Аллах Ыраазычылыгы Үчүн Сүйүү

Дүйнө жашоосундагы жалгыз максаты Аллахтын ыраазычылыгына, рахматына жана бейишине жетүү болгон жана Аллахка чын көңүлдөн баш ийген момундар бүт жашоолорун Аллах үчүн жашашат. Курандын «Айткын: «Менин намазым, ибадаттарым, жашоом жана өлүмүм ааламдардын Раббиси – Аллах үчүн.» (Энам Сүрөсү, 162) аятында билдирилгендей, кылган ар бир ишинде, ар бир мамилесинде Аллахтын ыраазычылыгын максат кылышат. Ээ болгон бүт нерсесин Аллахтын ыраазычылыгына жетүүгө арнаган момундардын сүйүүлөрү да жалаң гана Аллах үчүн. Аллахты бүт сыпаттары менен тааныган, Анын күч-кудуретине жана улуулугуна ар дайым күбө болгон, Раббибиздин рахматын, сүйүүсүн жана мээримин бүт жашоосу боюнча дайыма сезген бир момундун Аллах сүйүүсү – эч кайсы сүйүү менен салыштырууга болбой тургандай, күчтүү. Аллах Бакара Сүрөсүндө момундардын Ага болгон күчтүү сүйүүлөрү менен мушриктердин туура эмес сүйүү түшүнүктөрү арасындагы айырманы мындайча билдирүүдө:

Köprü

Адамдардын арасында кээ бирөөлөр Аллахтан башка нерселерди (Аллахка) тең (шерик) кылып алышат (жана) аларды Аллахты сүйгөндөй сүйүшөт. Ыймандуу адамдар болсо Аллахты көбүрөөк сүйүшөт... (Бакара Сүрөсү, 165)

Аятта билдирилгендей, адамдардын кээ бирлери Аллахка шерик кошууда жана башка жандыктарды Аллахты сүйгөндөй сүйүшүүдө (Аллахты аруулайбыз). Момундар болсо эч бир адамдын, заттын же жандыктын чынында өзүнө тиешелүү бир күчү же сулуулугу жок экендигин билет. Булардын баарын алар ээ болгон өзгөчөлүктөрү менен бирге жоктон бар кылып жараткан бир гана Аллах. Эч бир жандуу өзүнүн сулуулугун өзү пландап жарата албайт. Бир адамдын жүзүндөгү сулуулукту же бир жандык ээ болгон сүйкүмдүүлүктү белгилүү бир өмүр менен жараткан жана ажалы жеткенде баарын жок кыла турган Аллах. Бүт сулуулуктар бир гана Аллахтын өкүмүндө, башкаруусунда. Мына ушул себептен улам момун көргөн бүт сулуулуктарды, адамдарды, жаныбарларды, табиятты аларды Аллах жаратканын билүү менен сүйөт. Ошондуктан чыныгы сүйүүсү бүт бул сулуулуктарды ага берген жана бүт нерсенин ээси болгон Аллахка арналат.

Пайгамбар Мырзабыз да момундарга бири-бирине болгон сүйүүлөрүнүн Аллах ыраазчылыгы үчүн болушу зарыл экенин эскерткен:

Аз. Эбу Зерр (радыйаллаху анх) баяндайт: «Расулуллах (алейхиссалату весселам) буйурду: «Амалдардын эң пазилеттүүсү – Аллах үчүн сүйүү, Аллах үчүн жаман көрүү.» 10

«Ыйман жакындыктарынын эң бекеми – Аллах үчүн достук, Аллах үчүн душмандык, Аллах үчүн сүйүү, Аллах үчүн жек көрүү.» 11

bahçe, güller

.... He to Whom the kingdom of the heavens and Earth belongs. He does not have a son, and He has no partner in the Kingdom. He created everything, and determined it most exactly.
(Surat al-Furqan, 2)

