Колуңуздагы бул китепте сизге ичиңиздеги армиянын, б.а. иммундук системанын көп билинбеген тараптары баян кылынды. Бирок денедеги иммундук клеткалар жасаган кереметтүү иштердин татаал майда-бараттарына караганда көбүрөөк аларды кантип жасашы жөнүндө сөз болду. «Электрондук микроскоптун жардамысыз көзгө көрүнбөгөн кичинекей бөлүктөр иммундук система сыяктуу өтө комплекстүү бир түзүлүштү кантип пайда кылган» деген суроонун жообу изделди. Андан да тереңге барып, системаны түзгөн клеткалардын алгач кантип пайда болгону изилденди.
Иммундук клеткалардын баары башында кадимки бир клетка болуп, анан ар кандай таалимдерди алып, аягында бир «жөндөмдүүлүк сынагын» тапшырышат. Душманды тааный алган, дененин өз клеткаларына каршы күрөшпөгөн клеткаларга гана жашоого уруксат берилет. Анда, алгачкы клетка качан, кантип пайда болгон жана андан алгачкы жолу ким сынак алган? Кыла турган иштерин ага ким үйрөткөн?
Маек куруу, бир пикирге келүү, план түзүү жана ал пландарга карап кемчиликсиз бир уюшкандык менен иш-аракет жүргүзүү сыяктуу сыпаттарды клеткалардан же органдардан күтүүгө болбойт. Ойлоп көрүңүз, бул жерде бир канча орган жана бир триллиондой клетка жөнүндө сөз болуп жатат. Эч талашсыз, бир триллиондук адамдан турган бир топ мынчалык кемчиликсиз уюшкандык менен иш-аракет жүргүзүп, кыла турган иштерин кечиктирбестен, унутпастан, адашпастан, башаламандык чыгарбастан коргонуу деген оор бир жумушту эч качан жасай алышпайт.
Бул жерде кабыл алуу керек болгон бир гана чындык бар: бүт клеткалар, табияттагы кичине-чоң нерселердин бүт баары сыяктуу, чексиз кудуреттүү, акыл жана илимдүү Аллах тарабынан атайын максат менен жаратылган.
... Ал бүт нерсени жараткан. Ал бүт нерсени билет. (Энъам Сүрөсү, 101)
Ансыз да апачык көрүнүп турган бул чындык бул китепте дагы бир жолу көз алдыга тартууланды.
Эне курсагындагы наристенин да иммундук системасындагы кемчиликтерди энесинен алган антителолор менен толуктаарын көрдүк. Бирок мындай мүмкүнчүлүк болбосо же ал кемчилиги чоңойгондо да уланса, анда өмүр сүрө албайт. Адам урпактары менен сансыз жандык түрлөрү дагы эле жашап келе жатат, демек иммундук система, бул китепте көп жолу баса белгиленгендей, бүт жандыктарда эң башынан бери кемчиликсиз бар болгон. Баскыч баскыч эволюциялашып пайда болгон эмес. Кыскасы, иммундук система сыяктуу ар бир бөлүгү, ар бир клеткасы, ар бир мүчөсү бир-бири менен тыгыз байланышта болгон, өтө комплекстүү бир система эч качан миллиондогон жылдык бир процессте кокустуктар натыйжасында аз-аздан өнүгүп, пайда боло албайт.
Денебизде дайыма иштеп жаткан сансыз кереметтүү системалардын бирөөсүн же бир канчасын билип туруп, бир Жаратуучу тарабынан жаратылганын танган жана бүт нерселер кокустуктар натыйжасында пайда болгон деген бир адам негизи өзүнүн болжол менен 1400 жыл мурда Куранда сүрөттөлгөн мүнөздөгү бир адам экенин билбейт. Аллах мындай адамдардын кабылдоо жана түшүнүүдөгү кемчилиги себебинен апачык жана так чындыктарды көрө албашын Куранда кабар берген:
... Жүрөктөрү бар, муну менен аңдап-түшүнө алышпайт; көздөрү бар, муну менен көрө алышпайт; кулактары бар, муну менен уга алышпайт... (Аьраф Сүрөсү, 179)
Ал тургай, муну өздөрүнүн да билишээрин Аллах көп аятында белгилеген:
«Бизди чакырган нерсеңе жүрөктөрүбүз жабылган, кулактарыбызда бир оордук, биз менен сенин араңда бир парда бар...» (Фуссилет Сүрөсү, 5)
Каапырлардын бир бөлүгү болсо чындыкты толук көрүшөт, бирок муну атайылап жашырууга аракеттенишет. Эволюция жөнүндө мынчалык көп сценарий чыгарылышынын түпкү себеби да негизи мына ушунда. Себеби Аллахтын бар экенин жана улуулугун кабыл алганда, Ага моюн сунуулары керек болот; бул болсо бой көтөргөн, текебер кишилер үчүн өтө оор. Аллахка карата жахилдик (караңгылык) менен текеберденген мындай адамдардын абалы да Куранда апачык айтылган:
Жүрөктөрү (абийирлери) кабыл алып турса да, зулумдук жана бой көтөрүүдөн улам буларды танышты... (Немл Сүрөсү, 14)
Аллахты тануу (жокко чыгаруу) үчүн эволюция деген бир калпты сактап калууга аракеттенгендердин чыгарган теориялары илим менен логикадан өтө алыс. Иммундук система деген татаал жана көп тараптуу бир системаны бир даана антителодон акырындап пайда болгон деген күлкүмүштүү сөздөрдү да айтышууда.
