Ааламдардын Рабби болгон Улуу Аллах Кураны Керимде Өз Затын тааныткан.
Бул тасма Асмандардын жана Жердин Рабби болгон Аллахты Куранда билдирилген ысымдары менен таанытуу үчүн даярдалган. Бирок, албетте, ааламды, бүт жандууларды, адамдарды жана затты жараткан Раббибиздин сыпаттарын толугу менен түшүндүрүү бир адам үчүн эч мүмкүн эмес.
Бул тасмада бир гана Куранда билдирилген маалыматтар түшүндүрүлөт. Себеби биз адамдардын Улуу Аллахтын сонун ысымдары жөнүндө Ал бизге Куранда үйрөткөндөн башка эч кандай маалыматыбыз жок. Биз билбегендер болсо башка нерселер сыяктуу эле Аллах Кабатында сакталуу. Бир аятта мындай буйурулат:
Айтышты: «Сен Улуксуң, бизге үйрөткөнүңдөн башка биздин эч кандай маалыматыбыз (илимибиз) жок. Чындыгында Сен – бүт нерсени билүүчү, өкүм жана хикмат ээсисиң.» (Бакара Сүрөсү, 32)
АЛЛАХТЫН ЫСЫМДАРЫ - 2
АСИМ (Коргоочу)
Уулу айтты: «Мен бир тоого корголоном, ал мени суудан коргойт.» Айтты: «Бүгүн Аллахтын буйругунан коргоочу Аллахтан башка бир коргоочу жок.»... (Худ Сүрөсү, 43)
Адам алсыз бир жандык. Ушул себептен дайыма, ар түрдүү кыйынчылыкка кабылышы мүмкүн.
Мисалы, дүйнө ар дайым табигый кырсыктар болушу мүмкүн болгон бир мекен. Селдер, куюндар, жер титирөөлөр, вулкан атылышы сыяктуу окуялар бат бат болуп турат.
Муну менен бирге адамды руханий азапка сала турган окуялар да бар. Бүт мындай окуялар жөнүндө унутпаш керек болгон бир чындык бар: адам канчалык аракет кылбасын, канчалык алсыздыктардан кутулуу үчүн болгон күчүн жумшабасын, Аллах кааламайынча, башына келе турган эч нерседен өзүн коргой албайт. Адам үчүн жалгыз коргоочу – бул Рахман болгон Аллах. Куранда бул абал мындайча билдирилген:
Айткын: «Силер ачык жана жашыруун Ага жалбарып: «Ант болсун, бизди мындан куткарсаң, чындап шүгүр кылгандардан болобуз» деп дуба кылганыңарда, силерди кургактыктын жана деңиздин караңгылыктарынан ким куткарууда.» Айткын:
«Андан жана ар түрдүү азаптан силерди Аллах куткарууда. Кийин силер кайра эле шерик кошуп жатасыңар.» (Энъам Сүрөсү, 63-64)
Адамдардын көпчүлүгү жалгыз калышканда же колдорундагы материалдык мүмкүнчүлүктөрүнүн аларга жардам бере албашын түшүнүшкөндө, Аллахтан жардам сурашат. Бирок Аллах аларды куткараары менен кайра жакшылыктарга «сокур» болушуп, баштарына келгендерди унутушат.
