Күчтүү Курал-Жарактар: Антителолор

Антителолор – бул денеге кирген жат клеткалар үчүн өндүрүлгөн белок түзүлүштүү курал-жарактар. Бул куралдар иммундук системанын аскерлеринин бири болгон В-клеткалар тарабынан өндүрүлүшөт.

Антителолор кол салуучуларды таасирсиз кылышат. Негизги эки кызматы бар: биринчиси, денеге кирген душман клеткага (антигенге) жабышуу. Экинчиси, жабышкан соң антигендин биологиялык түзүлүшүн бузуу жана антигенди жок кылуу.

Кан менен клетка сыртындагы суюктукта жүргөн антителолор ооруларга себеп болчу бактерияларга же вирустарга жабышышат. Жабышкан жат молекулаларды дененин жоокер клеткалары үчүн белгилеп, таасирсиз кылышат. Бул согуш талаасындагы душман танкасынын кубалоочу бир рокета менен атылышына, жана танканын кыймылдай жана ата албай, натыйжада ишке жараксыз болуп калышына окшошот. Антитело жабыша турган душманга (антигенге) үч өлчөмдүү бир түзүлүштө, ачкыч кулпуга төп келгендей, толук отурат.

Дене ага келген дээрлик ар кандай душманга туура келчү бир антитело өндүрө алат. Болгондо да, антителолордун тиби бирдей болбойт. Ар бир душман үчүн анын түзүлүшүнө туура келе турган, аны жеңе ала турган бир антитело даярдалат. Себеби бир оору үчүн өндүрүлгөн антитело башка бир ооруда натыйжа бербейт.

Ар бир душман үчүн ага туура келе турган өзгөчө бир антителонун өндүрүлүшү чындап эле ойлонуу керек болгон, кереметтүү нерсе. Себеби бул үчүн В-клеткалар жолуккан ар бир душманын өтө жакшы таанышы, анын түзүлүшүн өтө мыкты билиши зарыл. Бирок табиятта миллиондогон түрдүү душмандар (антигендер) бар.

Бул миллиондогон кулпунун ар бирине туура келе турган бир ачкычты бир көрүп эле жасоого окшошот. Бирок бул жерде ачкычты өндүргөн кишинин кулпуну колуна алып изилдебестен, кандайдыр бир калып колдонбостон, ачкыч өндүрүшүн жатка жасашындай бир жагдай бар.

Бир эле ачкычтын формасын жаттап калуу да бир адам үчүн өтө кыйын. Миллиондогон кулпунун ар бирин ача турган миллиондогон ачкычтын, үч өлчөмдүү формаларын жаттап калуу бир адамдын колунан келеби?

Албетте, жок. Бирок көзгө көрүнбөгөн, кичинекей бир В-клеткасы эсинде миллиондогон маалыматты сактап, керек болгондо ал маалыматтарды туура комбинацияларда, пландуу колдонот.

Кичинекей бир клетканын ичине миллиондогон маалыматтын сакталышы адамга көрсөтүлгөн өтө улуу бир керемет. Клетканын ал маалыматтарды адамдын ден-соолугун коргоо үчүн колдонушу да өзүнчө бир керемет.

Апачык көрүнүп тургандай, кичинекей клеткалардын мындай чоң ийгилигинин сыры адам акылына сыйбачудай терең. Кыскасы, учурда адам мээсинин жана алдыңкы технологиянын күчү клеткалар көрсөткөн акылдын күчү алдында чарасыз калды. Негизи аң-сезимдүү бир Жаратуучунун бар экендигинин ачык далили болгон бүт бул акыл алааматтарын эволюционист илимпоздор да көрмөксөн боло алышпайт. Түркияда эволюциянын эң белгилүү жактоочуларынан болгон профессор, илимдин доктору Али Демирсой «Kalıtım ve Evrim» (Тукум куучулук жана эволюция) аттуу китебинде муну мындайча мойнуна алган.

