Курандагы Дин Жана Ата-Бабалардын Дини

Алар «жаман бир уятсыздык» кылышканда: «Биз аталарыбызды ушул жолдо көрдүк. Аллах муну бизге буйрук кылды» дешет. Айткын: «Күмөнсүз, Аллах «жаман уятсыздыктарга» буйрубайт. Аллах жөнүндө билбеген бир нерсеңерди айтып жатасыңарбы?»
(Аьраф Сүрөсү, 28)

Аларга: «Аллах түшүргөндү ээрчигиле» деп качан болбосун айтылганда, алар: «Жок, биз аталарыбыз кылган нерсени (салтты) ээрчийбиз» дешет. Аталарынын акылы эчтекеге жетпес жана туура жолду таба албаган болушсачы? (Бакара Сүрөсү, 170)

Куран жана Пайгамбарыбыздын (сав) сүннөтү унутулган бир жерде адамдар чындап дин менен жашап жатат деп айтууга болбойт. Бул жерде Курандагы дин менен кээ бир коомдордогу дин түшүнүгүнүн айырмасын жакшылап бөлүп көрсөтүү керек. Бир жагдайга өзгөчө көңүл буруу керек: эгер дин дегенде адамдар Куранды жана сүннөттөрдү турмушка ашырууну эмес, ата-бабалардан калган кээ бир туура эмес көз-караш жана ишенимдерди улантууну түшүнүшсө, анда ал дин чыныгы Ислам эмес.

Бүгүнкү күндө кээ бир коомдордо «динчил» деп кабыл алынган көп адамдардын Курандан жана Пайгамбарыбыздын (сав) сүннөтүнөн кабарсыз болушу учурдагы абалдын кандай экенин даана сүрөттөйт. Мындай адамдардын түшүнүгү боюнча, дин ата-бабалардан калган бир мурастай улантылат. Мунун, Аллахтын каалоосу болбосо, Аллах Кабатында кандайдыр бир баркы болот деп күтүү туура эмес болот.

Буддисттерден баштап тотемдерге сыйынган Африка урууларына чейин көптөгөн элдер диний ишенимин ата-бабалардан калган бир мурастай улантып келишүүдө жана алардын бирөөсү да чыныгы дин эмес. Себеби бул диндерде максат – акыйкат диндердеги сыяктуу Аллахтын ыраазылыгына жетүү эмес; көбүнчө кээ бир адамдар салтты улантуудан келип чыккан ностальгиялык бир ырахат алууну көздөсө, кээ бирлери кандайдыр бир кызыкчылыктарга жетүүнү көздөшөт.

Куранда сүрөттөлгөн динде болсо эң негизгиси – бул, Аллахтын ыраазылыгы. Мусулман өзүнө ушуну негиз тутушу керек. Бир аятта бул төмөнкүчө айтылган:

Үйүнүн пайдубалын (негизин) Аллах коркуусунун жана ыраазылыгынын үстүнө курган адам жакшыбы, же болбосо үйүнүн пайдубалын кулай турган бир жардын бооруна куруп аны менен бирге өзү да тозок отунун ичине кулаган адамбы? Аллах зулумдук кылган бир коомго хидаят бербейт. (Тообо Сүрөсү, 109)

Аяттан да көрүнүп тургандай, Аллахтын ыраазылыгына таянбаган бир ыйман, Аллахтын ыраазылыгына таянбаган бир дин түшүнүгү туура болбойт жана анын жыйынтыгы коркунучтуу.