Дүйнө Жана Акырет Жашоосу

Аялдарга, балдарга, сандык сандык жыйылган алтын жана күмүшкө, күлүк көркөм аттарга, жаныбарларга жана түшүмдөргө болгон бекем (күчтүү) арзуу адамдарга «кооз жана өзүнө тартуучу» көрсөтүлдү. Булар – дүйнө жашоосунун жалган кооздуктары. Чыныгы барыла турган сонун жер – Аллахтын Кабатындагы (мекен). Айткын: «Силерге мындан жакшысын кабар берейинби? Коркуп-тартынгандар үчүн Раббилеринин Кабатында ичинде түптүү жашай турган, астынан дарыялар агып турган бейиштер, таптаза жубайлар жана Аллахтын ыраазылыгы бар. Аллах кулдарды толугу менен көрүп туруучу.»
(Али Имран Сүрөсү, 14-15)

Негизи адамдардын жогоруда айтылгандай туура эмес жолдорго түшүшүнө алардын акыретти түшүнө албашы себеп болот. Куранда айтылгандай, Аллах бул дүйнөнү адамдарга убактылуу мекен кылып жараткан. Ыймандуулардын сыноодон өтүп, жамандыктардан тазаланып, бейишке ылайыктуу кулк-мүнөзгө жетиши, ал эми ыймансыздардын болсо жамандыгынын көрүнүшү үчүн.

Бирок «караңгы» коомдордун эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири; алар бул акыйкатты унутуп, эч өлбөчүдөй бул дүйнөгө жабышышат. Бул түшүнүктөн «караңгы» кулк-мүнөз келип чыгат. «Адам бул дүйнөгө бир жолу келет» деп ойлонгон бул негизсиз көз-караш боюнча, адам өлгөндө баары бүтөт. Ошондуктан, тирүү кезде «жашоодон ырахат алуу» керек. Ал үчүн ар кандай жолго барууга болот. Себеби «караңгы» коомдо адамга кызыкчылык алып келе турган нерселердин баары «мыйзамдуу» деп жарыяланган. Бирок чындык эч алар ойлогондой эмес.

«Караңгы» коомдун кишилери акылын такыр иштетпейт. Өлүмдүн ар бир адамга бир күнү сөзсүз келээри белгилүү. Бирок бул жөнүндө мүмкүн болушунча сөз козгобогонго аракет кылышат. Өлүм жөнүндө сүйлөгөн кишини «ашыкча сүйлөдү» дешет. Көп адамдар эч өлбөчүдөй бир түшүнүк менен жашашат. Бирок мындай түшүнүктөгү кишилердин көпчүлүгү Аллахтын бар экенин кабыл алышат. Ошондуктан акыретти да кабыл алабыз дешет. Бирок жакшылап караганда, бул адамдардын акыретке чындап ишенбей тургандыгын көрүүгө болот. Аяттарда бул психология төмөнкүчө сүрөттөлгөн:

Чындыгында, булар тез өтүп кете турганды (дүйнөнү) жакшы көрүшүүдө. Алдыларында турган оор күндү унутуп жатышат. (Инсан Сүрөсү, 27)

... (Алардын) Ар бири миң жыл жашагысы келет; бирок мынча жашоо аны азаптан куткарбайт. Аллах алардын кылган иштерин көрүп турат. (Бакара Сүрөсү, 96)

Абайлагыла; чындыгында алар Жаратуучуларына жолугуудан терең шектенишүүдө. Абайлагыла, чындыгында Ал бардык нерсени ороп-курчоочу. (Фуссилет Сүрөсү, 54)

Акыретти ойлонбоодон келип чыккан «бул дүйнөдө түбөлүк жашоо» каалоосу «караңгы» коомго өтө зор таасирин тийгизет. Көп адамдар бул дүйнөгө өлгөндөн кийин «атын сактап кала турган» бир «чыгарма» калтыргысы келет. Мунун ага эч кандай пайдасы тийбейт, бирок «унутулуп калбайын» деген кызыктай бир психологиядан улам гана эбегейсиз бир байлык же атактуу бир шедевр калтырып кетүүнү көздөйт. Албетте, бир адамдын адамзатка пайдалуу мыкты чыгармаларды калтырышы мактоого татыйт, бирок биз бул жерде мындай адамдардын кызыктай максатын сындап жатабыз. Куранда динден алыс адамдардын мындай туура эмес түшүнүгү төмөнкүчө сүрөттөлгөн:

Аларга бир туугандары Худ: «Тартынбайсыңарбы?» деген эле. «Чындыгында, мен силерге жиберилген ишенимдүү бир элчимин (пайгамбармын). Эми Аллахтан коркуп-тартынгыла жана мага моюн сунгула. Ал үчүн мен силерден бир акы сурабайм; менин акымды бир гана ааламдардын Рабби берет. Силер бүт бийик жерлерге бир эстелик куруп, (пайдасыз нерселерге) алаксып көңүл ачып жатасыңарбы? Өлүмсүз болом деген үмүт менен көркөм нерселерди куруп жатасыңарбы?» (Шуара Сүрөсү, 124-129)

Ал байлык жыйып чогултат жана аны кайра кайра санайт. Чындап байлыгым мени түбөлүктүү кылат деп ойлойт. (Хумаза Сүрөсү, 2-3)

«Караңгы» коомдун акырет ишеними да такыр туура эмес болот. Караңгы коомдогу кишилер акыретке так маалымат-далилдер менен ишенишпейт. Эң ыймандуудай көрүнгөндөрү да «акырет бар болсочу» деген күмөндөн ары өтө алышпайт. Болгондо да, акырет жөнүндө ушундай караңгы түшүнүктө жүргөндөр өздөрүнүн бейишке бараарынан эч күмөн санашпайт. Кехф Сүрөсүндөгү бир кыссада (баянда) айтылган киши «караңгы» коомдун жалпы көз-карашын чагылдырат:

Аларга эки адамдын мисалын айтып бер; алардын бирине эки жүзүм багын бердик жана экөөсүндө (тең) курма бактары бар болчу, экөөнүн ортосунда болсо эгиндер өстүрдүк.

Эки бак тең мөмө берип, андан эч нерсени кем кылган жок жана ортолорунан бир дарыя атылып чыгып турчу. (Экөөсүнөн) Бирөөнүн башка түшүм (берген жер)лери да бар эле. Ошентип аны менен сүйлөшүп жатканда досуна: «Мен мал-мүлк жагынан сенден байыраакмын, адам саны жагынан да күчтүүрөөкмүн» деди.

Өз напсисине зулумдук кылып (ошентип) багына кирип: «Муну эч качан куурап-жок болбойт деп ойлойм» деди. «Кыямат саатын да келбейт деп ойлойм. Ошентсе да, Раббиме кайтарылып бара турган болсом, күмөнсүз, мындан жакшыраак акыбетке жетем.»

Аны менен сүйлөшүп жаткан досу ага мындай деди: «Сени топурактан, анан бир тамчы суудан жараткан, анан сени бир тартиптеги (колу буту иштеген, күч-кубаты ордунда) бир адам кылган (Аллах)ты жокко чыгарып жатасыңбы? Бирок, Ал Аллах менин Раббим жана мен Раббиме эч кимди шерик кошпойм. Багыңа киргенде, «МашаАллах, Аллахтан башка күч-кудурет жок» дешиң керек эмеспи? Эгер мени мал-мүлк жана балдар жагынан өзүңдөн азыраак (күчтө) деп ойлосоң. Балким Раббим мага сенин багыңдан жакшыраагын берээр, (сеникинин) үстүнө асмандан «күйгүзүп-кыйратуучу бир апаат» жиберип, (ал) түптүз бир топуракка айланып калышы мүмкүн. Же анын суусу түбүнө тартылып кетип, аны эч издеп таба албай каласың.»

(Анан) Анын түшүмдөрү (апааттар менен) оролду. Эми ал короткон каражаттары үчүн колдорун (кайгыруу менен) ушалап калды. Ал (бактын) чатырлары кулаган эле, өзү болсо мындай деп жатты: «Аттиң, Раббиме эч кимди шерик кошпогонумда кана.»

Аллахтан башка ага жардам бере турган эч ким жок эле, (жана) өзүнө өзү да жардам бере алган жок. Мына ушул жерде (ушундай абалда) колдоо көрсөтүү (достук, көмөк көрсөтүү) акыйкат Аллахтын колунда. Ал сооп жагынан жакшы, (жана) натыйжа жагынан (да) жакшы. (Кехф Сүрөсү, 32-44)

Башка бир сүрөдө «акырет мүмкүн бар болсо» деген сабатсыз түшүнүктү айтып, андан соң өзүн бейиштикмин деп жарыялаган караңгы түшүнүк төмөнкүчө баяндалган:

Ал эми ага келген зыяндан кийин тарабыбыздан бир мээрим таттырсак, сөзсүз: «Бул менин (акым). Жана мен кыямат-саатын да келбейт деп ойлойм; эгер Раббиме кайтарылсам да, сөзсүз Анын Кабатында мен үчүн (бул жакшылыктардын) жакшыраагы бар» дейт. Бирок, ант болсун, Биз ал каапырларга кылгандарын кабар беребиз жана ант болсун аларга эң оор азаптан таттырабыз. (Фуссилет Сүрөсү, 50)

Бул аятта, көңүл бурган болсоңуз, Аллах муну айткан кишинин ыймансыз (каапыр) экендигин кабар берүүдө.