Плазма клеткалары бул маалыматты кантип жана кандай жол менен алып, ага ылайык атайын формага салынган антителону өндүрө алышууда? Бүгүнкү күнгө чейин бул суроого так түшүндүрмө бериле алган жок. 3

Ушул күнгө чейин антителолордун кантип өндүрүлөөрү, эволюционист илимпоз жогоруда мойнуна алгандай, толук чечмелене элек. 20-кылымдын технологиясы бул кемчиликсиз өндүрүштүн методдорун түшүнүү этабында толук ийгиликке жете алган жок. Келечекте адамга кызмат кылуу үчүн жаратылган бул кичинекей клеткалардын кайсы ыкмаларды, кантип колдоноору чечмеленгенде, бул клеткалардын жаратылышындагы кемчиликсиздик менен чеберчилик мындан да жакшыраак көрүнөт.

Антителолордун Түзүлүшү

Антителолордун бир белок түрү экенин жогоруда айткан элек. Ушул себептен алгач белоктордун түзүлүшүн карайлы.

Белоктор аминокислоталардан турат. 20 түрдүү аминокислота ар кандай катарда тизилишип, ар түрдүү белокторду пайда кылышат. Муну 20 түстөгү мончокту колдонуп, ар түрдүү шуруларды жасоого окшотсок болот. Белоктор арасындагы айырмачылыктар аминокислоталардын тизилишинен келип чыгат.

Бирок маанилүү бир жагдай бар; аминокислоталардын тизилишинде бир ката кетсе, белок ишке жараксыз, ал тургай, зыяндуу болуп калат. Ошондуктан тизмекте эч кандай катага жол берилбейт.

Клетка ичиндеги белок заводдору колундагы аминокислоталарды кандай катар менен тизип, кайсы белокту өндүрөөрүн кайдан билишет? Миңдеген түрдөгү белоктун ар биринин маалыматы клетканын ядросундагы генетикалык маалымат банкындагы гендерде сакталат.

Ошондуктан бир белок түрү болгон антителолорду өндүрүү үчүн да ошол гендерге муктаждык туулат.

Мына ушул жерде өтө маанилүү бир кереметти көрөбүз. Адам денесинде өндүрүлгөн 1920000 антителого болгону жүз миң ген бар.

Анда, кандайча болуп аз сандагы гендерден жалпы ген санынан дээрлик он эсеге көп антитело өндүрүлө алат? Мына ушул жерде керемет бар. Клетка колундагы жүз миң генди ар кандай комбинацияларда бириктирип жаңы антителолорду өндүрөт. Б.а. кээ бир гендердеги маалыматтарды алып, ал маалыматтарды башка гендердеги маалыматтарга кошуп, бул суммаланган маалымат менен керектүү өндүрүштү жасайт.

Жалпысы болуп 5200 комбинацияга кирилет жана 1920000 түрдүү антитело өндүрүлө алат.4

Бул процесс адам акылы пландоо мындай турсун, анализ да жасай албай турганчалык улуу бир акыл менен пландоону камтыйт.

Эң биринчиден муну билүү керек; жалпы жүз миң генди колдонуп чексиз санда комбинация жасоого болот. Бирок клетка кереметтүү бир акыл менен болгону 5200 негизги комбинацияны колдонуп, 1920000 өзгөчө антителону өндүрөт. Клетка керектүү антителолорду жасаш үчүн чексиз ыктымалдык ичинен туура комбинацияларды түзүүнү кантип үйрөнгөн?

antikorların yapısı

1. Antibodies
2. Variable Region of Light Chain
3. Contant Region of Light Chain
4. Contant Region of Heavy Chain
5. Carbonhydrate Group

6. B Cell
7. Antigen Binding Sit Antigen
8. Variable Region of Heavy Chain
9. Antigen

10. Activated B-Cells
11. Plasma Cell
12. Free Antibody
13. Memory Cell

An individual B cell makes copies of its own specific antibody and attaches them to the outer surface of its cell membrane. The antibodies extend outward like minute, highly tuned aerials waiting for contact with the specific bit of protein that they can recognize. An antibody is made of two light and two heavy chains of amino acids held together in a Y shape. The constant regions of chains are the same in many different types of antibodies. But the variable regions - the tips of the arms - each have a uniquely shaped cavity that fits exactly onto the shape of the antibody's "chosen" protein fragment

Чексиз санда ыктымалдык ичинен туура комбинацияларды кемчиликсиз жасаш мындай турсун, бул клетканын оюна комбинация түзүү кайдан келген?

