Же алар эч нерсесиз жаратылдыбы? Же жаратуучу өздөрүбү? Же асмандар менен жерди алар жараттыбы? Жок, алар так бир илим менен ишенип жатышкан жок. Же Раббиңдин казыналары алардын жанындабы? Же улуу күч-кудурет (бүт нерсенин көзөмөлү жана башкаруусу) алардын колундабы?
(Тур Сүрөсү, 35-37)
Мурдакы бөлүмдө айтып өткөндөй, динге туура эмес түшүнүк менен караган бир адамдын биринчи катасы – бул Аллахтын бар экенин ойлонбостон динге баа берүү. Адам Исламды таразалай турган болсо, алгач Аллахтын чексиз кудуретин түшүнүүгө аракет кылышы зарыл. Эгер Аллахка ишенбесе, Куранды да, Мусулмандарды да өзүнүн туура эмес, негизсиз маалыматтарга таянган дүйнө көз-карашы менен таразалайт. Жана андай көз-караш менен акыйкатка жете албайт.
Тарыхта дин багытында изилдөөлөрдү жүргүзгөн кээ бир социологдор диндин кантип пайда болгону же коомдогу таасири жөнүндө миңдеген том китептерди жазышкан. Бирок ошончо изилдөөлөргө карабастан, ал кишилер чындап дин менен жашаган бир адамдын дин жөнүндө түшүнгөнүнүн миңден бирин да түшүнө албастан, диндин акыйкатына, маңызына жете алышкан эмес. Себеби ал кишилер диндин негизи болгон Аллахтын жалгыздыгын жана бүт нерсени ороп-курчап тураарын түшүнө алышкан эмес. Куранда мындай кишилер «... Алар илимин түшүнбөгөн жана али чечмелөөсү келе элек нерсени төгүндөштү...» (Йунус Сүрөсү, 39) деп сүрөттөлгөн.
Исламдын эмне экенин адам Аллахтын бар экенин түшүнгөндө жана Куранда сүрөттөлгөн жашоо менен жашаганда оңой гана түшүнө алат.
Аллахтын бар экендиги жана Андан башка кудайдын жок экендиги негизи апачык көрүнүп турат. Бирок ойлонуудан эринген «жахил (караңгы) коом» (Куранда Исламдан тышкаркы социалдык түзүлүштөр ушундай сыпатталган) бул чындыкты түшүнө албай турганчалык сокурлашып калган. «Жахил (караңгы, сабатсыз адам)» деп аталышынын себеби да мына ушунда.
Мусулмандарга болсо Курандын көптөгөн аяттары аркылуу Аллахтын бар экенин ойлонуу жана жаратуу далилдерине байкоо жүргүзүү милдети жүктөлгөн. Бул аяттардын бирөө мындай:
Айткын: «Ойлонуп көрдүңөрбү; эгер Аллах силердин угуу жана көрүү сезимиңерди алып койсо жана жүрөгүңөрдү мөөрлөсө, аларды силерге кайра кайтарып бере турган Аллахтан башка кайсы кудай бар?» Карагын, Биз аяттарды кандай «түрдүү жолдор менен түшүндүрүүдөбүз», алар болсо (кайра эле) артына бурулуп-бут тосушууда? (Энъам Сүрөсү, 46)
Кичинекей бир мисал адамдын оюн ачканга жана, караңгы коомдун бир адамы болгондуктан, андагы караңгылыкты жойгонго көмөкчү болушу мүмкүн.
Ушул күнгө чейинки эсиңиздеги бүт нерсе –денеңиз жөнүндөгү маалымат да кошо- өчүп калды деп элестетели. Ушундай абалда дүйнөгө окшогон бир жерге барып калсаңыз, бул көрүнүшкө абдан таң калмаксыз. Элестетип көрөлү: эсиңизде эч нерсе жок абалыңызда кокусунан жер бетинин бир жеринде болуп калдыңыз.
Эң алгач өз денеңизди байкайт болушуңуз керек. Анын «мен» деген нерсеңизден башка бир нерсе экенин сезгендиктен, ага каалаганыңызды кылдыруу сизге өтө кызык сезилсе керек эле. Балким бир саамга колуңузду түшүрүп көтөрүп, эмне ишке жараарын түшүнүүгө аракет кылмаксыз.