Аллахтын бар экенин кабыл алган адам акыретке толук ишенет. Адамды Аллах жаратат, аны тамактандырып, өмүр сүрдүрөт жана ага сансыз сый-жакшылыктарды берип, аябай боорукердик көрсөтүп, мээрим төгөт. Жана, албетте, булардын баарына шүгүр кылып, жакшы иштерди кылгандар менен шүгүрсүздүк кылгандар, б.а. Аллахтын жакшылыктарын көрбөгөндөр бир болбойт. Себеби, Аллах пенделерине карата абдан боорукер жана мээримдүү.

«Ар бир жан (напси) өлүмдү татат.» (Анбия Сүрөсү, 35) деп аятта айтылгандай, ар бир адам бул дүйнөдө кыска убакыт жашаган соң, сөзсүз көз жумат. Аллах адамды белгилүү бир убакыт өмүр сүрдүрткөн соң, жанын алат. Бул мөөнөт аятта «сабак ала турган адам сабак ала турганчалык (узун) өмүр бербедикпи?» (Фатыр Сүрөсү, 37) деп сүрөттөлгөн.

Адам өлгөндө жок болбойт, тескерисинче чыныгы жашоого кадам таштайт. Ансыз да, бул дүйнөнүн убактылуу экендигин жана чыныгы жашоонун бир үлгүсү катары жаратылгандыгын ой жүгүрткөн адам оңой эле түшүнө алат. Бул дүйнөдөгү бүт кооздуктар убактылуу, жана көптөгөн кемчиликтер менен жаратылган. Дүйнөдөгү эң сулуу адам бул сулуулугун көп болсо бир канча он жыл гана сактай алат. Улгайган сайын териси бырышып, денесинин калыбы бузулуп баштайт. Сөзсүз улгайышы шарт эмес, эң жагымсыз нерселер адамды дайыма жандап жүрөт. Адамдын денесине анын алсыздыгын көрсөтө турган өтө кызыктуу механизмдер жайгаштырылган. Бир канча күн жуунбаса, денесинде жаман жыттар пайда боло баштайт. Канчалык сулуу жана ажардуу болбосун, эң чоң алсыздык анда да болот, тагыраак айтканда, бүт адамдар сыяктуу ал да ажатканага барат.

Адамдардын көпчүлүгү көнүп калгандыктан, бул алсыздыктарда бир «даанышмандык» бар экенин көбүнчө байкашпайт. Чындыгында болсо, Улуу Аллах кемчиликсиз жаратуучу. Аллах кааласа, адам эч оорумак эмес, эч жаман жыттанмак эмес жана эч качан күчтөн таймак эмес. Мындай кемчиликтердин баары адамга Улуу Аллахка муктаж экендигин эстетип туруу үчүн жаратылган. Ошондой эле, бул дүйнөдөгү жашоонун кемчиликсиз эместигин жана анын чыныгы жашоонун атайын кемчиликтер менен жабдылган бир үлгүсү экендигин сездирүү үчүн. Дүйнө жана акырет жөнүндөгү Курандын бир аяты муну эң сонун сүрөттөгөн:

Билип койгула, дүйнө жашоосу жалаң гана бир оюн, «жагымдуу бир алаксуу», бир кооздук, өз араңарда бир мактануу, мал-мүлк жана бала-чаканы «көбөйтүү каалоосу» гана. Бир жамгыр мисалындай. Ал (жамгыр) өстүргөн эгин (аны) эккендердин көңүлүнө жагат, анан (ал) куурайт. Бир карасаң, сапсары болгон болот, кийинчерээк болсо ыпыр-сыпырга айланат. Акыретте болсо оор азап; (же) Аллахтан бир кечирим жана бир ыраазылык бар. Дүйнө жашоосу – алдамчы бир кооздук гана. (Хадид Сүрөсү, 20)

Анда, чыныгы жашоо кандай? Чыныгы жашоонун ыймандуулар үчүн бейиш жашоосу жана ыймансыздар үчүн тозок жашоосу болуп экиге бөлүнөөрүн элдин баары билет. Бирок «караңгы» коом бейиш менен тозок жөнүндө да көптөгөн чындыкка сыйбаган көз-караш, «жомокторду» ойлоп табышкан. Ошондуктан акырет жашоосу жөнүндөгү туура маалыматтарды Курандын аяттарынан гана ала алабыз.