Дүйнөдө Аллахтан башка коргоочу таба албашын түшүнбөгөн, Анын ар түрдүү жардамына карабастан нашүгүрдүк кылган адамдар акыретте түбөлүк азапка кабылышат. Аллах бул чындыкты Куранда мындайча билдирген:
...Ардангандар жана текеберленгендерди болсо жан сыздаткан азап менен азаптайт жана (алар) өздөрү үчүн Аллахтан башка бир коргоочу дос жана жардамчы таба алышпайт. (Ниса Сүрөсү, 173)
БАИС (Ойготуучу, тирилтүүчү, пайгамбар жөнөтүүчү)
Силер кантип Аллахты жокко чыгаруудасыңар? Ал силерди өлүк кезиңерде тирилтти; кийин силерди кайра өлтүрөт, кайра тирилтет жана кийин Ага кайтарыласыңар. (Бакара Сүрөсү, 28)
Жер бетинде ушуга чейин жашаган жана мындан кийин жашай турган бүт адамдар өлүмчүл. Баары бир күн өлөт жана мүрзөгө коюлат. Бирок бул апачык чындыкка карабастан, адамдардын көпчүлүгү өлүм жана мүрзөгө коюлгандан кийин кайра тирилтилүү чындыгын көп ойлонбойт. Ал тургай Куранда билдирилгендей, көп адамдар бул чындыкты калп деп ойлойт:
Айтышат: «Биз чуңкурда (мүрзөдө) жатканыбызда, биз чындап кайра тирилтилип чыгарылабызбы? Биз чирип, майдаланган сөөктөр болгон кезибиздеби? (Назиат Сүрөсү, 10-11)
Чоң жаңылыштык менен узатылган бул суроого берилчү жооп да Куранда эң ачык берилген:
Өзүнүн кантип жаратылганын унутуп, Бизге бир мисал берип; (мындай) деди: «Чирип-талкаланганда бул сөөктөрдү ким тирилтет экен?» Айткын: «Аларды алгачкы жолу жаратып-кураган тирилтет. Ал ар түрдүү жаратууну билет.» (Йасин Сүрөсү, 78-79)
Аллах – бүт адамдарды алгачкы ирет жаратып-келбет берген Зат. Бүт адамдардын баарын бири-биринен өзгөчө өзгөчөлүктөрү менен жараткан. Ар бир адамдын манжа учтарына чейинки көп өзгөчөлүктөрү башка адамдардыкынан айырмалуу. Шексиз аларды алгачкы жолу жараткан Аллах экинчи жолу жана ал тургай сансыз жолу бирдей келбетте жаратууга кудуреттүү. Аллах мунун далилдерин бизге жер жүзүнүн тирилтилишинде көрсөтүүдө.
Күз болгон сайын бүт табият бир «өлүмгө» кабылат. Бул «өлүм» бүт кыш бойу уланат. Жаз келгенде болсо дарактардын куурап калган бутактарында кайрадан түркүн түстүү гүлдөр, жапжашыл жалбырактар чыгат. Бүт табият жанданып, жашылданат. Болгондо да мындай «өлүмдөн кийин тирилүү» миңдеген жылдар бойу эч кемчиликсиз уланууда.
Адамдын өлүмүнөн кийин тирилиши да Аллах үчүн ушундай оңой. Адамдардын тирилтилиши менен табияттын тирилтилиши арасындагы мындай окшоштукка Аллах бир Куран аятында мындайча көңүл бурган:
Эми Аллахтын мээриминин чыгармаларын кара; өлүмүнөн кийин жер жүзүн кандай тирилтүүдө? Шексиз, Ал өлүүлөрдү да чындап тирилтет. Ал бүт нерсеге кудуреттүү. (Рум Сүрөсү, 50)
Аллахтын «Баис» сыпатынын дагы бир мааниси «пайгамбар жөнөтүүчү» дегенди билдирет. Аллах адамдарга эскертип-коркутуучулар, кубанычтуу кабарлар айтуучулар кылып элчилер жөнөткөн жана аларды туура жолго чакырган. Элчилеринен кээ бирлерине адамдарды караңгылыктан жарыкка чыгара турган китептер да вахий кылган. Шексиз, бул – Аллахтын адамдарга болгон чоң берешендиги. Бир Куран аятында мындай деп буйурулат:
Ант болсун, өздөрүнүн арасынан, аларга Аллахтын аяттарын окуп бере турган, аларды тазалай турган жана аларга Китеп менен хикматты үйрөтө турган бир пайгамбарды жиберүү менен Аллах момундарга (теңдешсиз) жакшылык кылган. Мындан мурун болсо алар анык адашууда эле. (Али Имран Сүрөсү, 164)
БАКИ (Улануучу (түбөлүктүү), фани (өтүп кетүүчү) эмес)
Жер жүзүндөгү бүт нерсе жок болуучу; Желал жана икрам ээси болгон Раббиңдин жүзү баки калат. (Рахман Сүрөсү, 26-27)
Ааламдагы бүт жандыктардын бир аягы бар. Бир адам төрөлөт, жашайт жана дүйнөдө өткөргөн чектүү өмүрүнүн аягында өлөт.
Мындай натыйжа бүт адамдарга сөзсүз келет. Адамдар сыяктуу өсүмдүк жана жаныбарлар ааламынын да жок болушу сөзсүз. Алар да жаралгандан белгилүү бир мөөнөт өткөн соң бир-бирден өлүшөт.