Айланаңызда сиз каяктан пайда болгонун билбеген денеңизге өтө ыңгайлуу бир айлана-чөйрөнү көрмөксүз. Үстүнөн баса ала турган бекем бир жер, тунук бир көрүнүш, бири-биринен сонун жыттар, ар түрдүү жаныбарлар, денеге ыңгайлуу бир жылуулук, кыйналбастан дем алууга боло турган бир атмосфера жана дагы миңдеген кылдат тең салмактуулуктар... Денеңизге керектүү тамак-аштар, суусаганда иче турган таптаза суу жана дагы көптөгөн нерселер...
Ушундай шартта эч нерсени ойлонбостон күн кечирип баштайт белеңиз же өзүңүзгө кээ бир суроолорду узатат белеңиз? Алгач ким экениңизди, эмне үчүн ал жерде болуп калганыңызды, көз алдыңыздагы тартиптүү айлана-чөйрөнүн пайда болуу себебин изилдебейт белеңиз? Оюңузга эң алгач төмөнкүдөй суроолор келбейт беле?
◉ Мен киммин?
◉ Мени ким жаратты, бул кемчиликсиз денемди ким жаратты?
◉ Айланамдагы бул нерселердин баарын ким жараткан?
◉ Менден эмне каалайт, мага эмнени көрсөтүп жатат?
Бир аз акылы бар адам мындай шартта ушул сыяктуу суроолорго жооп табуудан маанилүүрөөк эч нерсе жок деп ойломок. Бүт мындай суроолорго кол силкип, күндүздөрүн максатсыз айлананы кыдырып, түндөрүн болсо уктап өткөрүү жолун тандаган бир адамга болсо «акылсыз» деген сыпат гана жарашмак.
Ал жерде бир заматта пайда болгон денени жана ал дене турган айлана-чөйрөнү сөзсүз улуу акылман, бир кудурет жараткан. Адамдын мындан кийинки сүрө турган ар бир секундалык өмүрү дагы Анын каалоосу менен гана болушу мүмкүн. Демек адамдын өмүрүндө чексиз кудуреттүү бул Затты таанууга аракет кылуудан да маанилүүрөөк эмне болушу мүмкүн?
Мисалды андан ары улайлы. Талаада жүрүп отуруп бир шаарга бардыңыз дейли. Шаарда көпчүлүгү өтө корс, ач көз жана кара ниет түр түр адамдар бар болсун. Жана эмнегедир ал жердин жана өздөрүнүн ээси ким экенин эч ойлонушпайт дейли. Баары өзүнө бир жумуш, бир максат же бир идеология таап алышканын, бирок шаарга жакшы бир тартип орното албай жатканын элестетиңиз.
Ушундай чөйрөдө адеп-ахлагы жагынан шаардагы башка адамдарга окшобогон, акылдуу, адептүү, бир калыптуу сүйлөгөн, башкалардан өзгөчө экени ошол замат байкалып, ишенимдүү, чынчыл экени сезилип турган бирөөлөргө жолуктуңуз дейли. Алар менен маектешип отурганда, бир кезде маек учурунда сизге төмөнкүдөй бир маалымат беришсин:
Ал жерде балким ал адамдардын чындыкты айтып жатканына толук ишене алмак эмессиз. Бирок аларды угуудан, алар айтып жаткан китеп жөнүндө маалымат алуудан маанилүүрөөк эч нерсе жок экенин оңой эле түшүнмөксүз, туурабы?... Андай болсо, сиздин ушул мисалдагыдай жоопкерчиликтүү болушуңузга эмне тоскоол болуп жатат? Бул мисалдагы киши сыяктуу бул дүйнөгө бир заматта эмес, көпкө созулган бир чоңойуу процессинен соң келишиңизби? Андай болсо жогоруда айтылган шаардагы көпчүлүк адамдарга окшошуп калгансыз. Сиз азыркы ушундай акыбалыңыз менен сизди бир гана «бүгүн кечинде эмне жейм, эртең кайсы кийимимди кийсем?» же болбосо «бул мен жөнүндө эмне деп ойлойт, тигиге эмне дейм?» деген сыяктуу суроолорго жооп табууга түрткөн жана бул суроолордон алда канча маанилүү нерселерден сизди алыстаткан «жахил (караңгы)» коомдордун бар экенин билесизби?
