Курандагы чыныгы жихад
ucgen

Курандагы чыныгы жихад

2359

Жихад сөзү «жехд» деген сөздөн келип чыккан. Арап тилиндеги маанилери болсо төмөнкүдөй:

1. Иштөө, аракет кылуу, аракет, башкалар үчүн аракет кылуу. 2. Адамдын өз напсисин башкарышы. Бул маанилерге карап, Исламда жехд кылуунун башкаларга маалымат берүү, жакшы адеп-ахлакты үйрөтүү, адамдарды жамандыктан алыстатуу үчүн аракет кылуу деген мааниге келээрин түшүнөбүз. Ошондой эле, мусулман, экинчи тараптан, өз напсисин жакшы адеп-ахлакка тарбиялап, өзүн кекенүү жана жек көрүүдөн алыс бир адам кылып тарбиялашы керек болот. Б.а. жехд кылган бир мусулман бир тараптан өзүн тарбиялап, экинчи тараптан, жакшыны, туураны адамдарга үйрөтүү үчүн аракет кылышы зарыл. Сүйүүнү, тынчтыкты, боорукердикти жайылтуу жана адамдарды жамандыктан тосуу үчүн аларды башкаларды ойлоого тарбиялап, өзүнүн мүнөзү менен аларга өрнөк болушу керек.

Курандын эч бир жеринде жехд сөзү ушул маанилерден башка бир мааниде колдонулган эмес. Ошондуктан «биздин булагыбыз – Куран» деп чыгып, «жихад» деген ат менен адамдарды өлтүрүп жаткандар же калп айтышууда же туура эмес таалим алышкан.

Бүгүнкү күндө жихад деп адамдарды өлтүрүп жаткандар, өзүнө бомба байлап жардырып жаткандар, согушту күчөтүп жаткандар Куран боюнча күнөө кылышууда. Бирок алардын көпчүлүгү Куранга карама-каршы иштерди жасап жатканын билишпейт дагы. Себеби аларды диндин атын жамынып алдап коюшкан. Алар ишендирилип коюлган динде сүйүүнүн ордун жек көрүү; боорукердиктин ордун кекенүү; бир туугандыктын ордун душмандык; жакшылыктын ордун жапайылык; искусствонун, сулуулуктун, илимдин жана маданияттын ордун болсо сабатсыздык ээлеген. Мындай динге ишенген адамдын колуна курал карматуу оңой болот. «Бул эл сенин душманың, барып кол сал» деп айтуу оңой болот. Аны кекентүү оңой болот. Кыжырдуу топторду пайда кылуу оңой болот.

Эмки бөлүмдөрдө бул адамдар согушуу үчүн туура эмес чечмелеген Куран аяттарын жана зомбулукка негиз катары көрсөтүлгөн жасалма хадистерди терең карайбыз. Бул жерде маанилүү бир жагдайды эске сала кетүү керек: радикалдардын абдан көбү сабатсыздык себептүү зомбулукчу болушат. Чыныгы динди билишпейт. Ал тургай, көпчүлүгү Куранды окуган да эмес. Ошондуктан адамдарды өлтүрүп «жихад» кылып жатам деп ойлогон бир адамды айыптоо, ага каргыш айтуу, аны коркутуу, түрмөгө камоо, сүргүнгө айдоо эч пайда бербейт. Анын андай болушунун себеби – бул Куран менен тарбияланбагандыгы, Аллахтын мыйзамын түшүнбөгөндүгү. Демек, туура эмес таалим-тарбия токтотулмайынча, эмне кылып жатканынан кабарсыз радикалдардын да боло берээрин кабыл алышыбыз керек. Маселенин мына ушунда экени кабыл алынса, анда жихад аты менен зомбулук көрсөтүп, террор жасап жаткандардын туура таалимге гана муктаж экени түшүнүктүү болот.

Исламда согушка себеп жок

Исламды бир согуш дини дегендер негизи мындай көз-караштын Исламдын насааттарына толук карама-каршы келээрин түшүнүшү керек. Куранда бир тарапка кол салуу үчүн эч себеп жок. Куран демократия жана эркиндиктерди эң сонун сүрөттөйт. Демократия жана эркиндик болгон жерде болсо тигил тарап душман деп жарыяланбайт же анын оозун жабууга аракет кылынбайт. Себеби мындай шартта бүт адамдарга урмат көрсөтүлөт жана бүт адамдар эч тартынбай өз ойун айта алат. Ислам шарияты мына ушундай шартты сүрөттөйт. Ошондуктан Куранда согушка эч бир себеп жок. Бул чындыкты Куран аяттары менен түшүндүрөлү:

Согуш: Исламды мажбурлап кабыл алдыруу үчүнбү?

Согуш, күч колдонуу же кысымчылык жолу менен бир адамга Исламды кабыл алдыруу ыкмасын колдонгондор Куранга чыккынчылык кылган болот. Курандагы эң ачык өкүмдөрдүн бири – бул «динде мажбурлоо жок» өкүмү:

Динде мажбурлоо (жана кысымчылык) жок... (Бакара Сүрөсү, 256)

Бул ачык аят – Курандын өкүмү. Эч бир мусулман бул өкүмдүн сыртына чыгып, башка бирөөгө динчил болушу үчүн кысымчылык жасай албайт. Буга Куранда тыюу салынган.

