(Мындай) Дешти: «(Баары) Бул дүйнө жашообуз менен бүтөт, өлөбүз жана тирилебиз; бизди «эч токтобогон убакыт» (агымы) гана кыйратат (өлтүрөт).» Чындыгында болсо алардын бул жөнүндө эч кандай маалыматы жок; болгону ушинтип болжолдошууда.»
(Жасия Сүрөсү, 24)
Адамдардын кээ бирлери, эч кандай маалыматы же жол көрсөтүүчүсү же нурдуу китеби болбостон туруп, Аллах жөнүндө талаша берет.
(Хаж Сүрөсү, 8)
Ыймандуулардын канчалаган мыкты кулк-мүнөздөрүнө карабастан, бир адамдын динден алыс болушунун себептерин түшүнүү үчүн ал кишинин Ислам жана мусулмандар жөнүндөгү байкоолоруна жана ойлоруна токтолуу керек.
«Динден алыс» жашаган адамдардын эң негизги өзгөчөлүгү, башында да айтылгандай, алар элдин айткандарын угушат. Мындай адамдардын дээрлик бүт иш-аракеттери «көпчүлүктү ээрчүү» психологиясына таянат. Алардын дин жөнүндөгү көз-карашын да ушул психология калыптандырат.
Дин жөнүндөгү бүт көз-караштары ага айлана-чөйрөсү тарабынан сиңирилген. Куранды өмүрүндө бир жолу да окубаганы үчүн, дин дегенде оюна кичинекейинен ар кимден уккан нерселер келет. Дин жөнүндө айтылган нерселердин баарын чындап эле динде бар деп ойлойт. Куранды окуп, чыныгы динди үйрөнүүдөн болушунча качат жана айланасындагы адамдарга да өзүнүн көз-карашын сиңирип, көбүнчө алардын да динден алыс болушуна себепчи болот. Мындай туура эмес түшүнүктөгү адамдар Куранда төмөнкүдөй сүрөттөлөт:
Алар башкаларды да мындан тосушат жана өздөрү да качышат. Алар өздөрүнүн напсилерин (өздөрүн) гана кыйроого түртүшөт, бирок муну түшүнүшпөйт. (Энъам Сүрөсү, 26)
Мындай адамдардын бул караңгы түшүнүгүнөн улам, коомдун көпчүлүгүнүн дин менен жашабашына, динден алыс болушуна жана алардын да көпчүлүккө окшоп динден алыс жашашына «мыкты» шарт түзүлөт. Коомдогу атактуу жана белгилүү кишилердин динден алыс жашашы да, сабатсыздыктан улам, аларга терс таасирин тийгизет. Динден алыс болуу аркылуу өз оюнда «заманбапмын» жана «коомдогу аттуу-баштуу адамдарга окшошуп жатам» деп ойлойт. Мындай «көпчүлүк психологиясы» себебинен динден алыс болуунун акыреттеги натыйжасын да унутат.
Бирок, өлгөн кезден баштап ар бир адам жалгыз калат. «Аттуу-баштуулардын» ага эч кандай пайдасы болбойт. Аяттарда акыреттеги абал төмөнкүчө кабар берилет:
Алардын баары чогулуп (кыяматта) Аллахтын алдына чыкканда, алсыздар бой көтөргөндөргө: «Эч күмөнсүз, биз силерди ээрчиген элек, эми силер бизден Аллахтын азабынан кандайдыр бир нерсени тосо аласыңарбы?» дешти. «Эгер Аллах бизге туура жолду көрсөткөндө, биз да силерге туура жолду көрсөтмөкпүз. Эми арыздансак да, сабыр кылсак да айырмасы жок, биз үчүн кача турган бир жер жок» дешти. (Ибрахим Сүрөсү, 21)
Ант болсун, силерди алгач жаратканыбыз сыяктуу (бүгүн да) «бир бирден, жападан жалгыз (абалда) Бизге келдиңер жана силерге бергендерибизди артыңарда калтырдыңар. Араңардан чындыгында шериктер деп ойлогон шапаатчыларыңарды эми жаныңардан көрбөй турабыз. Ант болсун, араңардагы (байланыштар) талкаланып-үзүлдү жана күмөн кылгандарыңар силерден алыстады. (Энъам Сүрөсү, 94)
Адам «тандалгандык» түшүнүгүн туура эмес түшүнгөнү үчүн, өзүнө туура эмес адамдарды үлгү алат. «Караңгы» коомдун түшүнүгү боюнча, «тандалгандык» байлык жана атак-даңк сыяктуу баалуулуктарга таянат. Чындыгында болсо, «тандалган» инсандардан болууга Аллахка чын жүрөктөн жакын болуу аркылуу гана жетүүгө болот:
