Микдам Ибну Мадикериб (радыйаллаху анх) мындай баяндайт: «Расулуллах (алейхиссалату весселам) буйурду: «Бирөөңөр бир тууганынын ахлагын (Аллах үчүн) сүйсө, муну ага айтсын.» 2
Ата эль-Хорасани баяндайт: «Расулуллах (алейхиссалату весселам) буйурду: «Бири-бириңер менен кол алышкыла, жүрөктөрдөгү кек кетсин. Белек беришкиле, бири-бириңерге сүйүү пайда болсун жана араңардагы душмандык жоголсун.» 3
«Белек беришкиле, бири-бириңерди сүйгүлө, «Бири-бириңерге тамак тартуулагыла. Бул ырыскыңарды көбөйтөт.» 4
«Аллах Кабатында эң сүйүктүүңөр достук курган жана аны менен достук курулганыңар. Аллах алдында эң жагымсызыңар болсо куулуп жүргөндөр, достордун арасын бузгандар.» 5
![]() |
Do not strut arrogantly about the land. |
«Эки бир тууган (эки дос) эки кол сыяктуу, бири экинчисин жууйт (тазалайт).» 6
«Бири-бириңерден тескери бурулбагыла. Бири-бириңерге өчөшпөгүлө. Бири-бириңерди кызганбагыла. Бири-бириңер менен достугуңарды үзбөгүлө. Эй Аллахтын кулдары, бир тууган болгула.» 7
«Силерге берген нематтары үчүн Аллахты сүйгүлө, мени да Аллах мени сүйгөн үчүн сүйгүлө.» 8
«Аллах үчүн жөнөкөй (бой көтөрбөс) болгонду Аллах бийик кылат. Бой көтөргөндү Аллах төмөн кылат. Аллахты көп эстегенди Аллах сүйөт.»9
![]() |
Do you not see that Allah has subjected to you everything in the heavens and Earth, Fear (and respect) Allah, and know that He has knowledge of all things. |
2- Kütüb-i Sitte, 10. cilt, s. 135; Ebû Dâvud, Edeb 122, (5124); Tirmizî, Zühd 54, (2393)
3- Muvatta, Hüsnü'l-Hulk 16, (2, 908)
4- Kütüb-i Sitte, cilt 16, s. 239
5- İhya'u Ulum'id-Din Huccetü'l-İslam, İmam Gazali, cilt. 2, s. 365
6- İhya'u Ulum'id-Din Huccetü'l-İslam, İmam Gazali, cilt. 2, s. 394
7- Müslim İhya'u Ulum'id-Din Huccetü'l-İslam, İmam Gazali, cilt. 2, s. 407
8- Tirmizi İhya'u Ulum'id-Din Huccetü'l-İslam, İmam Gazali, cilt. 4, s. 594
9- İbn Mace İhya'u Ulum'id-Din Huccetü'l-İslam, İmam Gazali, cilt. 4, s. 655