Болгондо да, жасалган комбинациялар белгилүү бир максатка кызмат кылып, денеге кирген антигенди токтото турган антителону өндүрүүнү максат кылууда. Демек, клетка денеге кирген миллиондогон антигендин өзгөчөлүктөрүн да бир-бирден тааныйт.

Дүйнөдөгү эч бир акылдын мындай укмуштуу бир планды жасоого күчү жетпейт. Бирок миллиметрдин жүздөн бириндей чоңдуктагы клеткалар бул өндүрүштү жасап жатышат.

Мындай өзгөчө бир системаны клетка кайдан үйрөнгөн?

Негизи, туурасын айтканда, эч бир клетка биологиялык бир функцияны чыныгы мааниде «үйрөнүү» мүмкүнчүлүгүнө ээ эмес. Себеби клетканын жаралуу учурунда мындай функцияны аткара турган өзгөчөлүктөрү болбойт, жана кийинки жашоо процессинде муну жасай ала турган жөндөмдүүлүккө жетүү ыктымалдыгы да жок. Мындай жагдайларда клеткадагы системанын жашоо башталган кезде эле толукталып, даяр болушу шарт. Клетканын мындай комбинацияларды үйрөнүү жөндөмү да жок, үйрөнүүгө убактысы да жок. Себеби, антпесе, денеге кирген антигендер антителолор тарабынан токтотула албайт жана дене согуштан жеңилет.

Адамзат толук түшүнө да албаган бир системанын ойлонуу жана акыл жүгүртүү жөндөмү болбогон бир клетканын ичине жайгаштырылышынын атайын бир мааниси бар. Бул – чексиз илимдүү Аллахтын жаратуусундагы теңдешсиздиктин кичинекей бир клеткадагы чагылуусу. Аллахтын чексиз илиминин бүт нерсени курчап тураары Куранда төмөнкүчө кабар берилген:

Ал каалагандан сырткары, Анын илиминен эч нерсени түшүнүп-аңдай алышпайт. Анын күрсүсү бардык асмандарды жана жерди курчап турат. Аларды коргоо Ага оор эмес. Ал – абдан Улук, абдан бийик. (Бакара Сүрөсү, 255)

Сиз бир антитело молекуласынын долбоорун түзүшүңүз керек болсо, муну кантип жасамак элеңиз? Алгач, молекуланын формасын аныктоодон мурда кеңири масштабдуу бир изилдөө жасашыңыз керек болот. Туш келди бир форма бере албайсыз, демек антителонун кызматын толук билишиңиз зарыл. Сиз өндүрө турган антителолор антигендерге жабышат, демек, антигенди өтө жакшы таанып, түзүлүшүнүн кандайлыгын билишиңиз керек.

Натыйжада жасаган антителоңуздун бир тарабы өзгөчө жана жалгыз болушу керек. Ошондо гана белгилүү бир антигенге туташа алат. Экинчи тарабы болсо башка антителолорго окшош болушу зарыл. Себеби, антигенди жок кылуу механизми ошондо гана иштейт. Кыскасы, бир тарабы стандарттуу, экинчи тарабы болсо (бир миллиондон ашуун түрдө) башкаларынан айырмалуу болушу керек.

Болгондо да, адамзат колундагы ушунча технологиясы менен алигече бир антитело долбоорлой ала элек. Лаборатория шарттарында өндүрүлгөн антителолор болсо адам денесинен же башка жандыктардын денелеринен алынган антитело калыптарын колдонуу менен жасалат.

Антителолордун Түрлөрү

Антителолордун бир белок түрү экенин айткан элек. Бул белоктор денени коргоодо, иммунитетте кызмат кылгандыктан, иммунитет глобулини (бир белок түрү) маанисине келген «иммуноглобулин» деп аталат жана кыскача «Ig» деп белгиленет.

