Аллах Сүйүүсү Менен Аллах Коркуусу Бирге Болушу Зарыл

laleler

It is He Who created the heavens and the earth in six days, then established Himself firmly on the Throne.
He knows what goes into the earth and what comes out of it,what comes down from heaven and what goes up into it.
He is with you wherever you are – Allah sees what you do.
(Surat Al-Hadid, 16)

Кээ бир адамдар дих ахлагын жашоо жана Аллах ыраазы боло турган бир адам болуу үчүн Аллах сүйүүсү гана жетиштүү деп ойлойт. Бирок Аллах Куранда ыраазы болгон такыба кулдарынын Аллахты абдан сүйүүлөрү менен бирге Андан күчтөрү жетишинче коркуп тартынаарын билдирүүдө. Аллахты бардык сыпаттары менен тааныган, Анын Улуулугун зарыл деңгээлде аңдап-түшүнө алган, акылдуу жана абийирдүү ар бир адам Аллахтан күчү жеткенче коркуп тартынат. Аллах Андан корккон кулдарына туура менен туура эмести айырмалай ала турган өзгөчөлүк берет; Аллах койгон чектерге ылайык жашашы, дайыма абийирин угуу менен аракет кылышы үчүн ага күч берет. Аллах ыйман келтиргендерге берген бул нематын Куранда мындайча билдирет:

Оо, ыйман келтиргендер. Эгер Аллахтан корксоңор, силерге жакшылык менен жамандыкты ажырата турган илим-парасат берет, (кичинекей) күнөөңөрдү өчүрөт жана (чоң) күнөөңөрдү кечирет. Аллах – Улук пазилет ээси. (Анфал Сүрөсү, 29)

Мисалы, Аллахтан коркуп тартынган бир адам эч качан жалган сүйлөбөйт. Эгер калп айтса, Аллахтын ыраазычылыгына жете албоодон жана Анын ал адамга бериши мүмкүн болгон азаптан коркуп тартынат жана өзүнүн зыянына болсо да чындыкты сүйлөйт. Бир заматтык капылеттиктен улам туура эмес бир нерсе айтып алса да, ошол замат күнөө кылганы үчүн Аллахка тообо кылат жана катасын оңдойт. Ушул сыяктуу бир адамдын канчалык кыйын абалда болсо да арам жолдон акча издебеши да анын Аллах коркуусунун бир натыйжасы.

Аллах коркуусу болбогон бир адамдын өзүнө жараша бир чеги бар; ал чекке чейин чынчыл болсо да, бир жерден кийин напсисине ылайык аракет кылат. Аллахтан коркуп тартынган бир адам болсо канчалык кыйын абалда калбасын эч качан Аллах ыраазы болбой турган бир жолду тандабайт. Бир кыйынчылыкка кабылганда, Аллахка таянып, Ага иенет, абалдан чыгуу жолун көрсөтүшү үчүн Раббибизге дуба кылат жана тобокел кылат.

Аллах кулдарын сүйөт, алар үчүн сулуулуктар каалайт, аларды кечирет, мээрим көрсөтөт, аларга жардам берет жана көп берешендик кылат. Мушриктер жана каапырлар болсо Аллахтын мээриминен алыс болушат. Чексиз адилеттүү Раббибиз Ага чын, таза жүрөктөн ыйман келтирген салих кулдарын дүйнөдө жана акыретте мээрими менен сыйлайт, каапырчылыкта көгөргөн адамдарды болсо тозок азабы менен азаптайт.

Раббибиздин чексиз күч-кудуретин жана акыреттеги түбөлүк азапты толугураак түшүнгөн бир адам жашоосунун ар бир көз ирмеминде, кылган ар бир ишинде Аллахтан абдан коркот. Мындай коркуусу себебинен Раббибиз ыраазы болбой турган бир мамиле кылуудан абдан качынат. Бирок бир тараптан да Аллахка чын жүрөктөн сүйүү жана бекемдик менен жакын болуудан улам, Аллахтын анын каталарын кечирип тооболорун кабыл кылаарын, Аллахтын ыраазычылыгына жетүү үчүн кылган көп аракеттери үчүн аны бейиши менен сыйлаарын үмүт кылат. Куранда ыйман келтиргендердин мындай ахлагы мындайча билдирилет:

Чынында, кайыптагы Раббисинен корккон адамдарга (Аллах Таала тарабынан) кечирим жана чоң сыйлык (бейиш) бар. (Мүлк Сүрөсү, 12)

Оо, ыйман келтиргендер. Аллахтан чындап корккула жана мусулман (ыймандуу) болуп гана өлгүлө. (Ал-и Имран Сүрөсү, 102)

Аллахты чындап сүйгөн ар бир момун Аллахтын азабынан, Аллахтын ыраазычылыгы жана сүйүүсүн жоготуп койуудан абдан коркот жана ушул себептен жашоосу боюнча чын жүрөктөн жана көп көп аракеттерди кылат. Аллах Куранда бул ахлакты жашаган момундарга мындай куш кабар билдирет:

Ал эми кимде ким акыретти каалап, ыймандуу болуп, аракетин ошого арнаса, алардын аракеттери кабыл алынган. (Исра Сүрөсү, 19)

şelale

So fear [and respect] Allah as much as you are able to, and listen and obey.
(Surat at-Taghabun, 16)

Spend in the way of Allah. Do not cast yourselves into destruction.
And do good: Allah loves good-doers.
(Surat al-Baqara, 195)