Мисалы, бир дарак жер бетинде жүздөгөн жылдар бойу жашашы мүмкүн. Бирок эң аягында сөзсүз өлөт. Жандуу нерселердин баары жашоосунан айрылып, топурактын астына кирет жана жок болот.
Ошол сыяктуу жансыз нерселердин да бир аягы бар. Убакыт баарына эскиртүүчү таасир берет. Мисалы, миңдеген жыл мурун аябай көркөм жашаган коомдордун талкаланган калдыктарынын гана калганын көрөбүз. Аллах бул чындыкты Куранда мындайча билдирген:
Биз нечендеген шаарларды кыйратып салдык. Алар заалым болчу. Эми (азыр) ал жерлер астын-үстүн болуп, эч ким жашабаган абалда турат, ташталган кудуктары (да) турат, бийик сарайлары уңулдап турууда. (Хаж Сүрөсү, 45)
Биз алардан мурун канчалаган адам урпактарын кыйраттык; (эми болсо) алардын бирөөсүн сезип же алардын үндөрүн угуп жатасыңбы? (Мерйем Сүрөсү, 98)
Бүт жансыз нерселердин да аягы мына ушундай.
Ичинде жашаган жандыктардын бир аягы болгон сыяктуу, ааламдын да бир аягы бар. Ааламдагы бардык планеталар, жылдыздар, күн бир күнү энергияларын түгөтүп жок болушат. Же Аллах каалаган башка бир себеп менен бүт ааламды жок кылып, кыямат күнү менен байланыштуу убадасын аткарат.
Бүт нерсенин аягы бар; ааламдын да, жаратылган бардык нерселердин да...
Аллах болсо жаратуучу. Жана түбөлүктүүлүк бир гана Анын Затына тиешелүү.
ФАЛИК (Урукту жаруучу, караңгыны жарып, таң атыруучу)
Данекти жана урукту жаруучу – бул шексиз Аллах. Ал тирүүнү өлүүдөн чыгарат, өлүүнү болсо тирүүдөн чыгарат. Мына Аллах ушул. Андай болсо кантип бурулуп кетүүдөсүңөр? Ал таңды жарып атыруучу. Түндү бир сүкун (эс алуу), күн жана айды бир эсеп менен кылды. Бул – улук жана күчтүү болгон, билүүчү Аллахтын каалоосу. (Энъам Сүрөсү, 95-96)
Дүйнөдө көптөгөн өсүмдүк өсөт. Ар биринин ар башка уругу бар. Кургак уруктар жылдар бойу өзгөрбөстөн турушу мүмкүн. Бирок бул уруктар топурактын астына же ылайыктуу бир чөйрөгө коюлганда, жарылып өсүп баштайт. Кийин бири-биринен айырмалуу ар түрдүү өсүмдүктөрдү пайда кылышат.
«Кургак бир данектен» мынчалык ар түрдүү жандуу нерселердин пайда болушу шексиз таң калаарлык. «Кургак бир данектен» бир дарактын пайда болушу үчүн эмнелер керек экенин ойлоп көрөлү:
Эң алгач урук топурактан керектүү нерселерди алат. Жана өнүп баштайт.
Бирок уруктун кайсы минералдарды алаарын, канчалык суу колдоноорун өз башынча аныкташы мүмкүн эмес.
Бул минерал, сууларды колдонуп, бири-биринен ар түрдүү мөмөлөр берген дарак түрлөрүн же түркүн түстүү гүлдөрдү өз башы менен пайда кылышы да мүмкүн эмес. Бул үчүн уруктун жогорку акыл-эс сыяктуу мүмкүнчүлүктөрү болушу керек. Албетте чынында андай нерсе да жок. Бул чындыктардын баары уруктарды улуу бир күчтүн жаратканын бизге көрсөтөт. Эч шексиз, «данекти жана урукту жаруучу» - бул Аллах. Анын каалоосу менен жер бетинде миңдеген түрдөгү дарак жана өсүмдүктөр өсүүдө. Бир Куран аятында да Аллахтын бүт нерсенин Жаратуучусу экендиги мындайча билдирилген:
Ал асмандан суу түшүрөт. Муну менен бүт нерсенин өсүмдүгүн өстүрөт, андан көгөргөн өсүмдүктөрдү, алардан болсо тизилген дандарды чыгаруудабыз... (Энъам Сүрөсү, 99)
ХАФЫЗ (Коргоочу, көзөмөлдөөчү, сактоочу)
Ушуга карабастан жүз бурсаңар, анда силерге жөнөтүлгөн нерсемди жеткирдим (түшүндүрдүм). Раббим болсо силерден башка бир коомду ордуңарга жаратат. Силер Ага эч нерсе менен зыян бере албайсыңар. Чынында менин Раббим бүт нерсени көзөмөлдөп-коргоочу. (Худ Сүрөсү, 57)
Ааламдын жоктон жаралганы бүгүнкү күндө далилденди. Изилдөөлөр натыйжасында алынган бардык маалыматтар бул чындыкка ишарат кылууда. Ааламдын жоктон жаралышы учурунда пайда болгон атомдор менен учурдагы жандуу-жансыз бүт нерсени түзгөн атомдордун бирдей экенин да илим аныктады.
