Кириш Сөз

Сүйүү – бул Аллах адамдарга берген эң чоң немат-жакшылыктардын бири. Ар бир адам өмүр бойу абдан жакшы көргөн, ишенген, өзүнө жакын сезген адамдар менен бирге болууну каалайт. Аллах берген немат-жакшылыктардын көпчүлүгү чыныгы сүйүү жана достукка толгон чөйрөдө чындап маанилүү болот. Мисалы, абдан кооз бир жерди көрүп, андан ырахат алган бир адам ал толкундануусун сүйгөн бир адамы менен бөлүшкүсү келет. Ошол сыяктуу эң сонун жайылган дасторкон же эң кооз, заңкайган үй да жалгыз башына отурган адам үчүн жагымдуу болбошу мүмкүн. Себеби, Аллах адамдын табиятын сүйүүдөн жана сүйүлүүдөн ырахат ала турган, достукту жана боордоштукту жактыра турган абалда жараткан. Куран ахлагын жашаган адамдар менен бирге болуу, алар менен достукту жана сүйүүнү жашоо болсо ыйман келтирген бир адамга көптөгөн нематтардан бир топ жогору ырахат тартуулайт.

Ушул себептен Аллах сүйгөн жана ыраазы болгон кулдарына убада кылган бейиш – чыныгы сүйүү, достук жана боордоштук түбөлүккө өкүм сүрө турган, абдан кооз мекен. Аллах Куранда бейиш жашоосу жөнүндөгү билдирген кабарларда дайыма кубаныч, достук, сүйүү, махабат, сонун сөз жана бейпилдик айтылат. Сүйүү жана достукка тоскоол боло турган бүт нерселер бейиштеги адамдардан алыс болот. Мисалы, Аллах бир аятында бейишке кире турган момундардын жүрөгүнөн кыжырдын бүтүндөй алынып салынганы билдирилген (Араф Сүрөсү, 43). Кызганычтык, душмандык, атаандашуу, кыжырдануу, таарынуу, көңүл ооруу сыяктуу сүйүү жана достукка тоскоолдук кылган бардык жаман сапаттар бейиштин сыртында калат.

Бейиште жашай турган Мусулмандардын маанилүү сапаттарынын бири – бул алардын бул жашоодо да бардык пайгамбарларды, Аллахка ыйман келтирген, жакшы амалдарды кылган салих адамдарды жана мурда жашап өткөн бардык Мусулмандарды абдан сүйүшү. Ыйман келтиргендер Аллахтын ыраазычылыгына жетүү үчүн аракет кылган бардык салих момундарга өзүн жакын сезет, аларды өзүнүн бир досу катары карайт. Ар кандай шартта алар менен бирге болуудан чоң ырахат алышат; бардык Мусулмандарга карата бекем, туруктуу достук сезимине ээ. Аллах момундардын жүрөктөрүндөгү ыймандарына, Аллах коркуусуна негизделген мындай сонун сүйүүгө жана Раббибизге болгон чын жүрөктөн моюн сунуучулугуна сыйлык катары аларга сүйүүнүн жана бекемдиктин эң сонун мекени болгон бейишти берет.

Gül bahçesi

As for those who make Allah their friend, and His messenger, and those who believe:
It is the party of Allah who are victorious!
(Surat al-Ma'ida, 56)

Момундардын жүрөгүндөгү сүйүүнүн чыныгы булагы болсо – бул алардын Аллахка болгон терең сүйүүлөрү. Момундар Аллахты абдан сүйүшөт жана жашоолору боюнча дайыма Аллахтын сүйүүсүнө жана ыраазычылыгына жетүү үчүн болгон аракети менен аракет кылышат.

