Аллахты Сүйгөн Пайгамбарларды Жана Момундарды Да Сүйөт

Ыйман келтиргендер Аллахка болгон күчтүү сүйүүсү жана чын жүрөктөн жакындыктары себебинен Аллах жараткан жандыктарды да абдан сүйөт, булардын ар биринде Аллахтын сыпаттарынын көрүнүштөрүн көрөт. Курандын «Силердин досуңар – Аллах, Анын Пайгамбары жана ыйман келтирген адамдар. Алар моюн сунган абалда намазды толук аткарышат жана зекетти беришет.» (Маида Сүрөсү, 55) аятында билдирилгендей, ыйман келтиргендер Аллах адамдарга туура жол көрсөтүшү үчүн жөнөткөн пайгамбарларды жана салих момундарды да абдан сүйүшөт. Пайгамбарлар – Аллах бүт адамдар үчүн өрнөк кылган, терең бир ыйманга ээ, жогорку ахлактуу адамдар. Аллах «Ант болсун, силер үчүн, Аллахтан жана акырет күндөн үмүт кылып, Аллахты көп-көп зикир кылгандар үчүн, Аллахтын элчисинде сонун үлгүлөр бар.» (Ахзаб Сүрөсү, 21) аятында кабар бергендей, Пайгамбарыбыз Аз. Мухаммеддин жашоосунда жана ахлагында ыйман келтиргендер үчүн сонун өрнөктөр жана хикматтар бар. Пайгамбарыбыздын (сав) Аллахка болгон абдан жакындыгы, такыбаалыгы, сабыры, акылы, эр жүрөктүгү, тазалыгы, мээрими, бекемдиги, жандуулугу жана дагы көптөгөн сонун өзгөчөлүктөрү бүт Мусулмандарга өрнөк болгон.

gül bahçesi

Allah is pleased with them,
and they are pleased with Him.
(Surat al-Mujadala, 22)

Пайгамбар Мырзабыз Аллахка жана пайгамбарга болгон сүйүүнүн маанисин бизге мындайча эскерткен:

Расулуллах буйурду: «Аллаху Тааланы жана Анын Элчисин бүт нерседен көп сүйбөгөндүн ыйманы бекем эмес.» Ыйман эмне? деп сурашканда: «Аллах жана Элчиси сен үчүн башка бүт нерседен сүйүктүү болушу.» буйурган. Дагы айткан: «Кул Аллах жана Анын Элчисин бала-чакасынан, мал-мүлкүнөн жана бүт нерседен көбүрөөк сүймөйүнчө момун болбойт.»

«Аз. Энестин риваяты боюнча Расулуллах (сав) буйурган, үч нерсе (хаслет) бир адамда болсо, ал адам ыймандын сонун даамын татат. Биринчиси, Аллах жана Элчисинин ал адамга бүт нерседен сүйүктүү болушу. Экинчиси, башкаларга болгон махабатында да Аллах үчүн сүйүшү. Үчүнчүсү, каапырчылыкка кайтууну отко ыргытыла тургандай коркунучтуу (керих) көрүшү.1

Аллахтын бардык элчилери жана пайгамбарлары Аллах Кабатында тандалган, Раббибиздин ыраазычылыгына жеткен жогорку ахлактуу адамдар. Аллах Куранда пайгамбарлардын сонун ахлактарынан мисалдар берген жана алар жөнүндө мактоо менен сөз кылган. Пайгамбарыбыз Аз. Мухаммед, Аз. Муса, Аз. Иса, Аз. Ибрахим, Аз. Харун, Аз. Яхья, Аз. Йусуф, Аз. Йунус, Аз. Якуб, Аз. Исмаил, Аз. Сулайман, Аз. Дауд жана башка бүт пайгамбарлар жана элчилер Аллахка болгон чыныгы ыймандары, урмат толо коркуулары, такыбалыктары жана сонун ахлактары менен адамдарга өрнөк болушкан. Куран аркылуу элчилерди мындай жогорку өзгөчөлүктөрү менен тааныган бүт момундар алардын ахлагына жете алуу, алар сыяктуу Аллахтын досутугуна жете алуу жана бейиште алар менен бирге боло алуу үчүн жакшы иштерде жарышат жана чындап аракет кылышат. Момундардын пайгамбарларга болгон мындай терең сүйүүсү алардын сүйүү түшүнүгүн да көрсөтүүдө. Ыйман келтиргендердин башка бирөөгө көрсөткөн сүйүүсү толугу менен ал адамдын ыйманынан, сонун ахлагынан жана такыбалыгынан келип чыгууда. Бир адамдын мындай өзгөчөлүктөрүн билүү ал адамга эч жолукпаса да ага карата терең жана күчтүү сүйүү пайда болушуна себеп болот.