Ааламдын алгачкы жаратылуу учурунда канча атом бар болгон болсо азыр да ошончо атом бар. Бирок мындай бир айырма бар: жоктон жаралуу учурунда чоң бир ылдамдык менен айланага тараган атомдор жылдыздарды, дүйнөнү, атмосферадагы абаны, жер жүзүндөгү сууну, топуракты жана ал тургай адам денесин түзүүдө. Болгондо да муну ушунчалык кемчиликсиз бир тең салмактуулук менен жасашкандыктан, ар бир атомго өкүмдар болгон жөнгө салуучу бир күч бар экени даана көрүнүп турат.
Бул жерде мындай бир чындыкты көрөбүз:
Эч нерсе жок кезде затты жараткан жана кемчиликсиз бир система пайда кылган Аллах бул системанын жаралышындагы ар бир баскыч жөнүндө маалыматка ээ. Себеби мынчалык татаал жана тең салмактуу бир системанын жалгыз бир көз ирмеминин да өз башынча, жөнгө салынбастан пайда болушу эч мүмкүн эмес.
Мына ушул чындык бизге ааламдагы системаны жөнгө салган, жараткан Аллахтын чексиз илимин көрсөтүүдө.
Асмандан жерге (чейин) бүт иштерди Ал курчап, жөнгө салат... (Сажда Сүрөсү, 5)
Аллах бүт нерсени жоктон жараткан жана мындай жаралуунун ар бир секундасын, мүнөтүн жөнгө салып, кемчиликсиз бир система пайда кылган. Жана азыр деле бул системаны жөнгө салып, сактап турат. Аллахтын ааламды тынымсыз сактап, коргоп тургандыгы бир Куран аятында мындайча билдирилет:
Себеби сенин Раббиң чынында көзөмөлдөп турат. (Фажр Сүрөсү, 14)
ХАЙЙ (Тирүү, бүт нерсени билүүчү жана бүт нерсеге кудуреттүү)
Ал – Хайй (тирүү) туруучу. Андан башка кудай (илах) жок; демек динди бир гана Ага калыс кылгандардан болуп Ага дуба кылгыла. Ааламдардын Раббисине мактоолор (хамд) болсун. (Момун Сүрөсү, 65)
Адам алсыз жана жашоосу боюнча абдан аз нерсеге күчү жетет. Дүйнөгө келгенде алгачкы 5-10 жылы жарым аң-сезимдүү абалда өтөт. Бул жылдарда дайыма башкалардын карап, багуусуна муктаж. Бул жаштан кийин жашоосунун көп бөлүгү өз денесин бапестөө, тазалануу менен өтөт. Эгер буларды кылгысы келбесе кыска убакыт ичинде кебетеси кароого болбой турган бир абалга келет.
Албетте адам жана жаратылган башка жандыктар гана алсыз. Жандуу жана жансыз бүт ааламдын Жаратуучусу болгон Аллах болсо Хайй. Дайыма тирүү, дайыма бүт нерсени башкарып турат, бүт нерсени билет жана бүт нерсеге күчү жетет. Ал уктабайт жана уйкусурабайт, ар кандай алсыздык, кемчиликтен аруу, таза.
