Дарвинисттер ичи формулаларга толгон алдамчы китептерден каалашынча жазсалар да, каалашынча жасалма фоссил алып келишсе да, Жаратылууну далилдеген илимий далилдерге каалашынча демагогия менен кол салышса да, каалашынча ар тарапка жасалма сүрөттөргө толгон картон афишаларды асып, муну эволюция көргөзмөсү деп реклама кылышса да, тамырынан жеңилген чындыкты өзгөртө алышпайт. Себеби дарвинисттердин эң чоң азезили – бул жандуулуктун башталышы. Дарвинисттер алигече бир даана протеиндин кандайча пайда болгону жөнүндө БИР ДАГЫ ТҮШҮНДҮРМӨ АЙТА АЛЫШКАН ЖОК. Бул абал Доукинс, Футуйма, Тим Уайт жана башка бардык дарвинисттер кабылган аянычтуу көрүнүштү сүрөттөйт. Алардын эч бир демагогиясы жалгыз бир протеинден болгон мындай чоң жана кооз жеңилүүнү жаба албайт. ЖАЛГЫЗ БИР ПРОТЕИН ДАРВИНИЗМДИ ТОЛУГУ МЕНЕН АСТЫН-ҮСТҮН КЫЛДЫ.
Дарвинисттик демагогиянын маанилүү бир өзгөчөлүгү мынчалык комплекстүүлүгүнө карабастан, жашоодогу бүт нерсени жөнөкөй көрсөтүүгө аракет кылуу болгондуктан, дарвинисттер жашоонун башталышын да дайыма жөнөкөйгө төмөндөтүүгө аракет кылышкан. «Ылай сууда клетка пайда болду», «ДНК өзүнөн-өзү пайда болуп, көбөйүп баштады» сыяктуу жомоктордун түпкү себеби да ушул. Дарвинисттер ушундай жол менен адамдарды оңойураак алдай алабыз деп ойлошот. Бирок эми минтип алдоо эч мүмкүн болбой калганын өздөрү да абдан даана түшүнүштү. Адамдар эми жалгыз бир протеиндин өзүнөн-өзү пайда болушу эч мүмкүн болбогончолук жогорку бир комплекстүүлүккө ээ экенин билүү менен бирге, бир протеиндин, бир ДНКнын же РНКнын же болбосо клетканын кичине-чоң кандайдыр бир бөлүкчөсүнүн КЛЕТКА ТОЛУГУ МЕНЕН БОЛМОЮНЧА ЭЧ БИР ИШКЕ ЖАРАБАШЫН ДА билишүүдө.
Бул чындык дарвинисттик жеңилүү тарабынан абдан маанилүү:
- Жалгыз бир протеин пайда болушу үчүн ДНК керек
- Протеин жок болсо ДНК пайда болбойт
- ДНК жок болсо протеин пайда боло албайт
- Башка бир протеин болмоюнча бир протеин пайда боло албайт
- Жалгыз бир протеин пайда болушу үчүн 60 ар башка протеин керек
- Бул протеиндердин бир даанасы да кем болсо протеин пайда боло албайт
- Рибосома жок болсо протеин пайда болбойт
- РНК болбосо да протеин пайда болбойт
- ATP болбосо протеин пайда болбойт
- ATP’ни өндүрө турган митохондрияболбосо да протеин пайда болбойт
- Клетка ядросу болбосо протеин пайда болбойт
- Цитоплазма болбосо да протеин пайда болбойт
- Клеткадагы органеллдердин бир даанасы кем болсо протеин пайда боло албайт
- Клеткадагы бардык органеллдер болушу жана иштеши үчүн болсо протеиндер керек
- Бул органеллдер болмоюнча эч качан протеин болбойт.
Бул система – чогуу иштөөгө мажбур болгон абдан тыгыз байланыштагы бир система. Бири болмоюнча экинчиси пайда боло албайт. Жалгыз бир бөлүкчөсү болсо да системанын башка бөлүкчөлөрү болмоюнча бул бөлүкчө эч бир ишке жарабайт.
