«Кокустуктар атеизм катары көрүнүп, тымызын сыйынылган бир кудай абалына келген.» (Pierre Paul Grassé, Evolution of Living Organisms, New York, Academic Press, 1977, s.107)
Бул сөздөр өзү да эволюционист болгон, Франция илимдер академиясынын мурдакы башчысы атактуу зоолог Пьер Поль Грассеге тешелүү. Грассе эволюционисттердин «кокустук» түшүнүгүн кандайча өздөрүнө кудай кылып алгандыгын бул сөздөрү менен таамай айткан.
Эволюция теориясы бойунча жандуулар сөз жүзүндө толугу менен табигый себептер менен кокустуктар натыйжасында пайда болгон жана кайра эле кокустуктар менен өнүккөн.
Башкача айтканда, дарвинисттер кокустуктарды кудай катары кабыл алышууда, кокустуктарды бүт ааламдагы абдан так иштеген системаларды жана жандууларды жарата ала турган деңгээлде акылдуу, аң-сезимдүү жана күчтүү деп айтышат. (Аллахты аруулайбыз).
Дарвинисттердин жаңылыш ойлору бойунча;
- биз ичинде жашаган жана сансыз так тең салмактуулуктарга ээ аалам,
- миллиондогон ар түрдүү жандуулардын түрлөрү,
- бул жандуулардын абдан комплекстүү системаларга жана өзгөчөлүктөргө ээ түзүлүштөрү
убакыттын өтүшү менен кокустуктар натыйжасында пайда болгон.
Чындыгында болсо бүгүнкү күндө биология, палеонтология, генетика, биохимия, микробиология сыяктуу илим тармактары жандуулардын эч качан кокустуктар жана табигый шарттардын натыйжасында өзүнөн-өзү жарала албастыгын далилдеди.
Себеби бир даана жандуу клетка да «кокустук» түшүнүгүн толугу менен жараксыз кылган чоң бир жаратылуу укмушу.
Жандуулардагы мындай таң калаарлык система аларды жогорку акыл жана чексиз илим ээси Аллах жараткандыгынын далилдеринен.
Бул фильмде ааламдагы кемчиликсиз системалардын жана жандуулардагы укмуштуу түзүлүштөрдүн дарвинисттердин «кокустуктан пайда болгон бир жашоо» көз-карашын кандайча кыйратаарын көрөбүз.
Эволюционисттердин чексиз күч-кудурет ээси болгон Аллахтын бар экендигинин ап-ачык далилдерин кабыл албоо үчүн өздөрүн кокустук тупигине кандайча такашканына күбө болобуз.
КОКУСТУК КӨЗ-КАРАШЫНЫН АКЫЛГА СЫЙБАСТЫГЫ
Эрте менен тургандан баштап көргөн нерселериңизди бир ойлонуп көрүңүз...
Ар күнү эрте менен турганда өзүңүздү каранган күзгү, машинаңыздын эшигин ачуу үчүн колдонгон ачкыч, жолдогу светофорлор, жолдогу ар кандай жазуулар, машиналар...
Ар биринин чөйрөңүздө бар болушунун атайын бир себеби, атайын бир максаты бар.
Шек жок, бүт бул нерселер көптөгөн адамдар тарабынан ойлонулуп, эмгек жана убакыт коротулуп, белгилүү бир максат үчүн пландалып жасалган жана сизге келген.
Бул жөнүндө эч шектенбейсиз.
Жана эч ким буларды эрте менен турганда, дал болушу керек болгон жерде, кокустуктан алдыңыздан чыкты деп айта албайт.
Себеби булардын ар бири ээ болгон бир топ татаал детальдары менен бирге бир пландалып жасалган нерсе экенин көрсөтөт.
Жолдо баратканда көргөн адамдарыңыз, жанынан өткөн дарактар, алдыңыздан чыккан ит, сонун жыттуу гүлдөр, жогору караганда көргөнүзүң асманчы?
Сиздин ойуңуз бойунча бул нерселердин пайда болуу себеби кокустуктар болушу мүмкүнбү?
Эч кандай алдын-ала ойлорго алданбастан, акылы жана ариети менен ой жүгүрткөн ар бир адам бүт жандуулардын жана адамдардын кокустуктар жараткан нерселер эмес экендигин заматта түшүнөт.
Бүт нерселерди жараткандын жогорку акыл, чексиз илим жана күч-кудурет ээси болгон Аллах экендигин түшүнөт.
