Жаңы Бир Дүйнө

Бул Раббиңдин туптуура жолу. Насаат алып, ой жүгүрткөндү билген бир коом үчүн аяттарды ушинтип бир-бирден түшүндүрдүк.
(Энъам Сүрөсү, 126)

Алар сөздү угуп, эң мыктысын жасашат. Мына ошолор Аллах туура жолго салган (хидаят берген) кишилер жана акылы таза адамдар.
(Зүмер Сүрөсү, 18)

Бул китепти окуган адам өмүрүндөгү эң негизги нерсени кайрадан карап чыгышы зарыл. Бирок аны кайрадан карап жатканда, ушул кезге чейин абсолюттук чындыктай көрүп келген эрежелерди, кээ бир түшүнүктөрдү бир четке ташташы керек болот. Себеби бир адам, кандай гана болбосун, бир нерсени туура эмес ишеним менен караса, андан туура бүтүм чыгара албайт. Жаман көргүсү келген нерсени жаман көрөт. Жаман деп алдын ала чечип койгон нерсени жаман катары кабылдайт.

Мындай алдын ала бүтүмдөргө көбүнчө адамдын өзүнүн себепкер болоору да чындык. Адам төрөлгөндөн баштап, ага айланасындагы адамдар тарабынан сансыз ишеним, эрежелер таңууланып баштайт. Үй-бүлөсү, жакын чөйрөсү, достору анын баалуулуктарын аныктайт. Өзгөчө учурдагы коомдордо адамдарга белгилүү түшүнүктөрдү таңуулоодо массалык маалымат каражаттарынын зор таасири бар. Гезит жана телеканалдар окурман-көрармандарга көп жакшы нерсени жамандай, жаман нерселерди болсо жакшыдай көрсөтүп жатышат.

Айлана-чөйрөсүнүн таңуулаган түшүнүктөрүн толугу менен кабыл алган адам болсо өзүнүн жеке мүнөзүнүн көп тарабынан ажырайт. Өзүнүн акылын эмес, айланадагылардын пикирлерин угат. Ошентип адам ага туура деп көрсөтүлгөн баалуулуктарды гана туура деп кабыл алат. Ар бир доордо ар бир коом ар кандай «туураларга» ишенип келген, демек айланадагыларды ойлонбостон ээрчий берүү эч качан туура болбойт. Кээ бир коомдордо «киши жегичтик» кадыресе көрүнүш катары кабыл алынат, же фашисттик бир коомдо (фашисттик Германия сыяктуу) жарым-жинди бир лидердин бүт буйруктарын аткаруу туура деп кабыл алынат. Дагы көп мисалдарды берүүгө болот, бирок кыскасы, биздин айтайын дегенибиз, акылман адам коомдун туура эмес түшүнүктөрүнөн көз-карандысыз ойлоно алышы керек.

Коом сансыз түшүнүктөрдү ойлоп чыгарган темалардын башында дин турат. Өзгөчө кээ бир маалымат каражаттарынын пропагандасынын натыйжасында кээ бир адамдар динди аябай оор нерседей кабыл алып калышкан. Эч чындыкка жатпаган пропагандалардын натыйжасында дин көп адамдар анча маани бербеген, ал жөнүндө көп ойлонбогон жана мүмкүн болушунча алыс болууга аракет кылган бир түшүнүк болуп калган. Мындай ойдогу адамдарды көбүнчө жакшылап ойлонуп ошондой бүтүмгө келген деп айтууга болбойт. Ал адамдардан бирөө сураса «мен динчилмин» деп айтышы да мүмкүн, бирок чындыгында дин алар үчүн өмүрүндө эң аз маани берген нерсе болуп саналат.

Негизи ал адам өмүрүндө бир жолу болсо да отуруп, жакшылап дин жана өзүнүн дин жөнүндөгү ой-пикир, мамилелери жөнүндө ойлонгон эмес болушу керек. Диндин насааттары эмне үчүн бар деген сыяктуу бир суроого жооп издеген эмес. Анын туура эмес түшүнүгү боюнча, дин көбүнчө улгайган адамдарды кызыктырат, кээ бир туура адеп-ахлактык баалуулуктарга үндөйт, бирок ошону менен бирге көптөгөн «жаныңды сыга турган» тыюу жана чектөөлөрдү алып келет. Диндеги буйруктардын кээ бирлерин туура деп ойлосо, кээ бирлерин эски жана «илгерки» деп ойлойт (Аллахты жана Исламды аруулайбыз.) Бирок, ошентсе да динди толугу менен четке какпайт. Бирок, жогоруда айтылгандай, диндин насаатарынан мүмкүн болушунча өзүн алыс кармайт. Динчил деп ойлогон кишилер менен эч жолугушуп, сүйлөшпөйт, ал тургай, бир жерде болууну да каалабайт. Анын түшүнүгү боюнча, алар коркунучтуу, караңгы адамдар. Чындыгында болсо, ал адам өтө жаңылган болот. Ислам дини сулуулукту, сапатты, асылдыкты, сылыктыкты, сүйүүнү, ак пейилдикти, мээримди, ойлонууну, изденүүнү, акылдуу болууну талап кылган, чын ниеттен ушундай мүнөздү кармангандарды руханий жактан өтө жогорулата турган бир дин.