Ыйман келтиргендер эч көрбөгөн, таанышпаган жана жандарында болбогон болушса да, Аллахтын элчилерине карата терең бир сүйүү, урматтоо жана жакындык сезимин туйушат. Аллахтын аларды бүт ыймандууларга бир мээрим катары жөнөтүшү жана көптөгөн Куран аятында алар жөнүндө сүйүү жана мактоо менен сөз кылынышы ыйман келтиргендердин элчилерге болгон сүйүүлөрүн андан да күчөтөт. Ыйман келтиргендер пайгамбарлар жана элчилер жөнүндө дайыма урмат, сүйүү жана мактоо менен сөз кылышат, аларды дайыма өздөрүнөн алдыда жана өйдө тутушат. Ар бир мүмкүнчүлүктө алардын Аллахка болгон баш ийүүчүлүгүн, жакындыктарын, сүйүүлөрүн, сонун ахлак өзгөчөлүктөрүн бүт адамдарга баяндайт жана аларды да элчилердин жолунан жүрүүгө чакырат.

Аллах Куранда ыйман келтиргендердин элчилерге карата мындай сүйүүлөрүнө көңүл бурган жана пайгамбарлардын момундар үчүн өз напсисинен (өздөрүнөн) өйдө экенин билдирген:

Пайгамбар момундар үчүн өз жандарынан да кымбат... (Ахзаб Сүрөсү, 6)

Аллах Курандын көптөгөн аяттарында пайгамбарлардын сонун ахлагына жана жогорку өзгөчөлүктөрүнө орун берген. Пайгамбарлар сүйүү жана мактоо менен саламдалган мындай аяттардын кээ бирлери төмөнкүдөй:

Биз аны(н ысымын) кийинки муундардын арасында (даңазалуу кылып) калтырдык. Ибрахимге салам болсун. Биз жакшыларды ушинтип сыйлайбыз. Чынында ал биздин момун пенделерибизден болгон. Жана Биз ага Исхак жөнүндө куш кабар бердик. (Исхак) салих пайгамбарлардын бири. Биз ага (Ибрахимге) жана Исхакка берекеттерди бердик. Ал экөөсүнүн урпактарынын арасынан жакшы(лар) да, өзүнө анык зулум кылган(дар) да чыкты. (Саффат Сүрөсү, 108-113)

Norweç fiyortları

Allah showed great kindness to the believers when He sent a messenger to them from among themselves.
(Surah Al 'Imran, 164)

We made them leaders, guiding by Our command; revealed to them how to do good actions, perform prayer, give alms; and they worshipped Us.
(Surat al-Anbiya', 73)

Жана аларды акыркы муундардын арасында (даңазалуу кылып) калтырдык. Муса менен Харунга салам болсун. Биз жакшыларды ушинтип сыйлайбыз. Чынында, экөө тең Биздин ыймандуу пенделерибизден. (Саффат Сүрөсү, 119-122)

Ильяс дагы элчи-пайгамбарлардан эле... Биз аны(н ысымын) кийинкилердин арасында (даңазалуу) калтырдык. Ильяска салам болсун. Шек жок, Биз жакшыларды ушинтип сыйлайбыз. Ал Биздин момун пенделерибиздин бири. (Саффат Сүрөсү, 123, 129-132)

Жана Биз ага (Ибрахимге) Исхак жана Якубду белек кылдык, баарын Туура Жолго баштадык. Биз (алардан) мурун Нухту, анын урпактарынан Даудду жана Сулайманды, Айубду жана Йусуфту, Мусаны жана Харунду туура жолго багыттадык. Биз жакшылык кылуучуларды мына ушинтип сыйлайбыз.

