![]() | |
1. Bone marrow |
2. Bone section |
Хиросима менен Нагасаки шаарларына атом бомбалары ташталганда, радиацияга кабылган көп адамдар 10-15 күн ичинде ичтен кан кетүү же жугуштуу оорулар себебинен көз жумушту. Бул адамдарга эмне болгонун түшүнүү үчүн жаныбарларга жасалган эксперименттер дененин толугу менен радиацияга кабылышынын кан жасоочу жана иммундук системанын омурткасы болгон клеткалардын өлүмүнө себеп болоорун аныктады. Бул болсо дененин кыска убакытта өлүшү деген мааниге келет эле. 6
Мындай өтө маанилүү клеткалардын заводу – бул жилик чучугу (костный мозг). Бирок бул заводдо бир-биринен өтө айырмалуу көптөгөн продукттардын өндүрүлөөрү абдан маанилүү жагдай. Себеби ал жерде өндүрүлгөн кээ бир клеткалар фагоцитозду жасоодо, кээ бир клеткалар кандын коюлуп жарага айланышында, кээ бир клеткалар болсо заттардын майдаланышында кызмат кылат. Бул клеткалардын кызматтары сыяктуу, түзүлүштөрү да бир-биринен айырмаланат.
Мында көңүл буруу керек болгон нерсе – орток бир максатты көздөй иш-аракет жасаган көптөгөн ар башка клеткалар үчүн өтө өзгөчө бир өндүрүш системасынын курулгандыгы.
Бул жерде эволюция теориясы үчүн чыгуу мүмкүн болбогон бир туюк бар. Себеби эволюция теориясы көп клеткалуу организмдер бир клеткалуу жандыктардан эволюциялашып пайда болгон дейт.
Кокустан пайда болгон клеткалар бир жерге чогулган соң кантип бул түзүлүштүн ичинде жаңы клеткаларды жасай турган бир системаны жоктон пайда кыла алышат. Бул бир кирпич кампасында болгон жарылуу натыйжасында абага учкан миңдеген кирпичтин кокустан үстү-үстүнө тизилип, жапжаңы бир имаратты пайда кылышына окшошот. Болгондо да, бул имараттын ичинде жаңы кирпичтерди жасай турган завод да пайда болушу керек болот.
Адам денесинин бир имараттан миллиондогон эсе татаал түзүлүштө экенин унутпаш керек. Адам денесинин негизги курулуш материалы болгон клетка болсо адам колу менен жасалган эч кандай продуктка салыштыргыс даражада кемчиликсиз жана комплекстүү бир түзүлүшкө ээ. Эволюционисттердин гипотезасынын канчалык чоң алдамчылык экенин көрсөтүү үчүн гана клетканы кирпичке салыштырган ушул мисал берилген.
![]() |
Immune cells (T lymphocytes) trained in the thymus. |
Богок бези биологиялык жактан изилденгенде көп деле өзгөчөлүгү жок катардагы бир органдай көрүнөт. Бирок кылган ишин караганыбызда, кереметтүү абалды көрөбүз.
Богок безинде лимфоцит клеткаларына билим берилет. Туура эмес окуп алган жоксуз. Клеткалар богок безинде билим алышат.
Белгилүү бир мээси бар жандыктарга гана билим берүүгө болот негизи. Бирок бул жерде өтө маанилүү бир жагдай бар. Бул жерде билим берүүчү бир тиштем эт, б.а. богок бези, билим алуучу болсо кичинекей бир клетка. Башкача айтканда, экөө тең аң-сезими жок нерселер.
Болгондо да, бул билим алуу натыйжасында лимфоцит клеткалары өтө маанилүү маалыматтарга ээ болушат. Денедеги клеткалардын касиеттерин үйрөнүшөт. Бул кандайдыр бир мааниде денеге тиешелүү клеткаларды лимфоцит клеткаларына тааныштыруу болуп саналат. Аягында клеткалар өтө көп маалымат алып алышып богок безинен чыгышат.
Натыйжада лимфоциттер денеде кызмат кылып жатканда, таанып калган клеткаларга кол салышпайт. Андан башка, ар кандай клеткага жана жат заттарга кол салып, жок кылышат.
Богок бези көп жылдар бою эволюционист илимпоздор тарабынан рудимент орган деп кабыл алынып, эволюциянын бир «далили» катары колдонулуп келген эле. Бирок акыркы жылдары бул органдын иммундук системабыздын омурткасы экени белгилүү болду. Бул белгилүү болгон соң богок безин рудимент орган деген эволюционисттер эми ушул эле орган жөнүндө карама-каршы бир теория чыгарышты. Богок бези башында жок эле, акырындап эволюциянын натыйжасында пайда болгон деп чыгышты. Дагы эле богок бези башка көп органдарга караганда көбүрөөккө созулган бир эволюция процессинин натыйжасында пайда болгон дешет. Бирок богок бези болмоюнча же толук өрчүмөйүнчө, Т-клеткалар душманды кантип таанууну үйрөнө албайт жана иммундук система өз кызматын аткара албайт. Иммундук системасы жок бир адам болсо жашай албайт. Азыр сиздин бул сүйлөмдү окуп жатышыңыз да, богок безинин көпкө созулган бир эволюция процесси менен эмес, алгачкы адамдан бери кемчиликсиз жаратылгандыгынын бир далили. Аллах – улуу кудуреттүү Жаратуучубуз.
