Иммундук система илимпоздор айткандай «төмөндөтүүгө мүмкүн болбогон бир комплекстүүлүккө» ээ. Башкача айтканда, орток иштөөчү жана кандайдыр бир бөлүгүнүн жок болушу бүт баарынын ишинин токтошуна себеп болуучу бир система. Бул системанын бир мүчөсүнүн эле кем болушу системаны ишке жараксыз кылып койот. Мисалы, бир жерге факс жөнөтүү үчүн керектүү материалдарды жалпысынан эстейли:
Факс аппараты, телефон линиясы, кабель, кагаз.
Булардын бирөө эле болбосо, факс жөнөтө албайсыз. Баары толук бар болуп, керектүү материалдардын эч биринде кемчилик болбошу зарыл. Мисалы, кабель керектүү жерге чейин жете турганчалык узун болбосо, колдогу материалдардын эч бири ишке жарабайт.
Ушул сыяктуу, иммундук системанын бүт бөлүктөрү өз милдетин кемчиликсиз аткарса да, кичинекей бир бөлүгүнүн өз кызматын аткарбашы дененин согуштан жеңилишине себеп болот. Мисалы, Т-клеткаларынын ичиндеги кичинекей чекитчелер (гранулдар) өз функциясын жоготсо, уу кампаланып, душманга өткөрүлө албай калат жана согуш жеңилүү менен аяктайт. Ошондуктан душманды өлтүрө албаган бир системада жоокер клеткалардын жасалып, аларга таалим берилишинин да, сигнал берүүчү клеткалардын убагында жана керектүү жерге сигнал жөнөтүшүнүн да, гендерибиздин антитело өндүрө алуу үчүн миңдеген комбинацияга киришинин да, эске тутуучу клеткалардын көп жылдар бою маалыматтарды эстеринде тутушунун да ж.б. баарынын эч кандай мааниси калбайт. Система иштебейт. Ошол сыяктуу, төмөндөтүүгө (бир бөлүгүн алып салууга) мүмкүн болболгон комплекстүүлүктөгү бир система болгон адам денесинин да, иммундук система пайда болбостон, башка жүздөгөн функциясынын бар болушунун эч мааниси жок. Себеби иммундук система жок болсо же өз кызматын толук аткара албаса, адам эч качан жашай албайт.
Андай болсо, эволюционисттер мынчалык маанилүү жана комплекстүү бир системанын пайда болушун кантип түшүндүрүшөт? Негизи бул жөнүндө эч нерсе айта алышпайт. Иммундук система убакыттын өтүшү менен, акырындап, кичинеден өзгөрүп отуруп пайда болгон дешет. Мындай өзгөрүүгө болсо «табигый тандалуу» жана «мутация» механизмдеринин себеп болгонун айтышат.
Бирок, эң биринчиден, мынчалык комплекстүү бир системанын эволюция теориясы айткандай, баскыч баскыч, кичинекей кокустуктардын жыйындысы менен пайда болушу мүмкүн эмес. Себеби, башынан бери айтылып келе жаткандай, иммундук система бүт мүчөлөрү менен бирге бир заматта, кемчиликсиз пайда болмоюнча эч бир ишке жарабайт. Жана, башынан бери айтылып жаткандай, иммундук системанын иштебеши адамдын кыска убакыт ичинде өлүшү деген мааниге келет.
Экинчиден, эволюционисттердин «табигый тандалуу» пикирине токтолуу керек. Табигый тандалуу жандыктардагы пайдалуу өзгөрүүлөрдүн тандап алынып, кийинки урпактарга өткөрүлүшү дегенди билдирет.
