Мусулман – жашоонун эң маанилүү сырларына ээ болгон, ааламдын жаратылуу максатын жана өзүнүн бул дүйнөдө эмне үчүн жашап жатканын толук түшүнгөн адам. Бул дүйнөнүн убактылуу мекен экенин, Аллах белгилеген бир күнү жашоосунун аяктаарын билет жана бул чындыкка ылайык жашайт. Бүт нерсенин Аллахтын каалоосу менен ишке ашаарын, Анын каалоосунан тышкары бир жалбырактын да түшпөсүн билет. Караган ар бир нерсесинде Аллахты көрөт, Аны аруулайт жана улуктайт. Жүрөгү тынымсыз аны жараткан жана ага сансыз немат-жакшылыктар тартуулаган Раббибиз менен бирге, жана эч нерсе аны Аллахты эстөөдөн тосо албайт. Эмне жумуш кылып жатса да, кандай амал менен алагды болбосун, ойу дайыма Аллахта жана Анын аяттарында. Аллах Мусулмандардын мындай өзгөчөлүктөрүн бир аятында мындайча кабар берет:
Алар турганда да, отурганда да, жатканда да Аллахты эстешет жана асмандардын жана жердин жаратылышы жөнүндө ойлонушат. (Жана айтышат:) «Раббибиз, Сен буларды жөн гана (максатсыз) жаратпадың. Сен абдан Улуксуң, бизди оттун (тозоктун) азабынан сакта.» (Ал-и Имран Сүрөсү, 191)
Албетте, бул – Аллахты абдан сүйгөн, Анын ыраазычылыгын бүт нерседен өйдө туткан, Андан чындап корккон, дүйнөдөн эч нерсе күтпөстөн жалаң гана Аллахтын ыраазычылыгын издеген, жүрөктөрү Аллах сүйүүсүнө толгон адамдардын өзгөчөлүгү. Жана эч шексиз, мындай жолду адам өз ыраазычылыгы, каалоосу менен тандайт. Бул абал – анын билип, каалап, кубаныч менен, сүйүү менен, терең бир каалоо менен Аллахтын ыраазычылыгын жана акыретти тандаганынын бир көрсөткүчү. Ким жүрөгүн Аллахка байласа, Ага жакындашуу, ыйманында мүмкүн болушунча тереңдөө жана акыретте Аллахтын ыраазычылыгы, рахматы жана бейишине жетүү үчүн аракет кылса, Аллах аны бул аракетинде ийгиликтүү кылат. Аллах бир аятында бул абалды мындайча билдирүүдө:
Ким акырет эгинин (мөмөсүн) кааласа, Биз ага бул аракетинде береке беребиз. Ким дүйнө эгинин кааласа, ага да андан беребиз; бирок анын акыретте эч бир үлүшү (насиби) жок. (Шура Сүрөсү, 20)