Куранда 19 Саны

Курандын математикалык кереметинин дагы бир тарабы болсо, аяттардын ичине 19 саны коддолуп жайгаштырылган. Мүдессир сүрөсүнүн 30-аятында көңүл бурулган бул сан Курандын кээ бир жерлерине коддолгон. Мисал катары, төмөнкүлөрдү айтууга болот:

◉ Бисмиллахиррахманиррахим 19 тамга.

◉ Куран 114 (19x6) сүрөдөн турат.

◉ Биринчи түшкөн сүрө (96-сүрө) аягынан санаганда 19-сүрө.

◉ Курандын биринчи вахий кылынган аяттары 96-сүрөнүн алгачкы 5 аяты жана бул аяттар 19 сөздөн турат.

◉ Вахий кылынган алгачкы сүрө (Алак сүрөсү) 19 аяттан турат.

◉ Акыркы вахий кылынган сүрө, Наср сүрөсү 19 сөздөн турат.

◉ Ошондой эле, бул сүрөнүн Аллахтын жардамы жөнүндө сөз кылган биринчи аяты да 19 тамгадан түзүлгөн.

◉ Куранда 114 (19х6) бисмиллах бар. Бул 19дун 6 эсесине барабар.

◉ Куранда 113 сүрө бисмиллах менен башталат. Башында бисмиллах келбеген жалгыз сүрө – бул, 9-катардагы Тообо сүрөсү. Куранда бир гана Немл сүрөсүндө эки бисмиллах бар. Бул бисмиллахтардын бири сүрөнүн башында, экинчиси болсо 30-аятта орун алган. Бисмиллах менен башталбаган Тообо сүрөсүнөн баштап санаганыбызда, Немл сүрөсүнүн 19-катарда орун алганын көрөбүз.

◉ Тообо сүрөсүнөн 19 сүрөдөн кийин турган 27-катардагы Немл сүрөсүнүн башында жана 30-аятында бисмиллах бар. Ошентип 27-сүрөдө эки бисмиллах орун алган. Бисмиллахтарды 114кө толуктаган – бул, 27-сүрөнүн 30-аяты.

◉ Сүрө жана аят номерлерин, т.а. 27 менен 30ду кошкондо, 57 (19х3) санын алабыз.

◉ Тообо сүрөсүнөн (9) Немл сүрөсүнө (27) чейинки сүрө номерлерин кошсок, (9+10+11+12+13+14+15+16+17+18+19+20+21+22+23+24+25+26+27=) 342 чыгат. Бул болсо 19дун 18 эсесине барабар.

◉ Номери 19 жана 19дун эсеси болгон аяттардагы Аллах ысмынын жалпы саны 133кө (19х7) барабар.

◉ «Жалгыз», «бир» деген мааниге келген «вахид» («и» тамгасы окулуп жатканда кошулат) сөзүнүн эбжед (абжад) мааниси (арап тилинде ар бир тамгага белгилүү бир сан туура келет, сөздөгү тамгалардын ошол сандык маанилеринин суммасы сөздүн эбжед маанисин билдирет) 19ду түзөт. Куранда бул сөз бир тамак түрү, бир эшик деген сыяктуу сөз айкалыштары катары да колдонулган. «Жалгыз Аллах» деп болсо 19 жолу колдонулган.

◉ 19 жолу «вахид» деген сөз айтылган аяттардын сүрө жана аят номерлеринин суммасы: 361 (19х19).

◉ «Бир гана Аллахка ибадат кылгыла» деген сөздүн арапчасы «вахдаху» 7:70, 39:45, 40:12, 40:84 жана 60:4 номерлүү аяттарда кездешет. Бул сандарды кайталабастан суммаласак, 361 (19х19) санын алабыз.

◉ Биринчи башталгыч тамгалардан (алиф, лам, мим; Бакара сүрөсү, 1-аят) акыркы башталгыч тамгаларга (нун; Калем сүрөсү, 1-аят) чейинки аяттардын саны 5263кө (19х277) барабар.

◉ Башталгыч тамгалар болгон биринчи сүрө менен башталгыч тамгалар болгон акыркы сүрөнүн ортосунда башталгыч тамгалар болбогон 38 (19х2) сүрө орун алган.