Дин жөнүндөгү мындай туура эмес көз-караш, биз айтып кеткендей, кээ бир топтордун түшүнүктөрүн түздөн-түз кабыл алуудан, кыскасы өз алдынча ойлонбоодон келип чыгат. Исламдын негизги булагы болгон Курандын аяттарында ойлонууга өзгөчө көңүл бурулган:

Айткын: «Эгер билсеңер (айткыла:) Жер жүзү жана андагы нерселер кимдики?» «Аллахтыкы» деп айтышат. Айткын: «Дагы эле насаат (сабак) алып, ойлонбойсуңарбы?» (Мүминун Сүрөсү, 84-85)

Ант болсун, Биз Куранды зикир (сабак алып, ойлонуу) үчүн жеңил кылдык. Бирок насаат алып, ойлонгон барбы? (Камер Сүрөсү, 13-17)

... Мына Раббиңер Аллах ушул, демек Ага ибадат кылгыла. Дагы эле насаат алып ойлонбойсуңарбы? (Йунус Сүрөсү, 3)

Жаратуучу эч жаратпаган сыяктуубу? Эми насаат алып, ойлонбойсуңарбы? (Нахл Сүрөсү, 17)

Дин жөнүндө башка адамдардын түшүнүктөрүнөн көз-карандысыз, өз алдынча ойлонбогон адам эки чоң ката кетирет. Биринчиси, динден алыс болууга аракет кылган адам диндин бар болуу себебин, б.а. Аллахты ойлонбойт, тааныбайт, т.а. Улуу Аллахтын чексиз кудуретин түшүнө албайт. Экинчиси болсо, дин адамды оор жана кысымчыл, фанаттык бир чөйрөгө түртөт жана адамга табиятына тескери талаптарды жүктөйт деп ойлойт. Диндин атынан сүйлөгөн кээ бир адамдардын дин деп ушул сыяктуу көрүнүштү сүрөттөшү дагы адамдарда «дин менен жашасам каалаганымды кыла албай калам» деген кооптонууга себеп болууда. Чындыгында болсо, чындык ал адам ойлогондон такыр башка. Ислам дини адамды ар кандай кысымчылыктан, коркуудан, тынчсыздануудан, сар-санаадан куткарат. Адамдын дайыма көңүлдүү, бир калыптуу, бактылуу жана бейпил бир маанайда болушуна шарт түзөт. Чын көңүлдөн Куран менен сүннөткө ылайык жашаган бир адам, жогорудагыдай туура эмес түшүнүктөгү бир адам эч качан жете албай турган жана балким кыялдана да албай турган, бир сулуулуктун жана берекенин ичинде жашайт.

Адам биринчи катадан кутулганда, б.а. аны жараткан жана ага эң жакын Зат болгон Аллахты тааныганда, «динден алыс болуу керек» деген туура эмес ишенимден да кутулат. Биринчи катанын жоюлушунан келип чыккан акылмандык жана ийкемдүүлүк экинчи катанын да жоюлушуна шарт түзөт. Динди жамынган башка көрүнүштөр менен чыныгы диндин ортосундагы чоң айырманы көрөт.

Жыйынтыктасак, дин жөнүндө сансыз туура эмес түшүнүктөр бар. Бирок дин жөнүндө ойлонгондо адам башка адамдардын дин жөнүндө эмне дегенин эмес, өзүнүн жүрөгүн угушу зарыл. «Адамдардын көпчүлүгүн» ээрчүүнүн адамды туура жолго алып барбашы Куранда апачык айтылган:

Жер бетиндегилердин көпчүлүгүн ээрчисең, сени Аллахтын жолунан адаштырып-азгырышат. Алар күмөндөрүнө гана таянышат жана алар жалаң гана «күмөн жана божомол менен» жалган сүйлөшөт. (Энъам Сүрөсү, 116)

«Коом» же б.а. «көпчүлүк (толпа) психологиясынан» кутулуп, өзүнүн акылы жана жүрөгү менен ойлонуп баштаган адам Курандын аяттарында айтылган чындыкты өз көзү менен көрөт. Эми ал «көпчүлүк адамдардан» айырмаланып жаңы бир дүйнөгө кадам таштайт. Бул кадамы аны эски дүйнөнүн бүт караңгылыгынан, азаптарынан жана кысымдарынан алыстатып, дин аркылуу берилчү чексиз сулуулукка, терең акылмандуулукка алып барат... Бул жерде бир нерсени эске сала кетүү керек: дин деп биз Раббибиз жөнөткөн акыркы акыйкат дин болгон Исламды айтып жатабыз. Себеби Куранда билдирилгендей, «... Аллах Кабатындагы дин, күмөнсүз, Ислам...» (Али Имран Сүрөсү, 19)