Клеткалардын формасындагы долбоор эволюция теориясынын жараксыздыгына далил
ucgen

Клеткалардын формасындагы долбоор эволюция теориясынын жараксыздыгына далил

51794

Денеңиздеги болжол менен 200 түрдөн турган клеткалар кээ бир тараптардан гана бири-биринен айырмаланышат. Бул айырмачылыктардын эң негизгилеринин бири – бул алардын формасы. Нерв клеткалары, булчуң клеткалары, кан клеткалары...

Булардын баарынын механизмдери бирдей болгону менен, формалары кемчиликсиз долбоорлонгону себептүү кызмат кылган жеринде максимум натыйжа менен иштешет.

Формасы башка башка болгон клеткаларга нерв клеткалары менен кан клеткаларын мисал келтирүүгө болот. Нерв клеткаларынын жүлүндөн бутка чейин созулган, болжол менен 1 метрлик бутактары бар. Натыйжада сигналдар бир клеткадан экинчисине өтүп, эч убакыт жоготпостон бир линия аркылуу бара турган аймагына жетип алышат. Кан клеткаларынын көлөмү болсо, нерв клеткаларынын тескерисинче, 7 микрометр гана болот. Мынчалык кичинекей болушу алардын микроскопиялык өлчөмдөгү капиллярлардан кысылбай өтө алышына шарт түзөт. Ошондой эле, кичинекей дискке окшогон бул клеткалардын эки бетинин тең ичин көздөй чукурайган болушу алардын кычкылтек менен көмүр кычкыл газын алып-берүүдөгү аянтын максимумга жеткирет. Ар бир миллиметр куб канда бул клеткалардан миллиондогон даана бар экенин ойлосоңуз, газ алмашуу жасалган аянттын чоңдугун оңой эле элестете аласыз.

Көзүңүз менен кулактарыңыздагы клеткалардын формалары дагы өзгөчө. Ички кулактагы кулак чыгырыгында (улитка) кичинекей түкчөлөрдөн турган клеткалар болот. Булар үн толкундарынын таасири менен дирилдеп, кулактын ичиндеги суюктуктун толкунунан келип чыккан басымды нерв сигналына айландыруучу бир механизм кызматын аткарышат. Көздөгү жарыкты сезүүчү тордомо клеткаларынын дизайны дагы өз кызматына эң ыңгайлуу жасалган. Тордомо челдеги кумганча клеткаларында жарыкты сезүүчү пигменттерден жана нерв байламталарынан турган көп санда челдер бар. Бул кумганча клеткаларынын жарыкка карата өтө сезгич болушуна шарт түзөт.

Ичке ичегиде болсо өз кызматына ылайык формадагы, азыктарды сиңирүүчү клеткалар бар. Клеткалардын баарынын үстүңкү бөлүгү «микро түктөр» деп аталган микро көлөмдөгү жүздөгөн түкчөлөр менен капталган. Бул түкчөлөрдүн бетиндеги ташыгыч молекулалар азыктардагы ишке жарактуу бөлүктөрдү алып, ишке жарабагандарды артка кайтарышат. Ошентип азыктарды сиңирүүнүн дагы бир этабы ишке ашат.

Адамдын бүт клеткаларынын бир клетканын бөлүнүп көбөйүшүнөн пайда болгонун унутпаш керек. «Клеткалар өз кызматына эң ыңгайлуу форманы өздөрү тандап алып, дене пайда болуп жатканда ошол формага кирип калышкан» деп ойлоо логикага такыр туура келбейт. Булардын баары бизге клеткаларды, өз кызматын эң натыйжалуу жасай ала турган формада, чексиз акылдуу Аллахтын жаратканын апачык көрсөтүүдө.

1


1. Кан клеткасы

2. Нерв клеткасы

3. Көздөгү кумганча клетка

Клеткалар бири-бирин кантип тааный алышат?

Баарыбыз жогорку класста же университетте адамдын калыптанышы жөнүндөгү маалыматтарды окуган болушубуз керек. Башында бир тиштем эт болгон эмбрион акырындап формага келип, клеткалардын бир бөлүгү колдорду, бир бөлүгү ички органдарды, бир бөлүгү болсо көздөрдү пайда кылуу үчүн бөлүнүп чыгышат. Ар бир клетка бара турган жерин, кайсы органды пайда кылаарын, канчага көбөйөөрүн, качан токтоорун билет. Бирок төмөнкү абзацта айтылгандар бизге эмбриондун калыптануу процессиндеги дагы бир таң калыштуу маалыматты берүүдө:

Бир эмбриондун ар кайсы органдарына тиешелүү клеткаларды –ал чөйрөдөгү кальцийдин санын азайтуу аркылуу- бөлүп салып, андан соң ар кайсы органга тиешелүү бул клеткаларды ыңгайлуу бир шартта жакшылап аралаштырсак, бул клеткалар кайра бири-бирине тийгенде, бир органга тиешелүү клеткалар бири-бирин ТААНЫШАТ жана ар бир органдын клеткалары өз-өзүнчө топтолушат. (Prof. Dr. Ahmet Noyan, Yaşamda ve Hekimlikte Fizyoloji, Meteksan Yayınları, Ankara, 1998, 10. baskı, s. 40)

Башкача айтканда, клеткаларды алгач бири-биринен бөлүп салып, анан кайра кошсок, бир органды түзө турган клеткалар бири-бирин таанып, кайра биригишет.