Коргонуу системасынын эң белгилүү белоктору болгон иммуноглобулин молекулалары антигендин бар экенин башка коргонуу клеткаларына кабар берүү же согуштун талкалоочу чынжыр реакцияларын баштатуу үчүн антигенге кошулушат.

IgG (иммуноглобулин G): IgG эң негизги антитело. Пайда болушу үчүн бир канча күн жетиштүү болгон бул антителолордун өмүрү болсо бир канча жума менен бир канча жыл арасында болот. Бүт денени кыдырып жүргөн бул антителолор канда, лимфада, ичегиде болушат. Кан менен чогуу айланып, түз кол салуучуга барып, кол салуучунун үстүнө жабышышат. Күчтүү бир антибактериалдык жана антиген талкалоочу таасирлери бар. Бактериялар менен вирустарга каршы денени коргоп, токсиндердин (уулардын) кислота касиетин жок кылышат.

Ошондой эле, клеткалардын арасына кыпчылып, клеткалар менен теринин арасына кирип кеткен бактерияларды жана микроорганикалык кол салуучуларды таасирсиз кылышат. Мындай жөндөмү жана көлөмүнүн кичинекей болушу урматында, кош бойлуу аялдын плацентасына кирип, коргоосуз наристени инфекцияга каршы коргой алышат.

Эгер антителолор плацентага кире ала турган касиетте жаратылбаган болгондо, эне курсагындагы наристе микробдордон корголбой калмак. Анда төрөлө электе эле өлүм коркунучу туулмак. Мына ушул себептен наристе төрөлгөнгө чейин эненин антителолору тарабынан душмандарынан корголот.

IgA (иммуноглобулин A): көздүн жашы, шилекей, эне сүтү, кан, аба капчалары, былжырлар, ашказан жана ичеги секрециялары сыяктуу дене антигендер менен согушкан жерлерде болушат. Бул аймактардын назик болушунун себеби болсо – бактерия жана вирустар үчүн мындай нымдуу чөйрөлөрдүн жашоого ыңгайлуу болушу.

Түзүлүшү жагынан бир-бирине өтө окшош болгон IgA'лар дененин микробдордун киришине ыңгайлуу аймактарына жайгашып, ал аймакты көзөмөлдөп турушат. Бул стратегиялык маанилүү аймактарга ишенимдүү кароол аскерлерди тургузуп коюуга окшошот.

Наристерлерди эне жатынында оорулардан коргоочу антителолор наристе төрөлгөн соң да аларды жалгыз таштабайт жана аны коргоону улантышат. Наристе энеден келчү жардамга чындап муктаж болот, себеби жаңы төрөлгөн бир наристенин организминде IgA антителолору болбойт. Ошондуктан энесинен эмген сүттүн ичиндеги IgA'лар баланын тамак сиңирүү системасын көптөгөн микробдун таасиринен коргошот. IgG антителолору сыяктуу, бул антитело түрү да наристе бир канча жумалык болгондо, кызмат мөөнөтү аяктагандыктан жок болушат.

Бир ойлоп көрдүңүз беле, сиз али эч нерседен кабарсыз бир түйүлдүк кезиңизде сизди микробдордон коргоону каалаган бул антителолорду жөнөткөн ким? Апаңызбы же атаңызбы? Же экөө чогуп чечишип, сизге бул антителолорду жөнөтүшкөнбү? Албетте, бул жардам эненин башкаруусунда эмес. Эне өз ичинде мындай бир жардам планынын жасалып жатканын да билбейт. Ошол сыяктуу ата да булардын баарынан кабарсыз.

Эне көкүрөгүндө жайгашкан жана бул антителолорду өндүргөн клеткалар бул өндүрүштү эмне үчүн жасашат? Кайсы күч ал жердеги клеткаларга жаңы төрөлгөн наристенин антителого муктаж экенин айткан? Наристе үчүн антитело өндүргөн клеткалардын наристе эме турган сүттүн жанында болушу эч кандай кокустук эмес.