Мындай коомдун ичинде болуудан жана алардын түшүнүктөрүнө баш ийүүдөн келип чыккан караңгылыкты элестетип көрүңүз...
Өзүңүздөн мындай деп сурап көрүңүз (бул суроо андай коомдо же унутулган же болбосо жетишсиз «жооптор» менен бир тарапка түртүп коюлган): мен кантип пайда болдум?
Бул суроого жооп берүү үчүн алгач бүт туура эмес түшүнүктөрүңүздөн бери чыгып, жашоонун башталышын, б.а. төрөлүү кубулушун кыскача карап өткөнүбүз туура болот.
Жаңы бир адамдын жаралышына себепчи боло турган спермалар эркектин денесинин сырткы бөлүгүндөгү бир аймакта жасалат. Себеби ал дене температурасынын 2 даражадай төмөнүндө гана өндүрүлө алат. Бул температураны туруктуу кармоодо урук безинин үстүнө жайгаштырылган атайын тери да кызмат кылат. Анын функциясы суукта жыйрылып, ысыкта болсо тердөө аркылуу керектүү температураны туруктуу кармоо болуп саналат. Урук бездеринде мүнөтүнө орточо 1000 даанадан өндүрүлгөн спермалар эркектин урук бездеринен аялдын энелик клеткаларын көздөй бара турган сапарга атайын ыңгайлаштырылып даярдалып, баш, моюн жана куйруктан турат. Жатындын ичинде куйругу менен бир балык сыяктуу жол жүрөт.
Наристенин генетикалык кодунун бир бөлүгүн камтыган баш жагы атайын бир коргоочу соот менен оролгон. Бул сооттун пайдасын эне жатынынын кире беришинен байкоого болот: ал жер, жатын микробдордон корголушу үчүн, өтө кислоталуу.
Эркектен жатынга бир гана миллиондогон сперма ташталбайт. Сперма көптөгөн суюктуктардын аралашмасынан турат. Ал суюктуктарда спермаларга керектүү энергияны камсыз кылуучу кант да бар. Мындан тышкары, база өзгөчөлүгү менен жатындын кире беришиндеги кислоталарды нейтралдаштыруу жана сперма кыймылдай турган жылмакайлыкты камсыздоо сыяктуу кызматтарды да аткарат. Спермалар энелик клеткага жеткенге чейин эненин денесинде татаал сапар тартышат. Өздөрүн канчалык коргошпосун, 200-300 миллион спермадан энелик клеткага миңден көп ашпаган сандагы сперма гана жете алат.
Бул маалыматтарга таянып, акылыбызга келген биринчи суроонун жообун ойлонолу: сперма эненин денесин тааныбай туруп, кантип «өзүн өзү» ал чөйрөгө ыңгайлаштырган?
Сперма «өзүн өзү» кандайдыр бир чөйрөгө ыңгайлаштыра албайт, демек бул суроонун бир гана жообу бар: ал ошол чөйрөгө ыңгайлуу кылып жаратылган.
Төрөлүүнүн кыскача баянын уланталы:
Энелик клетканын көлөмү бир даана туздун жарымындай. Энелик клетка менен сперма жатын трубкасында жолугушат. Энелик клетка сперма аны таба алышы үчүн өзгөчө бир суюктукту бөлүп чыгарат. Спермалар болсо ошол суюктукту ээрчип отуруп максатына жетет.
Энелик клетканы уруктандыра турган сперма энелик клеткага жакындаганда, энелик клетка чыгарган бир суюктук сперманын коргоочу соотун ээритет. Жана сперманын учундагы ээритүүчү фермент баштыкчалары сыртка чыгат. Сперма энелик клеткага жеткенде, ал ферменттер энелик клетканын кабыгын тешип, сперманын анын ичине киришине шарт түзөт. Ошентип энелик клетканын айланасын курчаган спермалар анын ичине кирүү үчүн чоң жарышты башташат. Энелик клетканы көбүнчө бир сперма уруктандырат жана андан соң башка сперма анын ичине кире албай калат. Себеби, энелик клетканын айланасындагы электрдик талаа биринчи сперма кирген соң түртүүчү касиетке айланат.
