Ыймансыздарды Күткөн Тозок

Аны жалгыз кылып жаратканымды Мага кой. Мен ага «ушунчалык көп мал-мүлк» бердим. Көз алдында даяр балдар. Жана сансыз мүмкүнчүлүктөрдү алдына койдум. (Ал болсо) мындан да көбөйтүшүмдү каалап, ач көздүк кылат. Жок; себеби ал Биздин аяттарыбызга карата «катуу кежирлик кылат.» Аны болушунча тик бир тоого (дөбөгө) айдайм. Себеби ал ойлонуп, бир өлчөм аныктады. Каргыш ургур, кандай өлчөм койду? Дагы бир жолу каргыш ургур, кандай өлчөм койду? Анан бир карады. Анан кабагын бүркөп, чекесин тырыштырды. Анан терс бурулуп, бой көтөрдү. Анан: «Бул болгону «башкалардан үйрөнүп алынган» бир сыйкыр» деди. «Бул болгону бир адамдын сөзү.» Аны Мен тозокко сүйрөп-ыргытам. Тозок (сакар) деген эмне, сен билесиңби? Ал жөн калтырбайт жана жөн койбойт. Адамга абдан суусаган.
(Мүдессир Сүрөсү, 11-29)

Бейиш канчалык кооздуктарга жана сый-жакшылыктарга толо болсо, тозок ошончолук жагымсыз нерселерге жана азаптарга толо. Ыймандуулар менен ыймансыздардын ортосундагы бул дүйнөдө эле пайда болгон чоң айырма акыретте эң жогорку чекке жетет. Адамзатты жаратып, өмүр сүрдүргөн жана адамзатка динин жиберген Аллахты жокко чыгаргандар же Ага моюн сунбагандар түбөлүк азап менен жазаландырылат.

Аллах Куранда тозокко татыктууларды төмөнкүчө сүрөттөгөн:

Ким ага «туптуура жол» апачык белгилүү болгон соң, элчиге (пайгамбарга) каршы чыкса жана ыймандуулардын жолунан башка бир жолду ээрчисе, аны кайткан нерсесинде калтырып койобуз жана тозокко салабыз. Ал кандай жаман орун!.. (Ниса Сүрөсү, 115)

Диндерин бир оюн жана күлкү кылып алгандарды жана дүйнө жашоосу аларды текебер кылгандарды жөн кой. Ал (Куран) аркылуу эскерт; бир напси өз кылгандары менен азапка туш болбосун; (мындайдын) Аллахтан башка досу да, шапаатчысы да жок; (кутулуу үчүн) эмне берсе да кабыл алынбайт. Мына ошолор кылгандары үчүн кыйроого туш болгондор; каапырдыкка адашкандыгы үчүн аларга катуу кайнаган суулар жана оор бир азап бар. (Энъам Сүрөсү, 70)

Алтын менен күмүштү жыйнап, Аллах жолунда коротпогондор... Аларды оор бир азап менен сүйүнчүлө. Алардын үстү тозок отунда күйгүзүлө турган күнү алардын маңдайына, капталдарына жана жондоруна булар менен тамга басылат (жана:) «мына ушулар өзүңөр үчүн жыйнап-сактаганыңар; жыйнап-сактаганыңарды таткыла» (деп айтылат). (Тообо Сүрөсү, 34-35)

Ага: «Аллахтан корк» деп айтылганда, текебердик (бой көтөрүү) сезими аны күнөөгө түртөт, (аны) оройт. Мындайга тозок жетет; ал кандай жаман бир мекен. (Бакара Сүрөсү, 206)

Тозокко кире тургандардын орток өзгөчөлүгү; алар динге чакырылганда, андан жүз бурушат:

Суръа (сур) чалынды (үйлөндү), анан Аллах каалагандан башка асмандардагылар жана жердегилер сүзүшүп-кулашты. Кийин ал дагы бир жолу чалынды, эми алар тик болуп карап турушат. Жер Раббиңдин нуру менен жаркырады; китеп койулду; пайгамбарлар жана күбөлөр алып келинди жана араларында чындык (адилеттик) менен өкүм чыгарылды, алар адилетсиздикке кабылышпайт. Ар бир напсиге (адамга) кылганынын толук акысы берилди. Ал алардын кылганын жакшыраак билүүчү. (Чындыктан) Баш тартуучулар тозокко бөлүк бөлүк айдалышты. Аягында ал жерге келишкенде, эшиктери ачылды жана аларга (тозоктун) кайтаруучулары айтышты: «Силерге Раббиңердин аяттарын окуган жана бүгүнкү күнгө жолугаарыңарды (айтып) силерди эскерткен элчилер келишпеди беле?» Алар: «Ооба.» дешти. Бирок азап сөзү каапырлардын башына акыйкат болду. Мындай дешти: «Ичинде калуучулар катары тозоктун эшиктеринен (ичкери) киргиле. Текеберленгендердин конок жери канчалык жаман.» (Зүмер Сүрөсү, 68-72)

