Бейиш: Ыймандуулардын Чыныгы Мекени

аббиңерден болгон бир кечиримге жана бейишке (жетүү үчүн) «аракет кылып-жарышкыла», (ал бейиш) кенендиги асман менен жердин кеңдигиндей болуп, Аллахка жана Пайгамбарына ыйман кылгандар үчүн даярдалган. Мына ушул Аллахтын берешендиги, аны каалаганына берет. Аллах өтө берешен.
(Хадид Сүрөсү, 21)

Ал жерде каалаган нерселеринин баары алардыкы;
Кабатыбызда андан да көбү бар.
(Каф Сүрөсү, 35)

Ыймандуулардын түбөлүктүү мекени – бул, бейиш. Аллах бул дүйнөдөгү аракеттери үчүн аларды бейиши менен сыйлайт. Бейиш – адамдын руху каалаган нерселердин баарын, ал тургай, аяттарда айтылгандай, андан да көбүн камтыган бир кооздуктар мекени. Аллахтын «Рахим» ысмынын эң сонун чагылуусу болгон бир түбөлүктүү мекен.

Пайгамбар Мырзабыз (сав) бир куттуу хадисинде бул дүйнө жашоосуна салыштырмалуу бейиштин адам үчүн канчалык сонун бир сый-жакшылык экендигин төмөнкүдөй бир мисал менен сүрөттөп берген:

Бейиште жаадай бир жер күн чыгып, баткан нерседен (бул дүйнөдөн) жакшыраак. [Кутуб ас-ситта-14, б. 429/2]

Адам бул жөнүндө эч нерсе билбесе да, дүйнө жашоосунун кемчиликтери жана сый-жакшылыктарга (үй-жай, унаа ж.б.) болгон көңүлүндөгү эңсөөлөрү жөнүндө кыска эле ойлонгондо, бул акыйкатты оңой гана түшүнө алат. Себеби Аллах бул дүйнө жашоосунун чыныгы жашоо эместигин түшүнүшү үчүн адамдарга көптөгөн далилдерди жараткан. Адам дээрлик күн сайын өзүнүн денесинен баштап, бүт тараптан дүйнө жашоосунун кемчиликтерин көрөт. Өмүрүн улантуу үчүн эле канчалаган чараларды көрүүгө мажбур. Кичине эле кайдыгерлик кылса, жараат алып же оору-сыркоолорго туш болушу, ал тургай, өлүмгө кабылышы да мүмкүн. Өмүрүнүн көп бөлүгүн денесинин алсыздыктарын жойгонго коротот. Бирок, ошончо аракетине карабастан, жылдардын өтүшү менен денеси бузулуп баштайт. Адамдын денеси сыяктуу, эң кооз гүлдөр да белгилүү убакыттан соң соолуйт; эң кооз түстүү, эң сонун жыттуу розалар, жоогазындар, фиалкалар чирип сасыйт. Эң даамдуу жана жаңы бышкан мөмө-чөмө, жашылча-жемиштер кыска убакыт ичинде чирип, адам жегис болуп калат. Эң кооз үйлөр, буюмдар, унаалар белгилүү убакыттан соң эскирип, сынып талкаланат.

Булар бул дүйнө жашоосунда адамдар көргөн миллиондогон кемчиликтердин бир канчасы гана. Бирок, адамдар эңсеген чыныгы мекендин бул дүйнө эместигин түшүнүүгө ушулар эле жетиштүү болот.

Адам бул кемчиликтерди көрүп, ар дайым ичинен кемчиликсиздикти, бул кемчиликтердин бирөөсү да болбогон бир дүйнөдө жашоону эңсей берет. Оору-сыркоолор, өлүмдөр, согуштар, уруш-талаштар, жамандыктар, кемчиликтер жана кыйынчылыктардын бирөөсү да болбогон бир дүйнөнү эңсейт. Бул максатка жетүү үчүн, бул дүйнөдө эч бир көйгөйсүз, бактылуу жашоону түзүүнүн жолдорун издейт. Бирок, Аллах Куранда адамдарга мындай бактылуу жашоонун бейиште гана болоорун кабар берген. Адамга ага жетүү үчүн абдан оңой бир милдет жүктөлгөн: Раббибиз ыраазы боло тургандай өмүр сүрүү. Аягында, Аллахтын каалоосу менен, өзү эңсеп, кыялдангандан алда канча жакшы, кемчиликсиз жана түбөлүк бактылуу бир жашоого жолугат.

Дүйнө жүзүндөгү бүт нерселерди Аллах жараткан жана Аллах бейишинде да булардан каалагандарын жаратат. Аллахтын каалоосу менен, бейиштеги «сарайлар» дүйнөнүн эң «ультра-заманбап» вилласынан алда канча мыкты болот. Кооздугу макталган бейиш кийимдери эң белгилүү франциялык же италиялык мода үйлөрүнүн кийимдеринен алда канча сапаттуу жана кооз көрүнүштө болот. Бейиштеги «ур кыздар», сөзсүз араб гаремдеринен чыккан аялдарга окшош эмес, дүйнөнүн эң сулуу аялдарынан алда канча сулуу жана ажардуу кылып жаратылат.

Аллах бейишти сүрөттөгөндө, бүт доорлордун адамдары түшүнө ала турган кооздуктарды санап өткөн. Анткен менен, бейиштин көп адамдар билбеген бир өзгөчөлүгү бар. Бул – Аллах «ал жерде көңүлдөр каалаган жана көздөр ырахат алган бүт нерселер бар. Жана силер ал жерде түбөлүк жашайсыңар.» (Зухруф Сүрөсү, 71) деген аятта кабар берген бир акыйкат. Бул аятта бейиште адамдын көңүлү каалаган бүт нерсенин бар экендиги кабар берилген. Башка бир аятта болсо «ал жерде каалаган нерселеринин баары алардыкы (болот); Кабатыбызда андан да көбү бар.» (Каф Сүрөсү, 35) деп айтылат. Бул аяттардан адамдын маанайын көтөргөн, күлдүргөн жана көңүлүн ачкан нерселердин бейиште, бул дүйнөдөгүгө окшош же башка бир көрүнүштө, болоору, адамдын оюна келген бүт каалоолорунун ал жерде ашыгы менен ишке ашырылаары көрүнүп турат.