Бирок мындай механизмдин комплекстүү системаларды түшүндүрүүдө такыр жетишсиз экенин бүт илимпоздор кабыл алышат. Мисалы, америкалык белгилүү биохимия адиси Майкл Дж. Бехе Darwin's Black Box (Дарвиндин кара кутусу) аттуу китебинде табигый тандалуу жөнүндө мындай дейт:
Кемитүүгө мүмкүн болбой турган комплекстүү биологиялык бир системанын бар болушу Дарвиндин эволюциясына өтө күчтүү бир кооптуулук жаратат. Себеби биз билгендей, табигый тандалуу ансыз да мурдатан иштеп жаткан системалардан гана өтө алат. Демек, эгер бир биологиялык система баскыч баскыч пайда болбогон болсо, анда бир гана альтернатива калат. Бир жолуда толук жана кемчиликсиз пайда болгон деген; табигый тандалуунун болсо мында эч кандай ролу жок.12
Теориянын түзүүчүсү Дарвин да, учурдагы көптөгөн илимпоздор да табигый тандалуу механизминин эволюциялоочу эч кандай күчү жоктугун өздөрү да моюнга алышкан:
Чарльз Дарвин:
Теориям менен байланыштуу кыйынчылыктар менен каршы пикирлерди төмөнкүчө топтоого болот:... Табигый тандалуунун бир тараптан жирафтын куйругу сыяктуу чымын кубалаганга гана жарай турган мааниси өтө аз бир органды, жана экинчи тараптан, көз сыяктуу таң калыштуу бир органды пайда кыла алаарына ишене алабызбы? 13
Бүгүнкү күндөгү алдыңкы эволюционисттердин бири, геология жана палеонтология профессору Стивен Джей Гоулд болсо табигый тандалуунун эволюциялоочу күчү жок экенин минтип айтат:
Эгер эволюциянын баары табигый тандалуу тарабынан колдоо көргөн узун бир ортоңку баскычтар сериясы менен алга жылышы керек болсо, кантип жоктон мынчалык майда-бараттуу бир нерсени ала аласыз? Бир канаттын 2%ы менен уча албайсыз. Башкача айтканда, (азыр аларга байкоо жасай албаганыбыз үчүн) өтө детальдуу формаларда колдонула алган түзүлүштөрдүн мындай башталгыч этаптарын табигый тандалуу кантип түшүндүрө алат? Бул этапта бир нерсе калгандарынан алдыда турат: башталгыч стадиялардын туюгу. Миварт бул маселени эң негизги маселе деп белгиледи жана бул бүгүн дагы эле уланууда.14
Мындай системанын пайда болушун нео-дарвинизм айткандай, «мутациялар» менен түшүндүрүүгө болобу, анда? Катары менен болгон мутациялар натыйжасында ушундай кемчиликсиз бир система пайда болгон болушу мүмкүнбү?
Белгилүү болгондой, мутациялар – бул жандыктардын генетикалык коддорунда ар кандай тышкы факторлор натыйжасында келип чыккан бузулуу жана талкалануулар. Мутациялардын баары жандыктын ДНКсында программаланган генетикалык маалыматка зыян тийгизет жана эч качан жаңы генетикалык маалымат кошпойт. Ошондуктан, мутациялардын эч кандай өнүктүрүүчү жана эволюциялоочу касиети жок. Бул чындыкты да бүгүнкү күндө көп эволюционисттер каалабай болсо да, айтышууда. Мындай эволюционисттердин бири Калифорния университетинен генетик Джон Эндлер (John Endler) мындайча мойнуна алат:
Мутациялар жөнүндө өтө көп нерсе билсек да, эволюция сыяктуу ал да дагы эле бир «кара куту» көрүнүшүндө. Эволюцияда жаңы биологиялык функциялардын пайда болушу көп кездешпейт жана булардын тамыры болсо белгисиз.15
Белгилүү эволюционист француз биолог Пьер Грасс болсо мутациялардын санынын да жыйынтыкты өзгөртпөшүн мындайча мойнуна алат:
«Канчалык көп санда болбосун, мутациялар кандайдыр бир түрдөгү эволюцияны пайда кыла алышпайт.»16
Апачык көрүнүп тургандай, кичинекей клеткалардын кереметтүү өзгөчөлүктөрүн, таң калыштуу ийгиликтерин кокустуктар, мутациялар, эволюционист тантырак сөздөр менен түшүндүрүү илимге да, акыл менен логикага да бүтүндөй карама-каршы келет. Учурда адам мээсинин жеткен эң жогорку чеги да клеткалардагы акылдын алдында өтө төмөндө калууда.
