Илимпоз Рита КартерMapping The Mind аттуу китебинде «көрүү үчүн көз керек эмес» деп айтуу менен илимпоздор тарабынан ишке ашырылган маанилүү бир экспериментке орун берүүдө. Бул экспериментте көзү көрбөгөн адамдарга видео сүрөттөрдү толкундарга айландырган бир аппарат тагылды. Бул адамдардын көздөрүнүн жанына тагылган бир камера болсо сигналдарды бул адамдын мээсине жөнөтүп турду. Ушундай жол менен бул адам көрүү дүйнөсүнөн тынымсыз сигнал ала алып жаткан эле. Оорулуулар белгилүү бир убакыттан кийин чындап эле көрүп жаткан сыяктуу аракет кыла башташты. Мисалы, аппараттардын биринде сүрөттөлүштү жакындаштыруучу бир линза бар эле. Бул линза оорулууга эскертилбестен, кыймылдатылганда оорулуу сүрөттөлүш чоңойуп анын үстүнө келе жаткандай көргөндүктөн, эки колу менен өзүн коргонгонго аракет кылган.Бул экспериментте да байкалгандай, кабылдоолорубуздун пайда болушу үчүн жасалма жол менен жасалган элестер да жетиштүү болууда.
Түшүбүздө көргөн«кабылдоолор (элестер) дүйнөсү»
Бир адам түш көрүп жатканда, көздөрү жумулуу абалда төшөгүндө жатат. Бирок буга карабастан, чыныгы жашоосунда жолуккан окуялардын, сезген сезимдеринин, сигналдардын баарын түштөрүндө чындыктан айырмалай албай турган абалда даана көрүп, сезишет. Бул чындыкка бул китепти окуган адамдардын баары түздөн-түз өз уйкуларында бат бат күбө болуп турушат. Мисалы, түнкүсүн төшөгүндө тыптынч жерде, жанында эч ким жок жалгыз жаткан бир адам түшүндө өзүн көп адамдардын арасында, бир коркунучтун ичинде көрүшү мүмкүн. Болгон аракети менен бул коркунучтан качканын, бир дубалдын артына жашынганын чындыктай башынан өткөрөт. Ал тургай түшүндө көргөндөрү ушунчалык даана, чындыктай болгондуктан, коркуу жана паника сезимдерин чындап эле коркунучтуу бир чөйрөдөгүдөй толугу менен сезет. Ар бир ызы-чууда жүрөгү оозуна тыгылат, коркуудан тириреп, жүрөгү бат бат согуп, тердейт, адам денеси коркуу учурунда эмнелерди сезсе, денеси кандай реакцияларды берсе, ошонун баарын дал өзүндөй башынан өткөрөт. Чындыгында болсо, мээсинин сыртында көргөн нерселеринин эч бири жок.
Түшүндө бийик бир жерден төмөн кулаган бир адам да муну болгон денеси менен сезет. Чындыгында болсо ошол учурда адам төшөгүндө эч кыймылдабастан жаткан болот. Же болбосо, түшүндө буту тайып сууга түшүп кеткен адам кийиминин суу болгонун, шамалдан үшүгөнүн сезиши мүмкүн. Бирок ал жаткан жерде суу да, шамал да жок. Ал тургай абдан ысык бир бөлмөдө уктап жатканына карабастан, суу болгонун жана үшүгөнүн ойгоо абалдагы сыяктуу чындап сезет.
Же түшүндө заттын оригиналын көрүп, сезип жатканын айткан бир адам өзүнө абдан ишениши мүмкүн.