Бейиште ыймандуулар абдан чоң сый-урмат көрүшөт. Рахман Сүрөсүндө бейиш жөнүндө төмөнкүлөр айтылган:

Раббиңдин макамынан корккон адам үчүн болсо эки бейиш бар. Демек Раббиңердин кайсы немат-жакшылыктарын (сый-жакшылыктарын) жалганга чыгара аласыңар?
Ар кандай «назиктиктерге жана кооздуктарга» (же ар түрдүү коюу дарактарга) ээ. Демек Раббиңердин кайсы немат-жакшылыктарын жалганга чыгара аласыңар?
Экөөсүндө тең агып турган эки булак бар. Демек Раббиңердин кайсы немат-жакшылыктарын жалганга чыгара аласыңар?
Экөөсүндө тең ар бир мөмөдөн эки жуп бар. Демек Раббиңердин кайсы немат-жакшылыктарын жалганга чыгара аласыңар?
Астылары өтө жасалгаланган атластан төшөктөр үстүндө жазданышат. Эки бейиштин тең мөмөсүн-алуу (ал жердегилерге) жакын (оңой). Демек Раббиңердин кайсы немат-жакшылыктарын жалганга чыгара аласыңар?
Ал жерде көздөрүн жубайларына гана бурган аялдар бар, булардан мурда аларга бир адам да, бир жин да тийген эмес. Демек Раббиңердин кайсы немат-жакшылыктарын жалганга чыгара аласыңар?
Алар жакут менен маржан сымал. Демек Раббиңердин кайсы немат-жакшылыктарын жалганга чыгара аласыңар?
Ихсандын (жакшылыктын) акысы ихсандан башка нерсе болобу? Демек Раббиңердин кайсы немат-жакшылыктарын жалганга чыгара аласыңар?
Бул экөөнөн башка дагы эки бейиш бар. Демек Раббиңердин кайсы немат-жакшылыктарын жалганга чыгара аласыңар?
Болушунча жапжашыл. Демек Раббиңердин кайсы немат-жакшылыктарын жалганга чыгара аласыңар?
Ичтеринде тынымсыз атылып-агып турган эки булак бар. Демек Раббиңердин кайсы немат-жакшылыктарын жалганга чыгара аласыңар?
Ичтеринде (ар түрдүү) мөмө, теңдешсиз курма жана теңдешсиз анар бар. Демек Раббиңердин кайсы немат-жакшылыктарын жалганга чыгара аласыңар?
Ал жерде мүнөздөрү сонун, жүздөрү сулуу аялдар бар. Демек Раббиңердин кайсы немат-жакшылыктарын жалганга чыгара аласыңар?
Чатырлар ичинде корголгон ур аялдар. Демек Раббиңердин кайсы немат-жакшылыктарын жалганга чыгара аласыңар?
Булардан мурда аларга бир адам да, бир жин да тийген эмес. Демек Раббиңердин кайсы немат-жакшылыктарын жалганга чыгара аласыңар?
Жашыл жаздыктарга жана өтө кооз төшөктөргө жазданышат (сүйөнүшөт). Демек Раббиңердин кайсы немат-жакшылыктарын жалганга чыгара аласыңар?
Улуу жана берешен Раббиңдин аты кандай Улук. (Рахман Сүрөсү, 45-78)

Башка аяттарда болсо бейиш жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтар берилген:

Кайсы тарапка бурулсаң, бир немат (сый-жакшылык) жана чоң бир мүлк көрөсүң. (Инсан Сүрөсү, 20)

Ал жерде тактылар үстүндө жазданып-сүйөнүшөт. Ал жерде (күйгүзүүчү) бир күн да жана тоңдуруучу бир суук да көрүшпөйт. (Инсан Сүрөсү, 13)

Ал жерде маанисиз бир сөз укпайт. (Гашия Сүрөсү, 11)

Жана жандарында көздөрүн жубайларына гана бурган ири көздүү аялдар бар. Алар сакталган бир жумуртка сыяктуу (сулуу жана жылмакай). (Саффат Сүрөсү, 48-49)

«Бизден кайгыны кетирип жок кылган Аллахка мактоолор болсун; күмөнсүз Раббибиз чындыгында кечиримдүү, шүгүрлөрдү кабыл кылуучу. Ал бизди Өз берешендигинен (түбөлүк) жашай турган бир мекенге жайгаштырды; бул жерде бизге бир чарчоо келбейт жана бул жерде бизге бир тажоо да келбейт» дешет. (Фатыр Сүрөсү, 34-35)

Бирок Раббилеринен коркуп-тартынгандар болсо; аларга бийик сарайлар бар, алардын үстүндө да бийик сарайлар курулган. Алардын астында суулар агып турат. (Бул) Аллахтын убадасы. Аллах убадасынан кайтпайт. (Зүмер Сүрөсү, 20)

Сурак күнүнөн соң Аллах чын ыкластуу кулдарына (пенделерине) мындай деп кайрылат:

Эй көңүл ток (ыраазы болгон) напси (жан), Раббиңе (Аны) ыраазы кылган жана (өзүң да) ыраазы болгон маанай менен кайт. Эми кулдарымдын арасына кир. Бейишиме кир. (Фежр Сүрөсү, 27-30)