Аднан Октардын 2010-ж. 19-августтагы Кахраманмараш Аксу ТВ программасынан
Кайсы көз-карашка, кандай ишенимге ээ болбосун, белгилүү бир максат менен бир жерге чогулган адамдардын сөзсүз алардын жүзү болгон бир алдыңкылары, бир лидерлери болот. Аллах тарых боюнча ар бир момун коомун лидерлери менен бирге жараткан. Аз. Нух (ас) доорундагы момундардын башында алардын лидери катары Аз. Нух (ас), Аз. Муса (ас) доорундагы момундардын башында алардын лидери катары Аз. Муса (ас), Аз. Мухаммед (сав) доорунда сахабалардын лидери катары Пайгамбар Мырзабыз (сав), Талут доорунда момундардын башында алардын лидери катары Талут, Зүлкарнейн доорунда болсо Зүлкарнейн болгон. Эч кайсы момун коому лидерсиз болбогон сыяктуу, акыр заманда да Мусулмандар лидерсиз калбайт жана Аз. Мехди (ас) Мусулмандардын руханий лидери болот.
Католиктердин, Ортодокстардын, Мусевилердин (иудейлердин) жана ал тургай масондордун да бир лидери бар болгонуна карабастан, Мусулмандар лидерсиз болушу керек деген көз-карашты жактаган түшүнүк Мусулман ааламы башынан өткөргөн азап жана кыйынчылыктарга көз жумууда. Аллах Куранда Мусулмандарга бөлүнбөгүлө деп буйруган. Эгер Мусулмандар Аллахтын бул буйругун аткарбай, тарыхтагы бардык Мусулмандар сыяктуу руханий бир лидердин башчылыгы астында бирикмейинче, Ислам ааламы башынан өткөрүп жаткан кыйынчылык жана азаптардын токтошу жана дүйнөнүн төрт тарабында эзилген жана басмырланган Мусулмандардын кутулууга жетишүүсү мүмкүн болбойт. Аллах Куранда Мусулмандарга көрсөткөн жол – бул «(алардын) акыларына кол салынганда, (ага каршы) биригип (чогуу) каршы турушу.» (Шура Сүрөсү, 39). Патаниде, Афганистанда, Иракта, Палестинада, Чадда, Мороккодо, Чыгыш Түркстанда жана дагы көп жерлерде Мусулмандардын акысына, өмүрүнө кол салынып жатканы анык чындык. Мындай абалда Мусулмандардын өз акыларын илим менен, маданият менен, маалымат менен жана искусство менен эң акылдуу жана натыйжалуу жол аркылуу коргоо үчүн биригиши анык бир муктаждык. Эч унутпоо керек, Аллах «Анын жолунда бири-бирине бекем жабышкан (чырмалышкан) бир дубал сыяктуу катарга тизилип, күрөшкөндөрдү сүйөт.» (Сафф Сүрөсү, 4) Биз жашап жаткан азыркы доордо дүйнө Мусулмандарын Аллах жолунда илим жана маалымат менен күрөш жүргүзүү үчүн бириктире турган, аларга жол көрсөтө турган жана аларды дарвинизм жана материализм балээлерине каршы эң сонун жол менен коргой турган зат (киши) болсо – бул Аз. Мехди (ас).
Пакистанда мечитте намаз кылып жаткан учурда бомбаланган күнөөсүздөрдүн, Кытай түрмөлөрүндө акылга сыйбас кыйноолорго кабылган Чыгыш Түркстандык (уйгур) бир туугандарыбыздын, Палестинада мектепке кетип бараткан жолдо ок атууга кабылган жаш балдардын, Иракта күн сайын өлүм коркуусу менен жашаган жарандардын, Афганистанда ооруканада жатканда бомбалоого туш болгондордун, жылдар бойу качкындар лагерлеринде өмүр сүрүп жаткандардын, өлүм коркунучунан улам ибадаттарын жашыруун аткаргандардын жоопкерчилиги –Мусулмандардын руханий бир лидердин астында биригишин каалабагандардын мойнунда. Куран аяттарына жана Пайгамбарыбыз (сав)дын сахих (ишенимдүү) хадистерине көз жумуу менен «Мусулмандар лидерсиз, башсыз, башчысыз калышы зарыл» деген пикирди жактагандар бул чындыкты унутпашы керек.