БУЛ ДҮЙНӨНҮН ӨТҮП КЕТҮҮЧҮ КООЗДУГУ ЖАНА ЧЫНЫГЫ МЕКЕН – АКЫРЕТ
ucgen

БУЛ ДҮЙНӨНҮН ӨТҮП КЕТҮҮЧҮ КООЗДУГУ ЖАНА ЧЫНЫГЫ МЕКЕН – АКЫРЕТ

1501
Азыр терең бир дем алыңыз!
Ким билет, балким бул дүйнөдө алган акыркы демиңиздир...

Себеби, ар бир адам үчүн качууга мүмкүн болбогон өлүмдүн сизге качан келээрин билбейсиз.

Кокусунан, балким сиз эч ойлобогон убакта алдыңыздан чыга турган жана артка кайтарууга эч мүмкүн болбогон бул окуя үчүн бир даярдык көрдүңүзбү?

Эрте менен кандайдыр бир саатта туруу үчүн да даярдык көрөсүз, саатыңызды койуп, эртерээк жатасыз.

Үйдөн сыртка чыгаардан мурда да сөзсүз даярданасыз.

Күндүз кире турган бир чогулуш же кечинде жей турган бир тамагыңыз үчүн ар кандай даярдыктарды көрөсүз.

Кээде жумушуңуз менен байланыштуу бир келишим же бир сынак үчүн бир топ күн бойу, балким бир топ апталар бойу окуп, даярданасыз.

Болгондо да, ар кайсы тарабы, ар бир майда-чүйдөсүнө чейин эсепке алып.

Ал эми түбөлүк жашоо болгон акыреттеги чыныгы жашооңуз үчүн кандай даярдык көрүп жатасыз?

Ал үчүн канчалык терең план куруп жатасыз?
Адамдын алтымыш-жетимиш жылдык кыска өмүрү бар.
Жана бул өмүр кум сааты сыяктуу тынымсыз азайып отурат.
Жана ар бир адам акыретти көздөй жакындай берет.

Бул дүйнө - Аллахтан коркуп-сактангандар менен Ага шүгүр келтирбегендерди айыруу үчүн даярдалган сыноо мекени.

Ушул себептен, адамдар ыймандары белгилүү болушу үчүн ар кандай жолдор менен сыналууда.

Аягында Аллахты чындап таанып, Аны урматтап, Андан корккондор чындыктан баш тартуучулардан айырмаланышат жана кутулууга жетишет.

Бул жашоо кыска, бирок адамдын руху, Аллахтын каалоосу менен түбөлүк жашайт.

Түбөлүк жашоонун жанында 60-70 жылдык жашоонун эч кандай баркы жок.

Бул 60-70 жылдык өмүрдүн ичинде «мен жашап жатам» деген учурлардын жалпысы болгону бир канча жыл гана.

Ооба, туура эмес угуп алган жоксуз, узун өмүр деп ойлогонуңуз чындыгында бир канча жылдан гана турат.

Кантип дейсизби?

Ар бир адам жашаган 24 саатынын, чындыгында эң көп 18 саатын аң-сезимдүү абалда өткөрөт, калган эң аз 6 сааттык уйку абалында болсо, аң-сезими толук жабык болот.

Тагыраак айтканда, 60 жылдык бир өмүрдүн эң аз төрттөн бири, башкача айтканда 15 жылы «аң-сезимсиз» өтүүдө.

Калган 40-45 жылдын болсо, алгачкы 5-10 жылы балалык кездеги аң-сезимсиз период.

Башкача айтканда, 60 жаштагы бир адам чындыгында бул жашоосунун жарымын «аң-сезимсиз» абалда өткөрүүдө.

Калган убактысынын абдан көп бөлүгүн тамак даярдап, тамак жеп, денесин жана айланасын тазалоо, бир жерге жетүү үчүн жолдо жүрүү менен өткөрөт.

Аягында, «узун бир өмүрдөн» болгону 3-5 жылдык бир убакыт калат.
Ушунчалык бир убакытты түбөлүк жашоо менен салыштырууга болобу?

Ошондой эле, мынчалык кыска дүйнө жашоосу ошол эле учурда көптөгөн кемчиликтер, кыйынчылык жана азаптарга толо.

                   
ДҮЙНӨ ЖАШООСУНУН АЛДООЧУ КООЗДУКТАРЫ

Биз жашаган дүйнөдө адам көзүн кайсы тарапка бурбасын, көптөгөн кооздуктарды көрөт.

Адамдын кынтыксыз дене түзүлүшү, миллиондогон түрдүү өсүмдүктөр, тонналаган оордуктагы булуттар жайгашкан учу-кыйырсыз асман жана башка көптөгөн нерселер рухка ырахат бере турган бир көрүнүштө жаратылган.

Көздөн башка сезүү органдары менен сезген көптөгөн нерселер да адамга ырахат берет.

Сонун бир жыт, даам же сонун ритмдеги музыка сыяктуу.