Кыскача айтканда,
БИР ПРОТЕИН ПАЙДА БОЛУШУ ҮЧҮН КЛЕТКА ТОЛУГУ МЕНЕН БОЛУШУ КЕРЕК. Клетка, учурда биз изилдей алган жана абдан аз бөлүгүн гана түшүнө алган кемчиликсиз түзүлүшү менен бирге бар болмоюнча, ЖАЛГЫЗ БИР ПРОТЕИН ДА ПАЙДА БОЛО АЛБАЙТ.
Бул протеин өзүнөн-өзү пайда болсо да (чынында мындай болушу эч мүмкүн эмес), эч бир ишке жарабайт. Өзү жалгыз ар жерде жүрүп, өлөт.
Ошондуктан, Доукинстин «өзүн-өзү копиялоочу молекула» догмасы – абдан чоң калп жана адамдарды алдоо максатын гана көздөйт. АДАМДЫН КЛЕТКАСЫНДАГЫ ЭЧ БИР МОЛЕКУЛА БАШКА ЭЧ БИР ЖАРДАМГА МУКТАЖ БОЛБОСТОН, ӨЗҮН-ӨЗҮ КОПИЯЛАП КӨБӨЙҮҮ ЖӨНДӨМҮНӨ ЭЭ ЭМЕС.
Кэмбридж университетинин илим философиясынын профессору Стивен Майер (Stephen C. Meyer)Signature in the Cell(Клеткадагы ишарат) аттуу китебинде муну мындайча түшүндүрөт:
ДНКнын түзүлүшү жана функциясы аныкталган 1950-жылдар жана 1960-жылдардын баштарынан баштап, жашоого байланыштуу жаңы бир радикалдуу түшүнүк өнүгүп баштады. Молекулярдык биологдор ДНКнын маалымат алып жүрүүчү гана эмес экендигин ачышкан эле. Биологдор ДНК жөнүндөгү мындай ачылыштан соң жандуу организмдердин генетикалык маалыматты иштете алышы үчүн системаларга ээ болушу керек экендиги жөнүндө шектенүүгө кабылышты. Бир дисктин ичине сакталган санариптик маалымат, ал дискти окуучу бир аппарат (каражат) болмоюнча, ишке жарабаганы сыяктуу, ДНКнын ичиндеги маалымат да клетка маалымат иштетүүчү системасы болмоюнча ишке жарабайт. (Дарвинист) Ричард Левонтин (Richard Lewontin) айткандай, «Эч бир жандуу молекула (б.а. биомолекула) өзүнөн-өзү көбөйө албайт... Клеткалар өзүнөн-өзү көбөйүү үчүн керектүү толук кандуу машиналарга гана ээ боло алышат... ДНК жардам алып же албастан, өз копиясын өзү жасай албаганы аз келгенсип, ошол эле учурда башка эч нерсе «өндүрө да албайт»... Клетканын ичиндеги протеиндер башка протеиндерден жасалган жана бул протеин түзгөн машина болмоюнча, эч нерсе жасоого болбойт.» 1
Бул түшүндүрмөлөрдөн акыркы убактарда «космос динине» кирген Доукинстин сөздөрүнүн акылга сыйбастыгы да дагы бир жолу ортого чыкты. Бул дүйнө - бир жандуу клетка жашашы үчүн космостогу эң ыңгайлуу жер. Бирок мындай ыңгайлуу шарттар да жандуу клетканын өзүнөн-өзү пайда болушуна шарт түзө албайт. Доукинс бул чындыкка каршы жаңы бир жол издеп, өзүнөн-өзү көбөйө алган бир молекуланын космосто пайда болгонун жана андан соң жерге келгенин жактаган. Бул жердеги биринчи туюк – бул мындай бир жандуу молекуланын өзүнөн-өзү пайда болбошу. Экинчиси болсо – жогоруда айтылгандай, жандуу бир молекуланын жерде да өзүн-өзү көбөйтө алуу жөндөмүнө ээ болбошу. Бүт мындай туюктарды байкап турган Доукинс да эң аягында мындай бир молекуланын жогорку бир акыл тарабынан жаратылганын кабыл алууга мажбур болду.2
1 Stephen C. Meyer, Signiture in the Cell, Harper One, 2009, s. 132-133
2Ben Stein, Expelled “No Intelligent Allowed”, 2008, movie