Пайгамбарыбыз (сав) болгону бир насаатчы. Динди айтып берүү жана акыркы келген акыйкат дин болгон Исламды адамдарга таанытуу милдети гана жүктөлгөн. Ал доордо Ислам динин Пайгамбарыбыздын (сав) жана башка мусулмандардын оозунан уккандардын кээ бирлери ыйман кылса, кээ бирлери ыйман кылган эмес. Курандын ачык өкүмүнө ылайык Пайгамбарыбыз (сав) да, анын жанындагы мусулмандар да эч качан мажбурлоого барышкан эмес. Куранда Пайгамбарыбызга (сав) «Сен болгону бир насаатчы-бир эскертүүчүсүң. АЛАРГА «КЫСЫМ МЕНЕН БАСЫМ» ЖАСАБАЙСЫҢ» (Гашия Сүрөсү, 21-22) деп эскертилип, басым жасоого толук тыюу салынган. Куран боюнча, бүт башка мусулмандар да Исламды таанытууга милдеттүү. Бирок эч кимге «сен мусулман болосуң», «динчил болосуң» же «ибадаттарды жасайсың» деп басым жасай алышпайт. Курандын максаты – дүйнөгө сүйүү жана бейпилдик алып келүү. Ошондуктан басым жана кысымдын Куранга туура келбеши анык.

Куранда басымга апачык тыюу салынган башка кээ бир аяттар төмөнкүдөй:

Жана айткын: «Акыйкат Раббиңерден; ЭМИ КААЛАГАН ЫЙМАН КЫЛСЫН (ИШЕНСИН), КААЛАГАН ЫЙМАН КЫЛБАСЫН (ИШЕНБЕСИН)... (Кехф Сүрөсү, 29)

Эгер Раббиң каалаганда, жер жүзүндөгүлөрдүн баары, чогуу ыйман кылмак. Демек, АЛАР ЫЙМАНДУУ БОЛГОНГО ЧЕЙИН АДАМДАРДЫ СЕН МАЖБУРЛАМАК БЕЛЕҢ? (Йунус Сүрөсү, 99)

Биз алардын эмне деп жатканын жакшыраак билебиз. СЕН АЛАРГА БИР МАЖБУРЛООЧУ ЭМЕССИҢ; ошондуктан, Менин анык эскертүүмдөн корккондорго Куран менен насаат бер. (Каф Сүрөсү, 45)

Эми сен насаат айтып-эскерт. Сен болгону бир насаатчы-бир эскертүүчүсүң. АЛАРДЫ МАЖБУРЛАП, БАСЫМ КӨРСӨТПӨЙСҮҢ. (Гашия Сүрөсү, 21-22)

Айткын: «Эй каапырлар. Мен силердин сыйынганыңарга сыйынбайм. Менин сыйынганыма силер сыйынбайсыңар. Мен да силердин сыйынганыңарга сыйынбайм. Силер да менин сыйынганыма сыйынбайсыңар. СИЛЕРДИН ДИНИҢЕР СИЛЕРГЕ, МЕНИН ДИНИМ МАГА.» (Кафирун Сүрөсү, 1-6)

Мажбурлоого жана басым жасоого Куранда тыюу салынгандыктан, согуш, кол салуу, душмандык жана кекенүү үчүн эч себеп калбайт. Эгер басым жасоо аркылуу динди кабыл алдырууга тыюу салынган болсо, мусулмандар мушрик коомдорду эмнеге мажбурлашат? Ошондуктан Курандагы Ислам боюнча, Исламды кабыл алдыруу эч качан согушка себеп болушу мүмкүн эмес.

Согуш: идеологиялык же этникалык үстөмдүк үчүнбү?

Исламда ар кандай идеологияга, ар бир улутка, ар бир этникалык топко, ар бир көз-карашка, ар кандай динге урмат көрсөтүлөт. Ислам – бүт көз-караштарды тыңдаган, сөз эркиндигине болушунча жол ачылган бир дин. Ушундай демократия жана эркиндик болгон динде пикирдик кагылышуу же этникалык кагылышуу себебинен согуш болушу, албетте, мүмкүн эмес.

Согуш: мусулман диний бир лидер алып келе турган Ислам эрежелерин жайылтуу максатындабы?

Жогоруда терең каралгандай, Куран боюнча, мусулман бир лидер башчылык кылган элинин арасындагы христиандарды, иудейлерди, атеисттерди, коммунисттерди, агностиктерди, буддисттердин жана ушул сыяктуу бүт башка көз-караш жана идеологияларды чогуу кучактаган бир лидер болушу керек. Сөз эркиндигин толук сакташы керек. Адамдарга толук эркиндик бериши зарыл. Эркиндик жок жерде уруштар, ызы-чуулар, акараттар жана эки жүздүү адамдар келип чыгат. Булардын баарына бөгөт коюп, Курандын талабын аткарышы керек. «Эй ыймандуулар, өзүңөрдүн, ата-энеңердин жана жакындарыңардын зыянына болсо да, Аллах үчүн күбө болуп адилеттикти сактагыла.» (Ниса Сүрөсү, 135) деген аяттын негизинде адамга, ишенимине, тамырына карабай, адилеттикти сактаганга милдеттүү. Өзүнүн зыянына болсо да.

http://barakelde.turmush.kg/news:261194

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
logo