Ага «заттын копиясын көрүп, сезип жатасың», «сырткы дүйнөнүн оригиналын көрүп, сезүү мүмкүн эмес» деп түшүндүргөн курбусунун далысына колун коюп, «эми мен эмне бир элесминби? Сен колумду далыңда сезип жаткан жоксуңбу? Анан кандайча копия сүрөттөлүш болосуң? Кайдан чыгардың мындай сөздөрдү? Кел сени менен бир Босфор туру кылалы, бул теманы да сүйлөшөбүз, ошондой эле сен бул сөздөрдү кайдан алдың, аны да айтып бересиң» деши мүмкүн. Терең уйкусунда көргөн бул түш ушунчалык даана болгондуктан, ырахаттануу менен унаасынын ачкычын бурап, моторго акырын акырын газ берет жана андан соң газды катуу басып унаасын учуртуп жөнөйт. Жолдо ыкчам баратканда дарактар жана жолдогу сызыктар ылдамдыктан бир бүтүн сыяктуу көрүнөт. Бир тараптан Босфордун таза абасынан жутат. Эми досунун сөздөрүнө каршы чыгууга, ошол учурда жашап жаткандарынын элес эмес экенин түшүндүрүүгө даярданып жатканда, саатынын коңгуроосунан улам уйкудан ойгонот. Бирок эң кызыгы, түшүндө көргөндөрүнүн элес экенине каршы чыккан бул адам өңүндө да көргөн нерселеринин мээсинде пайда болгон копия сүрөттөлүштөр экенин түшүндүргөн бир курбусу жанында болсо, ага да ошол сыяктуу эле каршы чыгат.
Адамдар түштөрүнөн ойгонушканда, ал убакка чейин көргөндөрүнүн баарынын элес экенин түшүнүшөт, бирок «ойгонуу» сүрөттөлүшү менен башталган жана атын «чыныгы жашоо» деп атаган жашоонун да элес болушу мүмкүн экени жөнүндө эмнегедир эч шектенишпейт. Чындыгында болсо, «чыныгы жашообуз» деп атаган сүрөттөлүштөрдү кабылдоо абалыбыз – түшүбүздү кабылдоо абалыбыздын дал өзүндөй. Экөөсүн тең мээбизде көрөбүз. Жана уйкубуздан ойготулмайынча, алардын бир элес экенин байкай албайбыз. Бирок ойгонгонубузда «демек, көргөндөрүм түш экен» дейбиз. Андай болсо, азыр көрүп жаткандарыбыздын бир түш эмес экенин кантип далилдей алабыз? Али ойготула элек болгон үчүн гана ичинде жашап жаткан учурду чындык деп ойлошубуз мүмкүн. Ар түнү көргөн түштөрдөн узунураак болгон бул түштөн бир күнү ойготулганыбызда, бул чындыкты түшүнүшүбүз мүмкүн. Жана мунун мындай эмес экенин айтып, далилдей ала турган эч кандай далилибиз жок.
Дүйнө жашоосунун бир түш экендиги, бул түштөн «чоң бир ойгонуу» менен ойготулганда гана адамдардын түш сыяктуу бир ааламда жашап жаткандыгын түшүнөөрү – Ислам аалымдары тарабынан да айтылган бир чындык. Терең илими себебинен Шейхи Экбер (Эң чоң шейх) деп эскерилген чоң Ислам аалымы Мухйиддин Араби бир сөзүндө Пайгамбар Мырзабыздын (сав) бир хадисине токтолуп, дүйнө жашоосун түштөрүбүзгө мындайча окшоткон:
Азрети Мухаммед Алейхиссалам «адамдар уйкуда, өлгөндө ойгонушат» деп айткан. Демек, дүйнө жашоосунда көргөн нерселер уктаган адамдын түшүндө көргөн нерселери менен бирдей. Тагыраак айтканда, элестер.
Бир аятта болсо Аллах адамдардын кыямат күнү кайрадан тирилтилгенде мындай деп айтышаарын билдирүүдө:
Айтышты: «Оо шорубуз, бизди уйкубуздан ким тирилтип-тургузду? Бул – Рахман (болгон Аллах)тын убадасы, (демек) жөнөтүлгөн (элчи)лер туура айтышкан экен.» (Йасин Сүрөсү, 52)
Аяттан да байкалгандай, адамдар кыямат күнү түштөн ойгонгон сыяктуу ойгонушууда. Бир адам терең уйкуда уктап, түш көрүп жатканда, кокустан ойготулганда аны ким ойготконун сураган сыяктуу, бул адамдар да аларды ким ойготконун сурашууда. Бул аятта да көңүл бурулгандай, дүйнө жашоосу көргөн түшүбүз сыяктуу жана ар бир адам бул түштөн ойготулат жана чыныгы жашоосу болгон акырет жашоосунун сүрөттөлүштөрүн көрүп баштайт.
Харун Яхьянын «Заттын чыныгы жүзү» китебинен алынды.
Которгон Жунус Ганиев.