Шагында төгүлүп турган мөмөлөр сонун жыты жана даамы менен баарыбызга жагат.

Ушул сыяктуу бир гүлдүн ар кандай түстөрдөн куралган кооз көрүнүшү абдан жагымдуу.

Же кооз бир үй же сонун машина...

Ар бир адам жашоосунда ушул сыяктуу дагы көптөгөн нерселерди жакшы көрүп, аларга ээ болууну каалайт.

Бирок бардык бул нерселерди белгилүү бир убакыттан кийин кайрылып караганда, абдан таң калат.

Бул кооздуктар маанисин жоготуп, ал тургай алардын көпчүлүгү көргүсү да келбеген абалга айланган болот.

Себеби, бул дүйнөдөгү бардык сулуулуктар өтүп кетүүчү.

Жер бетиндеги бир жер канчалык кооз болбосун, арадан бир канча он жыл өткөндө, ал тургай кээде бир жыл мезгили алмашканда, эч таанылбай турган абалга айланышы мүмкүн.

Мисалы, бир мөмө шагынан алынгандан кыска бир убактан кийин карарып баштайт, сонун жытын жоготот. Андан кийин чирийт жана жаман жыт чыгарып баштайт.

Адам жандуу түстөрү жана сонун жыты менен жагымдуу болгон гүлдөрдү алып, үйүнө алып келет жана бир вазага койот; бирок арадан бир канча күн өтпөстөн гүлдөрдүн түстөрү соолуп, жандуулугу жоголот.

3-4 күндөн кийин болсо гүлдөр толугу менен карарып, чирип калат.

Дүйнөнүн эң сулуу жүздүү адамы деп ойлогон кишиңизди 60 жылдан кийин көрсөңүз, балким тааныбай калышыңыз да мүмкүн.

Ал сулуу адам картайып, жүзүн тырыш басып, чачтары аппак болгон болот.

Мурдакы сулуулугунан эч нерсе калган эмес болот. Дүйнөдөгү жандуу-жансыз бардык нерселер убакыттын өтүшү менен бузулуп баштайт.

Бул абал көп адамдарга «табигый бир процесс» сыяктуу сезилет.
Чындыгында болсо бул жерде абдан маанилүү сыр бар.

Айланабыздагы бардык нерселер тынымсыз бузулууга, эскирүүгө, чирүүгө багытталуу менен бизге чындыгында абдан маанилүү бир нерсе жөнүндө кабар берет.

Бул нерсе – бул дүйнөнүн өтүп кетүүчү жана алдоочу бир кыял экендиги жөнүндөгү чындык.

Аллах адамдардын дүйнөнүн алдоочу тарабына алданбашы жана бул чындыкту ойлонуулары үчүн Куранда көптөгөн мисалдар берген:

Дүйнө жашоосунун мисалы – Биз асмандан түшүргөн, аны менен адамдар жана жаныбарлар жеген жер жүзүнүн өсүмдүгү аралашкан бир суу сыяктуу гана. Жер сулуулугун жамынып, кооздонгондо жана ал жердин эли чындыгында аны биз кылдык деп ойлоп жатканда (дал ушул учурда) түнкүсүн же күндүз ага буйругубуз келип, кечээ эч кандай байлыгы жок сыяктуу аны тамырынан жулунуп ыргытылган сыяктуу бир абалда кылган болобуз. Ойлонгон бир коом үчүн Биз аяттарды ушундайча бир-бирден түшүндүрөбүз. (Йунус Сүрөсү, 24)

Кооз жана өзүнө тартуучу болушу – дүйнөдөгү сынактын бир сыры.

Аллах дүйнөдө адамдарга сунган бардык мүмкүнчүлүктөрдү абдан кооз жана көркөм кылып жараткан.

Бирок адамдар салыштыруу жасашы үчүн алардын кээ бир тараптары кемчиликтүү, ошол эле учурда өтүп кетүүчү жана кыска убакыттуу болушат.

Сыр мына ушул жерде сакталган.

Дүйнө жашоосу Аллахтын Улуулугуна ылайыктуу негизде абдан кооз, түркүн түстүү жана абдан сулуу.

Бул дүйнөдө жашоо, Аллахтын көрүнүштөрүнөн ырахат алуу албетте бир жакшылык жана Аллахтан сурала турган нерсе.

Бирок, бул дүйнө кооздуктары эч качан Аллахтын ыраазычылыгы жана акыреттен артык эмес.

Ошондуктан адамдар бул жакшылыктарды колдонуп жатканда, эч качан чыныгы максаттарын унутпашы керек. Аллах Куранда адамдарды бул жөнүндө мындайча эскертет:

Силерге берилген бардык нерселер – жалаң гана дүйнө жашоосунун алдамчы кооздугу. Аллах Кабатында болгондор – жакшыраак жана түгөнгүс. Дагы эле акылыңарга келбейсиңерби? (Касас Сүрөсү, 60)

Аятта билдирилгендей, дүйнөдөгү кооздуктардын баары бир күн сулуулугун жоготот жана ал тургай өздөрү да жок болот.