Бул жерде өтө маанилүү дагы бир керемет көрүнөт. Антителолор белок түзүлүшүндө болушат. Белоктор болсо адам ашказанында сиңирилет. Ошондуктан эне сүтүн оозу аркылуу алган наристенин ашказанында бул антителолордун сиңирилип кетип, наристе микробдорго каршы коргоосуз калышы керек. Бирок жаңы төрөлгөн наристенин ашказаны бул антителолорду сиңирбей турган, жок кылбай турган болуп жаратылган. Белок сиңирүүчү ферменттердин өндүрүшү бул этапта өтө аз болот. Ушундайча өтө зор мааниге ээ болгон антителолор сиңирилбейт жана жаңы төрөлгөн наристени душмандарынан коргойт.

Кереметтер муну менен эле бүтпөйт. Ашказан тарабынан атайылап майдаланбаган антителолор бүтүн бойдон ичегиде сорула алат. Жаңы төрөлгөн наристенин ичеги клеткалары бул процессти жасай ала турган абалда жаратылган.

Албетте, бул кереметтүү окуялардын кезеги менен болуп жатышы бир кокустуктар жыйындысынын натыйжасы эмес. Бир адам денеси жашоонун эне курсагындагы этабынан баштап толук бир коргонуу системасына ээ болгонго чейин өтө пландуу, кемчиликсиз бир жаратуу менен жаратылууда. Күн сайын, саат сайын, мүнөт сайын денесинде жүрүшү керек болгон процесстер өтө кылдат эсептер менен долбоорлонгон. Албетте, бул кылдат эсептердин ээси бүт нерсени өтө кылдат пландап жараткан Аллах.

IgM (иммуноглобулин M): бул антителолор канда, лимфада жана В-клеткаларынын бетинде болушат. Адам организми кандайдыр бир антигенге жолукканда, ал душман менен согушуу үчүн денеде өндүрүлгөн биринчи антитело – бул IgM.

Эне жатынындагы бир наристе 6 айлык болгондо IgM'лерди өндүрө алат. Эгер эне жатынындагы наристе кандайдыр бир душманга жолукса, мисалы микробдук бир ооруга чалдыкса, ал наристеде IgM өндүрүшү өтө жогорулайт. Эне курсагындагы бир баланын микробдук бир ооруга чалдыгып-чалдыкпаганын аныктоо үчүн канындагы IgM көлөмү өлчөнөт.

IgD (иммуноглобулин D): IgD антителолору да канда, лимфада жана иммундук клеткалардын (В-клеткаларынын) бетинде болушат. Өздөрү жалгыз эч нерсе кыла алышпайт. Белгилүү коргонуу клеткаларынын (Т-клеткаларынын) бетине жайгашып алардын антигендерди кармашына шарт түзүшөт.

IgE (иммуноглобулин E): IgE'лер да канда жүрүүчү антителолор. Согушчан жана кээ бир кан клеткаларын согушка чакыруу милдети жүктөлгөн бул антителолор ошол эле учурда аллергиялык реакцияларды жасашат. Ушул себептен аллергиялык органдарда IgE саны көп болот.

Эволюционисттердин Жаратуу Далилдерин Жаап-Жашыруу Аракеттери

Алгач антителолор жөнүндө буга чейин караган маалыматтарды кайра кайталайлы:

  • - Антителолор денеге кирген антигендерди (душмандарды) таасирсиз кылат.
  • - Ар бир душман үчүн ар түрдүү антитело өндүрүлөт.
  • - Клетка миллиондогон түрдүү антиген үчүн миллиондогон түрдүү антитело өндүрө алат.
  • - Бул өндүрүш ал душман денеге киргенде башталат.
  • - Антиген менен ал антиген үчүн өндүрүлгөн антителонун үч өлчөмдүү түзүлүшү ачкыч менен кулпу сыяктуу бир-бирине толук дал келет.
  • - Клетка колундагы маалыматты керектүү учурларда ар кандай формада бириктирип ар кандай антителолорду ала алат.
  • - Бул иштерди жасап жатканда адам акылы жетпеген бир акыл менен пландоо жасайт.
  • - IgA антителосун өндүрө албаган бир наристенин антитело муктаждыгы эне сүтүнө атайын кошулган антителолор тарабынан камсыздалат.
  • - Наристенин ашказаны антителолорду сиңирбей, аларды наристенин денесине кызмат кылышсын деп аман бойдон калтырат...