Аллах бардык адамдарды жоктон жараткан. Адам эч нерсе эмес кезинде Аллахтын мээрими менен бир жанга ээ болгон. Кулдарын бул дүйнөдө баккан, ар кандай тамактар, мөмө-жемиштер сунган, миң бир түрдүү гүлдөр, сүйкүмдүү жаныбарлар менен бизге ырахат тартуулай турган кооз табияттар жараткан, күндөн сууга, абадан витаминдерге чейин биз муктаж болгон бүт нерселерди кемчиликсиз кылып жараткан, космос мейкиндигинде миңдеген киллометр ылдамдык менен сүзүп жүргөн жер планетасын дайыма бейпилдикте кармап турган – бул Рахман, Рахим жана чексиз мээримдүү Раббибиз. Аллахтын ага берген немат-жакшылыктарын, Анын бүт нерсеге күчү жетээрин жана бүт ааламдардын жалгыз өкүмдары экендигин, бүт нерсени эң сонун жана жакшылыктар менен жаратканын ойлонгон ар бир момундун Аллахка болгон сүйүүсү мындан да күчөйт. Аллахты сүйгөн жана Аллахтан корккон бир адам Ал койгон чектерди чын көңүлдөн сактайт (арамдардан сактанат); Аллахтын ар бир буйругун кемчиликсиз аткаруу үчүн абдан аракет кылат, Аллахтын ыраазычылыгына, сүйүүсүнө, рахматына жана бейишине жетүү үчүн жашоосу боюнча болгон аракетин жумшайт.

Аллахты абдан сүйгөн, Аллахтан корккон, Анын ал адамдан ыраазы болушу үчүн чын көңүлдөн аракет кылган ар бир момун – дүйнөгө сулуулук алып келген жакшы адамдардан болот. Аллахты сүйгөн адам Аллах жараткан жандыктарды да сүйөт, аларга боор ооруп, мээримдүүлүк көрсөтөт, аларды коргогусу, аларга жакшылык жана сулуулук тартуулагысы келет. Дүйнөнүн эң жакшы, эң жогорку адеп-ахлактуу адамдарынан болгон Аллахтын элчилери (пайгамбарлар) да адамдарды сүйүүгө жана боордоштукка чакырган.

Аллах ыйман келтирип, салих (Аллахтын ыраазычылыгы үчүн чын көңүлдөн) амалдарды жасаган кулдарына мындай сүйүнчү айтат:

Bahçede havuz

Айт: «Мен бул үчүн силерден жакындарыңарга сүйүүңөрдөн башка эч кандай акы сурабаймын.» Ким бир жакшылык кылса, Биз андагы жакшылыкты көбөйтөбүз. Чындыгында, Аллах – кечиримдүү, шүгүр кылганга акысын берүүчү.
(Шура Сүрөсү, 23)

Адамдардын кээ бирлери Куран ахлагын билишпегендиктен, Аллахты зарыл деңгээлде таанып, Анын улуулугун аңдап-түшүнө албагандыктан сүйүүдөн жана достуктан алыста калып, жашоолорун азап ичинде өткөрүшүүдө. Мындай адамдар арасында эң мактанаарлыктай көрүнгөн жашоону жашагандар да чындыгында чыныгы бакытты жана бейпилдикти таба алышпоодо. Ыймандан алыс жашаган бул адамдар үчүн сүйүүсүз, доссуз жана жалгыз жашаган жашоонун эч бир мүнөтү ырахаттуу жана сонун эмес. Сүйүүсүз жашоону Аллах ыйман келтирбегендерге бул дүйнөдө жана акыретте жакшылыкты сезип шүгүр кылбагандыгы жана ыйман келтирбегендигине бир жооп (жаза) катары берүүдө. Бул адамдар чыныгы мааниде сүйө алышпайт жана сүйүлүшпөйт. Аллахка шерик кошуу менен жашаган сүйүү болсо чыныгы сүйүү эмес жана аларга дайыма пессимисттик, бактысыздык жана азап алып келет.

Аллах Куранда билдиргендей, жалгыздык жана досу жок калуу тозокко тиешелүү бир өзгөчөлүк:

Себеби, ал улуу Аллахка ыйман келтирген эмес. Кедейге тамак берүүгө чакырбайт эле. Ошондуктан, бүгүн ага эч кандай жакын дос жок. (Хакка Сүрөсү, 33-35)

Бул китептин максаты – ыйман келтиргендерге чексиз мээримдүү Раббибизге, Аллах жараткан жандыктарга жана момундарга болгон сүйүүнүн маанисин эске салуу, Аллахтан баш тартуучуларга тиешелүү өзгөчөлүк болгон сүйүүсүздүктүн бир адам үчүн канчалык чоң балээ жана азап экенин көрсөтүү. Ар бир момун мындай абалга түшүп калуудан качынышы, бейиш сүйүүсүн бул дүйнөдө эле жашап башташы, жалгыз дос жана Вели болгон Раббибизге жана момундарга сүйүү, бекем достук менен жакын болуулары зарыл.

Göl, dağ manzarası