Бирок ар кайсы доордо ушунчалык ачык бир чындыкты көрө албаган, тагыраак айтканда, көрүп туруп көрбөгөн сыяктуу болгон адамдар жашаган.
Бул адамдар кээде алдыбыздан узак убакыттар бойу илим алган профессорлор, изилдөөчүлөр, палеонтологдор катары чыгат.
Дарактардын, канаттуулардын, булуттардын, үйлөрдүн, машиналардын, адамдардын жана жандуу-жансыз бүт нерсенин, кыскача айтканда биз жашаган ааламдын көр кокустуктардын чыгармасы экендигин айтышат. (Аллахты аруулайбыз)
Тарых бойунча адамдар кандайча өздөрү жонуп жасаган айкелдерди, тотемдерди кудай катары кабыл алып, таштан-топурактан жасалган айкелдердин жаратуучу боло алаарына ишене турган деңгээлде аң-сезимдерин жоготушкан болсо, бүгүнкү күндө да кокустуктарды кудай кылып алган бул адамдар алар менен бирдей деңгээлде.
Аллах бул адамдар жөнүндө Куранда мындайча сөз кылат:
Асмандардын жана жердин мүлкү Ага тиешелүү; (Ал) балалуу болгон эмес. Ага мүлкүндө орток жок. Бүт нерсени жараткан, ага бир калып берген, белгилүү бир өлчөө менен жараткан. Аны койуп, эч нерсе жаратпаган, тескерисинче өздөрү жаратылган, өздөрүнө да зыян да, пайда да жеткире албаган, өлтүрүүгө, жашатууга жана кайрадан тирилтип-жайууга күчтөрү жетпеген бир топ кудайларды (кудай) кылып алышты. (Фуркан Сүрөсү, 2-3)
ЭВОЛЮЦИОНИСТ БИР КАЛП: ЖАН КИРГЕН АТОМДОР
Эволюционисттердин кыялдары бойунча,
«Чоң жарылуу» деп аталган Биг Бенгдин артынан кандайдыр бир жол менен ичтеринде абдан назик тең салмактуулуктагы күчтөр бар болгон атомдор өздөрүн өздөрү жаратышкан.
Туш келе таркаган атомдордун бир бөлүгү кокустуктар натыйжасында бири-бирин табышып, космостогу жылдыздарды, планеталарды түзүп жатканда, бир бөлүгү дүйнөнү пайда кылган.
Дүйнөнү пайда кылган атомдордун бир бөлүгү башында таш топуракты түзгөн болсо, кийинчерээк бир заматта жандууларды жаратууну чечишкен.
Бул атомдор алгач комплекстүү түзүлүшкө ээ болгон клеткаларга айланышкан, кийинчерээк болсо экиге бөлүнүү аркылуу көбөйүшкөн жана сүйлөп, угуп башташкан.
Көмүртек, магний, фосфор, калий, темир сыяктуу атомдор чогулушуп, капкара бир нерсе пайда кылуу ордуна таң калаарлык комплекстүү жана сырлары дагы эле толук ачылбаган кемчиликсиз мээлерди пайда кылышкан.
Бул мээлер эч кайсы технология менен жетишиле албаган деңгээлде так 3 өлчөмдүү сүрөттөлүштөрдү көрүп башташкан.
Андан соң бул атомдор университет профессорлоруна айланып, электрондук микроскоптору менен өздөрүн изилдеп, «кокустуктан пайда болдук» деп айтышкан.
Мына эволюция теориясы ушулардан турат.
Бардык мындай кокустук сөздөрүнүн акылга сыйбастыгына карабастан, 150 жыл бойу ар кандай илимпоздордон профессорлорго, докторлордон изилдөөчүлөргө чейин көптөгөн адамдар мындай акыл жана логикага сыйбас теорияга ишенишкен.
Эми бул теорияны абдан жөнөкөй, бирок түшүнүктүү жана көп сөз кылынган бир эксперимент менен анализдеп, эволюционисттердин кыялындагы сценарийине керектүү жоопту берели.
Кокустуктардын жаратуу күчү бар деп ишенген эволюционисттер абдан чоң бир идиш алышса.
Бул идиштин ичине бир жандуу пайда болушу үчүн керек деп ойлогон канча зат бар болсо баарын салышса.
Мисалы, бул идишке жандууну түзгөн көмүртек, фосфор, кальций сыяктуу элементтердин баарын салышса.
Ал тургай алардан түзүлгөн амино-кислоталарды, бир даанасынын да кокустуктан пайда болушу эч мүмкүн болбогон протеиндерди да бул идишке салышса.