Күчтүү жана парасаттуу (акылман) кулдарыбыз Ибрахимди, Исхакты жана Йакубду да эстегин. Чындыгында Биз аларды бир гана (акыреттеги чыныгы) мекенди ойлонуп-эстеген ыкластуу пенделер кылдык. Жана чындыгында алар Биздин Кабатыбызда тандалгандардан жана жакшылардан. (Сад Сүрөсү, 45-47)
Динден алыс жашаган коом адамдарда туура эмес адаттарды калыптандырат. Эң биринчиден, адамдар кандай гана чөйрө болбосун, белгилүү бир «статуска» жетүү керек деп ойлошот. Антпесе, айланасындагы адамдардын эмне деп ойлоору ага эч тынчтык бербейт. Элдин арасында «айланадагылар мен жөнүндө эмне деп ойлоп жатат» деген ой гана аны кызыктырат. «Аллахтын ыраазылыгын көздөө» деген сөздүн маанисин да билбейт болушу керек. Ал бир гана адамдарды ыраазы кылууну көздөйт.
Динден алыс жашаган коом ага аял-эркек мамилелери жөнүндө да туура эмес тарбия берет. Эң негизги ураандарынын бири «аялдарды урматтоо жана аялдардын укуктарын коргоо» болгону менен, динден алыс коомдордо аялдар негизи кулдай эле иштетилет.
«Жүрүү» логикасы элдин аң-сезимине коомдогу социалдык маселелердин эң негизги ачкычындай сиңирилип, «флирт» (тийишүү), «жигити», «кызы» деген сыяктуу кооз сөздөр аркылуу заманбап көрсөтүлөт. Ар-намыс, адеп-ахлактык жактан тазалык сыяктуу динде абдан маани берилген жагдайлар жөнүндө бир катар маалымат каражаттары тарабынан атайын программалар даярдалып, адамдарга тескери багытта тымызын пропаганда жүргүзүлөт. Намысын коргогусу келген адамдар «көпчүлүк психологиясы» аркылуу же намыссыздыкка түртүлөт, же болбосо элден бөлүнүп калат. Коом тарабынан адамдарга ушундай жолдор аркылуу басым жасалат. Ошондой эле, элдин каалаганын кылбаса, каралоо аркылуу эл арасында күмөндүү жана ишенимсиз адамдарга айландырылышат.
Динден алыс жашаган кээ бир коомдордо мына ушундай туура эмес пропаганданын таасири менен никесиз байланыштарды кадимки нерседей көрө баштаган жаштар андан соң «гомосексуализмди да кадыресе көрүү керек» жана «бул сени гана кызыктырган бир тандоо маселеси» деген сыяктуу жалган пропагандага кабылышат. Гомосексуализм «динчил эмес болуунун», «маданий эр жүрөктүктүн», «өзүңдү ашып түшүүнүн» бир көрсөткүчү деп пропаганда кылынат. Уятсыздык да маанилүү бир кадамдай көрсөтүлөт.
Ошондой эле, Исламда Аллах эки адам эч бир жеке кызыкчылыгын көздөбөстөн, бири-бирин сүйүп, урматтап жашашы үчүн уруксат берген үй-бүлө жашоосу да бул системада бири-бирин эзүү үчүн колдонулат. Бул туура эмес системада эркек аялын өмүрүнүн калган бөлүгүндө аны багып, кийимдерин жууй турган жана тамагын бышырып, жыныстык муктаждыгын канааттандыра турган бир буюмдай көрөт. «Күйөө чабуу» пропагандасы менен чоңойтулган аял болсо күйөөсүн эртерээк бала төрөп өзүнө байлап ала турган жана ошентип келечегин кепилдикке алып, өзүнө керектүү жашоо стандартын камсыз кылдыра турган бир каражат катары көрөт. Материалдык жактан камсыз кылганы үчүн эркектен көз-каранды болуп калат жана күйөөсүнөн ажырап калбаш үчүн бүт ыкмаларды колдонот. Мындай үй-бүлө куруу, негизи, бир сойку менен белгилүү бир кызыкчылык үчүн бир канча саатка түзүлгөн келишимдей эле болуп калат, болгону мында келишим узунураак мөөнөткө, өмүр боюга түзүлөт. Бирок муну эки тарап тең ачык айтып мойнуна алгысы келбейт, анткен менен, ыңгайы келгенде муну «жашоонун чындыгы» деп тартынбай айта алышат. Ал тургай, эсеп менен үйлөнгөнүн айтып мактангандар да бар. Көрүнүп тургандай, мындай үй-бүлөнүн пайдубалы сүйүүгө эмес, акчага, эки тараптуу кызыкчылыкка жана жыныстык мамилеге таянат.
