Өлкөлөр жоголбой өзүн сактай алуу үчүн эң көп маани бериши керек болгон нерселердин бири – бул «коргонуу». Мамлекеттер ичтен жана сырттан келиши мүмкүн болгон ар кандай коркунуч менен кооптуулукка дайыма даяр турушат. Себеби бир өлкө канчалык өнүккөн өлкө болсо да, эгер өзүн коргой албаса, кичинекей эле бир тышкы кол салуу, кичинекей эле бир терракт ал өлкөнүн жок болушуна чейин алпарышы мүмкүн. Мындай кол салууда ал өлкөнүн ресурстарынын, технологиясынын жана экономикалык күчүнүн эч кандай мааниси калбайт. Эгер өлкө өзүн өзү коргой албаса, жашай албайт.
Ушул себептен өлкөлөр кирешелеринин өтө маанилүү бир бөлүгүн коргонууга бөлүшөт. Армияларын эң алдыңкы технологиядагы каражаттар, курал-жарактар менен жабдып, аскерлерине таалим-тарбия берүүгө өтө көңүл бурушуп, өлкө коргонуусун эң жогорку деңгээлде тутушат.
Бул жеке адамдарга да тиешелүү. Алар да ден-соолукта жана бакубаттыкта өмүр сүрүү үчүн өз коргонууларына маани бериши зарыл. Жанын жана мал-мүлктөрүн уурулук, кылмыш сыяктуу коркунучтардан, кырсык, өрт, жер титирөө, сел сыяктуу апааттардан дайыма коргоого мажбур.
Бирок адамдардын көзүнө көрүнбөгөн, көбүнчө кабары да болбогон душмандары да бар. Болгондо да, бул душмандар беркилерге караганда өтө чоң коркунуч туудурушат. Алардан коргонуу үчүн да өтө маанилүү чараларга муктаждык бар.
Адамдарга дайыма коркунуч жараткан бул душмандар кимдер?
Булар – дем алган абабызда, ичкен суубузда, жеген тамагыбызда, үйүбүздө, жумушубузда, кыскасы, бүт тарапта жүргөн бактерия, вирус жана аларга окшогон микроскопиялык жандыктар.
Бирок, эң кызыгы, айланабызда бизге каршы ушундай чоң бир коркунуч турса да, биз алардан коргонуу үчүн эч аракет кылбайбыз. Себеби муну биз үчүн жана бизге сездирбестен жасаган, бизди усталык менен коргогон бир система бар: «иммундук система», б.а. «коргонуу системасы».
Адам денесинин эң маанилүү жана таң калыштуу системаларынын бири болгон иммундук система өтө маанилүү бир кызматты аркалайт. Адам билсе да, билбесе да, бул системанын бүт бөлүктөрү бир армия сыяктуу анын денесин коргошот. Бактерия, вирус жана ошол сыяктуу басып алуучуларга каршы денени коргоочу иммундук клеткалар кереметтүү жөндөмдөргө ээ. Бул клеткалардын дене ичиндеги согуш учурундагы акылы, аракети жана жан аябастык мисалдары буларды окуган ар бир адамды таң калтырат.
Ар бир адам ооруп калышына эмне себеп болоорун, анын кандайча бүт денесине таасир тийгизээрин, эмне үчүн температурасынын көтөрүлөөрүн, алсырап калаарын, сөөктөрүнүн, муундарынын оорушун жана денесинде кандай иштердин жасалаарын билгиси келет.
Бул китептин негизги максаты – адамды ушунчалык тартиптүү, дисциплиналуу бир армия менен коргогон системанын кантип пайда болгону жана кандайча иштээри жөнүндө сөз кылуу.
Бул эки нерсе бизди өтө маанилүү жыйынтыктарга алып барат. Биринчиден, Аллахтын жаратуусундагы теңдешсиздикке жана кемчиликсиздикке чогуу күбө болобуз. Экинчиден болсо, эволюция теориясындай такыр жараксыз, негизсиз бир ишенимдин өз логикасы ичинде да кандай карама-каршылыктарда экенин, бул негизсиз ишенимдин канчалык чирик пайдубалга тургузулганын көрөбүз.
Бирок бул темага өтүүдөн мурда дагы бир маанилүү жагдайды белгилеп кетүү туура болот. Иммундук система жөнүндө окуган китептериңизде көп кездешчү кээ бир сүйлөмдөр болот:
«Мунун кантип пайда болгонун али билбейбиз...»
«Себеби дагы эле белгисиз...»
«Бул тема жөнүндөгү изилдөөлөр дагы эле уланууда...»
«Бир теория боюнча...»
