ишке ашат. Көрүнбөгөн бир акыл гормондор аркылуу клеткаларга буйруктарын билдирет. Сиздин эч кабарыңызсыз ичиңизде укмуш бир буйрук берүү системасы түзүлгөн.
Бул улуу акыл, кайра эле сиздин кабарыңызсыз, ичиңиздеги бүт нерсени контрольдоп турат. Бул системага сиз эч кийлигише албайсыз. Мисалы, денеңиздин чоңойушу: сиз канчалык каалабаңыз, боюңузду белгиленгенинен ашыкча узарта албайсыз. Эмне гана кылбаңыз ичиңиздеги клеткаларга «бөлүнгүлө, көбөйгүлө жана мени чоңойткула» деген сыяктуу буйруктарды бере албайсыз. Бирок клеткалар сиз үчүн белгиленген бойду жана дене формасын билишет жана ошол белгилүү формага жеткенге чейин көбөйүп денени чоңойтушат. Анан дал керектүү учурда чоңойууну токтотушат.
Албетте, клеткалар буларды өз акылы жана эрки менен кыла алышпайт. Аларга бул кемчиликсиз буйрук берүү чынжырын илхам кылган жана кызматтарын кемчиликсиз жасаткан – бул Улуу Аллах.
Табышмактуу контроль
Денеңизди башкара албашыңызга дагы бир мисал берели.
Кандагы кант (шекер) көлөмүнүн белгилүү лимиттер ичинде болушу адам өмүрү үчүн шарт. Бирок күнүмдүк жашоодо канттуу тамак-аштарды жеп жатканда бул кылдат тең салмактуулукту сиз эсептей албайсыз, албетте. Анткен менен, «сиз үчүн» бул эсеп жасалат. Каныңыздагы канттын көлөмү жогорулаганда карын астындагы без (pancreas) деп аталган органыңыз инсулин деген атайын бир затты чыгарат. Ал зат боор менен денедеги башка клеткаларга кандагы ашыкча кантты алып кампалап коюу буйругун берет. Натыйжада кандагы канттын көлөмү эч качан кооптуу деңгээлге көтөрүлбөйт.
Эми кааласаңыз бир аракет кылып көрүңүз. Өзүңүзгө өзүңүз буйрук берип, бооруңуздагы клеткалар баш болуп денеңиздеги тиешелүү клеткаларга «канымдагы кантты алып койгула» деген команда бериңиз. Алар сиздин сөзүңүздү угуп кантты жыйып башташсын!... Албетте, мындай кыла албайсыз.
Аларды башкаруу мындай турсун, күнүмдүк жашоодо сиздин карын астындагы безден (уйку безинен) да, инсулинден да, боордон да кабарыңыз болбойт. Каныңыздагы канттын көтөрүлгөнүн байкабайсыз, ал тургай, алдыңызга канттын көлөмдөрү ар кандай болгон эки шише кан коюлса, алардын арасындагы айырманы да биле албайсыз. Ал үчүн лабораториялар, алдыңкы технологиялуу шаймандар талап кылынат. Бирок сиз эч качан көрбөгөн жана билбеген кээ бир клеткаларыңыз кандагы кантты мындай лаборатория жана шаймандардан бир топ так өлчөп, эмне кылуу керек экенине чечим чыгарышат. Анан керектүү чаралар көрүлүп, клеткалар кандагы кантты таанып, айырмалап, кармашат. Бир торт жегени үчүн кыска убакытта кант кризисине кирип өлүп калышы ыктымал болгон бир адам ушул кемчиликсиз система урматында аман калат.
Бул кемчиликсиз система үчүн кимге карыздарбыз?
Эволюционисттер, көнгөн адатынча, бул системаны эволюция процесси менен «кокустан» пайда болгон дешет.
Бирок бул көз-карашты кабыл алуу акыл менен логикага туура келбейт; себеби эволюциянын башка пикирлери сыяктуу бул дагы бир сөз менен айтканда сандырактык.
Эволюция адам денеси миллиондогон жылдык бир процесс менен бүгүнкү абалына келген дейт. Мунун мааниси мындай: адам денесиндеги органдардын бир бөлүгү бир кездерде жок эле, кийинчерээк эволюциялашып пайда болгон. Демек, кандагы кант тең салмактуулугун контрольдогон карын астындагы безди жана ал чыгарган инсулинди да эволюциянын этаптарынын бирөөсүндө пайда болгон деп кабыл алышыбыз керек.
Бирок бул, албетте, эволюционисттер жагынан бир логиканын жоктугун көрсөтөт. Себеби карын астындагы бези менен инсулини жок бир адам денеси жашай албайт. Карын астындагы бези жок бир жарым-адамды миллиондогон жыл мурда дүйнөдө басып жүргөн деп элестетели. Ал эмнеге туш болмок?.. Жооп жөнөкөй; тапкан биринчи канттуу тамактан, мисалы, бир кант камышынан көп-көп жемек жана заматта ошол жерде кант комасына кирип өлмөк. Өзүнө окшогон башка курдаштары да ошондой болмок, баары себебин түшүнбөстөн, кант комасынан өлүшмөк.