Бул чындыктарды түшүнгөн адамдын аракетинин баары чыныгы мекен болгон акыретке даярдык көрүү, жашоосун жалаң гана Аллахты ыраазы кыла турган жолдорду издөө менен өткөрүүгө багытталат.

Болбосо дүйнөдө да, акыретте да азапка жолугат.

Бир адам балким бай болушу мүмкүн, бирок бактылуу боло албайт.

Сулуу болушу мүмкүн, бирок сулуулугу башына азап алып келиши мүмкүн.

Гезиттерде жана телевизорлордо бул сыяктуу кабарларга дайыма жолугабыз.

Бир сыйлык алып жатып күлүмсүрөгөн, бир канча күндөн кийин бактысызмын деп айткан атактуу адамдар, жашоодо эч нерседен ырахат таба албаганын айткан фильм жылдыздары...

Эч бир адамдын бир нерсенин «эң жакшысына» ээ болушу – дүйнө жашоосунда мүмкүн эмес.

Ээ болгон нерсе эмне болсо болсун, сөзсүз андан жакшыраак, сулуураагы бар. Ошондуктан, бул дүйнө эч качан адам рухунун чыныгы ырахатты жана канааттанууну таба турган бир жер эмес.

 

Бул фильмдин даярдалышында Харун Яхья эмгектеринен пайдаланылды.

www.harunyahya.tv-www.harunyahya.com
 
 
АДАМ АЛСЫЗ БОЛУП ЖАРАТЫЛГАН

Күнүмдүк жашоонун агымында үйдө, жолдо, жумушта, окууда ар түрдүү адамдарга жолугасыз.

Бул адамдардын көпчүлүгү тыкан кийинген, өздөрүн жакшы караган, чачтары таралган, сакал-мурутун кырынган, үтүктөлгөн кийимдер кийинген адамдар.

Бирок, бул көрүнүштөрүнүн артында мунун көрүнбөгөн тарабы да бар.

Бул адамдар мындай жакшы көрүнүшкө келүү үчүн канчалык убакыт коротушту болду экен?

Ар бир адамдын күн бойу жашаган убактысынын маанилүү бөлүгү тазалануу жана өзүн каранууга кетет.

Бирок канчалык тазаланса да, бул убактылуу болот.

Тишин щеткалап жууган адам балким 1 сааттан кийин эч жуубаган сыяктуу абалга келиши мүмкүн.

Жуунган бир адам эгер жайында болгон болсо, бир-эки сааттан кийин эч жуунбаган сыяктуу абалга келип калышы мүмкүн.

Бир топ убакыт коротуп сакал-мурутун алган бир эркек эртеси күнү ойгонгондо, кайра эле сакал алууга мажбур.

Адамдын эмне үчүн мынчалык кароого жана коргоого муктаж денеге ээ экендигин ойлонуп көрдүңүз беле?

Эмне үчүн бүт адамдар жашоосу бойу тынымсыз денесин тазалоого мажбур?

Эмне үчүн микроскоп менен араң көрүнгөн кичинекей бактериялар, вирустар да бул денеге зыян бере алышат?

Жана эмне үчүн адамдын денеси убакыт өткөн сайын начарлап, картайууда?
Бүт адамдардын денеси ушундай.

Дүйнөнүн эң бай, эң сулуу адамдары, бул дүйнөдө жашап өткөн бүт хандар, императорлор, өкүмдарлар, башкаруучулар же бүгүн жашаган же жашабаган бардык адамдарга бул абал тиешелүү.

Ар кандай адам бир канча күн кароосуз калса, таанылгыс абалга келип калышы мүмкүн. Улгайуу менен бирге ишке ашкан бардык өзгөрүүлөр да бүт адамдарга тиешелүү.

Ооба, адамдын денеси ар тарабынан корууга жана кароого муктаж.
Дүйнө шарттарында болсо адамдын башына качан, эмне келээри белгисиз.

Жашаган жери дүйнөнүн эң өнүккөн шаары болсун, же электр энергиясы, суусу жок бир тоодогу айыл болсун, адам жашоосунда эч күтпөгөн бир учурда бир коркунучка кабылышы мүмкүн.

Айыкпас ооруга кабылышы же майып болуп калышы мүмкүн.

Ал жолуккан бир окуя эч качан жоготпойм деп ойлогон дене күчүн, сулуулугун же денесинин мактанган бир өзгөчөлүгүн андан ажыратып койушу мүмкүн.

Абдан жакшы көргөн үй-бүлөсүн, досторун эч эстей албай турган абалга келип калышы мүмкүн.

Давид Родригез сыяктуу.

Анын да жандуу бир социалдык жашоосу, абдан жакшы көргөн үй-бүлөсү жана сөйкө салган кызы бар эле.

Бирок бир авария натыйжасында бардык бул нерселер ал үчүн маанисиз болуп калды.

