Кызыктар дүйнөсү: Бир инженерия керемети: Аары уясы
ucgen

Кызыктар дүйнөсү: Бир инженерия керемети: Аары уясы

2310

Асмандардын, жердин жана экөөсүнүнарасындагылардын Рабби, улуу жана кудуреттүү, кечиримдүү (Сад Сүрөсү, 66).

Аарылардын эң таң калыштуу өзгөчөлүктөрүнүн дагы бири болсо – бул алты бурчтуу аары уялары (соты). Көп сандагы аарынын уя куруп жатканына байкоо жасасак, биринчи эле булардын ишинин аягында башаламандык келип чыгат го деген ойго келебиз. Ар бири өзүнчө иштеп жаткандай көрүнгөн бул жандыктарды биргелешип өтө пландуу курулуштарды кура алышат деп айтуу кыйын болот. Бирок сырттан көрүнгөндүн тескерисинче, уя жасаган (токуган) аарылар жогорку уюшкандыкта жана өтө тартиптүү иш алып барышат. Ар бир ар кайсы тарабынан баштаганы менен, баары бирдей чоңдуктагы алты бурчтуу клеткаларды жасай алышат. Ал алты бурчтуктарды ортодо бириктиргенде, бириккен жери такыр билинбей калат жана алты бурчтуктардын эч биринин бурчу бузулбайт.

Аарылар уюкта муктаждык болгондо гана уя жасашат. Ал уяларды турак жай катары пайдалануу, азык жыйнап коюу жана личинкаларды чоңойтуу үчүн курушат. Уялар бүт тарабынан пландуу бир түзүлүшкө ээ. Мисалы, аары уялары эки беттүү болот. Эки бети тең жүздөгөн, ал тургай, миңдеген көздөн турат. Ал көздөрдүн бал, чаңча жана жумуртка менен толтурулушу дагы белгилүү бир тартипке таянат. Тизмеге тизе турган болсок, бир аары уясында эң үстүнөн ортоңку бөлүккө чейин бал жайгашат. Ортодо чаңчалар, эң астында болсо личинка бөлмөлөрү орун алат. Бал кампалары уюктун капталдарында да уланат. Бирок жумушчу аарылар личинка бөлмөлөрү менен бал бөлмөлөрүнүн арасына сөзсүз бир качан катар чаңча жыйнашат. Натыйжада бал, личинкалар жана чаңчалар бири-бирине аралашып кетпейт. Албетте, уюктун ичинде бал менен личинкалардын бири-бирине аралашпашы эң көп адамдарга пайда алып келет. Антпесе, бал челекчилерге кыйын болмок. Аары уясынын бир бөлүгүн бөлүп алууну каалаган бал челекчилер бал алууга аракет кылып жатып аары колониясынын жаңы индивиддерине аргасыздан зыян тийгизишмек. Ошондой эле, личинкаларга аралашып кеткендиктен, балды жеш дагы өтө кыйын болуп калмак.

Бул жеңилдик дагы аарылардын аң-сезимдүү иш-аракеттеринин бир натыйжасы. Көрүнүшү жагынан уялардагы клеткалардын (мисалы, личинка клеткалары менен чаңча жана бал клеткаларынын) арасында эч кандай айырма жок. Булардын баары бири-бирине опокшош. Бирок окшош болсо дагы, эне аары жаңылып кетип бош турган бал же чаңча клеткаларына жумуртка таштап койбойт. Дайыма туура жерге жумуртка таштайт. Албетте, бул дагы эне аарыга Аллах тарабынан берилген бир жөндөм.

Эволюционисттер уялардын курулушу жөнүндө кандай ойдо?

Башка бүт жандыктар сыяктуу бал аарылардын дагы өз түрүнө тиешелүү кыймыл-аракеттери бар. Бул кыймыл-аракеттер дагы эволюционисттерге көптөгөн суроолорду туудурат. Мисалы, эволюционисттер бал аарылардын жасаган уялары, өз ара байланыш ыкмалары сыяктуу көптөгөн өзгөчөлүктөрү жөнүндө узатылган суроолорго жооп таба алышпайт. Себеби эволюция механизмдери менен аарылардын коомдук жашоосун жана өзгөчөлүктөрүн түшүндүрүүгө болбойт.