Андан соң бул аралашмага сырттан ар кандай таасирди жасашса.
Мисалы, идишти ысытышса, муздатышса, үстүнө чагылгандар түшүрүшсө, электр энергиясын беришсе.
Идишке койгон заттарды каалаган куралдар менен, каалаган ылдамдыкта, каалаганча аралаштырышса.
Ошондой эле, бул аралашманын жанында миллиарддаган, ал тургай триллиондогон жылдар бойу бири-бирине атадан балага осуят кылып кезектешип карап турушса.
Жана бул аралашманын ар бир көз ирмемин текшеришип, бири-бири менен кеңешип, дүйнөнүн эң алдыңкы биологдорунан, генетика адистеринен, физиктеринен жана эволюция адистеринен кеңеш алышса.
Натыйжа эч качан өзгөрбөйт.
Бардык бул аң-сезимдүү жана маанилүү аракеттерге карабастан, бул идиштен жандууга тиешелүү бир нерсе эч качан чыгара алышпайт.
Эмне гана кылышпасын, бул идиштин ичинен ар түрдүү канаттууларды, түркүн түстүү балыктарды, коёндорду, аттарды жана башка жаныбарларды чыгара алышпайт. Баары бир топуракта өсүп, баары бир эле сууну ичкенине карабастан, ар биринин даамы бири-биринен өзгөчө болгон мөмөлөрдү эч качан чыгара алышпайт.
Кандай гана процесс кылышпасын, бул идиштин ичиндеги атомдор;
Эйнштейн, Ньютон сыяктуу татаал маселелерди чыгарган илимпоздорду;
Пикассо, Микаленжело сыяктуу искусство жагынан укмуштарды жасаган чеберлерди;
Бетховен, Моцарт сыяктуу адамдын рухуна ырахат берген мелодиялар жараткан музыканттарды; ачылыштар жасаган, өзүн түзгөн атомдорду микроскоп менен изилдеген илимпоздорду;
Машинанын проектин жасаган, китеп жазган, китеп окуган, үйрөнгөн, үйрөнгөндөрүн эсинде туткан, ойлонгон, акыл жеткирген, сындаган, толкунданган, сүйүнгөн, сүйүү, мээрим жана боорукердик көрсөткөн, жеген тамагынын даамынан ырахат алган жана бир пикирди жактай алган адамдын мээсин эч качан пайда кыла алышпайт.
Андай болсо, эволюционисттер бүт адамзаттын илимий мүмкүнчүлүктөрү жана аракети менен пайда болбой турган жандуулук аң-сезимсиз атомдор, көр кокустуктар жардамы менен пайда болду деген көз-карашты кантип жакташат?
Жансыз заттар бир жерге топтолуп, кокустук мындай турсун, лаборатория шарттарында да жандуу бир клетка жасоо мүмкүн эмес экендигин бүгүн 20-кылымдын бардык позитивдүү илимдери абдан ачык, даана жана так бир негизде далилдеди.
Эгер жандуу бир нерсе бар болгон болсо, сөзсүз мунун жаратуучусу бар.
Жансыз заттардын миллиарддаган даанасы биригишсе, өзүнөн-өзү жандана албайт (аларга жан кирбейт), аң-сезимдүү боло алышпайт.
Бардык бул нерселерди жараткан, жогорку акыл, чексиз илим жана окшошу жок күч-кудурет ээси болгон Аллах.
Чындыгында, силердин Раббиңер алты күндө асмандарды жана жерди жараткан, андан соң Аршка буйрук берген Аллах. Күндүздү токтобостон аны кубалаган түн менен орогон, күн, ай жана жылдыздарды Өз буйругу менен баш ийдирген. Кабарыңар болсун, жаратуу да, буйрук берүү да (бир гана) Ага тиешелүү. Ааламдардын Жаратуучусу болгон Аллах кандай Улук. (Араф Сүрөсү, 54)
ААЛАМДАГЫ КЕМЧИЛИКСИЗ СИСТЕМА
Ааламдын пайда болушу жана кеңейүү ылдамдыгы, жердин Саманчынын жолу галактикасындагы орду, күндөн чыккан нурдун түрү, суунун суюктук деңгээли, атмосферадагы газдардын катышы жана таң калаарлык тең салмактуулуктарга ээ дагы көптөгөн системалар ааламдын эч кандай кокустуктун натыйжасы эмес экендигин көрсөтөт.
