Чыныгы Динчилдер Жана Жасалма Динчилдер

Айткын: «Эгер билсеңер (айткыла:) Жер жүзү жана андагы нерселер кимдики?» «Аллахтыкы» деп айтышат. Айткын: «Дагы эле насаат (сабак) алып, ойлонбойсуңарбы?» Айткын: «Жети асмандын Рабби жана улук Арштын Рабби ким?» «Аллах» дешет. Айткын: «Дагы эле (күнөөлөрдөн) сактанбайсыңарбы?» Айткын: «Эгер билсеңер (айткыла:) Бардык нерселердин кожоюндугу (мүлк жана башкаруусу) кимдин колунда? Ал коргоп, кубат берет, бирок Өзү корголбойт (коргоого муктаж эмес).» «Аллахтын колунда» дешет. Айткын: «Андай болсо, кантип мындайча сыйкырланып калуудасыңар?» Жок, Биз аларга чындыкты алып келдик, алар болсо чындыгында жалганчылар.
(Мүминун Сүрөсү, 84-90)

Китептин башындагы мисалга кайрадан кайрылалы. Шаарда башка адамдардан бүт тарабынан айырмаланган бир адамдар тобу болсун деп айткан элек. Ал адамдарды шаардын башка тургундарынын көпчүлүгү жаман көрүп, аларга начар мамиле кылат дейли. Ал адамдардын болсо ал шаардын жана бүт нерсенин кожоюну тарабынан жиберилген бир китепти өздөрүнө жол башчы тутаарын айткан элек.

Бул инсандар – Аллах койгон ысым менен айтканда, мусулмандар:

Аллахтын жолунда чындап (бүт мүмкүнчүлүгүңөр менен) жихад кылгыла (аракет кылгыла). Ал силерди тандап алды. Ал силер үчүн диниңерге (ашыкча) оорчулук жүктөгөн жок, атаңар Ибрахимдин дини(ндеги сыяктуу). Ал (Аллах) мындан мурда да, мында (Куранда) да силерди «мусулмандар» деп атады, элчи силерге күбө болушу үчүн, силер да (башка) адамдарга күбө болушуңар үчүн. Эми намазды толук (туура) окугула, зекетти бергиле жана өзүңөрдүн (чыныгы) Кожоюнуңар Аллахка бекем (ыклас менен) байлангыла. Ал кандай жакшы кожоюн (Мевла) жана кандай жакшы жардамчы. (Хаж Сүрөсү, 78)

Аллахка үндөгөн, чын ыкластуу (чын ниеттүү) иштерди жасаган жана: «Чындыгында мен мусулмандарданмын» дегенден кимдин сөзү жакшыраак? (Фуссилет Сүрөсү, 33)

Бул жерде көңүл буруу керек болгон бир жагдай бар: башка адамдардын ыймандууларды жакшы көрбөшү... Мисалда айтылган шаардын бир «караңгы (жахил) шаар» экендигин айткан элек. Бир коомдун «караңгы» болушу «ал коом – динсиз» деген мааниге келбейт. Тескерисинче, Куранда айтылган «караңгы» (жахил) коомдор өздөрүн «динчилбиз» деп ойлошот. Бирок алардын тутунган дини акыйкат дин эмес. Ата-бабаларынан калган, көптөгөн негизсиз ишенимдерге таянган, бирок коом тарабынан туура деп кабыл алынган туура эмес бир дин түшүнүгүн карманышат. Куранда «караңгы» коомдун бул мүнөзү төмөнкүчө айтылган:

Аларга «Аллахтын түшүргөндөрүнө моюн сунгула» деп айтылганда, «жок, биз ата-бабаларыбыздын жолунан жүрөбүз» дешет. Эгер шайтан аларды алоолоп күйгөн оттун азабына чакырса дагы (ошол жолго түшүшөбү)? (Локман Сүрөсү, 21)

«Караңгы» коомдун эң негизги мүнөзү болсо, бул туура эмес ишенимин Аллахтын атынан жакташат. Бул бир калпычылык, себеби «караңгы» коомдун мүчөлөрү Аллахка моюн сунушпайт. Бирок бул коомдун кээ бир мүчөлөрү, өзгөчө алдыңкылары, б.а. бай-бийлери өздөрүн динчилдей көрсөтүшөт. Ал тургай, Аллахтын бир пайгамбарын өлтүрүү сыяктуу Аллах Кабатындагы эң чоң кылмышты жасап жатып дагы, Аллахтын атынан ант ичишет:

Шаарда тогуздук (тогуз адамдык) бир уюшкан топ бар эле, жер жүзүндө бузукулук чыгарышып, тартип-бейпилдикти бузушчу. Өз араларында Аллахтын атынан ант ичишип, мындай дешти: «түнкүсүн сөзсүз ага жана үй-бүлөсүнө бир чабуул уюштуралы, анан велисине (жакындарына): үй-бүлөсүнүн жок болушуна биз күбө болгон жокпуз жана биз чындап чындыкты айтып жатабыз дейли.» (Немл Сүрөсү, 48-49)

«Караңгы» коомдун арасында Куранды билип, «Куранды ээрчийбиз» деп сөз бергенине карабастан, «дүйнөнүн убактылуу пайдаларын» тандап, өз кызыкчылыгын көздөгөн бир топ да болот. Ошончо эки жүздүүлүк кылганына карабастан, өздөрүн «өрнөк мусулман» катары көрсөтүшөт:

Алардан кийин, алардын ордуна китепке мураскор болгон бир катар «жаман адамдар» келди. (Алар) Мобул барксыз (дүйнө)нүн убактылуу пайдасын алып, «жакында кечирилебиз» дешет. Ага окшогон бир пайда келсе, аны да алышат. Алардан Аллах жөнүндө акыйкатты гана сүйлөйсүңөр деп Китеп убадасы алынган эмес беле? Бирок (алар) ичиндегилерди окушкан. (Аллахтан) Корккондор үчүн акырет мекени жакшыраак. Дагы эле акылыңар жетпейби? (Аьраф Сүрөсү, 169)

Демек, бир адамдын же бир топтун ыймандуу экенин түшүнүү үчүн ага жакшылап байкоо жүргүзүү керек болот. Себеби бир адамдын оозунан, жогорудагы аятта апачык көрүнүп тургандай, Исламдык сөздөрдүн төгүлүшү, ал адамдын диний сөздөр менен сүйлөшү анын чындап мусулман, ыймандуу адам экендигин көрсөтпөшү мүмкүн. Бул аятта айтылгандай адамдар чанда эле кездешет деп ойлошуңуз ыктымал. Бирок Курандын аяттары мунун мындай эместигин көрсөтүүдө. Көптөгөн аяттарда өзүн ыймандуумун деп, бирок чындыгында ыймансыз болгон, ал тургай, өтө начар мүнөздөгү адамдар сүрөттөлгөн:

Адамдардын арасында ушундайлар бар: «Биз Аллахка жана акырет күнүнө ыйман келтирдик» дешет; чындыгында болсо ишенишпейт. (Өз оюнда) Аллахты жана ыйман келтиргендерди алдашат. Бирок алар өздөрүн гана алдап жатышат жана муну билишпейт. Жүрөктөрүндө оору бар. Аллах да ооруларын көбөйттү. Калп айтып жаткандыгы үчүн аларга оор бир азап бар. (Бакара Сүрөсү, 8-10)

Башка аяттарда бул «жасалма динчилдердин» аларга узатылган суроолорго төмөнкүдөй жооп берээри кабар берилген:

Айткын: «Асмандардан жана жерден силерге ырыскы берген ким? Кулактардын жана көздөрдүн ээси ким? Тирүүнү өлүүдөн чыгарган жана өлүктү тирүүдөн чыгарган ким? Жана иштерди ороп-курчаган ким?» Алар: «Аллах» дешет. Андай болсо, айткын: «Силер дагы эле коркуп, тартынбайсыңарбы? Мына ушул – силердин чыныгы Раббиңер Аллах. Демек, чындыктан соң адашуудан башка эмне бар? Кантип дагы эле бурулуп кетүүдөсүңөр?» (Йунус Сүрөсү, 31-32)

Ант болсун, алардан: «Силерди ким жаратты?» деп сурасаң, албетте: «Аллах» дешет. Анан, кантип бурулуп кете беришет? (Зухруф Сүрөсү, 87)

Жогорудагы аяттар чыныгы ыймандууга коюлган талаптардын «караңгы» коомдогу калп «динчилдик» талаптарынан айырмаланаарын көрсөтөт. Аллах Куранда чыныгы ыймандуулардын кандай өзгөчөлүктөрү болоорун терең сүрөттөгөн. Эми бул өзгөчөлүктөрдү карайлы.