Бир кызыкчылык мамилесине айланган мындай үй-бүлөдө туруктуулук, опаа деген сыяктуу түшүнүктөр болбойт. Үй-бүлө куруп, жогоруда айтылган кызыкчылыктарга жеткен соң, бири-бирин алдап кеткен, кыянаттык кылган түгөйлөрдүн санынын күн санап өсүп жатышы – мунун табигый бир натыйжасы. Мындай кыянаттыктарды түгөйүнөн жашырып же эки тараптуу келишим аркылуу уланткандар да көбөйүүдө. Ошентип «заманбап үй-бүлө» системасынын өзөгү динде сүрөттөлгөн үй-бүлө моделинен алыстатылып, коомдо белгилүү чөйрөлөр тарабынан пропаганда кылынган «эркин жыныстык мамилеге» ачылган бир эшикке айланды.
«Заманбаптык» (модерндик) деген ат менен пропагандаланган, динге туура келбеген жашоо стили, негизи, өз алдынча пайда болгон бир философия эмес. Адамдарды диний адеп-ахлактан толугу менен алыстатып, ага карама-каршы бир түзүлүштү орнотууга, Аллах койгон чектерди алып салууга аракет кылган, жалганчы бир система. Бул жалганчы система бир гана жыныстык жана үй-бүлөлүк мамилелер менен эле чектелбестен, бүт баалуулуктарга кол узатат. Ислам дини талап кылган жогорку адеп-ахлактык баалуулуктардын бир бөлүгүн (намыс, адеп-ахлактык тазалык сыяктууларды) толугу менен жок кылууга аракеттенсе, бир бөлүгүн өзүнүн жалганчы системасына ыңгайлаштырып, негизги максатынан бурмалоону көздөйт. Мисалы, Аллах жолундагы чынчылдык, эр жүрөктүк, күрөшчүлдүк сыяктуу кулк-мүнөздөр Куранда макталган. Адилетсиздик менен сөз, пикир аркылуу күрөшүү, акыйкатты, чындыкты айтуу үчүн эч нерседен коркпоо, Аллахка болгон ишенимине таянып эр жүрөк болуу, Аллахтан башкадан коркпостон керек учурда өлүмгө тике кароо ыймандуулардын эң негизги өзгөчөлүктөрүнөн. Бирок сөз болуп жаткан жалганчы система болсо буларды такыр туура эмес чечмелеп, эр жүрөктүктү «эң коркунучтуу нерселерди кылып көрүү», чынчылдыкты «уятсыздыктарды уялбастан, апачык көрсөтүп жасоо», күрөштү болсо «буларды өлгөнгө чейин жактап, элдин баарына жайылтуу» деп түшүндүрүүдө.
Бул жалганчы системада бойго жеткен эркектерде «эр жүрөктүк» түшүнүгү оройлук, бейбаштык, адамдардын акысына кол салуу, өз кызыкчылыгын ойлоо, адамдарды колдонуу, зомбулук, урушчаактык, бой көтөрүү жана текебердик сыяктуу терс мүнөздөр менен сыпатталып, бул бузуку психология «эр жигиттик» деген ат менен жаштарга идеал көрсөтүүгө аракет кылынууда. Орой, сүйлөгөн сөзүн билбеген, оозу бузук жана ашыкча сүйлөгөн адамдар «түз сүйлөгөн киши» деп макталууда.