Ааламдагы көп сандагы чоң, кичине планеталардын ар бири улуу бир системанын абдан маанилүү бир бөлүкчөлөрү өзгөчөлүгүнө ээ.
Эч биринин космостогу орундары да, аракеттери да кокустук эмес;
Тескерисинче, биз билип, билбеген сансыз детальдары менен бирге атайын пландаштырылып, белгилүү бир максатка ылайык жаратылышкан.
Планеталардын орундарындагы кичинекей бир өзгөрүү да бири-бири менен тыгыз байланышкан тең салмактуулуктардын астын-үстүн болуп, талкаланышы үчүн жетиштүү.
Бирок, бул тең салмактуулуктар эч качан жаңылбайт жана ааламдагы кемчиликсиз система эч кандай кемчиликке кабылбастан уланат. Бул абал жогорку күч-кудурет ээси болгон Аллахтын кемчиликсиз жаратышынын далили.
Ал бири-бири менен «толук бир ылайыктуулук» ичинде жети асманды жараткан. Рахман (болгон Аллах)тын жаратуусунда эч кандай «карама-каршылык жана дал келбестик» көрө албайсың. Мына көз(үң)дү айландырып-карап көр; кандайдыр бир жарака (кемчилик жана бузуктук) көрүп жатасыңбы? Андан соң көзүңдү дагы эки жолу айландырып-кара; ал көз (дал келбестик табуудан) үмүтүн кескен бир абалда чарчап, сага кайтат. (Мүлк Сүрөсү, 3-4)
Ааламдагы мындай кемчиликсиз система эволюция теориясынын куруучусу Чарльз Дарвинди да ааламдын жаратылышында кокустуктардын ролу жок экендигин мойнуна алууга мажбур кылган. Дарвин минтип мойнуна алган:
«Бул укмуштуу жана кереметтүү ааламды, анын ичинде бир топ артка жана бир топ алдыга көз чаптыра алуу жөндөмүнө ээ адамды көр кокустук жана мажбурлуктун бир чыгармасы катары көрүү – абдан оор, ал тургай эч мүмкүн эмес.» (Robert B. Downs, Dünyayı Değiştiren Kitaplar, Tur Yayınları, İstanbul 1980, s. 289)
Ааламдагы башка бир абдан маанилүү тең салмактуулук ай менен жер арасындагы аралык. Бул аралык жер бетинде жашоонун уланышы жана көптөгөн тең салмактуулуктардын болушу үчүн абдан маанилүү
Бул аралыктын бир азга эле өзгөрүшү көптөгөн терс натыйжаларга себеп болушу мүмкүн.
Мисалы, ай менен жер арасындагы аралык;
- Эгер бираз жакыныраак болгондо, ай жерди сүзмөк;
- Эгер бираз алысыраак болгондо, ай космосту көздөй жол алмак.
- Эгер бираз азыраак жакын болгондо, айдын жер бетинде пайда кылган океандардын көтөрүлүп-төмөндөшү коркунучтуу чоңдукка чоңоймок, натыйжада океан толкундары материктердин төмөн жерлерин каптап кетмек.
- Эгер бир азга дагы алысыраак болгондо, океандардын көтөрүлүп-төмөндөө окуялары азаймак жана бул болсо океандардын азыркыдан кыймылсыз болушуна себеп болмок.
Натыйжада көп кыймылсыз суу океандагы жашоого кооптуулук жаратмак, ошондой эле биз дем алган абадагы кычкылтекке да кооптуулук пайда болмок.
Бул абал жашоонун токтошуна себеп болмок.
Ааламдагы бардык асман телолорунун жайгашышы адамдын жашоосу үчүн эң зарыл богон абалда. Бул аралыктар планеталардын орбиталары, ал тургай өздөрүнө да түз таасир берет.
Асман телолорунун космостогу жайгашышы жана араларындагы чоң бош аралыктар жер бетинде жашоонун болушу үчүн мажбур шарт.