Чарльз Дарвин өзгөчө колония болуп жашаганы үчүн «коомдук чымын-чиркей, курт-кумурскалар» деп аталган аарылардын жана кумурскалардын кыймыл-аракеттерин өзүнүн теориясынын механизмдери менен түшүндүрүүдө кыйналганын көп жолу мойнуна алган. «Түрлөрдүн келип чыгышы» аттуу китебинде Дарвин бир суроо менен өзү чыгарган теориясынын инстинкттер жөнүндө кабылган парадоксуна төмөнкүчө токтолгон:

...Инстинкттер табигый тандалуу менен пайда болушу же өзгөрүшү мүмкүнбү? Аарыны, атактуу математиктердин ачылыштарынан эбак эле, аары уяларынын көздөрүн жасаганга багыттаган инстинкт жөнүндө эмне дей алабыз?

Дарвиндин эмне үчүн өзүнүн теориясына суроолор узата турганчалык оор абалда калганын аарылардын жасаган уяларын карап көргөндө түшүнөбүз.

Аары уясынын жалпы түзүлүшү

Бир уяны (соты) ортодон экиге бөлсөк, өтө кызыктуу нерсени көрөбүз. Уянын ортосунда бир тосмо болот. Бул тосмо дагы башка бөлүктөр сыяктуу бал момунан жасалат жана эки тарапты көздөй тизилген клеткалардын (көздөрдүн) түбүн түзөт. Клеткалардын түбү түз эмес. Бири экинчисине туура келе тургандай чуңкур кылып жасалат. Эки тараптагы клеткалардын чуңкурлары бош орун калбашы үчүн бири-биринин ичине кирип турат. Капталдар клеткалардын ортоңку тосмого салыштырмалуу бир аз ийилген болушуна шарт түзө турган бир түзүлүшкө ээ. Бул форма клеткаларга толтурулган балды агызбай сактайт.

Мындан тышкары, уюкта жумушчу аарылардын клеткалары жогоруда, эркектердин аз сандагы клеткалары болсо төмөндө жайгашат. Эне аары клеткалары болсо эң төмөнгө курулат. Ошондой эле, уя клеткалары муктаждыкка жараша жасалат. Мисалы, уюкта эркектердин саны азайганда же кыштан чыкканда (кышында уюкта такыр эркек болбойт) эркектер үчүн башкаларга караганда чоңураак болгон клеткалар жасалып башталат. Ошол сыяктуу, эне аары клеткасы дагы уюкка жаңы бир эне аары керек болгондо гана жасалат.

Мындан тышкары, уяларды курууда дагы өтө маанилүү жагдайлар бар. Уянын чийки затын өндүрүү жана колдонуу, уяны жасоодогу математикалык эсептөөлөр сыяктуу жагдайлар дагы өтө таң калыштуу.

Уя жасоонун биринчи этабы: бал момун өндүрүү

Аары уяларынын негизги курулуш материалы – бул бал мому. Аарылар бал момун курсактарынын астында жайгашкан 4 жуп секреция безинен чыгарышат. Бул бездер бириккен жерде эки кичинекей боштук бар. Бал мому ошол боштуктарда майда ичке бөлүкчөлөр формасында пайда болот. Аарылар бул кичинекей катмарларды алуу үчүн түкчөлөрдөн турган арткы буттарындагы илмектерин колдонушат. Муну бал мому плитасына өткөрүп, арткы буттары менен тартып сыртка чыгарышат. Анан алдыга түртүп алгач ортоңку, анан алдыңкы буттарына өткөрүшөт (аарылар 6 буттуу). Аягында плитаны ээк сөөктөрү менен алып, жууруп колдонула турган абалга алып келишет. Бир мом катмарын алаар замат боштуктан экинчиси чыгып калат. Бирок бал момун чыгаруу үчүн эң негизги нерсе – бул температура. Ушул себептен жумушчу аарылар уя жасап баштаганда бири-бирине катар жабышып, топ формасына келишет. Натыйжада температура бал момуна керектүү 35°Сге жетет. Жууруу процесси ушундай эң ыңгайлуу температурада жасалат жана мунун натыйжасында пластик сымал, курулушка оңтойлуу бал мому даяр болот.

