Куран Жөнүндө Ойлонуу

Биз сенден мурда бир гана эркектерден вахий кылып (пайгамбарлар) жибердик. Эгер билбесеңер, зикир (китеп, насаат) ээлеринен сурагыла. (Аларды) Апачык далилдер жана китептер менен (жөнөттүк). Сага да зикирди (Куранды) түшүрдүк, адамдарга алар үчүн түшүрүлгөндү түшүндүрсүн жана алар да жакшылап (терең-терең) ойлонушсун деп.
(Нахл Сүрөсү, 43-44)

Куран жөнүндө эмне билесиз? Бул суроого көп адамдар мындай деп жооп берет болушу керек: «Куран динибиздин ыйык китеби». Бул жооп туура, бирок бул адамдардын бир бөлүгү суроонун чыныгы жообу, т.а. Курандын мазмуну жөнүндө көп нерсе биле беришпейт. Куран жөнүндө кээ бир коомдордо эл арасында туура эмес салттар жана туура эмес ишенимдер да бар. Куран көбүнчө кооздолгон бир каптын ичине салынып, үйлөрдүн дубалдарына асылып коюлат. Белгилүү бир жаштан өткөн адамдар окуйт деп кабыл алынат. Эч окубаганы үчүн, Курандын аяттарынын мазмуну жөнүндө эч нерсе билишпейт.

Кээ бир коомдордо Курандын ичинде эмне жазылганын билген, Куран жөнүндө ойлонгон адамдардын саны өтө аз.

Куран негизи кандай максатта жиберилген? Мунун жообун да кайра эле Курандын аяттарынан ала алабыз. Аяттарда мындай деп айтылат:

Мына ушул (Куран) эскертилип коркутулушсун, чындыгында Анын жалгыз бир Кудай экенин билишсин жана таза акыл ээлери жакшылап сабак алып ойлонушсун деп (түшүрүлгөн) бир эскертүү. (Ибрахим Сүрөсү, 52)

Ант болсун, Биз Куранды зикр (насаат алып, ойлонуу) үчүн жеңилдештирдик. Бирок насаат алып, ойлонгон барбы? (Камер Сүрөсү, 32)

Ант болсун, алардын кыссаларында (окуя баяндарында) таза акыл ээлери үчүн сабактар бар. (Бул Куран) ойдон чыгарыла турган бир сөз эмес, өзүнөн мурдакылардын тастыктоочусу, бүт нерсенин «ар кандай абалда түшүндүрмөсү» жана ыйман келтире турган бир коом үчүн бир хидаят (туура жол) жана мээрим. (Йусуф Сүрөсү, 111)

Бул – өзүндө эч кандай күмөн болбогон, (Аллахтан) тартынгандарга жол көрсөтүүчү бир китеп. (Бакара Сүрөсү, 2)

Жогорудагы аяттарда жана дагы ушул сыяктуу көптөгөн аяттарда Курандын «адамдарды ойлонууга үндөө, аларга Жараткан Аллахты таанытуу, аларга жол көрсөтүү» максаты менен жиберилгендиги айтылган. Куран – акылы жана абийири таза ар бир адамга кайрылган, аларды туура жолго үндөгөн бир китеп.

Демек, эң биринчиден, Куран жөнүндөгү туура эмес көз-карашты оңдоо зарыл. Куран, кээ бир адамдар ойлогондой, бир гана Пайгамбарыбызга (сав) кайрылган бир китеп эмес. «Мусулманмын» деген ар бир адам Куранды окуп, түшүнүшү керек.

Кээ бир адамдар белгилүү күндөрдө же белгилүү учурларда Куран окушат жана Курандын аяттарын билишет. Бирок ал кишилер Куранды «окуп» эле коюшат жана «ушуну менен менин милдетим бүттү» деп ойлошот. Албетте, «Куран окуу» дагы бир ибадат жана аны аткаруу керек. Бирок окугандарды турмушка ашыруу жана күнүмдүк жашоого киргизүү да абдан маанилүү бир ибадат.

Куранды «азыркы заманга ылайыкташтыруу» керек деген кээ бир сабатсыз кишилер болсо – Курандын бүт доорлорду жана бүт элдерди камтуу касиетин билбеген кишилер. Куранды таза бир акыл менен окуган киши Куранда айтылган кишилердин жана элдердин өзгөчөлүктөрүнүн, азыркы заман да кошо, тарыхтын бүт доорлорун түшүндүрүп жатканын көрөт.

Динден алыс жашаган коомдордун бүт катачылыктары, туура эмес иштери жана чектен чыгуулары Куранда баяндалып, ал коомдордун динге карата мамилелери сүрөттөлгөн жана алардын кулк-мүнөздөрү жөнүндө маалымат берилген. Бул маалыматтар азыркы заманга да туура келет жана бул Курандын бүт доорлорду камтыган, кереметтүү касиетин дагы бир жолу далилдейт.

Куранды турмушка ашыруу үчүн окуп, колунан келишинче ишке ашырып баштаган бир адам (эми ал адам «ыймандуу» болуунун жолуна түшкөн болот) күн өткөн сайын Курандын кантип жашоонун бүт тарабын курчап тураарын таң калуу менен байкайт жана бул анын Куранга болгон ишенимин ан сайын арттырат. Куранда ыймандуу адамдын башына келе турган окуялар жана аларга карата кандай мамиле кылуу керектиги терең сүрөттөлгөн. Куранды «окуп коюуну» эле жетиштүү көрүп, аны турмушта колдонуудан баш тарткан адам болсо өзү ойлогондон алда канча жаман абалга туш болот.

Аллах бир аятта мындай деп билдирет:

Моюндарына Тоорот жүктөлүп, анан аны (ичиндеги терең маанилерди, даанышмандык жана өкүмдөрүн талап кылынгандай) аркалабаган адамдардын абалы чоң китеп көтөргөн эшектин абалына окшошот. Аллахтын аяттарын төгүндөгөн коомдун абалы кандай жаман. Аллах залим бир коомду хидаятка (туура жолго) жеткирбейт. (Жума Сүрөсү, 5)