Аягында спермадагы эркектин ДНКсы менен аялдын ДНКсы кошулат. Эми эненин курсагында жат жаңы бир клетка (зигота), жаңы бир адам пайда болгон болот.
Энелик клетка жөнүндөгү бул маалыматтарды ойлонгондо, оюбузга ошол замат мындай суроо келет: энелик клетка сперма менен жолугаарын «билген» сыяктуу кыймыл-аракет кылууда; бул кандайча болушу мүмкүн? Бул суроонун да бир гана жообу бар: энелик клетка спермага ыңгайлаштырылган, демек экөөсүн тең бир-бирине ылайыктуу кылганына караганда, экөөсүн тең башкарган бир Жаратуучу тарабынан жаратылган...
Төрөлүү керемети муну менен эле бүтпөйт, мындан соң адамдын өрчүү баскычтары башталат:
Энелик клетка жатынга анын ички бетиндеги одур-бодурлардын жардамы аркылуу жайгашат. Бул одур-бодурлар энелик клетканын чыныгы бутактарын түзүп, топуракка кирген тамырлар сыяктуу, органга терең сүңгүйт. Ошентип зигота анын өрчүшү үчүн эненин денесинде бөлүп чыгарылган гормондордон пайдалана алат. Жатынга толук жабышкан зигота өрчүп баштайт. Энелик клетка жатынга жайгашып, азыктанып баштаган болот.
Андан соң 2-4-8-16 болуп эселенип көбөйгөн клеткалар бир-бирден наристенин органдарын түзүп башташат. Клеткалардын көбөйүшү бөлүнүү аркылуу жүрөт жана жаңы пайда болгон клеткалар мурдакыларга опокшош болот. Бирок, кантип жана эмне себептен экени белгисиз, бир кезде клеткалар кемчиликсиз уюшкандык менен, бири-биринен өзгөчөлөнүп, органдарды пайда кыла башташат. Башында желатинге окшогон түйүлдүктө чоң өзгөрүү болуп, жумшак түзүлүштүн ичинде денени тик абалда кармай турган катуу сөөктөр пайда боло баштайт. Болгондо да, ар бир сөөк өз ордунда!
Башкача айтканда, башында бирдей болгон клеткалар өзгөчөлөнүп, кээ бири жарыкка сезимтал көз клеткаларын, кээ бирлери ысыкты, суукту же ооруну сезе турган нерв клеткаларын же үн толкундарын сезе турган кулак клеткаларын түзүшөт.
Аягында наристе эненин курсагындагы өрчүү процессин аяктап, бул дүйнөгө келет. Төрөлгөн кездеги көлөмү эненин курсагындагы алгачкы абалынан 100 миллион эсе чоң, салмагы болсо 6 миллиард эсе оор болот.
Эң негизгиси, бул жердеги «кыскача баян» башка кандайдыр бир жандыктын эмес, биздин өмүрүбүздүн башталышынын баяны. Демек бир адам үчүн ушунчалык татаал, кереметтүү бир кубулуштун кимдин эмгеги экенин табуудан да маанилүүрөөк эмне болушу мүмкүн?
Бул суроонун жообун кийинчерээк берели жана азыр төрөлүүнүн кыскача баянын карап чыккан соң, жооп берүү керек болгон башка бир суроого кайрылалы:
Клеткалар көбөйүп жатканда, кандайча болуп топторго бөлүнүп, дененин ар кайсы органдарын түзүп башташат?
Бул жерде төмөнкү чындыкты көрөбүз: баланын төрөлүшү менен байланыштуу суроолордун Жаратуучунун бар экенин кабыл алуудан башка жообу жок. Бүт бул комплекстүү процесстерди «өзүнөн өзү» болот деп ойлоо эч акылга сыйбайт. Аң-сезимсиз клеткалар кантип «чечим чыгарып», адамдын органдарын пайда кыла алсын? Мындагы кереметтерди көргөн атеист илимпоздор да мунун өзүнөн өзү болбой тургандыгын моюнга алышууда, бирок Жаратуучуну кабыл албоо үчүн буга эч кандай мааниси жок бир атты ыйгарып, «табият керемети» деп аташууда. Бирок табияттан мынчалык кемчиликсиз бир системаны иштеп чыга турган бир аң-сезимди издөөдөн эч майнап чыкпайт. Табият өзү да жансыз жана аң-сезимсиз атомдордун жыйындысы, жана кандайдыр бир чечим чыгарып, аны ишке ашыра турган күчү жок.