◉ «Рахман» сөзү болсо Куранда 57 (19х3) жолу кездешет.

◉ Куранда 30 түрдүү сан айтылган. Курандагы бул сандардын баарын (кайталоолор эске алынбастан) кошуп чыкканыбызда, 162146 чыгат. Бул болсо 19дун 8534 эсесине барабар:

1+2+3+4+5+6+7+8+9+10+11+12+19+20+30+40+50+60+70+80+99+100+200+300+ 1000+2000+3000+5000+50000+100000=162146 (19x8534).

◉ Курандын эң башынан баштап караганда 19 аяттан турган биринчи сүрөсү Инфитар сүрөсү болот. Бул сүрөнүн дагы бир өзгөчөлүгү – анын акыркы сөзү Аллах. Бул, ошол эле учурда, Раббибиздин «Аллах» деп эскерилген Курандагы аягынан караганда 19-ысмы.

◉ Сүрө номерлери 19дун эсеси болгон сүрөлөрдүн аяттарынын санын (бисмиллах кошо) суммалаганыбызда:

Сүрөлөрдүн Номерлери: Аяттардын Саны:
19 x 1 19. Cүрө 99
19 x 2 38. Cүрө 89
19 x 3 57. Cүрө 30
19 x 4 76. Cүрө 32
19 x 5 95. Cүрө 9
19 x 6 114. Cүрө 7
Жалпысы 19. Cүрө 266 (19x14) чыгат.

◉ «Каф» тамгасы менен башталган 50-сүрөдө 57 (19х3) даана «каф» тамгасы бар. Башында «каф» тамгасы жайгашкан 42-сүрөдө да кайра эле 57 (19х3) даана «каф» тамгасы орун алган. 50-сүрөнүн 45 аяты бар. Бул экөөсүн кошсок, 95 (19х5) чыгат. 42-сүрөнүн 53 аяты бар. Буларды кошсок 42+53 да, кайра эле 95 (19х5) чыгат.

◉ Каф сүрөсүнүн биринчи аятында Куран жөнүндө айтылган «Межид» сөзүнүн эбжед мааниси 57ге (19х3) барабар. Жогоруда айтылгандай, бул сүрөдө «каф» тамгалары да 57 жолу кездешет.

◉ Каф сүрөсүндөгү «каф» тамгалары кездешкен аяттардын номерлерин суммаласак, 19дун 42 эсеси болгон 798 санын алабыз. 42 саны болсо башталгыч тамгаларынын арасында «каф» тамгасы кездешкен башка бир сүрөнүн катар номери.

◉ «Нун» тамгасы бир гана 68-сүрөнүн башында орун алган. Бул сүрөдөгү «нун» тамгаларынын жалпы саны 133тү (19х7) түзөт.

Буга байланыштуу дагы төмөнкүдөй жагдайлар бар: Куранда;

◉ «Расул» (элчи, пайгамбар) деген сөз 513 (19х27) жолу,

◉ «Этиу» (моюн сунгула) деген сөз 19 жолу,

◉ «Раб» (камтылган формада колдонулгандардан тышкары) деген сөз 152 (8х19) жолу,

◉ «Абд» (кул), «абид» (кулчулук кылган киши) жана «ибадат» деген сөздөр болсо жалпысынан 152 (8х19) жолу кездешет.

Бул Куран Аллахтан башка бирөө тарабынан жалган катары ойлоп чыгарылган эмес. Бул мурункуларды тастыктоочу жана Китепти терең түшүндүрүп берүүчү. Мында эч шек жок, (бул) ааламдардын Раббисинен (келген). Же болбосо: «Муну өзү жалгандан ойлоп тапты» деп жатышабы? Айткын: «Ушуга окшогон бир сүрө алып келгиле жана эгер чынчыл болсоңор, Аллахтан башка чакыра алганыңарды(н баарын) чакыргыла.» (Йунус Сүрөсү, 37-38)

(Тереңирээк маалымат үчүн караңыз: Курандын кереметтери, Харун Яхья-Аднан Октар)

Айтышты: «Сен – Улуксуң, бизге үйрөткөнүңдөн башка биздин
эч кандай илимибиз жок. Чындыгында,
Сен – бардык нерсени билүүчү,
өкүмдар жана даанышмансың.»
(Бакара Сүрөсү, 32)