Давид 2 жума комада жатты, мээсиндеги бир травма себебинен ал мурда тааныгандарынын эч кимисин тааный албас абалга келди.

Ал тургай бир канча мүнөт мурда көргөн адамдарын да бир аздан кийин унутуп калып жаткан.

Бир күн мурун, ал тургай бир саат мурун мындай нерсе болот десе, ишенбесе керек эле.

Апасы сүйлөп жатат: Ооруканада эле. Аны менен сүйлөшүп жаткам, бирок мени апа деген жок, ал тургай 5 мүнөткө бөлмөдөн чыгып, кайра келсем мени тааныбай, башка бирөө деп ойлочу.

...
Бул жер Түштүк Кореядагы бир атактуу соода борбору.
Чындыгында борбору болчу деп айтуу туурараак болот...
Ал жерге бараткандардын баары кадимкидей эле соода кылам деп ойлошкон.
Бирок, эч күтпөгөн жерден алардын баарынын пландары өзгөрмөк.

Чоң бир газ кысылуусу натыйжасында пайда болгон жарылуу менен 20 секунда ичинде бул имарат жер менен жексен болду.

Чаң булуту таркаганда, соода борборунун толугу менен талкаланганы байкалды.

Бир убактарда Сеулдун экономикалык өнүгүшүнүн символу болгон имарат эми кыйшайган темир жана бетон жыйындысына айланды.

Пландардын баары бул бетондун астында калды.

Аллах бул мисалдар менен дүйнө жашоосунун өтүп кетүүчү экендигин, өлүмдүн ар кайсы убакта келип калышы мүмкүн экендигин көрсөтүүдө.

Жашап жаткан бул кыска жашообузга байланып алуу болсо, өзүбүздү чөгө турган бир имаратка камап алган сыяктуу. Демек, акылдуу бир адам мындай алданууга кабылбайт.

Аларга дүйнө жашоосунун мисалын бер; асмандан (Биз) түшүргөн сууга окшойт, аны менен жер бетинин өсүмдүктөрү бири-бирине аралашты, ушундайча шамалдар учурган ыпыр-сыпырга айланды. Аллах – бардык нерсеге күч жеткирүүчү. (Кехф Сүрөсү, 45)

Кристофер Риив бир мультфильмдин киносунун тартылышы менен миллиондогон адам үчүн Супермэн болгон эле.

Бүт адамдардын көзүндө күчтүү, кубаттуу, атактуу бирөө эле бирок...

Бир күн баары өзгөрдү. Ал аттан жыгылды.

Денесинин бир топ сөөгү сынды жана шал болуп калды.
Эски күч-кубатынан эчтеке калбады.
Башкалардын жардамы менен гана араң кыймылдай ала турган абалга келди.
9 жыл ушинтип жашагандан кийин, 2004-жылы өлдү.
Анын да жашап жаткан кезинде фанаттары бар сыяктуу эле.
Акчасы жана келечекке байланыштуу пландары.
Балким бул дүйнөдө сонун жашоом бар деп ойлоп жаңылган эле.
Андан бир топ жылдар мурун өлгөн башка атактуулар жаңылган сыяктуу.

Бирок ал да бүт адамдар сыяктуу өлгөндө, топурактын астына жападан жалгыз көмүлдү.

Ант болсун, силерди алгач жараткан сыяктуу (бүгүн да) бир-бирден, жападан жалгыз жана окшош (бирдей) абалда Бизге келдиңер жана силерге бергендерибизди артыңарда таштадыңар... (Энам Сүрөсү, 94)

Орточо 70-80 килограммдык бир «эт жана сөөктөн» турган дене жука бир тери менен капталган.

Албетте, бул жука тери оңой эле чийилет, жыртылат жана кичинекей бир травмада көгөрөт.

Күн астында көпкө турганга чыдай албайт.

Белгилүү бир убакыттан кийин тери алгач кызарат, кийин шишийт жана сары суу топтойт.

Ошол сыяктуу суукка да чыдай албайт.

Аллах адамдарды эң сулуу келбетте жараткан жана эң комплекстүү системалар менен камсыз кылган.

Бирок дүйнөнүн өтүп кетүүчү экендигин көрсөтүү жана дүйнөлүк амбицияларга берилип кетишине тоскоолдук болушу үчүн адамдын денесин эт жана май сыяктуу абдан бат бузула турган заттардан жараткан.

Адамдын эң чоң алсыздыктарынын бири – денесинин затынын ушунчалык чирик болушунда.

Адам Аллахтан бир эскертүү катары денесинин алсыздыгын бат бат сезип турат.

Бул дүйнөдө кемчиликсиз бир сулуулук, картайбаган бир жүз, эч оорубаган бир дене сыяктуу түшүнүктөр жок.

Себеби бул дүйнө жалаң гана убактылуу кала турган сыноо мекенибиз. Чыныгы мекен – акыретте.

Башка бир мисал жөнүндө ойлонолу. Муздак абанын таасири да адам денесинин алсыздыгын толугу менен көрсөткөн бир далил.