Оттун ичиндегилер тозоктун кайтаруучуларына мындай дешти: «Раббиңерге дуба кылгыла; азаптан бир күн (болсо да) бизге жеңилдетсин.» (Кайтаруучулар:) «Силерге өз Пайгамбарларыңар анык далилдер менен келчү эмес беле?» дешти. Алар: «Ооба» дешти. (Кайтаруучулар:) «Андай болсо силер дуба кылгыла» деп айтышты. Чындыгында болсо, каапырлардын дубасы туюкта калуу гана. (Момун Сүрөсү, 49-50)

Тозокко кире тургандардын бир бөлүгү бул дүйнөдө Аллахтын азабы жөнүндө ойлонбогондордон турат. Аяттарда мындай деп айтылат:

Китептен бир үлүш берилгендерди көргөн жоксуңбу? Ортолоруңарда Аллахтын Китеби өкүм чыгарсын деп чакырылганда, алардын бир бөлүгү жүз бурушат. Алар мына ушинтип артка бурулушат. Бул алардын: «Биз отко саналуу күнгө гана киребиз» дегени себептүү. Алардын мындай дооматтары аларды диндери жөнүндө жаңылыштыкка түшүргөн. Эми аларды эч күмөнсүз келе турган бир күнү топтогонубузда жана ар бир напсиге (адамга), эч кандай адилетсиздикке туш кылынбастан, тапкан-чогултканы толугу менен төлөнгөндө эмне болот? (Али Имран Сүрөсү, 23-25)

Тозоктогу үрөй учурарлык абалды сүрөттөгөн башка кээ бир аяттар төмөнкүдөй:

Алар бири-бирине көрсөтүлүшөт. Бир кылмышкер-күнөөкөр ал күндүн азабынан кутулуу үчүн балдарын садака чапкысы келет; өз жубайын жана бир тууганын, жана аны баккан тууган-уругун да; жер бетиндегилердин баарын (берип), кутулгусу келет. Жок; (эч бири кабыл алынбайт). Чындыгында ал (тозок) алоолонуп күйүп жаткан от. Баштын терисин кууруп сыйрыйт. Жүз буруп, артка бурулганды чакырып-турат. (Тынымсыз мал-мүлк жана байлык) Топтоп бир жерге (үстү-үстүнө) чогултканды. (Меариж Сүрөсү, 11-18)

Ал жерде алар үчүн «сөөктөрдү чатыраткан сыздоолор» бар. Алар ал жерде угушпайт дагы. (Анбия Сүрөсү, 100)

(Мындайдын) Алдында тозок бар жана (ал жерде) ириңдүү суудан ичирилет. Жутунууга аракет кылат, бирок тамагынан өткөрө албайт, ага бүт тараптан өлүм келет, бирок өлбөйт дагы. Андан соң, андан да катуу бир азап болот. (Ибрахим Сүрөсү, 16-17)

Ал күнү кылмышкер-күнөөкөрлөрдүн (бекем) чынжырларга байланганын көрөсүң. Кийимдери (жабышчаак) кара желимден (болот), жүздөрүн жалын каптайт. (Ибрахим Сүрөсү, 49-50)

Чындыгында, ал заккум дарагы; (ал) Күнөөкөрдүн тамагы. (Оттон) Ширеткич сыяктуу; курсактарда кайнай берет; Кайнак суунун кайнашы сыяктуу. «Аны кармап, тозоктун ортосуна айдагыла.» «Анан кайнак суунун азабынан башынан ылдый куйгула. (Азапты) Тат, себеби сен (өз оюңда) жогору, кадыр-барктуу элең. (Духан Сүрөсү, 43-49)

Бул аяттарда айтылган бейиш жана тозоктун экөө тең – чыныгы акыйкат. Бул дүйнөнү жана бул дүйнө жашоосун жараткан Аллах аларды да жаратаарын кабар берген. Ыймансыз адамдар канчалык бул акыйкаттарды көргүсү келбесе да, сөзсүз аларга жолугат. Бир Ислам аалымы айткандай, акыретти ойлонбогон адам төө кушка окшошот. Башын кумга көмүп алганда сыртты көрбөй калат, жана натыйжада «мени да эч ким көргөн жок» деп ойлойт. Чындыгында болсо, дүйнө жүзүндөгү ар бир адамдын бүт кылган иштерин Аллах көрүп, жаздырып турат.

Дин менен жашоого чакырылып, бирок бул чакырыкты кабыл албай, ыймансыздардын жолуна түшкөндөр тозокко татыктуу кишилерге айланышат. Мындай кишилер жөнүндө аяттарда минтип айтылат:

... Силерге Раббиңердин аяттарын окуган жана ушул күнгө жолугаарыңарды (айтып) силерди эскерткен элчилер (пайгамбарлар) келген жокпу? (Зүмер Сүрөсү, 71)

Динге чакырылганда, жүз бургандар болсо «азапка татыктуу» болушат:

Бирок, ал тастыктаган да жок, намаз да окуган жок эле. Ал төгүндөп, жүз бурган. Анан бой көтөрүп жакындарына кеткен эле. Сен буга татыктуусуң, мындан да ооруна татыктуусуң. Дагы бир жолу татыктуусуң, андан ооруна да татыктуусуң. (Кыямат Сүрөсү, 31-35)

Бул китепте дин (кыямат) күнүнүн сөзсүз келээри Аллахтын аяттары аркылуу ар бир адамга эске салып, эскертилди.