Биз ошентсе да, кээ бирлери өтө «пландуу» бир диета кармап –негизи бул мүмкүн эмес, себеби жеген тамактарыбыздын өтө көп бөлүгүндө кант (шекер) бар- аман калышты деп элестетели. Анда мындай суроо туулат: бул «адамдын байыркы аталары» карын астындагы безге жана инсулинге кантип ээ болушкан?
Күндөрдүн бир күнү бирөөсү чыгып, «эми бул кант маселесин чечишибиз керек, эң жакшысы ашказандын астына бир жерге бир орган жайгаштыралы, ал орган кандагы кантты тең салмактай турган бир гормон чыгарсын» деген болду бекен? Жана анан өзүн кыйнап ашказанынын астына чындап бир карын асты без жасаганбы? Инсулиндин кандай формулада болушу керек экенин эсептеп, анан ал формуланы карын астындагы безге үйрөткөнбү?
Же күндөрдүн бир күнү өтө «ийгиликтүү» бир мутация болуп, ал карын астындагы бези жок «жарым-адамдардын» бирөөсүнүн ДНКсындагы бир бузулуу натыйжасында кокустан бүт кемчиликсиз функциялары менен бир карын астындагы без менен инсулин гормону пайда болуп калганбы?.. Бирок мындай мутациянын болушу мүмкүн эмес; себеби мурдакы бөлүмдөрдө айтылгандай, мутациялардын мындай пайдалуу таасирлери жок. Болгондо да, мындай окуя турмушка ашкан деп кабыл алсак да, баары бир бул дагы жарым-адамдарды аман алып калууга жетмек эмес. Себеби, мындан тышкары, кандагы канттын көлөмүн тынымсыз контрольдоп тура турган, керек болгондо карын астындагы безге инсулин чыгаруу буйругун жөнөтө турган, керегинче инсулин чыгарылган соң «токто» деген буйрукту бере турган бир чечим механизми мээнин бир бурчунда башка бир «кокустук» натыйжасында пайда болушу керек эле.
«Эволюциялык логика» менен ой жүгүртүлгөн бул эки «түшүндүрмө» тең, албетте, логикасыз. Эволюционисттер болсо дал ушундай болгон деп ишенишет. Бирок мунун канчалык чоң бир жалган экенин өздөрү да билишкендиктен, бул темалар жөнүндө сөз кылбаганга жана мүмкүн болушунча кыска айтып өтүп кеткенге аракет кылышат.
Эволюциялык логикалардын инсулин мисалында апачык көрүнгөн мындай байкуштугу бизди бир гана жыйынтыкка алпарат: алгачкы адамдын да дал биздики сыяктуу бир карын астындагы бези бар эле. Бул органдын «эволюциялашкан» болушу такыр мүмкүн эмес.
Албетте, инсулин мисалын денедеги башка органдарга, миңдеген гормонго, жүздөгөн ар кандай системаларга жана сансыз процесстерге да колдонууга болот. Себеби дененин ичинде, жок дегенде инсулинчелик, ал тургай, андан да маанилүү миңдеген гормон жана ферменттер бар. Алардын ар бири адам өмүрү үчүн сөзсүз керектүү болгон шарттар жана көпчүлүгү инсулин тең салмактуулугунан бир топ татаал. Мисалы, кан басымын жөнгө салган система карын астындагы без системасынан бир топ комплекстүү эсептер менен процесстерди камтыйт.
Негизи дененин кайсы органын карабайлы, бир эле нерсени көрөбүз. Бөйрөктөрү жок бир адам максимум үч күн жашайт. Өпкөсү жок болсо бир-эки мүнөттөн ашыкчага чыдай албайт. Тамак сиңирүү системасы жок, ал тургай, ичке ичегиси жок бир адамдын бир жума жашашы бир керемет болот. Боордун эки жүзгө жакын функциясы бар жана ал жок болсо адам бир-эки саат гана жашай алат. Жүрөк жок болсо, үч-беш секундадан ашык жашоо жок. Мээни айтуунун деле кажети жок болсо керек эми.
Бул органдардын эч биринин «эволюция процессинде» «этап этап» келип чыккан болушу мүмкүн эмес. Эч бир адам денеси «мутация натыйжасында» бөйрөктүү болуу үчүн миллиондогон жыл күтө албайт. Ошондуктан, бул жерде анык бир чындык бар: алгачкы адам биздин денебиздин дал өзүндөй дене түзүлүшүнө ээ болгон. Б.а. бүт жандыктардын өкүмдары Аллах адамды кемчиликсиз бир дене менен бирге жараткан.