Муздак аба адамдын физиологиялык коргоосун акырын акырын шал кылат.
Мындай абада дененин акырын акырын чөгүшү байкалышы мүмкүн.

Башында жүрөктүн согуу ритми жайлайт, тамырлар кысылат жана артерия басымы жогорулайт.

Дене өзүн жылытуу үчүн титиреп баштайт.
Дененин жылуулугу 35 градуска түшкөндө, кооптуу бир абал пайда боло баштайт.

Жүрөктүн римти жайлап баштайт, басым төмөндөйт, кол жана буттарда, эң көп манжаларда тамырлар кысылып баштайт.

Денесинин жылуулугу 35 градуска түшкөн адамдын аң-сезими начарлап, уйкусу келип, концентрациясы жоголуп баштайт.

Мээнин иштешинде кемчиликтер жаралат.

Бул жерде эң маанилүү нерсе дене жылуулугунун 1,5 градуска эле төмөндөшүнүн канчалык маанилүү натыйжаларга жол ачып жаткандыгы.

Суукта мындан көбүрөөк калган учурда жана дене жылуулугу 33 градустан төмөнгө түшкөндө болсо, эс тутум жана аң-сезим жоголот.

24 градуска түшкөндө дем алуу, 20 градуска түшкөндө мээ, 19 градуска түшкөндө болсо жүрөк токтойт жана өлүм ишке ашат.

Адамдын физикалык алсыздыктарынын себебин түшүнүшү абдан маанилүү.

Себеби, бул алсыздыктар адамга дүйнөдө эмне кылбасын чыныгы ырахатка эч качан жете албастыгын апачык көрсөтөт.

Бардык бул нерселердин жаратылышынын себеби – адамдын Жаратуучубуз болгон Аллахтын алдындагы алсыздыгын түшүнө билиши жана дүйнөнүн өтүп кетүүчү мекен экендигин байкашы.

Муну байкаган адам чыныгы мекен болгон бейишке багытталат, бул дүйнөгө эч ойлонбостон байланып албашы керек экендигин эстейт.

Себеби адамга убада кылынган түбөлүк бир бейиш жашоосу бар.
Бейиш – эч кандай кемчилик, физикалык алсыздыктар болбогон бир жер.

Ал жерде адам напсиси каалаган бүт нерсеге ээ болот, чарчоо, курсак ачуу, суусоо, картайуу, ооруп калуу сыяктуу физикалык кемчиликтерден болсо толугу менен кутулат.


ӨМҮРДҮН ЭҢ ТӨМӨНКҮ УЧУ: КАРЫЛЫК

Бул аял 70 жаштын тегерегинде.

Жылдарды да эсептегенге жетишпестен, өзүн алгач мектеп парталарында, анан жумуш ордундагы орундукта, андан кийин балдары менен, бир канча жылдан кийин болсо неберелери менен паркта бараткан абалда көрдү.

Эч кыйналбастан спорт менен машыга алган, чуркап кыймылдаган денеси эми бутун да көтөрө албай калганчалык алсыз абалга келди.

Абдан даана көргөн көздөрүнө перде түштү, жайнап турган терисин тырыштар басты.

Мурдакы сүрөттөрүн караганда, жылдардын аны кандайча өзгөрткөнүн даана байкоодо.

Руху канчалык чуркап ойногусу, ылдам баскысы же көңүл ачкысы келсе да, денеси буга эч мүмкүндүк бербей турат.

Жашаган 70-80 жылдык өмүрүнүн кандайча өтүп кеткенин түшүнбөй тургандыр.

Ал тургай сурасаңыз, «көз ачып жумганча өтүп кетти, эчтеке түшүнбөй калдым» деп айтат.

20 жаштардагы кезинде улгайарын ал да эч ойлогон эмес болуш керек.

Бирок азыр болсо абдан алыс деп элестеткен ошол улгайган чагын жашап жатканына таң калып тургандыр.

Жана бул учурду абдан алыс деп ойлоо менен жаңылганын жакшыраак түшүнүп турат болуш керек.

Жашоосу бойу жасагандарын жазып же айтып бер деп сурансаңыз, эң көп бир дептерди толтурушу же эң көп беш, алты саат тынымсыз айтып бере алышы мүмкүн.

Балалык жана жаштык кезиндеги башынан өткөргөн жакшы же жаман окуяларды, маанилүү чечимдерин, аябай каалап, жетүү үчүн жылдап өмүрүн арнаган максаттарын эми араң эстейт болуш керек. Ал убактарда абдан маанилүү деп ойлогон нерселер эми болсо ал үчүн эсте калган окуялар гана.

«Узун 70 жыл» деген нерсенин баары мына ушунчалык гана...

Убакыттын эскиртүүчү таасири бардык нерселерде көз менен көрүнө турган деңгээлде байкалат.

Бирок эң маанилүү эскирип, картайууну адам өз денесинде даана байкайт.

Жылдардын өтүшү менен бирге адамдын абдан маани берген денеси артка кайтпай турган болуп бузулууга дуушар болот.