Аллах жараткан нерселерине ар түрдүү алсыздык, кемчиликтерди берген жана бул кемчиликтерди байкап бир гана Ага кулчулук кылууларын, бүт нерсени бир гана Андан, т.а. Аллахтан суроону буйрук кылган. Адамдын милдети болсо – Аллах кааламайынча, эч нерсеге күчү жетпешин, бир секунда да жашоосун уланта албашын билип, дайыма Раббибизге кайрылуу. Бир Куран аятында мындайча буйурулат:
Аллах... Андан башка илах жок. Тирүү, Каим... (Бакара Сүрөсү, 255)
МУХСИ (Чексиз болсо да бүт нерсенин толук санын билүүчү)
Ант болсун, алардын баарын курчаган жана аларды (толук) санап койгон. (Мерйем Сүрөсү, 94)
Аллах ааламда жараткан бүт нерсесин эң майда-чүйдөсүнө чейин билет, бүт жандууларды башкарып турат. Себеби алардын ар бирин түстөрүнө, калыптарына, көрүнүштөрүнө, өзгөчөлүктөрүнө чейин бүт баарын жараткан. Жараткан жандуулар менен жансыз нерселеринин санын да так аныктаган. Шек жок, бул адамзат эч ээ боло албаган, күчү жетпеген бир илим жана бир гана ааламдардын Рабби болгон Аллахка тиешелүү. Бир аятта мындай деп айтылат:
Ал жаратканын билбейби? Ал – Латиф, Хабир. (Мүлк Сүрөсү, 14)
Аллах жердин ичинде жана жер бетинде канча даана кум бөлүкчөлөрү бар экенин, жааган жамгыр тамчыларынын санын, дүйнөдөгү бардык деңиз-океандардын түбүндө жашаган балыктардын санын билет. Жер жүзүндө Аз.Адамдан бери жашаган, азыр жашап жаткан жана кыяматка чейин жашай турган адамдардын санын бир гана Аллах билет.
Аллах бүт адамдардын өмүр бойу эмнелер кылганын, эмнелерди ойлонгонун бир-бирден санайт жана буларды дин (сурак) күнү аларга кабар берет.
Жасалган ар бир амал, аракет эч бир кемчиликсиз, эң кичинекейине чейин алып келинет. Аллах бул чындыкты бир аятта мындайча билдирет:
Аллах баарын тирилте турган күнү аларга эмнелер жасашканын кабар берет. Аллах алардын (кылгандарын бир бирден) санаган, алар болсо аны унутушкан. Аллах бүт нерсеге күбө. (Мүжаделе Сүрөсү, 6)
МУХЙИ (Жан берүүчү, ден-соолук берүүчү, тирилтүүчү, жашатуучу)
Ал тирилтет жана өлтүрөт. Жана Ага кайтарыласыңар. (Йунус Сүрөсү, 56)
Бир жандыкка жан берүү, аны жоктон жаратуу жана анын жашоосун уланта ала турган негизде дүйнөнүн шарттарын жөнгө салуу бир гана чексиз күч-кудурет ээси болгон Аллахка тиешелүү.
Аллах көз менен көрүүгө мүмкүн болбогондой кичинекей бир жумуртка клеткасы менен сперманы бириктирет. Сперма жумурткага кирээри менен жумуртканын чөйрөсү бир кабык менен капталат. Жана жашоо башталат. Аллах бул кичинекей клетканы алгач экиге, кийин төрткө бөлөт. Жана мындай бөлүнүү эселеп өсүп, абдан ылдам уланат. Жана ушундайча эненин курсагында кереметтүү бир жашоо башталат.
Бирдей клеткалар бираз мөөнөттөн кийин ар түрдүү болуп, мээни, нерв системасын, катуу сөөктөрдү жана тарамыштарды пайда кылат. Ушинтип Аллах дээрлик тогуз ай ичинде жок нерседен көрө алган, уга алган, сүйлөп, акыл жүгүртө алган бир адамды жаратат. Ага жан берет.
Бир жандуунун пайда болуу баскычтарында пайда болгон мындай кереметтүү окуяларды бир жумуртка менен сперманын жасай албашы анык. Аларды бириктирген жана эне курсагындагы наристени тогуз ай бойу коргоп чоңойткон бир гана Аллах.
Мына ушул алгачкы жаратылуу жана алгачкы тирилтилүү.
Аллах ар бир адам үчүн мөөнөтү белгилүү бир өмүр жараткан. Кийин Аллах бүт адамдарга тагдырларында бир өлүм күнү аныктаган. Бул өлүм күнүнө чейин аларды белгилүү бир мөөнөт дүйнө жашоосунда кармап, сынайт. Белгиленген мөөнөт келгенде, адамдардын жанын алат жана дүйнөдө кылган иш-аракеттеринин сыйлык же жазасын берүү үчүн аларды кайра тирилтет. Шексиз бул нерселердин баары – чексиз күч-кудуретке ээ Аллах үчүн абдан оңой.
