Turmush - Бөйрөктөрүңүзгө жиберилген кандагы эритроциттердин саны бөйрөктөр тарабынан тынымсыз өлчөнүп турат. Өтө так кабылдагычтар аркылуу алынган маалыматтар ошол замат анализ кылынып керектүү чаралар көрүлөт.
Бөйрөктө тазаланган кандын көлөмүндө бир азайуу байкалса, бөйрөктөрдөгү атайын клеткалардан «эритропоэтин» аттуу бир гормон чыгарылат. Бул гормон кандын өндүрүшүн көбөйтөт. Гормон бөйрөктүн сыртында, башка бир жерде жайгашкан жилик чучугуна таасир берет. Жилик чучугундагы негизги кан жасоочу клеткалар бул гормон келип, эритроциттин санынын азайганын кабар берген соң, эритроциттин өндүрүшүн ылдамдатып, кан айланууга көбүрөөк эритроцит чыгарышат. Ошентип эритроцит тең салмактуулугу жөнгө салынат.
Көрүнүп тургандай, бөйрөк клеткалары өлчөп, маалыматтарды анализ кылышат жана керектүү чараларды көрүү боюнча инициативаны колго алышат. Кабар жеткирүүчү гормон болсо дененин ичинде жолунан адашпастан, жилик чучугуна эч бузулбай жете алат. Жилик чучугундагы клеткалар болсо бөйрөктөрдөн бир гормон аркылуу жиберилген кабарды кантип чечмелөөнү билишет жана ал кабардын негизинде иш-аракет жүргүзүшөт.
Болгондо да, бул процесстердин баары миллиарддаган адамдын ар биринде дал ушундай жүрөт жана бул шайкештик бүт адамдарда бар.
Бул процесстердин баарында клеткалар кемчиликсиз бир уюштуруунун дисциплиналуу бөлүктөрү катары акылдуу иш-аракеттерди жасашууда. Бул жерде бул акылдын жана шайкештиктин булагы эмнеде деген суроого жооп берүү керек. Клеткаларды мындай акылга өзүнөн-өзү же кокустан ээ болуп калган деп айтууга болбойт. Клеткаларга бул акылды жана кандай иш-аракет кылуу керек экенин бүт баарын башкарып туруучу Аллах илхам кылууда. Аллахтан башка бир күч-кудурет жок.
1. Көп
2. Тең салмакта
3. Аз
4. Бөйрөк
5. Эритропоетин гормону
6. Жилик чучугу
7. Кан клеткалары
Эч бир формула өзүнөн өзү, кокустан пайда боло албайт
Инсулин – адамдын өмүрү үчүн сөзсүз керектүү болгон гормондордун бири. Бул гормон чыгарылбаса, кандагы канттын көлөмү көбөйүп, тең салмак бузулат. Бул адамдын кант комасына түшүшүнө себеп болот. Дене үчүн ушунчалык маанилүү болгон инсулин 51 аминокислотанын белгилүү бир тартипте биригишинен келип чыккан бир белок болуп саналат. Төмөндө инсулинди түзгөн аминокислоталардын аттары тоголоктордун ичине жазылып, тизилишинен келип чыккан схема чагылдырылган. Бул схемадагы аминокислоталардын катарынын бир азга эле өзгөрүшү инсулиндин өз милдетин аткара албай калышына себеп болот.
Кагаздын бетине жазылган бир формуланы көргөн ар кандай адам бул формуланын өзүнөн-өзү пайда боло албашын, анын бир адам тарабынан кагазга жазылганын билет. Инсулин гормонунун да туруктуу бир формуласы бар. Болгондо да, ушул күнгө чейин жашап өткөн адамдардын баарында ушул туруктуу формуладагы инсулин бөлүп чыгарылууда. Бул инсулиндин убакыттын өтүшү менен, акырындап кокустуктардын натыйжасында пайда боло албашын көрсөтүүгө жетиштүү. Эч бир аң-сезимсиз кокустук триллиондогон адамда бирдей формуладагы бир гормонду пайда кыла албайт. Мындай көз-караш акылга да, логикага да, илимге да туура келбейт. Инсулинди ушул формулада жараткан, анын өзгөчөлүктөрүн белгилеген, адамды эң башынан инсулин менен бирге жараткан Аллах.
1. Инсулин гормону;
2. Инсулин гормонунун формуласы чагылдырылган. Бул формуладагы аминокислоталардын бирөөсү эле кем болсо же орду алмашып калса, инсулин гормону өз милдетин аткара албай калат.
Харун Яхьянын «Клеткадагы аң-сезим» китебинен алынды.
Которгон Жунус Ганиев.