Адамдын белгилүү бир убакыт ичинде башынан өткөргөн бул өзгөрүүсү Куранда мындайча билдирилет:

Аллах силерди бир алсыздыктан жаратты, кийин (бул) алсыздыктын артынан бир кубат кылды, кийин бул кубаттын артынан да бир алсыздык жана карылык берди. (Ал) Каалаганын жаратат. Ал – билүүчү, күч жеткирүүчү. (Рум Сүрөсү, 54)

Медицинада карылык «экинчи балалык доору» деп да аталат.

Себеби, денеде болгон бузулуулар адамды бала сыяктуу бир кароо жана корууга муктаж кылат.

Ар бир адам жашоосун балалыктан баштайт жана бир убакыттан кийин кайра балалыкка кайтып, жашоосун аяктайт.

Бул процесс, шек жок, өзүнөн-өзүн, кокустуктан пайда болгон эмес. Аллах кааласа, адамды өлгөнгө чейин жаш кылып жашатмак, денесинде эч кандай кемчилик же ооруу жаратмак эмес эле.

Бирок, Аллах карылык чагында адамда бир топ кемчиликтер жаратуу менен ага бул дүйнөнүн өтүп кетүүчү экендигин дагы бир жолу эстетүүдө.

Бул дүйнөнүн өтүп кетүүчү экендиги жана адамдын маанилүү бир максат менен картайуу чагына чейин жашатылаары бир аятта мындайча билдирилет:

Аллах силерди жаратты, кийин силерди өлтүрөт, силердин кээ бирлериңер билгенден кийин, эчтеке билбесин деп, өмүрдүн эң төмөнкү учуна чейин (карылыкка) кайтарылат. Шек жок, Аллах – билүүчү, бардык нерсеге күч жеткирүүчү. (Нахл Сүрөсү, 70)

Тери – адамдын сулуулугунда абдан маанилүү нерсе.

Дээрлик бир миллиметр калыңдыктагы бул нерсени денеден бөлгөнүбүздө алдыбызга эч жагымсыз бир көрүнүш чыгат.

Ал тургай аны карап койуу да канчалык оор.

Анда, «адамдын чөйрөсүнө көрүнүп мактанган нерсеси, чындыгында денесинин бардык тарабын каптаган дээрлик 2 киллограммдык териден турат» деп айтууга болот.

Маанилүү нерсе болсо карылыкта эң көп зыян көргөн нерсенин кайра эле тери болушу.

Бир убактарда денесинин сулуулугу, күчү менен абройлуу болгон, абдан акылдуу жана ден-соолуктуу деп таанылган адамдардын да аягы азыр экранда көргөнүңүздөн айырмасы болбойт.

Колдонулган бардык косметикалык каражаттар, бул каражаттарга коротулган миллиондогон акча, ар кандай сулуулук үчүн жасалган операциялар бул процессти эң көп бир канча жылга кечиктириши мүмкүн, бирок натыйжаны өзгөртө албайт.

Түбөлүк жашоо жанында бул дүйнө жашоосунун эч кандай баркы жок экендиги айдан ачык бир чындык. Аллахка ыйман келтирүү гана адамды акыретте түбөлүк бактылуулукка жеткире алат.

 
ДҮЙНӨДӨГҮ БАЙЛЫК ЖАНА АБРОЙ СӨЗСҮЗ ЖОК БОЛОТ

Көп адамдар дүйнөдө абдан сонун бир жашоо жашай алам деп жаңылат.

Чындыгында болсо, Аллахты жана акыретти унуткан бир адам эч качан каалагандай, кыялдангандай жашоого жете албайт.

Себеби, каалаган бир нерсесине жеткенде, андан да жакшысын жана көбүн каалап баштайт.

Акчалуу болот, ал жетишпейт, дагы көбүрөөк иштеп, көбүрөөк табайын дейт.

Үйлүү болот, ал жакпай калат; андан да көңүлүнө жакын бир үй көрүп, аны алуу үчүн аракет кылып баштайт.

Жыл сайын каалоолору өзгөргөндүктөн, үйүнүн ичин да, кийимдерин да жактырбайт, тынымсыз андан да жакшы эмерек жана кийимдерди кыялданат.

Албетте, бир момундун көбүрөөк шүгүр келтирүү үчүн жана бейишти эстөө үчүн Аллахтан жакшылык сурашы жакшы нерсе.

Бирок, Аллахты жана акыретти унутуу менен, жалаң гана дүнүйөнүн артынан чуркаган Аллахты эстебеген адамдардын рух абалы момундардыкынан такыр башкача.

Мындай адамдардын абалы Куранда мындайча сүрөттөлөт:

Аны жалгыз кылып жаратканымды Мага кой. Мен ага «ушунчалык көп мал-мүлк» бердим. Көз алдында даяр балдар. Жана сансыз мүмкүнчүлүктөрдү алдына койдум. (Ал болсо) мындан да көбөйтүшүмдү каалап, ач көздүк кылат. (Мүдессир Сүрөсү, 11-15)

Бул жерде абдан маанилүү бир чындыкты байкайбыз.