Аллах ушул сыяктуу терс мүнөздөрү бар адамдардын ишенимсиз экендигин төмөнкүчө кабар берген:
Ушулардын эч бирине баш ийбе (ээрчибе): Ант ичип турган, төмөн (пас адам). Болушунча (бирөөлөрдү) айыптап жамандаган, сөз ташыган. Жакшылыкка бут тосуусун уланткан, урушчаак, болушунча күнөөкөр (күнөөгө баткан). Орой, урматсыз жана да куу (амалкөй). Байлык жана балдарына манчыркап, аяттарыбыз окулганда, «(булар) мурдакылардын жомоктору» деген (киши). (Калем Сүрөсү, 10-15)
Ушундай туура эмес түшүнүктөрдүн натыйжасында «сүйүү» түшүнүгүнүн мааниси да өзгөргөн. Сүйүүнүн «күчү» тигил адамдын канчалык материалдык кызыкчылык берээринен жана канчалык аны менен мактанууга болоорунан көз-каранды болот. Ошондой эле, динден алыс системада сүйүү ар кандай көрүнүш жана имидждерге таяндырылган. Албетте, бул чыныгы сүйүү эмес. Мындай караңгы коомдо көпчүлүк жаш кыздар кымбат машинасы, чоң үйү бар, келбети келишимдүү жигитке бир көргөндө эле «ашык» болушат. Кандайдыр бир оору же кырсыктан улам бул дүнүйөлүк кызыкчылыктар жоголоор замат, «ашыктык оту» да өчөт.
Коом ага өз баалуулуктарын, көз-караштарын таңуулап, аны Аллах, дин жана жаралуу максаты жөнүндө эч нерсе ойлонбогон бир адамга айландырат. Себеби аны программалаган караңгы коом ага башка сансыз милдеттерди жүктөйт. Эң биринчиден, караңгы коом айткандай «өзүнүн кемесин куткарып», б.а. жашоосун орноштуруп, андан соң коомдо белгилүү бир «статуска» ээ болушу керек. Ал үчүн башка адамдарды пайдаланат, керек болсо аларды эзип, четке чыгарат.
Анткени бул караңгы түшүнүк боюнча, «жашоо күрөш» жана «чоң балык кичине балыкты жутушу» керек. Алсыз, күчсүздөрдүн четке чыгарылып, эзилиши табияттын мыйзамы деп кабыл алынат. Ага зыяны тиймейинче, башкалардын да ушундай көз-карашта болушун кадыресе кабыл алат, себеби «ага тийбеген жыландар каалашынча жашай берсе болот».
Бирок иштер ал күткөндөй болбой калып, ийгиликке жетпей калганда жана коомдогу кыялданган статусуна ээ боло албай калганда, бул философия өзүнүн зыянына иштеп баштайт. Бир караса, динден алыс жашаган бул коом тарабынан кордолуп, эзилген жана басмырланып, четке түртүлгөндөрдүн катарына өзү да кирип калган болот. Мурда «мени кадыр-барктуу кылат» деп ойлогон эрежелер эми аны басмырлап жаткан болот. Айланасындагы достору бир заматта жоголуп, бактысыз болуп, жалгыз калат.
Ал аз келгенсип, айланасында «өзүнөн чоң балыктардын» айланып баштаганын байкайт. Ишенээр адам, карманаар бутак же жардам берээр бирөөнү издесе да, таба албайт. Куранда динден алыс жашаган адамдардын чарасыз калганда Аллахка кайрылаары төмөнкүчө кабар берилген:
Кургактыкта жана деңизде силерди Ал саякат кылдырат. Силер кемеде баратканыңарда, кемелер жагымдуу жел менен аларды сүздүрүп баратканда жана буга сүйүнүп жатышканда, (капыстан) ага добул шамал келип согот жана ар тараптан толкундар аларды курчап калат; эми алар бул (толкундарга) чындап курчалып калдык деп ойлошкондо, динде Ага «чын көңүлдөн моюн сунуп» (чын ыкластан) Аллахка дуба кылып башташат: «Ант болсун, эгер мындан бизди куткарчу болсоң, сөзсүз Сага шүгүр кылгандардан болобуз.» (Йунус Сүрөсү, 22)
Бирок Аллах дубасына жооп берип, аны кыйынчылыктан куткарганда болсо, Аллахка жалбарбагандай болуп, кайрадан мурдакы түшүнүгүнө кайтат:
Бирок (Аллах) аларды куткарганда болсо, ошол замат акыйкатсыздык менен жер жүзүндө чектен чыгып башташат. Эй адамдар, силердин чектен чыгууңар өзүңөргө гана зыян; (бул) дүйнө жашоосунун убактылуу алдамчы кооздугу. Кийин Бизге кайтасыңар, Биз болсо кылгандарыңарды силерге кабар беребиз. (Йунус Сүрөсү, 23)
Мындай кишилердин туура эмес түшүнүгү боюнча, «бүт нерсени метафизика менен түшүндүрбөстөн, реалист болуу» керек. Бул окуядан маанилүү тажрыйба алып, өз аракетим менен кутулдум деп ойлойт. «Жашоонун өйдө-төмөнүн» көрдүм дейт. Жаман күндөрдү башымдан өткөрдүм, эми ал күндөр артта калды деп ойлойт. Мурдакыга караганда бышып, тажрыйбалуураак болуп калдым дейт. Бул түшүнүк, албетте, акылга сыйбайт. Ыймансыз адамдардын бул бузук психологиясы да Куранда кабар берилген:
Ант болсун, Биз адамга тарабыбыздан бир мээрим таттырып, анан аны андан алып койсок, албетте, ал (эми) үмүтүн үзгөн бир шүгүрсүзгө айланат. Жана ант болсун, ага келген бир кыйынчылыктан соң, ага бир жакшылык берсек, албетте, «жамандыктар менден кетти» дейт. Себеби ал көпкөн мактанчаак. (Худ Сүрөсү, 9-10)
Мындай шүгүрсүз адамдар өмүрүнүн калган бөлүгүндө да ушул сыяктуу балээлерге туш болушат. Аллах балким, тообо кылып Ага жалбарса, ар бир жолкусунда ал кишинин тилегин орундатат. Бирок ал киши ага берилген сый-жакшылыктардын баркын билбейт жана бул акылсыздыгынан улам бул дүйнөдө да, акыретте да азаптуу, оор жашоого туш болот.
Өмүрүн ыймансыз бойдон өткөргөн бул кишиге ажал келгенде, тообо кылуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт жана ага башка мүмкүнчүлүк берилбейт. Себеби ал өмүр бою өзүнүн кандай экенин көрсөткөн болот. Аллах мындай адамдардын акыйкатты көргөндө кантип бушайман болоорун Курандын көптөгөн аяттарында кабар берген:
Оттун үстүндө токтотулганда аларды бир көрсөң; (мындай) дешет: «Аттиң (дүйнөгө дагы бир жолу) кайра кайтырылып, Раббибиздин аяттарын калпка чыгарбай жана ыймандуулардан болгонубузда кана.» Жок, аларга мурда жашырган нерселери ачык айтып (көрсөтүлүп) берилди. Эгер (дүйнөгө) кайра кайтарылышса, эч күмөнсүз, эскертүү берилген нерселерди кайра эле жасай беришет. Себеби алар чындыгында каапырлар. (Энъам Сүрөсү, 27-28)
Ошондуктан акылман, жүрөгү таза кишилер бул дүйнөдө жашап жаткан кезде бүт туура эмес иштерин оңдогонго жана кулк-мүнөзүн түп-тамырынан өзгөртүп, жакшыртканга аракет кылышы зарыл. Аяттарда мындай деп айтылат:
Аллах кимди адаштырса, андан соң анын бир да колдоочусу (велиси) болбойт. Азапты көргөн кезде ал залимдерди бир көрсөң; «артка кайтууга бир жол барбы?» дешет. Аларды кор болуп, баштары шылкыйган абалда, ага (отко) киргизилип жатканда, көздөрүнүн учу менен сездирбестен караганын көрөсүң. Ыймандуулар болсо: «Чындыгында кыйроого (азапка) туш болгондор кыямат күнү өздөрүнүн напсилерин да, жакын туугандарын (же досторун) да кыйроого дуушар кылышты» дешет. Кабарыңар болсун, чындыгында залимдер бүтпөгөн бир азаптын ичинде болушат. Алардын Аллахтан башка жардам берээр колдоочулары (велилери) жок. Аллах кимди адаштырса, андан соң ага эч кандай (чыга турган) жол жок. Аллахтан артка кайтарылбас бир күн келээрден мурда, Раббиңердин буйруктарын аткаргыла. Ал күнү силер үчүн жашына турган бир жер да болбойт жана силерге (акыйкатты, динди) танууга (мүмкүнчүлүк) да болбойт. (Шура Сүрөсү, 44-47)