МУСАВВИР (Аныктоочу, бүт нерсеге калып жана келбет берүүчү)
Ал – Аллах, Ал – жаратуучу, кемчиликсиз бар кылуучу, «калып жана келбет» берүүчү. Эң сонун ысымдар Аныкы. Асмандарда жана жердегилердин баары Аны тасбих кылууда. Ал – Азиз, Хаким. (Хашр Сүрөсү, 24)
Жер бетинде жүз миңдеген ар кандай түрдөгү жандуулар жашашат. Бул түрлөрдүн баары бири-биринен айырмалуу көрүнүш жана кемчиликсиз өзгөчөлүктөргө ээ.
Көпөлөктөрдүн канаттарында кемчиликсиз бир симметрия бар. Ар бир канаттын үстү ар түрдүү сүрөт жана кооз түстөр менен кооздолгон. Бул сүрөт жана түстөр канчалык татаал болбосун, канаттардагы өзгөчө симметрия эч качан бузулбайт.
Бүт көпөлөктөр бир сүрөтчү тарткандай болуп, көзгө абдан жагымдуу кооздукка ээ.
Жөнөкөй бир сүрөттүн да бир сүрөтчүсү бар жана сүрөттүн өз башынча пайда болушу эч мүмкүн эмес. Ошол сыяктуу мындай кемчиликсиз жаратылган жана бир искусство чыгармасындай сулуу болгон бир жандуунун да Жаратуучусу бар. Бул Жаратуучу – бүт ааламдын Рабби болгон Улуу Аллах.
Адамдын денеси да Аллахтын жаратуу чеберчилигин жана улуулугун көрсөтөт. Мисалы, адамдын дене түзүлүшүн түзгөн скелет өзүнчө эле бир инженериялык керемет. Дененин түзүлүшүнүн колдоочу система. Мээ, жүрөк, өпкө сыяктуу эң зарыл органдарды коргойт жана ички органдарга көмөкчү болот.
Скелет адамдын денесине абдан жакшы кыймылдоо мүмкүнчүлүгүн берет. Бул өзгөчөлүктү эч кайсы машина менен тууроого мүмкүн болбой келүүдө.
Болгондо да сөөктүн материалы көп адамдар ойлогондой, жансыз эмес. Дененин муктаждыгына жараша кальций, фосфат сыяктуу минералдарды топтойт же мурда топтогондорун денеге берет.
Кызыл кан клеткаларынын өндүрүшү да сөөктөр тарабынан жасалат. Мындай көп функциялуу скелет системасы – адамдын денесиндеги ондогон кемчиликсиз системалардын бир гана мисалы. Мына ушул нерселердин баарын кемчиликсиз бир дизайн менен жараткан жана дагы эле жаратуусун уланткан Аллах кудуретинин көрүнүштөрүн бизге тынымсыз көрсөтүүдө.
Бир Куран аятында мындай деп айтылат:
Айтты: «Биздин Раббибиз бүт нерсеге жаратылышын берген, кийин туура жолун көрсөткөн.» (Таха Сүрөсү, 50)
МУГНИ (Каалаганын бай кылуучу)
Чынында муктаж болуудан Ал куткарды жана байлык берип-ыраазы кылды. (Нежм Сүрөсү, 48)
Чыныгы байлык бир гана Аллахка тиешелүү. Ал каалаганын Өз берешендиги менен бай кылат, каалаганын болсо белгилүү бир мөөнөткө чейин жокчулук менен сынайт.
Адамдар дүйнөдө ээ болгон байлыктар, мал-мүлк бир гана Аллахка тиешелүү. Эч ким өзүнө тиешелүү бир нерсени өлүмүнөн кийин жанына ала албайт. Өмүр бойу иштеп тапкан бүт нерсесин сөзсүз бул дүйнөгө калтырат. Бирок ушуга карабастан, бул кыска өмүрдө мал-мүлк ээсимин деп мактанган, байлыгы менен бой көтөргөн жана натыйжада Раббибизди унуткан адамдар үчүн Аллах Куранда мындай өкүм берет:
Биз алардын мал-дүйнөсүн, бала-чакасын көбөйтүп коюшубузду аларга жакшылыктарды тездетишибиз деп ойлошобу? Жок, алар сезбей жатышат. (Мүминун Сүрөсү, 55-56)
Аллахтын элчилери аларга берилген мал-мүлктү Раббибизди ыраазы кылуу, Анын ыраазы болушу үмүт кылынган сооптуу, жакшы иштер үчүн колдонушкан. Колдорундагы бүт нерсесин ээ болгондору менен мактанып, көпкөн, мүлктүн чыныгы Ээсин унуткан адамдардан такыр башка максатта колдонушкан.