Эң көп үйү болгон, эң кымбат машиналарды сатып алган, эң көп кийими бар адамдын да жашай турган бөлмөсү, колдоно турган машинасы, жей турган тамагы, жата турган төшөгү, кийе турган кийими чектүү.

Дүйнөнүн эң чоң сарайында жашаган адам бир эле учурда канча бөлмөдө жашай алат?

Же эң кооз кийимдери бар адам бир жолкуда бул кийимдеринин канчоосун кийе алат?

Ондогон бөлмөдөн турган хан сарайына ээ болсо да, бир эле убакта бардык бөлмөлөрдү колдоно албагандыктан, үйүнүн эң көп бир бөлмөсүндө жашайт.

Шкафтар толо кийими болсо да, бир эле учурда бир гана кийим кийе алышат.

Аллах жараткан миңдеген түрдүү тамакка ээ болсо да, эң көп 2-3 чыны тамак жей алышат; андан көбүн жей турган болсо, бул алар үчүн кыйноо алып келет...

Шек жок, мындай мисалдар толтура.

Эң негизгиси, адамдын ага «ырахат алып келет» деген малы-мүлкүнүн, башка бүт нерселеринин чектүү болушу.

Чыныгы байлык деген эмне анда?

Чыныгы байлык – Аллахка ыйман келтирген жана дүйнөнүн өтүп кетүүчү кооздуктарына ашыкча маани бербеген, бүт нерсенин жалаң гана Аллахтан келгенин билген момундарга тиешелүү.

Себеби, момун дүйнө жашоосун берип, акыретти сатып алган. Мал-мүлкүн Аллахтын ыраазычылыгына жетүү үчүн сурайт жана бул максатта колдонот. Ага берилген жакшылыктарга шүгүр келтирип, дүйнөдө кемчилик сыяктуу көрүнгөн окуяларда да Аллахка шүгүр келтирет.

Ошондуктан, эң пайдалуу соода кылган болот, өтүп кетүүчү эмес, түбөлүк байлыкты тандайт.

Куранда бул чындык мындайча билдирилет:

Эч шек жок, Аллах момундардан ал үчүн сөзсүз бейишти берүү үчүн жандарын жана мал-мүлкүн сатыл алды. Алар Аллах жолунда согушушат, өлтүрүшөт жана өлтүрүлүшөт, бул Тооротто, Инжилде, Куранда Анын үстүндөгү чыныгы убада. Аллахтан да убадасына бек турган ким бар? Андай болсо, бул соодаңар үчүн сүйүнүп, сүйүнчүлөшкүлө. «Чоң кутулуу жана бактылуулук» мына ушул. (Тообо Сүрөсү, 111)

 
ӨЛҮМ СИЗГЕ АР ДАЙЫМ КЕЛИП КАЛЫШЫ МҮМКҮН

Ар бир адамдын өз жашоосу боюнча бүтпөгөн пландары бар.

Мектепти бүтүрүү, университетке кирүү, аны бүтүрүү, жумушка ээ болуу, үйлүү болуу, үйлөнүп, бала-чакалуу болуу, баласын чоңойтуу, пенсияга чыгуу, бактылуу бир жашоого жетүү сыяктуу...

Чындыгында болсо бул пландарынын эч бирөөсүнүн ишке ашышы так белгилүү эмес.

Бала кезиңизден бери пландаган жумушуңузга кире албашыңыз мүмкүн.

Бүгүн кечки тамак үчүн бирөөгө сөз берип, бирок бара албай калышыңыз мүмкүн.

Ал тургай бул фильмди аягына чейин көрө алышыңызга да кепилдик жок.
Дүйнөдө сөзсүз ишке аша турган бир чындык бар.
Өлүм!
Дүйнө жашоосунда сөзсүз ишке аша турган нерсе бул өлүм.

Баарынан эң маанилүүсү бул дүйнөдөгү бардык жаныбарлар, өсүмдүктөр, адамдар, башкача айтканда, жер бетиндеги бардык жандыктар өлүмгө кабылышат.

Кээ бир адамдар бул улуу чындыктын маанисин түшүнүшпөйт.

Мунун себеби өлгөн адамдардын жана жаныбарлардын ордуна улам жаңыларынын төрөлүп турушу, табиятта жыл сайын жаңы түшүмдөрдүн бышып турушу.

Эгер жаңы төрөлүүлөр болбостон, өлүмдөр уланган болгондо, бул дүйнө кандай болмок, бир ойлонуп көрүңүз.

Бир-бирден азайган адамдарды, жаныбарларды, өсүмдүктөрдү...

Бул көрүнүштү көргөндөрдүн баары кандайдыр бир убакыттан кийин ишин таштап, жалаң гана өлүмдү ойлонуп, аны күтүп башташы мүмкүн эле.