Ушунчалык кемчиликсиз иштеген бир система бар. Аллах антителолорду жасаган клеткалардын ичине ал антителолордун жасалуу пландарын камтыган жана миңдеген энциклопедия бетин толтура тургандай көп маалыматты жайгаштырган. Болгондо да, эч кандай аң-сезими жок клеткаларга адам акылы да жетпеген бир комбинация жасай алуу жөндөмүн да берген.

Эволюцияга сокурдук менен ишенгендер мынчалык кемчиликсиз бир системанын пайда болушун кантип түшүндүрүшөт? Жооп өтө жөнөкөй: түшүндүрө алышпайт.

Алардын колунан эч логикасыз, өз ичинде да карама-каршылыктарга толгон гипотезаларды чыгаруу гана келет. «Кантип бул системаны эволюциянын негизинде түшүндүрө алабыз?» деген суроого жооп табуу үчүн столдо отуруп жазылган, илимий эч кандай мааниси жок, көптөгөн ойдон чыгарылган сценарийлер бар.

Бул сценарийлердин эң көп талап кылынганы «коргонуу системасы (иммундук система) жалгыз антителодон эволюциялашып пайда болгон» деп жактайт. Илимий эч кандай таянычы жок сценарий кыскача төмөнкүдөй:

Иммундук система башында бир гана иммуноглобулин (бир белок түрү) түрүн жасаган бир генден тураар эле. Бирок ал ген «өзүн-өзү өтө ылдам кайрадан пайда кылып», ар бири башка бир иммуноглобулин молекуласын түзгөн копияларды чыгарды. Андан соң болсо кайрадан биригүү жөндөмүнө ээ болгон башка ген бөлүмдөрүнүн түзүлүшүнө багыт берүүчү контроль механизмдери келип чыккан.

Бул мисал эволюция теориясынын канчалык чирик пайдубалга таянганын көрүү жана эволюционисттер көп колдонгон мээ чайкоо, көз бойоо ыкмаларын түшүнүү жагынан маанилүү бир мисал. Эми бул алдамчылыкты бир-бирден карайлы:

1-сүйлөм: «Иммундук система башында бир гана иммуноглобулин (бир белок түрү) түрүн жасаган бир генден тураар эле.»

Баарынан мурда төмөнкүдөй суроо туулат:

«Башында бар болгон бул ген ким тарабынан жаратылган?»

Бул этап эволюционисттер тарабынан маанисиз бир детальдай көрсөтүлүп өтүп кетүүгө аракет кылынат. Бирок бул алгачкы гендин кантип пайда болгонун сөзсүз түшүндүрүү керек. Бир гендин өзүнөн-өзү пайда болушу илимий жактан мүмкүн эмес. Ген тизмегинин кокустан пайда болушунун мүмкүн эместиги эволюционист илимпоздор тарабынан да көп жолу моюнга алынган бир чындык. Буга кайра эле түрк эволюционисттерден профессор Али Демирсойдон мисал берсек болот:

Б.а. жашоо эгер белгилүү бир тизмекти талап кылса, бул бүт ааламда бир эле жолу пайда боло турганчалык аз ыктымалдыкка ээ десек болот. Же пайда болушунда биз аныктама бере албай турган табият-үстү күчтөр кызмат кылган.5

Бирок бул жери эволюционисттер тарабынан жаап-жашырылат жана кандай болсо да, башында бир ген бар болчу дегендей бир акылга сыйбас нерсени кабыл алышат. Көрүнүп тургандай, бул сценарий биринчи этабында эле кулайт.

2-сүйлөм: «Бирок ал ген өзүн-өзү өтө ылдам кайрадан пайда кылып, ар бири башка бир иммуноглобулин молекуласын түзгөн копияларды чыгарды.»