Америкалык астроном Джордж Гринштейн The Symbiotic Universe (Симбиотикалык аалам) аттуу китебинде асман телолору арасындагы белгилүү алыстыктардын чоң маанисин мындайча түшүндүрөт:
Эгерде жылдыздар бири-бирине бираз жакыныраак болгондо, астрофизика көп башкача болмок эмес. Жылдыздарда, асман газдарында жана башка асман телолорунда болуп жаткан физикалык процесстерде эч кандай өзгөрүү болмок эмес. Алыстан караганда, галактикабыздын көрүнүшү да азыркынын дал өзүндөй болмок. Жалгыз бир айырма – түнкүсүн көк чөпкө жатып, көз чаптырган асманда бир топ көп жылдыз болмок. Бирок, кечиресиздер, ооба; дагы бир айырма болмок: бул көрүнүштү карай турган «мен» жок болмокмун... Космостогу мындай чоң боштуктар биздин бар болушубуздун шарты. (George Greenstein, The Symbiotic Universe, s. 21)
Бардык бул маалыматтар бизге ааламда абдан так жана «жашоо үчүн зарыл» тең салмактуулуктардан турган кемчиликсиз системалар бар экенин көрсөтөт.
Шек жок, бардык бул нерселер кокустуктар же аң-сезимсиз, акылсыз атомдор пайда кылган системанын бир чыгармасы эмес.
Бүт аалам Ааламдардын Жаратуучусу Аллахтын теңдешсиз илимин жана чексиз күчүн тастыктаган далилдерге толо.
Аллах Куранда мындай буйурат:
Аллах... Андан башка илах (сыйынууга татыктуу зат) жок. Ал – тирүү, Кайуум. Аны уйкусуроо жана уйку тартпайт. Асмандарда жана жерде эмне бар болсо, баары Аныкы. Анын уруксаты болбостон, Анын кабатында шапаат кылуучу ким? Ал алдыңардагыны жана артыңардагыны билет. (Алар болсо) Ал каалагандан сырткары, Анын илиминен эч нерсени түшүнүп-аңдай алышпайт. Анын күрсүсү бардык асмандарды жана жерди курчап турат. Аларды коргоо Ага оор эмес. Ал – абдан улук, абдан бийик. (Бакара Сүрөсү, 255)
ӨСҮМДҮКТӨР ЖАНА ЖАНЫБАРЛАР ААЛАМЫНДАГЫ БАРДЫК СУЛУУЛУКТАРДЫ АЛЛАХ ЖАРАТКАН
Түсү, жыты менен ар бири өзүнчө бир кооздук укмушу болгон гүлдөр, теңдешсиз даамдагы, витаминге толо мөмөлөр жана жандуулардын кычкылтек булагы дарактар Аллах адамдарга немат-жакшылык катары берген кооздуктардын кээ бирлери.
Ар бири кокустук калптарына кичинекей да ыктымалдык калтырбай турган деңгээлде сулуу, кооз, таң калаарлык комплекстүү системаларга жана теңдешсиз пайдаларга ээ.
Сиз көргөн бул кичинекей уруктарда (дүйнөдөгү эң ири энциклопедия) Британника энциклопедиясындагы маалыматтардан 60 эседен көп маалымат бар.
Топуракка ташталган уруктардагы маалыматтар белгилүү бир убакыттан кийин ар түрдүү гүлдөргө, бир канча метр бийиктиктеги дарактарга айланат.
Ар бир уруктан ар кандай даам, жыт, түс жана чоңдуктардагы өсүмдүктөр чыгат.
Капкара топурактын кичинекей бир урук менен биригип, бул уруктун ичинен түркүн түстүү гүлдөрдү, сонун жыттуу, даамдуу мөмөлөрдү чыгарышы Улуу Раббибиздин жаратуу укмуштарынын жалгыз бири гана.
Аллах Куранда мындай буйурат:
Азыр эгип жаткан (урук)ту көрдүңөрбү? Аны силер өстүрөсүңөрбү, же өстүргөн Бизбизби? Эгер кааласак, чындыгында аны бир куураган чөп кылмакпыз; натыйжада таң калып-калмаксыңар. (Вакыа Сүрөсү, 63-65)
Санап бүтө албай тургандай ар түрдүү өсүмдүктөр миллиондогон жылдан бери качан, эмне кылышы керек экенин уруктарында сактаган программа жардамы менен билет жана унутпастан, жаңылбастан бул программаны ишке ашырышат.
Эч качан бир алча уругунан шабдалы дарагы чыккан эмес, лимон дарагына тиешелүү бир уруктан кулпунай өскөн эмес.
Мээси, көзү, акылы жок бир жыгачтын мындай кемчиликсиз иштеген бир программаны өз башынча ишке ашырышы албетте эч мүмкүн эмес.
Миллиондогон жылдар бойу кемчиликсиз уланып келген мындай системаны кокустуктардын ийгилиги деп ойлонуунун өзү акылы бар адамдар үчүн күлкүлүү бир кыял.