![]() | |
1. Thymus |
3. Lymph Node |
Organs functioning in the body's immune system |
Иммундук системабыздын дагы бир кереметтүү мүчөсү болсо – бул көк боор. Көк боор кызыл жана ак болуп эки бөлүктөн турат. Ак бөлүгүндө өндүрүлгөн жаш лимфоциттер алгач кызыл бөлүккө көчүшүп, анан ал жерден кан айланууга кошулушат. Ток кызыл түстөгү жана ашказандын жанында жайгашкан бул органдын кылган иштери терең изилденгенде, керемет көрүнүштү көрөбүз. Аны мынчалык керемет жана укмуш кылган нерсе – бул анын өтө оор жана татаал кызматтары.
Көк боордун клетка жана фагоцитоз өндүрүү, эритроцит кампалоо жана иммунитет түзүүгө салым кошуу сыяктуу өтө маанилүү жана өтө оор кызматтары бар. Албетте, көк боор да, бүт башка органдарыбыз сыяктуу, болгону бир кесим эт. Бирок бир кесим эттен күтүлгүс акылдуу жана оор иштерди аткарат. Эч катасыз бүт иштерди уюштуруп, такыр эс албастан иштейт. Көк боор төрөлгөндөн баштап адам үчүн болгон күчү менен иштеп, Аллах каалаган убакыт бою, тынымсыз өз кызматын аткарат.
Эне курсагындагы наристеде бар болгон жилик чучугу кан клеткаларын өндүрүү кызматын толук аткара албайт. Жилик чучугу бул кызматын наристе төрөлгөн соң гана аткарып баштайт. Анда бул убакыт бою наристе кансыз калабы?
Жок. Бул этапта көк боор ишке киришип, жоопкерчиликти өзүнө алат. Дененин эритроцит, тромбоцит жана гранулоциттерге муктаж экенин түшүнгөн көк боор өз кызматы болгон лимфоцитти өндүрүүдөн тышкары, бул клеткаларды да өндүрүп баштайт.
Бирок көк боор аң-сезими жок, бир кесим эт гана. Мындай жоопкерчиликти өзүнө алууга акылы жеткидей бир жөндөмү жок. Болгондо да, бул жоопкерчиликти алган күндө да өтө комплекстүү клетка менен белокторду өндүрө турган маалымат менен жабдыктарды кайдан алат?
Адам денесин жараткан Аллахтын көк боорду да керек болгондо өз кызматынан тышкары жоопкерчиликтерди ала турган кылып, ага ылайык өндүрүш жана сигнал системалары менен бирге жараткандыгы анык.
![]() |
He is Allah — the Creator, the Maker, the Giver of Form. To Him belong the Most Beautiful Names. Everything in the heavens and on the earth glorifies Him. He is the Almighty, the All-Wise. (Surat al-Hashr: 24) |
Көк боордо көп санда макрофагдар (тазалагыч клеткалар) бар. Алар көк боорго келген кандагы улгайган, айныган эритроциттерди жана бир катар бузук кан клеткалары менен кандагы кээ бир заттарды фагоцит кылышат, б.а. жутуп сиңиришет.
Бул жерде өтө маанилүү бир химиялык кайра иштетүү системасы иштейт.
Көк боордогу макрофаг клеткалары жутуп алган эритроциттердин курамындагы гемоглобин белогунун ичиндеги темирди башка заттарга кошуп билирубинге айлантышат. Билирубин андан соң вена системасына берилип, боорго жөнөтүлөт. Мындай кайра иштетүү урматында өт суюктугу менен бирге денеден чыгарып сала турган абалга келет. Бирок өт суюктугу менен бирге ичегилерден чыгарып салына турган билирубиндин ичиндеги темир молекуласы дене үчүн өтө баалуу жана табылышы кыйын бир элемент. Ошондуктан темир ичке ичегилердин белгилүү бир аймагында кайра сиңирилип, алгач боорго, ал жерден болсо жилик чучугуна кетет. Бул жерде максат – бир жагынан, зыяндуу зат болгон билирубинди денеден чыгарып салуу, жана экинчи жагынан, темирди кайра пайдалануу.
Билирубин балансы денебиз үчүн өтө олуттуу мааниге ээ. Себеби мында кетирилген кичинекей бир катанын натыйжасы өтө оор болот. Мунун эң ачык мисалдарынын бири – бул билирубин белгилүү бир деңгээлден ашканда сарык оорусунун келип чыгышы. Бирок денебиздеги клеткалар бул коркунучту билгендей, өтө этияттык менен кооптуу заттарды сыртка чыгарып, пайдалууларын араларынан тандап, бөлүп алып кайра пайдаланууга беришүүдө.