Закария, Яхья, Иса жана Ильясты да (туура жолго баштадык), бардыгы салих жакшы адамдардан.

Исмаил, Эльяса, Йунус, Лутту да (туура жолго баштадык). Алардын баарын ааламдардан абзел кылдык.

Алардын аталарын, урпактарын жана ага-инилерин да (башка элдердин арасынан) тандап алып, туура жолго баштадык. (Энам Сүрөсү, 84-87)

Norveç fiyortları

O Humanity. The messenger has brought you the truth from your Lord,
so it is better for you to believe.
(Surat an-Nisa', 170)

(Allah has sent down) a messenger reciting Allah's clear signs to you to bring
those who believe and do right actions out of the darkness and into the light.
(Surat at-Talaq, 11)

Аллах Куранда пайгамбарларыбызды мындайча саламдайт:

Жөнөтүлгөн (пайгамбар)ларга салам болсун. Жана ааламдардын Раббиси Аллахка мактоолор болсун. (Саффат Сүрөсү, 181-182)

Пайгамбарлар – Аллах эң сүйгөн, Өзүнө эң жакын дос кылган, эң салих момундардан. Аллах эң сүйгөн, момундар да эң сүйгөн адамдар. Ошондуктан, момундар да пайгамбарларыбызга болгон сүйүүлөрүн аларды Аллах Куранда саламдагандай, сүйүү менен мактап жана эскерүү менен көрсөтүшү зарыл, жана алардын жолун жана ахлагын толук жолдоого аракет кылышы керек.

bahçe

Believing men and women are friends of one another.
They command what is right and forbid what is wrong,
perform prayer and give alms, and obey Allah and His messenger.
(Surat at-Tawba, 71)

Аллахты Сүйгөн Аллахтын Досу Болгон Момундарды Да Сүйөт

Аллах сүйгөндөр момундар үчүн да сүйүктүү; Аллахка дос болгон момундардын да досу; Аллах кимден ыраазы болсо момундар да андан ыраазы; Аллахты сүйгөн Аллах сүйгөн кулдарын да сүйөт. Аллах жолундагы салих момундар – Аллахтын эң сүйүктүү кулдарынан. Ошондуктан момундар бири-бирин абдан сүйүшөт жана жакындык сезип, коргошот. Курандын көптөгөн аяттарында момундардын бири-бирине болгон сүйүүлөрү, жакындыктары, мээрими жана боорукердиги жөнүндө сөз кылынат. Бул аяттардын кээ бирлери төмөнкүдөй:

Сен эртели-кеч Раббисине Анын ыраазылыгын каалап, дуба кылып жаткан адамдар менен бирге өзүңдү сабырдуу карма. Эки көзүң аларды көрбөй калып, дүйнө жашоосунун зыйнаттарына берилбе. Жана Биз жүрөгүн Бизди зикир кылуудан (эстөөдөн) бейкапар кылып койгон жана өз каалоосун гана ээрчиген адамга моюн сунба. Анын бардык иштери текке кетүүчү. (Кехф Сүрөсү, 28)

Шек жок, Аллах Өзүнүн жолунда бир-бирлерине жабышкан (бекем ширелген) бир үй сыяктуу сап-сап болуп согушкан пенделерин сүйөт. (Саф Сүрөсү, 4)

Бардыгыңар Аллахтын жибин бекем кармагыла жана бөлүнүп-жарылбагыла. Аллахтын силерге берген нематын эстегиле: бир кезде силер өз ара душман болуп, (токтоосуз согушуп) турганыңарда жүрөгүңөрдү бири-бирине үлпөт кылды жана Анын бул нематы себептүү (бир туугандай) дос болуп калдыңар. Жана силер тозок чуңкурунун жээгинде элеңер, андан силерди куткарды. Аллах силерге Өзүнүн аяттарын туура жолго түшөөрсүңөр деп ушинтип баян кылат. (Ал-и Имран Сүрөсү, 103)

Atlar

Those who believe and have emigrated and striven with their wealth and themselves in the way of Allah, and those who have given refuge and help, they are the friends and protectors of one another.
(Surat al-Anfal, 72)

Бележки

1- Sahih-i Buhari, s. 53, hadis 15