Мээси да, нерв системасы да, көзү да, кулагы да болбогон бул клеткалар бири-бирин кантип таанышат? Ар түрдүү молекулалардын биригишинен келип чыккан бул акылы, аң-сезими болбогон клеткалар башка клеткалардын арасынан өзүнө окшош типтеги клетканы кантип тандай алышат? Кийинчерээк биригип, бир органды түзүшөөрүн кайдан билишет? Аң-сезимсиз молекулалардагы бул улуу аң-сезимдин булагы эмне?

Бул аң-сезимдин булагы – бүт ааламды жоктон жараткан, ааламдардын Рабби Аллах.

2

1. Көк боор клеткасы, 2. Кемирчек клеткасы, 3. Кан клеткасы, 4. Ареол клеткасы, 5. Булчуң клеткасы, 6. Май клеткасы, 7. Сөөк клеткасы

Бир эмбриондун ар кайсы органдарына тиешелүү клеткалар ылайыктуу бир чөйрөдө аралаштырылып коюлса, бир органга тиешелүү клеткалар кайра бири-бирин таап өз-өзүнчө топтолушат.

Аллахтын бар экендигинин далилдерин айтып берүү менен адамдарды атеисттик философиялардын саздагынан куткара аласыз

Дарвинисттердин ою боюнча, бүт жандыктар башаламан кокустуктардын натыйжасында пайда болушкан. Бирок денебиздеги миңдеген комплекстүү системалар бул «кокустук» сандырагын четке кагууда. Алардын бири – бир гана клетканы кыймылдатуу милдети жүктөлгөн түкчөлөрдүн түзүлүшүндөгү миңдеген майда-бараттар.

Кээ бир клеткалар кирпикке окшогон түкчөлөр аркылуу кыймылдашат. Мисалы, дем алуу каналдарындагы кыймылсыз клеткалардын ар биринин жүздөгөн түкчөлөрү бар. Түкчөлөр, кайыктын калакчылары сыяктуу, бирдей кыймылдап, клетканы алга жылдырышат.

• Бир түкчөнү тигинен кессек, анын тогуз бөлөк чыбыкча (микротрубка) формасындагы түзүлүштөн тураарын көрөбүз.

• Микротрубка деп аталган чыбыкчалар бири-бирине кирген эки шакектен турат.

• Бул шакектердин бири он үч, экинчиси он «сымдан» (провод) турат.

• Микротрубкалар тубулин деп аталган белоктордон турат.

• Микротрубкада ичинде «динеин» аттуу бир белогу бар сырткы кол жана ички кол деп аталган эки бутакча болот. Динеин белогуна клеткалардын арасында мотор кызматын аткарып, механикалык бир күчтү пайда кылуу милдети жүктөлгөн.

• Тубулин белогун түзгөн молекулалар кирпичтердей болуп тизилип, клеткада цилиндрге окшогон бир форманы пайда кылышат. Бирок тубулин молекулаларынын тизилиши кирпичтерге караганда алда канча комплекстүү.

• Түкчөлөрдүн ортосунда дагы эки микротрубка болот. Булар өзүнчө турушат жана он үч тубулин лентасынан түзүлөт.

• Ар бир тубулиндин үстү жагында он даана кыска дөмпөкчө, асты жагында болсо он даана чуңкурча болот. Бул дөмпөкчө менен чуңкурчалар бири-бирине туура келе тургандай формада жаратылган. Ошондуктан өтө бекем бир түзүлүштү пайда кылышат. Өзгөчө бир долбоордо жаратылган бул дөмпөкчө, чуңкурчалардагы кичинекей бир кемчилик клетканын түзүлүшүнө зыян тийгизет.

Бул жерде кыскача жана өтө жөнөкөй сөздөр менен сүрөттөлгөн бул бөлүкчөлөрдүн баары биригип бир даана түкчөнү түзүшөт жана алардын бир гана максаты бар: денеңиздеги триллиондогон клетканын бирөөсүн кыймылдатуу. Ушул күнгө чейин жашап өткөн жана азыр жашап жаткан бүт адамдардын дем алуу каналындагы клеткалардын ар биринде ушундай татаал бир система бар. Болгондо да, бул комплекстүү жана көптөгөн бөлүктөрдөн турган система көзгө көрүнбөгөн кичинекей клетканын ичиндеги бир түкчөнүн ички бөлүктөрү. Бул жерде канчалык кичинекей аянт жөнүндө сөз болуп жатканын төмөнкүдөй салыштыруу аркылуу жакшыраак түшүнө аласыз: жогоруда айтылгандарды бир тал чачка батыруу да адам акылына сыйбас, өтө татаал бир жумуш болмок. Бирок булар бир тал чачка салыштырууга болбой турган кичинекей түзүлүштөр. Аллах биз көрө албай турган кичинекей бир жерге өтө системалуу жана комплекстүү бир механизмди орноткон. Кокустуктардын бир клетканы кыймылдатуунун жолун ойлонуп, ал үчүн ушундай бир системаны курушу жана мынчалык кичинекей бир аянтка батырышы эч качан мүмкүн эмес.

3

1. Клетка, 2. Түкчөлөр, 3. Түкчөлөрдүн жакындан көрүнүшү, 4. Түкчөлөрдүн туурасынан кесиндиси, 5. Микротюбиктер, 6. Динеин колу.

Кээ бир клеткаларды кыймылдаткан кирпиктерге окшогон түкчөлөрдүн түзүлүшү абдан комплекстүү. Эң үстүндө түкчөлөрдү түзгөн микротюбиктер көрүнүүдө. Астында түкчөлөрдөн алынган кесиндиде бири-бирине кирип турган жуп шакек түзүлүшү көрүнүүдө.

Харун Яхьянын «Клеткадагы аң-сезим» китебинен алынды.

Которгон Жунус Ганиев.

http://barakelde.turmush.kg/news:276800

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
logo