Көк боордун жөндөмдөрү муну менен эле чектелбейт. Көк боор белгилүү көлөмдөгү кан клеткасын (эритроцит менен тромбоциттерди) өз ичинде кампалайт (чогултуп сактайт). «Кампалайт» десе оюңузга кампа катары колдонула турган, өзүнчө бир бөлүк бар экен деген ой келиши мүмкүн. Бирок көк боор кичинекей бир орган жана кампа катары колдоно турган эч оруну жоктой көрүнөт. Көк боор мындай учурларда көлөмүн чоңойтуп, эритроцит менен тромбоциттерге орун даярдайт. Кээде оорулар натыйжасында чоңойгон көк боордун кампасынын көлөмү да чоңойгон болот.
Денеде кандайдыр бир микробдук инфекция же башка бир зыяндуу фактор пайда болгондо, дене ал зыяндуу душманга каршы бир коргонуу чабуулун жасайт. Ал үчүн жоокер клеткалар көбөйүшү керек. Мындай учурларда көк боор лимфоцит менен макрофагдардын өндүрүшүн көбөйтөт. Ошентип оору учурунда бүт денедеги «өзгөчө кырдаалга» көк боор да катышат.
![]() |
Is it you who create it or are We the Creator? (Surat al-Waqi'a: 59) |
Адам денесинде бүт денени кайтаруучу бир полиция жана тыңчылык уюмдар бар. Бул системанын ичинде сакчы полицияларды кармап туруучу, керек болгондо жаңы полицияларды өндүрүүчү полиция участоктору да бар.
Бул система – лимфа системасы, полиция участоктору болсо – лимфа бездери. Системанын полициялары – лимфоцит клеткалары.
Бир эле лимфа системасы да адамдын буйругуна берилген өзүнчө бир керемет. Бул система бүт денени каптаган лимфа тамырлары, ал тамырлардын белгилүү жерлерине жайгаштырылган лимфа бездери, лимфа бездери өндүргөн жана лимфа тамырларында көзөмөл (кайгуул) кызматын аткарган лимфоцит клеткалар жана ал клеткалар сүзүп жүргөн, лимфа тамырларында айлануучу лимфа суюктугунан турат.
Система төмөнкүдөй иштейт: бүт денени каптаган лимфа тамырларынын ичиндеги лимфа суюктугу капиллярдык лимфа тамырларынын айланасындагы кыртыштарга тийет. Ага тийген соң кайра лимфа тамырларына кайткан лимфа суюктугу өзү менен чогуу ал кыртыштарга тиешелүү кээ бир маалыматтарды алып келет. Ал маалыматтар лимфа тамырларында жайгашкан эң жакын лимфа безине жеткирилет. Эгер кыртыштарда бир душман кыймылы башталган болсо анын маалыматы да лимфа суюктугу аркылуу лимфа безине алып келинген болот.
Душманга тиешелүү маалымат анализденген соң эгер бир коркунуч бар болсо, коңгуроо кагылат. Лимфа бездеринде тездик менен лимфоцит менен башка кээ бир жоокер клеткалар өндүрүлүп баштайт.
Өндүрүштөн соң кезек жаңы аскерлерди согуш болуп жаткан фронтко алып барууга келет. Жаңы аскерлер лимфа бездеринен лимфа суюктугу аркылуу лимфа тамырларына өтүшөт. Лимфа тамырларынан болсо кан айланууга өткөн аскерлер согуш болуп жаткан аймакка барышат. Ушул себептен инфекция болгон аймактагы лимфа бездери эң биринчи шишийт. Бул ошол аймакта лимфоцит өндүрүшүнүн өскөнүн көрсөтөт.
Эми бул системаны кыскача кайталайлы:
Бир бөлүгү эле кем болсо иштебей турган бул системанын убакыттын өтүшү менен баскыч баскыч өрчүп пайда болушу мүмкүн эмес. Мисалы, лимфа бездери менен лимфоциттери бар, бирок лимфа тамырлары жаратылбаган бир система ишке жарабайт. Система бүт мүчөлөрү чогуу бир убакта жаратылганда гана иштей алат.
Раббибиздин жаратышы жөнүндө бир аятта төмөнкүдөй айтылат:
Эй адамдар, (силерге) бир мисал келтирилди; эми аны уккула. Силердин Аллахтан башка сыйынып жаткандарыңар, баары ушул үчүн бириксе да, чындыгында бир чымынды да жарата алышпайт. Эгер чымын алардан бир нерсе тартып алса, муну да андан кайра ала алышпайт. Талап кылган да алсыз, талап кылынган да. (Хаж Сүрөсү, 73)
6. Scientific American, September 1993, p. 65