Адам жөнүндөгү бул жагдай, албетте, бүт башка жандыктарга да тиешелүү. Дүйнөдө жашап өткөн алгачкы кабылан менен бүгүнкүсү арасында эч бир айырма жок. Пил, кит, бүркүт же жылан Аллах аларды башында кандай жараткан болсо, дагы эле ошол бойдон.
Белгисиз нерсе үчүн коротулган өмүр
Жогоруда сөз кылынган жана эволюция үчүн чыкпас бир туюк болгон инсулин дене ичиндеги гормондордун бирөөсү гана, негизи. Башка гормондорду караганыбызда болсо жок дегенде инсулиндей ачык далилдерге жолугабыз.
Клеткалар өзү өндүргөн кээ бир ферменттер менен гормондорду өздөрү колдонбой, сыртка жөнөтүшөт. Алар клетка тааныбаган жана эч качан биле албагандай алыстагы такыр башка клеткалар тарабынан колдонулат. Аралык ушунчалык алыс болгондуктан, клетка өндүргөн заттын сапары биздин көлөмүбүздө миңдеген километрге созулган болот. Клетка ушунчалык кылдаттык менен, кыйналып өндүргөн заттарынын каерде жана качан колдонулаарын билбейт. Бирок бул белгисиз максат үчүн, эмне ишке жараарын билбеген татаал продукттарды бүт өмүр бою өндүрүүнү улантат.
Мисалы, мээнин астында жайгашкан гипофиз аттуу бездеги клеткалар өндүргөн атайын бир гормон бөйрөктүн ишин жөнгө салат. Гипофиздеги бир клетка бөйрөктүн кандай нерсе экенин, эмнеге муктаж экенин биле албайт. Эч билбеген жана өмүр бою биле албаган бир орган болгон бөйрөктүн түзүлүшүнө толук туура келүүчү бир затты кантип өндүрө алат? Бул суроонун жалгыз жообу бар: Аллах гипофиз безин ушул ишти жасашы үчүн жараткан.
Клеткадагы мындай «белгисиз максатты көздөгөн» гормон өндүрүшүнө бир мисал келтирсек болот: жүздөгөн адамдар бир заводдо өмүр бою өтө маанилүү бир электрондук шаймандын атайын, татаал бир тетигин жасап жатышат деп элестетиңиз. Бирок ал адамдар бир жолу да шайманды көрүшкөн эмес жана анын эмне ишке жараарын да билишпейт. Ал тургай, ал адамдар ичинде жашап жаткан заводдон башка эч нерсе көрүшкөн эмес. Бүт өмүрлөрүн арнап, көп кыйынчылык менен өндүргөн татаал тетиктерди заводдун сыртына жөнөтүшөт. Кээ бирлери болсо ал тетиктерди алып миңдеген километр алыстагы башка бир заводдо жаңы кээ бир тетиктер менен бириктирип, ал шайманды жасашат. Биринчи заводдогулар өмүрлөрүн эмнеге арнашканын да билбестен, эч чарчабастан, өтө элпектик менен жыйырма төрт саат иштешет.
Мындай завод кантип пайда болгон деген суроого бир гана жооп бар: албетте, эки заводду тең билген жана башкарган бир күч белгилүү бир эмгек бөлүштүрүүнү пландап, биринчи заводго ошол электрондук тетикти гана өндүрүү милдетин тапшырган. Ал өндүрүштүн кантип жасалаарын да өтө терең сүрөттөп, үйрөткөн. (Себеби чыгарылган продукттун толук абалын билбеген биринчи заводдун өз чечими менен мындай өндүрүштү жасашы мүмкүн эмес.) Фермент жана гормон өндүрүүчү клеткалар да мына ушундай иштешет. Эч качан биле албаган бир жер үчүн тынымсыз өндүрүш жасап, бүт өмүрлөрүн ошого арнашат. Эч өзүмчүлдүк кылып, тажап же каприздик кылышпайт, себеби аларга ошондой үйрөтүлгөн, аныгыраагы ошол жумушту жасай турган кылып жаратылышкан. Ааламдагы бүт жандыктар жана бүт нерселер сыяктуу алар да ааламдардын Рабби Аллахтын буйругуна моюн сунушкан. Башка жолдору да жок. Бир Куран аятында мындай моюн сунуучулук төмөнкүдөй айтылат:
...Жок, асмандарда жана жердегилердин баары Аныкы, баары Ага чын көңүлдөн моюн сунушкан. Асмандарды жана жерди (өрнөксүз) жараткан. Ал бир иштин болушун кааласа, ага «Бол» деп гана айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 116-117)
Булактар:
10. A. I. Oparin, Origin of Life, s.132-133
11. Prof. Dr. Nevzat Baban, Cerrah Paşa Tıp Fakültesinden Protein Biyokimyası S. 32
12. (Fabbri Britannica Bilim Ansiklopedisi, Cilt:2, sayı:22, S.519)
Харун Яхьянын «Клеткадагы керемет» китебинен алынды.