Бал момунун түсү биринчи чыгарылган кезде ак болот. Ичине чаңча жана башка заттар аралашканда түсү сарыга жана күрөңгө айланат. Бал момунун химиялык курамы болсо төмөнкүдөй:

Углеводороддор             14%

Татаал моноэфирлер      35%

Диестерлер                    14%

Гидрокси полиэстерлер  8%

Эркин кислоталар          12%

Бал момун өндүрүү өтө көп энергияны талап кылат. Ошондуктан аарылар 1 кг бал момун жасоо үчүн болжол менен 22 кг бал керектешет. Аарылар бал момун секреция бездеринен болжол менен бир төөнөгүчтүн башындай көлөмдөгү бөлүкчөлөр формасында чыгарышат. Бул көлөмдү эске алганда бал момунун эмне үчүн мынчалык баалуу экенин жакшыраак түшүнөбүз. Аарылар кичинекей бир мом сыныгын дагы колдонуп, бал момун максимум пайдаланышат. Ал тургай, бир уюкту толугу менен таштап кетүү керек болгондо, балды керектеп (жеп) бал момун өндүрүүнүн ордуна, мурдакы уюктан бал момун ташыганы да байкалган. Бул жөнүндө изилдөө жасаган немец илимпоз доктор Н. Коенигер (Dr. N. Koeniger) башка жерде жаңы бир уюк жасоо үчүн мурдакы уюгун таштап кеткен бир аары колониясын тапкан. Эртеси жумушчу аарылардын уюкка кайра келгенин байкаган Коенигер аарылардын мурдакы клеткалардан бал момун кемирип, аларды жаңы уюктарына алып кетип жатканын аныктаган. Аарылардын мындай кылышына бал момун өндүрүүдө көп энергия сарпталышы себеп болот.

Аарылар төөнөгүчтүн башындай көлөмдөгү бөлүкчөлөрдөн турган бал момун өтө акылдуу колдонуп, эң аз бал мому менен эң көп уя курушат. Мисалы, аарылардын өлчөмү 22,5х37 см болгон бир уяга болгону 40 грамм бал момун коротоору аныкталган. Өзүнүн салмагы 40 грамм болгон бул уя болжол менен 2 кг бал сактай алат.

Бал мому кантип пайда болгон?

Аарылар бал мому болсо гана уя жасай алышат. Бал мому сыяктуу уя жасаганга абдан ыңгайлуу бир заттын аарылар тарабынан өндүрүлүшүнүн өзү эле бир жаратылуунун (Жаратуучунун бар экендигинин) далили.

Эволюционисттер аарылар алгач пайда болгондо мындай өзгөчөлүктөрү болгон эмес жана бүт өзгөчөлүктөрү узун бир убакыт аралыгында, бир катар кокустуктардын натыйжасында келип чыккан дешет. Ошондуктан бул жерде жооп берүү керек болгон кээ бир суроолорду узатып, эволюционисттердин бул көз-карашынын негизсиздигин карап чыгуу туура болот.

Эң биринчиден, аларга толугу менен чоочун бир зат болгон бал момунун курамын аарылар кантип табышкан?

Жана кантип аарылардын баары бирдей формуланы, бирдей курамды миллиондогон жылдан бери эч катасыз жасап келе жатышат?

Аарылар бал мому сыяктуу идеалдуу бир материалды өндүрө турган системаларды денелеринде кантип пайда кылышкан же жасашкан?

