Сүйүү жөнүндө мындай бир китеп жазуубуздун жана бул темага өзгөчө көңүл буруубуздун эң маанилүү себептеринин бири – бул бейиш ахлагында сүйүүнүн абдан чоң мааниге ээ экендигинде. Акыретте Аллах ыйман келтирген кулдары үчүн даярдаган түбөлүк бейиш мекенине кирүүнү каалаган жана ал жерде пайгамбарлар, салихтер жана чынчылдар менен бирге түбөлүк жашоону каалаган бир адамдын бул дүйнөдө сөзсүз сүйүп үйрөнүшү жана сүйүлө турган өзгөчөлүктөргө ээ болушу зарыл. Себеби, бейиштин эң чоң кооздуктарынын бири – бул бири-бирин абдан сүйгөн, сонун ахлактуу адамдардын түбөлүккө улана турган достугу.
Бейиште түбөлүк сүйүү жана достук ичинде жашай алуунун жолу болсо – бул Аллахты абдан сүйүү жана Аллах абдан сүйгөн бир адам болуу. Аллахтын сүйгөндөрү болсо Куранда билдирилгендей, муттакилер (Аллахтан корккондор) (Тообо Сүрөсү, 4), күнөөлөрдөн тазалангандар (Тообо Сүрөсү, 108), адилеттүү болгондор (Хужурат Сүрөсү, 9), жакшылык кылгандар (Бакара Сүрөсү, 195), тазалангандар (Бакара Сүрөсү, 222), тообо кылгандар (Бакара Сүрөсү, 222), сабыр кылгандар (Ал-и Имран Сүрөсү, 146), күнөөлөрдөн сактангандар (Ал-и Имран Сүрөсү, 76) жана тобокел кылгандар (Ал-и Имран Сүрөсү, 159).
![]() |
Allah is the protector of those who believe. He brings them out of the darkness and into the light. But those who do not believe have false deities as protectors. |
Пайгамбар Мырзабыздын сүйүү үчүн кылган дубасы Аллахка жана момундарга болгон сүйүүнүн маанисин түшүнүшүбүз үчүн бизге сонун бир өрнөк болот:
Расулуллах бир жолу дуба кылып жатып мындай деди: «Я Рабби! Мага Өз сүйүүңдү, сүйгөндөрүңдүн сүйүүсүн жана мени Сенин сүйүүңө жакындаштыра тургандардын сүйүүсүн бер жана Өз сүйүүңдү мага ысыктан, суусуздуктан чаңкагандардын муздак сууга жетүү каалоолорунан сүйүктүү кыл. 16
Айтышты:
«Сен – Улуксуң, бизге үйрөткөнүңдөн башка биздин эч кандай илимибиз жок. Чындыгында, Сен – бардык нерсени билүүчү, өкүмдар жана даанышмансың.»
(Бакара Сүрөсү, 32)
16-İmam Gazali, Kimya-yı Saadet, s. 594 ((2) VI/253) ((5) VI/253)