Киришүү

Денебиздин терең ичинде жүргөн коргонуу (иммундук) согушун таң калыштуу майда-бараттарына чейин карап чыгуудан мурда, иммундук системанын эмне экенин, кайсы мүчөлөрдөн тураарын билишибиз керек.

Иммундук системага, кыскача, «денени сырттан келе турган бүт душмандардан коргоочу, өтө дисциплиналуу, аракетчил жана тартиптүү бир армия» деп аныктама берсек болот. Бул көп фронттуу согушта алдыңкы фронттордо согушкан мүчөлөрдүн милдети – бул душман клеткаларынын (бактерия, вирус ж.б.) денеге киришине жолтоо болуу.

Душман организмдердин денеге кириши эч оңой болбосо да, денени басып алуу максатына жетүү үчүн сөзсүз денеге кирүүгө аракеттенишет. Тери, дем алуу жана тамак сиңирүү системасы сыяктуу тоскоолдуктардан өтүп, денеге киришкенде болсо, күчтүү жоокерлер аларды тосуп алышат. Ал күчтүү жоокерлер жилик чучугу, көк боор, богок бези (тимус), лимфа бездери сыяктуу бул багыттагы атайын борборлордо өндүрүлүп даярдалышат. Иммундук клеткалар деп аталган бул жоокерлер – фагоциттер, макрофагдар, лимфоциттер сыяктуу мүчөлөр.

Алгач «жегич клеткалар» деп аталган фагоциттер ишке киришет. Алардан соң кезек «тазалагыч клеткалар» деп аталган макрофагдарга келет. Экөө тең душманды жутуп жок кылышат. Макрофагдардын согуш болуп жаткан жерге башка иммундук клеткаларды чакыруу, дененин температурасын көтөрүү сыяктуу кызматтары да бар. Оору учурунда температуранын көтөрүлүшү өтө маанилүү. Натыйжада адам өзүн чарчаңкы сезип, эс алат. Жана дене согушуу үчүн муктаж болгон энергия башка жакка сарпталбайт.

Эгер денеге кирген душмандар фагоциттер менен макрофагдардын күчү жетпей турган болсо, системанын башкы баатырлары болгон лимфоциттер ишке киришет. Лимфоциттер В-клеткалар жана Т-клеткалар болуп эки түргө бөлүнөт. Булар өз араларында да түрлөргө бөлүнүшөт.

Макрофагдардан соң согуш майданына биринчи жеткендер жардамчы Т-клеткалар болот жана алар системанын башчылары сыяктуу. Т-клеткалар душманды аныктаган соң башка клеткаларды согушка чакырышат.

Бул чакырыктын негизинде өлтүргүч Т-клеткалар курчоодогу душманды жок кылуу үчүн ишке киришет.

В-клеткаларын болсо денебиздин курал заводдору деп атасак болот. Жардамчы Т-клеткалар тарабынан чакырык жасалган соң ошол замат антитело деп аталган куралдарды жасап башташат.

Басуучу Т-клеткалар коркунуч өтүп кеткен соң бүт иммундук клеткалардын иш-аракеттерин токтотушат. Ошентип согуштун керексиз эле созулуп кетишине жол берилбейт.

Бирок иммундук (коргоочу) армиянын кызматы муну менен эле бүтпөйт. Эске тутуучу клетка деп аталган жоокер клеткалар душманга тиешелүү маалыматтарды эстерине түйүп, көп жылдар бою сакташат. Ошондуктан, ошол эле душманга кайра жолукканда, аны жок кыла турган бир иммунитетти даярдоо өтө оңой болот.

Бул жерде өтө кыскача жалпысынан каралып өткөн иммундук системабыздын детальдарында кереметтүү окуялар жашырылган. Колуңуздагы китепте бул кереметтүү окуялар, мурда да айтылгандай, бүт адамдар түшүнө ала тургандай кылып түшүндүрүлгөн.