Эч мүмкүн эмес болсо да, башында бир ген бар болгон деп элестетели. Бул алгачкы гендин өзүнөн-өзү пайда болушу да өтө чоң ыктымалсыздык болгонуна карабастан, эволюционисттер ал ген «өзүн кайрадан жараткан» деген сыяктуу такыр логикасыз сөздөрдү айтышат. Эч кандай илимий мааниси жок мындай сүйлөмдөр эволюционисттердин көз бойомочулугуна жакшы мисал болот. Бир гендин өзүн жаратышы, анан башкача копияларын чыгарышы деген сыяктуу бир гипотеза логика эрежелерине да, илимий чындыктарга да такыр жакындабайт.

Мындан тышкары, өзүнөн-өзү пайда болгон деп кабыл алынган мындай кыялдагы бир ген менен копиялары өндүргөн антителолор тышкы дүйнөдөн келе турган антигендерди токтото турган касиет жана түзүлүшкө ээ болушу керек. Ошондуктан антигендер да, антигендер үчүн антитело өндүрө турган гендер да бир Жаратуучу, б.а. Аллах тарабынан жаратылышкан.

3-сүйлөм: «Андан соң болсо кайрадан биригүү жөндөмүнө ээ болгон башка ген бөлүмдөрүнүн түзүлүшүнө багыт берүүчү контроль механизмдери келип чыккан.»

Мындай контроль жана биригүү механизмдеринин иштөө принциптерин да түшүндүрүүгө алы жетпеген эволюционисттер өздөрүнө пайдалуу болгондо бир сүйлөм менен «бул система өзүн-өзү пайда кылган» деп өтүп кетишет. Бирок мындай кереметтүү бир системанын кандайча болуп кокустуктар натыйжасында өзүнөн-өзү келип чыкканын түшүндүрүүнү ойлоп да коюшпайт. Мындай темаларга өз ойлорунда кээ бир жоопторду табууга аракет кылышканда болсо, ойдон чыгарылган жана күлкүмүштүү сценарийлерди гана айтышат. Натыйжада өздөрүнүн чарасыздыгын жана өздөрү жактаган көз-караштын тантырактыгын көрсөтүшөт.

Аталган контроль механизмдеринде ушундай бир акыл байкалат; миңдеген түрдүү маалымат комбинациясынын натыйжасында болжол менен эки миллион түрдүү түзүлүштөгү продукт өндүрүлөт. Бирок, жогоруда да айтып кеткендей, клетканын да, клетканын ичиндеги кандайдыр бир системанын да «үйрөнүү» жана «иштеп чыгуу» жөндөмү жок. Болгондо да, клетка бул маалымат комбинацияларын чексиз сандагы ыктымалдык арасынан туураларын гана тандап жасайт. Ошондуктан бул өтө пландуу жана акылдуу бир тандоону талап кылат.

Бул пикирди айткандар технология жана акыл менен жасалган кандайдыр бир продукт жөнүндө да төмөнкүдөй теорияларды чыгарышы мүмкүн:

«Таш тактачалар өздөрүн өздөрү жаратышты, анан өздөрүн өнүктүрүп компьютерге айланышты.» Же болбосо,

«Өздөрүн өздөрү жараткан учуртмалардан (учуртма жыландардан) белгилүү убактан соң реактивдүү учактар келип чыкты.»

Бул сүйлөмдөрдү акылы бар ар кандай адам тантырактык дейт. Бирок бул теориялар, алигече иштөө принциптери да толук чечмелене албаган иммундук системанын мүчөлөрүн кокустан пайда болгон деп айтууга караганда алда канча логикалуу болот.

Болгондо да, антителолордун бар болушунун өзү эле адам денесин коргоого жетиштүү болбойт. Иммундук система иштеши жана адам жашашы үчүн макрофагдар, фагоциттер, кабарчы Т-клеткалар, өлтүргүч Т-клеткалар, токтоткуч Т-клеткалар, эске тутуучу клеткалар, В-клеткалар жана дагы көптөгөн фактор чогуу иштеши керек.

Footnotes

3. Ali Demirsoy, Kalıtım ve Evrim (Inheritance and Evolution), Ankara: Meteksan Yayınları p. 416

4. Scientific American, September 1993, p. 54

5. Ali Demirsoy, Kalıtım ve Evrim (Inheritance and Evolution), Ankara: Meteksan Yayınları p. 61