Муфаззал бин Өмер айтат: Имам Эбу Абдуллах Жафери Садык алейхиссалам мындай деди: «...Жана КАЛКТЫН ЭҢ ЖҮЗҮ КАРАЛАРЫ (УЯТСЫЗДАРЫ) БОЛГОНДО, ЗУХУР ИШКЕ АШАТ (АЗ. МЕХДИ (А.С.) ОРТОГО ЧЫГАТ).» (Gaybet-i Numani, s. 187) |
Аз. Мехди (а.с.) акыр заманда дарвинизм, коммунизм, материализм жана атеизм, башкача айтканда, дажжалийет адамдар жана коомдордо абдан күчтүү бузукулук чыгарган бир доордо чыгат. Дажжалийет адамдардын Аллахка болгон ыймандан абдан алысташына, көп өлкөдө диндарлардын коом ичинде чоочундашышына, дин ахлагын жашоо жана аны түшүндүрүүнүн бир кылмыш сыяктуу кабыл алынышына себеп болот. Пайгамбарыбыз (сав)дын башка хадистеринде да кабар берилгендей, Мусулмандарды дээрлик колго түшүрүп алат жана алардын Куран ахлагын жашоосуна тоскоол болот. Дажжалийеттин мындай басымы жана зулумдугу бүгүнкү күндө даана көрүнүүдө. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөсүндө Мусулмандар жалаң гана диндери үчүн кысымга алынууда, ибадаттарын каалагандай аткарышы, диндерин эркин жашашына тоскоолдук кылынууда, динге ишенген, ыймандуу адамдардын бири-бири менен көрүшүшү, маек курушу да дээрлик кылмыш сыяктуу кабыл алынууда. Ааламды жана андагы нерселерди Аллахтын жараткандыгы жөнүндөгү чындык эч кандай илимий чындыкка жана далилге таянбастан жокко чыгарылууда, бүт нерселер көр кокустуктар натыйжасында пайда болду деген акылга жана илимге сыйбаган бир теория болгон эволюция теориясы адамдарга зордук менен кабыл алдырылууга аракет кылынууда. Эволюция калпы жөнүндө ар кандай алдамчылыктар менен сөз кылынууда, ал тургай гезит, телевизор, интернет сыяктуу мүмкүнчүлүктөр да пайдаланылып зордукча коомдун аң-сезимине сиңирилүүдө. Дажжалийет мындай жол менен Аллахтын бар экендигин жана жаратуу кереметтерин адамдардын көзүнөн «жашырууну», ар бир адамдын бул дүйнөдө кылгандары үчүн жооп берээрин унуттурууну, руханий байлыктарын жоготкон жана ар кандай бузулууга ачык бир коом түзүлүшүн курууну максат кылууда.
Ушул себептен дарвинизмдин бир калп экендигин окуучуларына илимий далилдер менен далилдеген мугалимдерди да билим берүү мекемелеринен жумуштан айдоо аркылуу тоскоолдук кылынууда жана мындай жол менен башкаларга сүр көрсөтүүгө аракет кылынууда. Аллахтын бар экендигин жана жалгыз экендигин түшүндүргөн момундарга илим жана билим менен жооп бере албастан, натыйжада мындай адамдарга ар кандай жалаалар жабылуу менен буларды таасирсиз кылууга аракет кылынууда.
Пайгамбарыбыз (сав) да хадисте акыр заманда адашкан, ахлаксыз, ар кандай ахлактык жана ар-намыстык баалуулуктарды жоготкон, тили жалганга малынгандардын өзгөчө Аз. Мехди (а.с.)ды максат кылаары кабар берилген. Аз. Мехди (а.с.)дын жардамчысы катары дин ахлагынын жашалышы үчүн аракет кылган ак пейилдүү жана чын ыкластуу Мусулмандарды да дажжалийет максат кылат. Бирок Аллах мындай жаман ахлакка ээ болуп, Мусулмандарга каршы иш-аракет кылгандардын сөзсүз жеңилүүгө дуушар болоорун жана сөзсүз түрдө Аллахтын тараптарларынын жеңишке жетишээрин билдирген:
Чындыгында каапырлар (адамдарды) Аллахтын жолунан тосуу үчүн мал-дүйнөлөрүн жумшашат. Дагы эле жумшай беришет. Бирок, (бул иштери) кийин өз баштарына бушайман болот. Кийин жеңилишет. Каапырлар (акыретте) тозокко чогултулат. (Анфал Сүрөсү, 36)
Аллах (Өзүнүн тагдыр китебинде) «Мен жана Менин Пайгамбарларым – жеңүүчүлөрбүз» деп жазып койгон. Аллах баарынан күчтүү, баарынан кудуреттүү. (Мужадала Сүрөсү, 21)