Өсүмдүктөрдү бардык мындай өзгөчөлүктөрү менен жараткан Аллах. Бул чындык Куранда мындайча билдирилген:
Ал – асмандан суу түшүрүүчү. Муну менен бүт нерсенин өсүмдүгүн чыгардык, андан бири-биринин үстүнө минген урук-мөмөлөрдү өндүрүүдөбүз. Жана курма дарагынын бүчүрүнөн да жерге самсаалаган бутакчалар, - бири-бирине окшогон жана окшобогон – жүзүмдөрдөн, зайтундан жана анардан бакчалар (кылуудабыз). Мөмөсүнө, түшүм бергенде жана жетилгенде бир карап көргүлө. Шек жок, ыйман келтире турган бир коом үчүн мында чындыгында аяттар бар. (Энъам Сүрөсү, 99)
Ар бири өзүнө эң ылайыктуу жерлерде, эң муктаж болгон системалар менен камсыздалган миллиондогон жандыктар...
Кээ бири күчтүү булчуңдары менен, кээ бири үндү абдан жакшы уккан кулактары менен, кээ бири суу ичинде да эч кыйналбастан көрө ала тургандай жаратылган көздөрү менен, кээ бири болсо алыс сапарга чыдай турган дене түзүлүштөрү менен бирге жаратылышат.
Али көрө элек бир чөйрөгө даярдык көрүү керек экендиги жөнүндөгү маалыматты аларга ким берген?
Кургактыкта туула турган бир жаныбар кычкылтекти түздөн-түз колдоно ала турган өпкөгө, сууда жашай турган бир балык болсо сууда эриген кычкылтекти колдоно ала турган бакалоорго ээ болушу керек экенин кайдан билет?
Канаттуулар учуу үчүн жеңил сөөк түзүлүштөрүнө, пингвиндер суу жукпаган өзгөчө бир май менен капталган жүндөргө, бүркүттөр миңдеген метр бийиктиктен табылгасын көрө ала турган курч көздөргө, тоңкулдактар баштарын катуу соккулардан коргой турган атайын бир системага ээ болушу керек экенине кантип баштары жеткен?
Бири экинчисинен кемчиликсиз өзгөчөлүктөргө ээ жандууларды кокустуктар жана аң-сезимсиз атомдор кантип пайда кылышкан?
Албетте, мындай болушу эч мүмкүн эмес...
Жандууларды да, алар ээ болгон кемчиликсиз системаларды да, ошол эле учурда бүт ааламды жашоо үчүн эң ыңгайлуу шарттарда ааламдардын Жаратуучусу Аллах жараткан.
Мурда эволюционист болгон Гари Э. Пакер да, башка илимпоздор сыяктуу, палеонтология жана биология чөйрөсүндө жасаган эмгектеринин жыйынтыгында илимдин эволюция теориясын четке кагаары тыянагына келген жана түрлөрдүн ар түрдүүлүгү жөнүндө өзүнүн чыныгы ойлорун мындайча баяндаган:
«Жандуулардын канчалаган таң калаарлык түрлөрү бар; түрлөрдүн арасында көптөгөн ар түрдүүлүктөр бар жана абдан көп санда түрлөр бар. Көпчүлүгүбүз түстө, калыпта, көлөмдө, өзгөчөлүктө, функцияда байкаган мындай көп түрдүүлүк алдында урмат толо бир коркуу сезебиз. Эмне үчүн мынчалык көп түрлөр бар?» (http://www.icr.org/pubs/imp/imp-008.htm; ımpact no. 88, Yaratılış, Seleksiyon ve Çeşitlilik, Gary E. Parker, ICR, October 1980)
Эволюция теориясынын куруучусу Чарльз Дарвин болсо теориясын жокко чыгарган жандуулардагы кемчиликсиз системаларды көрүп, мындан тарткан азабын мындайча баяндайт:
«Көздү ойлонуунун мени коркууга салганы эсимде. Бирок азыр бул арыздарымды чече алдым. Эми болсо бул түзүлүштүн кичинекей, майда бөлүкчөлөрү мени көбүнчө абдан кыйноодо. Бир павлиндин түгү болсо качан карасам мени ооруга чалдыктырат.» (Francis Darwin, The Life and Letters of Charles Darwin, Cilt.II, s. 90)
Дарвинди караган сайын ооруга чалдыктырган павлиндин түктөрү болсо – башка бардык жаныбарлар, өсүмдүктөр жана табияттагы бардык жаратылыш укмуштары да бүт нерсени жоктон бар кылып жараткан Аллахтын кудуретин түшүнүп, Анын күчүн мүмкүн болушунча аңдап түшүнүүгө шарт түзгөн жаратылыш далилдеринен.