Бул мисалдарды ойлонгондо, өлүм чындыгы абдан даана байкалат.

Жылдар бойу окуп, аракет кылып университетке кирген бир студент университетине кетип баратып өлүшү мүмкүн.

Же жаңы жумушка кирген бир адам жумушуна баратып...

Ийгиликтүү бир ишкер жумуштарын ылдам бүтүрүү, бара турган жерине ылдамыраак жетип, убакыттан утуу жана көбүрөөк жумуш бүтүрүү үчүн учак менен сапар кылууну тандашы мүмкүн.

Бирок учак кулап түшүп, жашоосу эч күтпөгөн бир абалда түгөнүшү мүмкүн.
Бир канча саат, бир күн, бир жыл, 30 жыл же 70 жыл...
Чектүү нерселердин баарынын бир күн түгөнөөрү так белгилүү бир чындык.

Бир адам 80 жыл жашаса да, 100 жыл жашаса да күн өткөн сайын сөзсүз келчү бир финалды көздөй илгерилейт.

Мисалы, бул фильмди көргөн бир адамдын канча күн, канча саат, канча мүнөт өмүрү калгандыгы азыр белгилүү.

Ошондуктан, ар бир адам Аллах ага берген мөөнөттү эң жакшы, эң туура колдонушу зарыл.

Өлүмдүн сөзсүз келчү бир чындык экендигин түшүнгөн адам топурактын астында мал-мүлктүн, моданын, чөйрөсүндөгү адамдардын бир мааниси болбой тургандыгын абдан даана түшүнө алат.

Бай же кедей, сулуу же сулуу эмес ар бир адам жалаң гана бир канча метрдик бир бөзгө оролуп көмүлөт.

Эй адамдар, шек жок Аллахтын убадасы чындык; андай болсо дүйнө жашоосу силерди жаңылтпасын... (Фатыр Сүрөсү, 5)

Акылдуу бир адам чындыктарды ойлонбой жүрө берүүнү токтотот.

Себеби, өлүм сизге, чоң ыктымалдуулук менен, бир мүнөт мурда өлүмдү эч ойлонбой турган бир учуруңузда келет.

Бул жаназага катышкан адам да бир күнү көмүлгөн адамга окшош кейипке келет.

Ошол сыяктуу анын денеси да топуракка аралашат, жансыз денеси бир убактарда эч уккусу да келбеген чирүү процессине кабылат.

Адам бул дүйнөгө «жалгыз» абалда келген сыяктуу, «жалгыз» абалда дүйнөдөн кайтаарын билиши зарыл.

Аны менен акыретке бара турган жалгыз нерсе – Аллахка болгон ишеними же ишенбестиги.

Атактуу Ислам алими Имам Газали бир сөзүндө дүйнө жашоосунун өтүп кетүүчү экендигин жана өлүм чындыгын мындайча баяндаган:

Канчалаган дем алгандар бар, алган акыркы демин кайра чыгарбастан, бир заматта өлүм аларды кармаган. Андай болсо сен ээ болгон нерсе алган демиңден гана турат; бир күн же бир саат эмес! Бир дем алууну да өткөрбөстөн, Аллахка баш ийүүгө жана тообого багыт ал. Балким экинчи бир дем алганга үлгүрбөстөн, өлүм сени кармайт! Демек адамдын экинчи бир күн, экинчи бир саат, экинчи бир дем үчүн кылган аракеттери дээрлик бошко чыгууда. Себеби аларга жетүү кепилдиги жок. (İmam Gazali, Cennete Doğru, (Yedi Geçit), Minhacü'l-Abidin, sf. 118)

 
МОМУНДУН ЧЫНЫГЫ МЕКЕНИ – АКЫРЕТ

Куранда акырет жашоосу «чыныгы жашоо» деп айтылат.

Бул сөз дүйнө жашоосунда чындык кабыл алынган бардык нерселердин биз ойлогондон такыр башкача экендигин көрсөтөт.

Дүйнөдө адамдардын өмүр бойу артынан чуркаган нерселер, ээ болууга аракет кылган байлыктар акырет менен салыштырганда, «чыныгы» эмес «жасалма» болууда.

Ар бир адам акыр аягында Аллахка кайтарылат жана акыретте бүт нерсенин чыныгы жүзүн көрөт.

Ушул себептен адам Куранда «чыныгы жашоо» деп билдирилген акырет жөнүндө терең, чын көңүлдөн ойлонушу зарыл.

Раббибизге дүйнөдө ага берген жакшылыктар үчүн шүгүр келтирүү менен Куран ахлагын жашашы зарыл.

Бул дүйнө жашоосу –бир ойун жана «өзүнө тартуучу бир алаксуу» гана. Чындыгында, акырет мекени болсо – чыныгы жашоо ошол. Билишсе кана. (Анкебут Сүрөсү, 64)

 

Бул фильмдин даярдалышында Харун Яхья эмгектеринен пайдаланылды.

www.harunyahya.tv-www.harunyahya.com

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
logo