Бул сүйлөмдөр негизи бир моюнга алуу. Бул – 21-кылымга кирген адамдын, колундагы бүт технология жана илимий жетишкендиктерине карабастан, кичинекей клеткалар жасаган кереметтүү иштердин алдындагы алсыздыгын мойнуна алышы. Бул микро-жандыктардын кылган иштери ушунчалык кемчиликсиз майда-бараттарга толо болгондуктан, адам акылы бул курулган системанын майда-бараттарын түшүнүүгө да жетишсиз болуп калууда. Себеби иммундук системада адам түшүнө албаган бир акыл жашырылган.
Бул китепти окуганда, клеткаларыңызда да, денеңиздеги башка майда-бараттарда да жашырылган бул акылдын канчалык жогору бир акыл экенине күбө болуп, натыйжада мунун улуу бир «Жаратуучунун» гана акылы экенин көрөсүз.
Балким илим бир канча кылымдан соң иммундук системанын бардык сырларын түшүнө алышы мүмкүн, ал тургай, бул клеткалар жасаган бүт иштерди туурап, ушул сыяктуу системаны жасалма жол менен да ала алышы мүмкүн. Албетте, бул эң жогорку деңгээлде билим алган, адис кишилер тарабынан, алдыңкы технологиянын продуктусу болгон көптөгөн жабдык жана аппараттар чогултулган өтө алдыңкы бир лабораторияда, контрольдуу процесстер натыйжасында гана жасалышы мүмкүн болот. Бирок бул жерде бир нерсе өтө маанилүү: мындай нерсенин жасала алынышы эволюция теориясынын жараксыздыгын дагы бир жолу көрсөтүп, мындай системанын кокустан пайда боло албашын далилдейт.
Мындан тышкары, бүгүнкү күндө иммундук системага окшош бир системаны кура алуу ыктымалдыгы өтө алыс. Учурда илимпоздор иммундук системадагы сырларды түшүнө баштап, көргөндөрүнө өтө таң калышууда. Себеби алынган жооптор дагы көптөгөн суроолорду туудуруп, клеткадагы акыл менен аң-сезим барган сайын тунугураак көз алдыга тартылууда. Натыйжада иммундук системанын да, денедеги башка бүт системалардын да, эволюция теориясы айткандай, кокустуктар натыйжасында баскыч-баскыч келип чыга албашы да белгилүү болууда.
Колуңуздагы бул китептин максаты – бир тараптан, сизди ичиңиздеги ушул эр жүрөк согушчандар менен тааныштыруу, жана, экинчи тараптан, өтө таң калтырган бул системанын пландуу бир жаратуунун далили экенин көрсөтүү. Бул тема жөнүндө эволюция теориясы ойлоп чыгарган сценарийлердин кантип бир-бирден кулаганын жана чындыктар алдында кантип маанисин жоготконун карайбыз. Ушул себептен бул жерде өзгөчө бул иммундук системанын көптөгөн биология же медицина китебинен оңой эле табуу мүмкүн болгон биологиялык майда-бараттарына эмес, системанын кереметтүү тарабына басым жасалган. Китепте айтылгандарды жаш баладан улгайган кишилерге чейин, бүт кесиптеги адамдар оңой гана түшүнө алышы үчүн биологиялык жана физиологиялык терминдерди мүмкүн болушунча колдонбоого аракет кылынды.
Темага өтүүдөн мурда, эсиңизге сала кетели, азыр да, иммундук системаңыздын урматында айланаңыздагы микробдордон зыян көрбөстөн бул китепти бейпил отуруп окуп жатасыз. Эгер денеңизде бир иммундук система болбогондо, бул текстти эч качан окуй алмак эмессиз, ал тургай, тамга үйрөнө турган жашка да жете албастан өмүрүңүз менен кош айтышмаксыз.
Китепте кээ-кээде Аллахтын жаратуусундагы кемчиликсиздикке басым жасоо үчүн колдонулган «план (долбоор)» сөзүн кезиктиресиз. Бул сөздүн кайсы максатта колдонулганын туура түшүнүү өтө маанилүү. Аллахтын бүт ааламда кемчиликсиз бир долбоор жаратканы Раббибиз алгач план түзүп, анан жараткан деген мааниге келбейт. Жерлердин жана асмандардын Рабби Аллахтын жаратуу үчүн кандайдыр бир «долбоор (план)» түзүүгө муктаж эмес экенин билүү керек. Аллахтын долбоорлошу менен жаратышы бир учурда болот. Аллах мындай кемчиликтерден аруу, бийик. Аллах бир нерсенин же бир иштин болушун каалаганда, ал болушу үчүн «Бол» деп айтышы гана жетиштүү болот. Аяттарда төмөнкүчө айтылат:
Бир нерсени каалаганда, Анын буйругу: «Бол» деп айтуу гана; ал ошол замат болуп калат. (Йасин Сүрөсү, 82)
Асмандарды жана жерди (бир өрнөк албастан) жараткан. Ал бир иштин болушун чечсе, ага «Бол» деп гана айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)