Аарылар өз алдынча кандайдыр бир жол менен уянын чийки заты болгон бал момун өндүрө алышты деп элестетип көрөлү. Бул ийгилик эч бир ишке жарабайт. Себеби аарынын ошол эле учурда кура турган курулушу жөнүндө техникалык маалыматы жана жөндөмү дагы болушу керек.

Бир аары, эч ыктымалсыз болсо да, бул өзгөчөлүктөргө кокустан ээ болуп калган деп элестетели; бул дагы эч качан жетиштүү болбойт. Ал аары бул маалыматты кандайдыр бир жол менен башка колония мүчөлөрүнө үйрөтүшү керек болот. Жана алардын денесинде дагы бал момун өндүрүүгө керектүү системаны пайда кылышы керек. Мындан тышкары, келечек урпактарга дагы бул маалыматты жана өндүрүш системасын өткөрүп бериши зарыл.

Ошондой эле, бүт аарылар чогуу иштей алышы үчүн иштерди бөлүштүрүүнү да билиши керек болот. Себеби аарылардын уя жасаганды билиши эле жетиштүү эмес. Аарылар чогуу иш алып баруу үчүн өз ара уюша ала турган акылы жана аң-сезими да болушу шарт. Себеби аарылар кантип уюша алышат, кантип өз ара байланыш курушат, он миңдеген аарынын караңгы бир уюкта эч башаламандык чыгарбай иштешинин түпкү себеби эмне деген сыяктуу суроолорго да жооп берүү керек.

Акылман адамдардын жогоруда кыскача айтылган бул этаптар жөнүндө абийирин колдонуп бир саамга эле ойлонушу жетиштүү болот. Аары сыяктуу бир жандыктын уя жасай ала турган, ал уяларды эң керектүү таризде колдоно ала турган өзгөчөлүктөргө ээ болушу, албетте, кокустуктардын натыйжасы эмес. Бул кереметтүү куруу жөндөмү аарынын көлөмүнө дагы, мээсинин күчүнө дагы, акылы менен аң-сезимине дагы эч туура келбейт.

Аарынын бул жөндөмдөрүн жер жүзүндөгү акылы жана аң-сезими бар жалгыз жандык болгон адамга салыштыруу аркылуу ойлонуп көрөлү. Бир адам өз каалоосу менен өзүнүн денесине бир ишине жарай турган жаңы бир секреция безин жасай алабы? Мисалы, керек учурда шилекей бездерине клей өндүртө турган жаңы бир системанын планын түзүп, аны денесине орното алабы? Албетте, адамдын колунан мындай нерсенин келбей турганын элдин баары билет. Андай болсо, адамдын акылы жана аң-сезими бар туруп жасай албаганын бир аарыдан күтүүгө болобу?

Аары дагы, жер жүзүндөгү башка бир жандык дагы өз каалоосу менен денесине жаңы органдарды кошо албайт, жаңы секрецияларды чыгара албайт. Аарылардагы долбоор жана кереметтүү жөндөмдөр алардын бир Жаратуучу тарабынан жаратылганын апачык далилдөөдө. Аарылар дагы жер жүзүндөгү бүт жандыктар сыяктуу Аллах тарабынан жаратылган. Аллах аарыларда адамдар ой жүгүртүп, насаат алышы үчүн теңдешсиз Акылынан мисалдар көрсөтүүдө. Аллах бүт нерсеге кудуреттүү. Акылы бар адамга болсо абийиринин үнүн угуп, бүт кылган иштеринде Жаратуучубуз Аллахка кайрылуу жана бүт өмүрүн Анын каалоолоруна ылайык өткөрүү милдети жүктөлгөн:

Айткын: «Асмандардан жана жерден силерге ырыскы берген ким? Кулактардын жана көздөрдүн ээси ким? Тирүүнү өлүүдөн чыгарган жана өлүктү тирүүдөн чыгарган ким? Жана иштерди ороп-курчаган ким?» Алар: «Аллах» дешет. Андай болсо, айткын: «Силер дагы эле коркуп, тартынбайсыңарбы?» (Йунус Сүрөсү, 31).

http://barakelde.turmush.kg/news:253845

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
logo