Өздөрү түшкөн абалды түшүнө баштаган бир катар илимпоздор болсо мындай сөздөрдүн өздөрүн уят кылаарын байкап, акырындап эволюционист чөйрөлөрдөн алыстап башташты.
Кээ бирлери болсо теориянын тууралыгын кабыл алганы үчүн эмес, Аллахтын бар экенин танууга негиз боло турган башка бир теория болбогону үчүн буга ишенебиз дешүүдө.
Чындыгында болсо кандайдыр бир теорияны ээрчүүгө эч ким мажбур эмес. Аалам жана анын ичиндегилер кантип пайда болгон деген кызыгуу жаралганда, ачык көрүнүп турган чындыктарды эркин бир акыл жана объективдүү көз-караш менен баалоо эле жетиштүү болот.
Бул китепте көп жолу айтылгандай, эволюция теориясынын көз-караштарын далилдеген бир дагы эксперимент, байкоо же конкреттүү далил жок. Биология, биохимия, микробиология, генетика, палеонтология, анатомия сыяктуу илим тармактары учурда эволюциянын эч качан болбогон жана эч качан болушу мүмкүн эмес, ойдон чыгарылган бир гипотеза экенин көрсөттү.
Бүгүнкү күндө бүт илим тармактарында жасалган изилдөөлөр жердеги жана асмандагы жандуу-жансыз бүт нерселердин чексиз акыл, илим жана кудурет ээси улуу жана күчтүү бир Жаратуучу тарабынан жаратылганын көрсөттү. Албетте, бул чындыкты көрүү жана эволюция сыяктуу ойдон чыгарылган теориялардын чындыкка сыйбастыгын түшүнүү үчүн илим менен технологиянын мынчалык өнүгүшү да талап кылынбайт. Алгачкы доорлордо болсун, ортоңку кылымдарда болсо, дүйнө тарыхынын кайсы гана доорунда болбосун, акылы менен жүрөгү таза бардык адамдар үчүн Аллах бүт ааламда өзүнүн бар экендигинин жана жаратуусунун далилдерин көрсөткөн:
Күмөнсүз, асмандардын жана жердин жаратылышында, түн менен күндүздүн биринин артынан бири келишинде, адамдарга пайдалуу нерселер менен деңизде сүзгөн кемелерде, Аллах жаадырган жана аны менен жер жүзүн өлүмүнөн кийин тирилткен сууда, ар бир жандыкты ал жерде көбөйтүп-жайышында, шамалдарды соктурушунда, асман менен жер арасында моюн сундурулган булуттарды максаттуу (багыттап) башкаруусунда ойлонгон бир коом үчүн чындыгында аяттар (далилдер) бар. (Бакара Сүрөсү, 164)
Бул аятта айтылгандарды түшүнө алган акылдуу адамдардын милдети болсо – клеткалардан ири галактикаларга чейин бүт ааламда көрүлгөн апачык жаратылууну (Аллахтын жаратканын) Куранда айтылган төмөнкү сөздөр менен эскертүү:
... Силердин Раббиңер асмандар менен жердин Рабби, аларды Өзү жараткан жана мен да буга күбөлүк берүүчүлөрдөнмүн. (Анбия Сүрөсү, 56)
Айтышты: «Сен – Улуксуң,
бизге үйрөткөнүңдөн башка биздин эч кандай илимибиз жок.
Чындыгында, Сен – бардык нерсени билүүчү, өкүм жана хикмат (терең акыл) ээсисиң.»
(Бакара Сүрөсү, 32)