Дүйнө тарыхынын акыркы 30 жылына акыл-ариети менен жана таза жүрөктөн баа берген ар бир Мусулман акыр заманда экендигибизди, ошондуктан Аз. Иса (ас) жана Аз. Мехди (ас) доорунда жашап жаткандыгыбызды жана Ислам ахлагынын жакынкы убактарда бүт дүйнөгө өкүмчүлүк жүргүзөөрүн оңой эле түшүнөт. Аллахтын 2000 жылдан кийин Улуу бир пайгамбар болгон Аз. Иса (ас)ды кайрадан дүйнөгө жөнөтүшү, Аз. Адам (ас)дан бүгүнкү күнгө чейинки эң чоң вели (олуя) болгон Аз. Мехди (ас)дын чоң күрөшүнүн ушул доордо болуп жатышы шек жок чоң бир толкундануу жана кубанычтын булагы. Бул чындыкты көргөн жана байкаган ар бир момун бул куттуу доордун кубанычын ар бир мүнөт сайын толкундануу менен жашайт. Мындай толкундануу менен Аз. Иса (ас) жана Аз. Мехди (ас)га кызмат кылуу, аларга чөйрө даярдоо, колдон келишинче эң жакшы жардам берүү ниети жана үмүтү менен болгон күчүн сарптайт. Бул куттуу кылымда жашап жаткандыгын аңдап-түшүнүү Мусулмандар үчүн дүйнө жашоосунда бир сулуулук, акыреттери үчүн болсо чоң бир ийгилик себеби болот.
Ал эми, Пайгамбарыбыз (сав)дын жүздөгөн хадисине, ишке ашкан 150дөн ашык алааматка, Куран аяттарынын көптөгөн ачык ишаратына карабастан, Мехдийет доорунда экендигибизди ар кандай ыкмалар менен жаап, жашырууга аракет кылуу болсо Мусулмандарды монотондуулукка жана пассивдүүлүккө түртө турган эң кооптуу бир жол. Мындай жол Аллах ыраазычылыгынын эң жогоркусуна жетүү үчүн болгон мүмкүнчүлүктөр менен аракет кылуу турганда, орточо бир жашоо, ал тургай орточодон да төмөн бир жашоо кадыресе кабыл алынган бир калыптын (стилдин) өнүгүшүнө себеп болот. Мындай калып – бул динди жана сонун ахлакты жашоодо эң азына ыраазы болгон бир түшүнүк. Мүмкүн болушунча аз ибадаттарын аткарган, дин жашоосунун эң тар чөйрөсүн жашоону максат кылган, сулуулук, сүйүү жана тереңдикти издебеген, Аллах сунган немат-жакшылыктардын кадырына жетиштүү деңгээлде жете албаган бир түшүнүк бул. Бирок бул калыптын эң кооптуу тарабы мындай абалында калып калбашы, адамды күн сайын артка тартып, аны чындап дин ахлагын жашоодон алысташына себеп болушунда.
Ар күнү Аллах үчүн жаңы бир күндү баштоонун толкундануусун жашабаган, кубаныч менен Аллах ыраазычылыгынын эң көбүн издебеген, Аллах жараткан сансыз кооздуктарды байкап да койбогон бир адам каапырчылык чакырыктарына ачык болот. Алдын көздөй жылмайынча, Аллахка болгон жакындыгы, сүйүү, тереңдиги күн сайын алдыга жылмайынча күн сайын артты көздөй кетет. Ыйманда, сүйүүдө, тереңдикте ордунда калуу – бул артка кетүү дегенди билдирет. Мисалы, Аллах сунган кооздуктарды рухунда терең бир толкундануу жана кубануу менен сүйө албаган, буларды кадимки бир окуялар сыяктуу кабыл алган бир адамдын сүйүүсүздүгү белгилүү бир убакыттан кийин бул кооздуктарга карата кызганычтыкка, кийин кыжырга ал тургай кекке айланып кетиши мүмкүн. Бир кооздукту көргөндө «СубханАллах, элхамдүлиллах» деп толкундануу менен Аллахты эстебеген бир адам белгилүү бир убакыттан кийин бул кооздуктардын жаратылуу хикматын аңдай албаган, ал тургай булар жөнүндө ойлонбогон руху тоңуп, катуулашкан бир жандыкка айланат. Рухунда пайда болгон мындай катуулук Аллахка, динге жана Мусулман бир туугандарына карата да муздактыкка жана көңүл коштукка алып келет. Аллахтын Ислам ахлагын бүт дүйнөгө өкүмдар кылаарын убада кылгандыгын ойлонбогон жана бул убаданын кубанычы менен дин ахлагын жайуу үчүн аракет кылбаган бир адам диндин өкүмдөрүн да руханий бир ырахаттануу менен аткара албайт. Убакыттын өтүшү менен бул адам механикалык бир абалда жумушка барып келген, балдары жана жубайы менен да чын жүрөктөн сүйлөшпөгөн, көрүнгөн ибадаттарды аткарган бирок бул ибадаттардын руханий ырахатын жашай албаган бир робот абалына келет. Мындай түшүнүккө ээ адамдардын көбөйүшү болсо бүтүндөй Ислам ааламында бир монотондуулук, коркоктук, муздактык жана пассивдүүлүктүн өкүмчүлүк кылышы дегенди түшүндүрөт.
Ошондуктан Ислам ахлагын жашаган ар бир адам Мусулман бир туугандарын жана бүт адамдарды мындай бир монотондуулукка түртө турган сөздөрдөн, аракеттерден, түшүнүктөрдөн абдан сактанышы зарыл. Монотондуулуктун адамды динсиздикке түртөөрүн унутпашы керек. Эч ким Мусулмандарды ишенүүгө болбогон, Исламда орду жок түшүндүрмөлөр менен же Ислам ахлагынын дүйнөгө өкүмчүлүк кылышын абдан алыс, дээрлик эч мүмкүн эместей көрсөткөн, Мехдийетти жаап, жашырууга аракет кылган сөздөр менен алаксытпашы зарыл. Ар бир адам мындай бир калыптын Ислам ааламына алып келе турган зыянын ойлонуу менен Мусулмандарды орточо бир жашоого ыраазы болууга эмес, Аллах ыраазычылыгынын эң көбүнө жетүү үчүн жакшы иштерде жарышууга багытташы зарыл. Аллах Куранда билдирген салих момун ахлагына эң ылайыктуусу да ушул жол:
Кийин Биз Китепти (Куранды) тандап алган пенделерибизге мурас кылып бердик. Алардын арасында өзүнө зулум кылгандары, орточолору да бар. ЖАНА АЛАРДЫН АРАСЫНДА АЛЛАХТЫН УРУКСАТЫ МЕНЕН СООП ИШТЕРДИ (БИРИ-БИРИНЕ) АТААНДАШЫП ЖАСАГАНДАРЫ ДА БАР. ДАЛ УШУЛ – ЭҢ ЧОҢ ПАЗИЛЕТ. (Фатыр Сүрөсү, 32)
Аллах Анын ыраазычылыгына жетүү үчүн кубаныч менен, чечкиндүүлүк менен жана толкундануу менен аракет кылгандардын, Аллахтын динин өкүмдар кылуу үчүн болгон мүмкүнчүлүктөрү менен аракет кылгандардын, Пайгамбарыбыз (сав) кабар берген алааматтарды көрүү менен Аз. Мехди (ас)дын шакирт, жардамчыларынан болуу үчүн аракет кылгандардын аракеттерин текке кетирбейт.