Аллах Куранда бул чындыкка мындайча көңүл бурган:
Жерди да (кандайча) төшөп, жайдык? Анда чайпалбай турган тоолор кылдык жана анда «көздүн жоосун алган жана көңүлгө жаккан» ар бир жуптан (канчалаган өсүмдүктөр) өстүрдүк. (Булар) «Чын жүрөктөн Аллахка багытталган» ар бир кул үчүн «хикмат менен караган бир ич көз» жана бир зикир. (Каф Сүрөсү, 7-8)
АДАМДАР – АЛЛАХ РУХУНАН ҮЙЛӨГӨН АКЫЛ ЖАНА ЭРККЕ ЭЭ ЖАНДЫКТАР
Чындыгында эволюция теориясы жактаган кокустуктар көз-карашынын акылга сыйбастыгы талашсыз, дап-даана чындык.
Себеби эволюционисттердин көз-карашы «шаардын ортосундагы бир чоң имарат жамгыр жана бороондун таасири менен куруу материалдарынын жана таштардын кокустан бир жерге чогулуусу натыйжасында пайда болду» деп айткан сыяктуу акылга сыйбайт.
Эч кандай илимий далилге таянбаган мындай ойлорду айтууда эволюционисттер абдан чоң бир маселеге туш болушат.
Адамдын рухун түшүндүрүү...
Эволюционисттер жансыз заттардын жана кокустуктардын кандайча болуп ойлонгон, сүйүнгөн, күлгөн, кайгырган, толкунданган, искусство чеберчиликтерин жараткан, ыр жазган, сүйгөн ыры болгондо жыргал сезген, жакшы көргөн тамагынын даамынан, жытынан ырахат алган, дос күткөн, ачылыштар жасаган, мамлекет башкарган, космоско барган адамдарды пайда кылганын эч качан түшүндүрө алышпайт.
Себеби бардык бул өзгөчөлүктөр Аллахтын адамга рух бергенинин бир натыйжасы. Адамдар – Аллах Өз рухунан үйлөгөн акыл жана эркке ээ жандыктар.
Бул чындык Куран аяттарында мындайча билдирилет:
Ал – жараткан бүт нерсесин эң кооз кылган жана адамды жаратууну бир ылайдан баштаган (Зат). Кийин анын урпагын бир маңыздан, болгону бир суудан жасаган. Кийин аны «оңдоп, бир калыпка салды» жана ага рухунан үйлөдү. Силер үчүн кулак, көздөр жана көңүлдөр бар кылды. Канчалык аз шүгүр кылуудасыңар? (Сежде Сүрөсү, 7-9)
Жер бетинде дээрлик 7 миллиард адам жашап жатат. Бул адамдар 14 миллиард кемчиликсиз көрүү системасына жана ошондой эле 14 миллиард кемчиликсиз угуу системасына ээ.
Адамдар ээ болгон көрүү системалары ушунчалык бийик деңгээлде болгондуктан, бүгүнкү күндөгү эң алдыңкы технология менен өндүрүлгөн эч кайсы камера көздөр адамга сунган сапатка жете албайт.
Ошондой эле, адам ээ болгон кулактар бүгүнкү күндөгү ультра-модерн үн системаларын толугу менен артка калтырат.
Бирок, дарвинисттер эң өнүккөн технология да «эч теңеше албай турган» мындай көрүү жана угуу системаларын кокустуктар жаратты деп ишенишет.
Албетте, мындай сөздөр эч акылга сыйбайт. Дарвинизмдин бир гана максаты бар: адамдардын абдан ачык жана так байкалып турган бүт нерселердин Аллах тарабынан жаратылуу чындыгынан баш тартуулары.
Шек жок, аң-сезимсиз жана жансыз атомдор ойлоно алышпайт, физика мыйзамдарын билишпейт, математикалык эсептерди чыгара алышпайт, инженер болуп тонналаган сууну кармоого күчү жеткен суу сактагычтар, бийик имараттар кура алышпайт, компьютер колдоно алышпайт, пианино ойноп, көңүлдөрүнө жаккандай обон жарата алышпайт.