Бул кубулушту ата-эне башкарат деп ойлоо да, албетте, туура эмес болот. Ал тургай, алар өздөрүнүн денелеринде кандай процесстер жүрүп жатканын да билишпейт. Ошого карабастан, ата-эне төрөлгөн адамдын өмүрүнүн себепчиси катары кабыл алынат. Ошондуктан адамдарда ата-энеге карата карыздарлык сезими болот жана аларды сүйүп, урматтайбыз.
Демек, адам ой жүгүртүшү керек: анын төрөлүшүнүн, жана негизи бүт жашоо функцияларынын, чыныгы Жаратуучусу Аллах мындай карыздарлык, сүйүү жана сый-урмат сезиминин алда канча көбүнө ылайык эмеспи? Жараткан Аллахтын бар экендиги анык, Ансыз эч нерсе пайда болбойт.
Куранда адамдын жаратылуу керемети төмөнкүчө баяндалган:
Ант болсун, Биз адамды сүзүп (тандалып) алынган бир ылайдан жараттык. Кийин аны бир суу тамчысы абалында бекем корголгон бир жерге жайгаштырдык. Кийин ал суу тамчысын бир алак (эмбрион) кылып жараттык; анан ал алакты бир тиштем эт кылып жараттык; андан соң ал бир тиштем этти сөөк кылып жараттык; ошентип сөөктөргө эт кийгиздик; андан соң башка бир келбетте аны жасадык. Жаратуучулардын эң сонуну болгон Аллах кандай Улук. (Мүминун Сүрөсү, 12-14)
Курандын башка аяттарында жаратылуу керемети төмөнкүчө айтылат:
Адам «өз башымча жана жоопкерчиликсизмин» деп ойлойбу? Өзү куюлган маниден (спермадан) бир тамчы суу эмес беле? Анан бир алак (эмбрион) болду, анан (Аллах аны) жаратты жана бир «көрктүү келбет берди.» Ошентип андан эркек жана аял кылып жуп жасады. (Демек Аллах) Өлүктөрдү тирилтүүгө кудуреттүү эмеспи? (Кыямат Сүрөсү, 36-40)
... Анын маалыматы болбостон, эч бир аялдын боюнда болбойт жана төрөбөйт дагы. Өмүр сүргөнгө өмүр берилиши жана анын өмүрүнөн кыскартылышы да сөзсүз бир китепте (жазылуу). Чындыгында бул Аллах үчүн оңой. (Фатыр Сүрөсү, 11)
Демек, бүт адамдардын, жогорудагы мисалда айтылгандай, «бир заматта пайда болуп», аны жана айлана-чөйрөсүн кимдин жараткандыгына кызыккан адамдан эч кандай айырмасы жок.
Ошондуктан эң негизгиси, эгер айланасында, мисалдагы адам менен шаарда таанышып, аны жана айланасындагы бүт нерселерди жараткан Жаратуучубузду сүрөттөп бере алышаарын, колдорунда Андан келген бир китеп бар экендигин айткан кишилер сыяктуу, бирөөлөр бар болсо, аларды угушу зарыл. Же болбосо, булардын баарын көрмөксөн болуп, «бүгүн кечинде эмне кийем, баланчага эмне деп айтам» деген сыяктуу күн сайын кайталанган жана өлүм келген күнү бүт маанисин жогото турган суроолор менен өмүрүн өткөрүү жолун тандашы мүмкүн.
Эми сиз ойлонуп көрүңүз: бул эки жолдун кайсынысы акылмандуулукка, логикага жана абийирдүүлүккө жакшыраак туура келет?...
Адамды Аллах жараткан; бул акыйкатты эч ким тана албайт. Адамдын пайда болушун эч ким башка бир жол менен түшүндүрө албайт. Адам Жаратуучу тарабынан жаратылган, демек, жогорудагы аятта айтылгандай, «өз башынча жана жоопкерчиликсиз» боло албайт. Албетте, белгилүү бир максат менен жаратылган. Анда ал максатты кимден сурай алат?
Бул суроонун бир гана жообу бар: Аллах жиберген Китептен...