Жандыктардагы эволюция менен түшүндүрүүгө болбогон мындай миңдеген акылдуулуктар алдында көп илимпоздор ансыз да күмөн менен жактаган эволцюцияга болгон ишенимдерин күн өткөн сайын жоготушууда. Эң кызыгы, мындай ишенбегендигин ар мүмкүнчүлүктө айтпай койо алышкан эмес. Өздөрү да бул чындыктарды билген көп изилдөөчүлөр эволюционист түшүндүрмөлөрдүн сооротмо жана көз бойомо гана экенин билишүүдө. Молекулярдык биология тармагында белгилүү бир изилдөөчү Клаус Доуз (Klaus Dose) мындай дейт:
Жашоонун келип чыгышы жөнүндөгү 30 жылдык химия жана молекулярдык эволюция изилдөөлөрү маселенин чечилишине караганда, көбүрөөк абалдын маанилүүлүгүн түшүнүшүбүзгө жол ачты. Учурдагы теориялар менен эксперименттердин баары же ийгиликсиздик менен аяктап жатат же болбосо көргүбүз келбегендерди ортого коюп жатат.17
Ал тургай, мындай ишенбегендикти болжол менен 150 жылдан бери келе жаткан эволюция теориясынын түзүүчүсү Дарвин да сезген:
Кээде бир теманы көп жылдар бою изилдеген соң жиндидей бир доктринага барып, анан ал доктринага өздөрүн да, башкаларды да ишендирүүгө аракет кылган кээ бир адамдарды ойлонуп, өзүм да ушундай маньяктардын бирөөсү болуудан бир аз корком.18
Ааламдагы бүт нерселер сыяктуу, системанын бул тарабынын да улуу кудурет жана акыл ээси Аллахтын башкаруусунда экени апачык көрүнүп турат. Адамзаттын акылынын алигече муну чече албашы да адамдын түшүнүү чегинен алда канча жогору бир акылдын, б.а. Аллахтын жараткан нерсеси экендигинин далили.
Адамдар кылымдардан бери талашып бир натыйжага жете албаган, логикалуу түшүндүрмө бере албаган темалардын жообу негизи өтө жөнөкөй. Жооп – кокустуктар да, табигый тандалуу да, мутациялар да эмес. Булардын эч бири жашоону да, жашоонун уланышын камсыз кыла турган бир системаны да пайда кыла алышпайт.
Куранда бул жана ушул сыяктуу бүт суроолордун жообу 1400 жыл мурда берилген. Ааламдардын Рабби Улуу Аллах, ааламдагы бүт нерселер сыяктуу, клеткаларыбызды да моюн сундурган;
Чындыгында, силердин Раббиңер алты күндө асмандарды жана жерди жараткан, андан соң Аршка истива кылган Аллах. Күндүздү токтобостон аны кубалаган түн менен орогон, күн, ай жана жылдыздарды Өз буйругу менен баш ийдирген. Кабарыңар болсун, жаратуу да, буйрук берүү да (бир гана) Ага тиешелүү. Ааламдардын Рабби Аллах кандай Улук. (Аьраф Сүрөсү, 54)
12. Michael J. Behe, Darwin's Black Box, New York: Free Press, 1996, p. 39
13. Charles Darwin, The Origin of Species: A Facsimile of the First Edition, Harvard University Press, 1964, p. 204
14. Stephen Jay Gould, "Not Necessarily a Wing", Natural History, October 1985, p. 13
15. J. A. Endler ve T. McLellan (1988), "The Process of Evolution: Toward A Newer Synthesis", Annual Review of Ecology and Systematics, 19, 397
16. Pierre P. Grassé, Evolution of Living Organisms, New York, 1977, p. 88s
17. Klaus Dose (1988), "The Origin Of Life: More Questions Than Answers", Interdisciplinary Science Reviews, 13, 348
18. Francis Darwin, Life and Letters of Charles Darwin, Charles Darwin to W.B. Carpenter