Дарвинизм – бул байыркы египеттиктердин күн кудайы Рага, африкалык кээ бир уруулардын тотемдерге, Саба калкынын болсо күнгө сыйынганы сыяктуу, же Аз.Ибрахимдин (ас) коомунун өз колдору менен жасап алган идолдорду (путтарды), Аз.Мусанын (ас) коомунун алтындан жасаган музоону кудай кылып алгандары сыяктуу, ал тургай андан да акылга сыйбас сокурдук.
Бул абал Аллах Куранда да ишарат кылган бир акылсыздык. Аллах кээ бир адамдардын аң-сезимдеринин жабылып калаарын жана чындыктарды көрүүгө алсыз абалга түшүп калаарын көптөгөн аяттарында билдирүүдө.
«Алардын (арасында) сени тыңдагандары бар; Биз болсо аны аңдап түшүнүшүнө (бир тосмо катары) жүрөктөрүндө кабат кабат тосмолор жана кулактарында бир оордук кылдык. Алар кайсы гана «ап-ачык далилди» көрүшпөсүн, баары бир ишенишпейт...» (Энъам Сүрөсү, 25)
ЖЫЙЫНТЫК: КОКУСТУКТАР КУДАЙ БОЛО АЛЫШПАЙТ
Бир адам бир сүрөттү көргөндө, бул сүрөттү тарткан аң-сезимдүү, таланттуу, тажрыйбалуу жана илимдүү бир сүрөтчү бар экенин түшүнөт. Сүрөтчүнү көрбөсө да анын бар экенинен эч качан шектенбейт. Эч ким бул сүрөттү бойоктордун кокустуктан кагаз үстүнө төгүлүшү натыйжасында пайда болду деп айта албайт.
Бул сүрөттөрдү жактырган адам болсо мактоо жана суктанууларын бул сүрөттөргө эмес, булардын куруучусуна, сүрөтчүсүнө багыттайт.
Чөйрөбүздө көргөн бардык кооздуктар болсо – алардын Жаратуучусу болгон Аллахка тиешелүү.
Мактоого жана шүгүр келтирүүгө ылайык болгон болсо – бир гана Раббибиз болгон, ар бир жараткан нерсесин теңдешсиз жараткан Аллах.
Бүгүнкү күндө илимди жамынып, эч акылга сыйбас жана чындыктан алыс эволюция ойлоруна ишенген жана аларды жактоого жашоосун арнагандар чындыктар толугу менен ачыкка чыкканда, абдан уят болушат.
Көп жылдар бойу эволюция теориясын жана атеизмди жактаган, бирок кийин бул жаңылыштыгын байкап, ыймандуу бир адам болгон америкалык жазуучу Малкольм Муггеридж мындай дейт:
Мен өзүм эволюция теориясынын, өзгөчө жайылган тармактарында, келечектин тарых китептеринде эң чоң анекдот темаларынын бири болооруна толук ишендим. Келечек урпактар мынчалык чирик жана белгисиз бир гипотезанын таң калаарлык абалда кабыл алынганын таң калуу менен тосушат. (Malcolm Muggeridge, The End of Christendom, Grand Rapids: Eerdmans, 1980, s.43)
Бул келечек алыста эмес, тескерисинче, абдан жакын бир келечекте адамдар «кокустуктардын» кудай (илах) боло албашын түшүнүшөт жана эволюция теориясы дүйнө тарыхынын эң чоң калпы жана эң күчтүү сыйкыры деп аталып калат.
Себеби, жаратылуу чындыгы айдан ачык, дап-даана көрүнүп турат. Куранда айтылгандай, адамга ал ээ болгон бүт нерсесин берген жана ичинде жашаган бүт ааламды жараткан, жогорку күч-кудурет ээси – бул Аллах.
Адамдын милдети болсо – анын жана бүт нерсенин Жаратуучусу болгон Аллахты таанып, билүү жана Ага шүгүр келтиргендерден болуу.
Айт: «Асмандардан жана жерден силерге ырыскы берген ким? Кулактарга жана көздөргө малик (ээ) болгон ким? Тирүүнү өлүүдөн чыгарган жана өлүктү тирүүдөн чыгарган ким? Жана иштерди ороп-курчаган ким? Алар: «Аллах» дешет. Андай болсо, айт: «Силер дагы эле коркуп, (күнөөдөн) сактанбайсыңарбы? Мына ушул – силердин чыныгы Раббиңер (Жаратуучуңар) болгон Аллах. Андай болсо чындыктан кийин адашуудан башка эмне бар? Кантип дагы эле бурулуп кетүүдөсүңөр?» |