Ааламдагы бүт нерсенин жалгыз өкүмдары, мүлктүн жалгыз ээси болгон Аллах бул дүйнөдө каалаган адамды бай кылат. Чыныгы байлыкты болсо акыретте берет. Ага ыйман келтирген, бүт жашоосун ыкластуу амалдар кылып, Анын ыраазычылыгына жетүүгө аракет кылып өткөргөн момундарды акыретте абдан көп байлык берип сыйлайт. Аллах Куранда бейиш менен байланыштуу мындай кабар берет:
Кайсы тарапка бурулсаң, бир немат жана чоң бир мүлк көрөсүң. Алардын үстүндө жука жибек жана абдан токулган атластан жашыл кийимдер бар. Күмүш билериктер тагынышкан. Раббилери аларга таптаза бир шарап ичирген. Шексиз бул силер үчүн бир сыйлык. Силердин аракетиңер ченемсиз нематтар менен төлөндү. (Инсан Сүрөсү, 20-22)
ЗҮЛЖАЛАЛИ УАЛЬ ИКРАМ (Улуулук жана берешендик ээси)
Желал жана икрам ээси болгон Раббиңдин аты кандай Улук. (Рахман Сүрөсү, 78)
Бул дүйнөдө адамдын көңүлүнө жаккан сансыз немат-жакшылыктар бар. Аллах пенделеринин көңүлүнө жага турган ар түрдүү сулуулуктар менен дүйнөнү кооздогон. Бирок Аллах чексиз берешендик жана ихсанын чындап көрсөтө турган жер – бул бейиш. Куранда сүрөттөлгөн бейиш Анын чексиз берешендигин көз алдыбызга тартуулайт.
Бейиштин Куранда баяндалган эң белгилүү өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул «напсилер (көңүлдөр) каалаган бүт нерсенин» берилиши. Бейиштин «мөмө-жемиштери жана көлөкөлөрү үзгүлтүксүз», «ысык да эмес, суук да эмес, эң ылайыктуу бир көлөкөсү» бар. Аллах Өз Затынан бир мээрим катары ыкластуу пенделерин бейиш бакчаларындагы «көлөкөлүү жерлерде жана булак баштарында» жашатат. «Ар түрдүү кооздук жана сулуулуктарга бай» болгон бейиште момундарга «каалап, эңсеген мөмөлөрдөн жана эттен көп көп» берилет.
Момундар аяттарда билдирилгендей, «ичинде эсепсиз ырыскы берилүү үчүн бейишке» киришет. Бейиште ыйман келтиргендер үчүн «бийик үйлөр курулган». Бул үйлөрдүн, сарайлардын алдынан суулар агып турат. «Абдан тыкан жасалган, баалуу таштар менен кооздолгон тактылар үстүндө» отурушат жана айланаларын «карап көз жүгүртүшөт». Ал ортодо аларга сунулган тамактар да абдан кооз. «Алар үчүн кызмат кылган сулуулар» «күмүш менен капталган идиш жана чыныларды кыдыртышат». Момундардын кийимдери да абдан кооз. Аллах Куранда мындайча билдирет:
...Ал жерде билериктер менен жана жакуттар менен жасанышат. Жана ал жердеги кийимдери жибектен. (Фатыр Сүрөсү, 33)
Шексиз Курандагы бейиш сүрөттөлүшү бул жерде түшүндүрүлгөндөн абдан кооз жана өйдө. Аллах бейиштеги чексиз берешендигин Куран аяттарында мындайча билдирет:
...Ал жерде напсилери (көңүлдөрү) каалаган жана көздөр ырахат алган бүт нерсе бар. Жана силер ал жерде түбөлүк каласыңар. (Зухруф Сүрөсү, 71)
Кайсы тарапка бурулсаң, бир немат жана чоң бир мүлк көрөсүң. (Инсан Сүрөсү, 20)