Аллахка шерик кошкон бирөө болсо бир адамдын сулуулугун мактаганда, бул сулуулук ал адамга тиешелүү деп ойлойт. Бул бир сүрөт көргөзмөсүн кыдырып жүргөн жана жагып калган бир сүрөттүн сулуулугун ал сүрөткө тиешелүү деп ойлоо менен ал сүрөттү мактаган адамдын абалына окшойт. Чынында болсо сүрөт эмес, сүрөтчү макталышы зарыл. Ошондуктан, бир адам көңүлүнө жаккан бир сулуулукка жолукканда, жагымдуу бир үн укканда, бир тамактан ырахат алганда, ылдам бул сулуулуктарды жараткан Раббибизди ойлонушу зарыл; сүйүүсүн, ыраазычылыгын жана шүгүрүн Ага багытташы керек. Аллахка шерик кошпостон ыйман келтиргендер ээ болгон бүт нерсе үчүн Аллахка карыздар экенин билишкендиктен, Аллахка абдан күчтүү сүйүү менен жакындык сезишет.

Аллах Куранда Аз. Ибрахимдин мушрик коомуна мындайча кайрылганын билдирет:

(Ибрахим) Айтты: «Силер дүйнө жашоосунда өз ара бири-бириңерди сүйүү үчүн, Аллахтан башка путтарды (кудай кылып) кармадыңар. Кийин кыямат күнү болсо бири-бириңе каапыр (каршы) болуп, наалат айтасыңар. Силердин жайыңар тозок жана силерге эч бир жардамчы болбойт.» (Анкебут Сүрөсү, 25)

Аятта билдирилгендей, Аллахка орток кошкондордун дүйнө жашоосундагы бири-бирине болгон жакындыгы акыретте чоң бир жек көрүүгө айланат. Буга алардын Аллахты унутуу менен бири-бирин жашоолорунун эң чоң максаты кылып алышы себеп. Буга жооп катары Аллах мындай адамдардын ширк ичиндеги сүйүү жана жакындыктарын акыретте түбөлүк улана турган бир кек жана жек көрүүгө айлантып койот.

Куранда дүйнө жашоосуна тиешелүү алдамчы кооздуктарды же адамдардын сүйүүсүнө жетүүнү Аллахтын ыраазычылыгынан өйдө койгон адамдарга мындайча эскертүү берилет:

Айт: «Эгер силердин атаңар, бала-чакаңар, ага-иниңер, жуп-жубайыңар, тууган-уругуңар, тапкан мал-дүйнөңөр, жүрүшпөй калышынан корккон соодаңар жана өзүңөргө жаккан үй-жайыңар силерге Аллахтан, Анын Пайгамбарынан жана Аллахтын жолунда жихаддан (аракет кылуудан) сүйүктүүрөөк болсо, анда Аллахтын буйругу келгенге чейин күтө тургула. Аллах бузуку коомду туура жолго баштабайт. (Тообо Сүрөсү, 24)

Gül bahçesi

...on the brink of a crumbling precipice so that it collapses with him into the Fire of Hell? Allah does not love wrongdoers.
(Surat at-Tawba, 109)

Ыйман келтиргендер дүйнө жашоосунун бардык мындай кооздуктарынын Аллахка тиешелүү экенин билишет жана буларды Аллахтын көрүнүштөрү катары гана сүйүшөт. Мисалы, момундарда Аллах жакшы көргөн сонун ахлак көрүнгөндүктөн, эң көп сүйүү, жакындык жана достук сезимин момундарга карата туйушат. Бул сүйүү уруу, раса сыяктуу жакындыктарга же кандайдыр бир пайдага таянбайт. Акчанын, кызмат ордунун, маданияттын же материалдык баалуулуктардын эч кандай мааниси жок. Аллах момундар арасындагы мындай сүйүүнү Куранда мындайча билдирет:

Ал эми аларды (алардын көчүп келишин) утурлап, короо-жайлары менен ыймандарын(ын жылуулугун) даярдап койгон (мединалык) момундар аларга хижрат кылып келгендерди сүйөт жана аларга берилген олжо себептүү жүрөктөрүндө көрө албастык сезимин туйбайт. Өздөрүндө жетишпестик болуп турса да, аларды өздөрүнөн жогору коюшат. Ким напсинин сугалактыгынан сактана алса, дал ошолор гана жеңишке (бейишке) жетет. (Хашр Сүрөсү, 9)

Giuseppe Castiglionne

Giuseppe Castiglionne / Louvre / Le Salon Carre, 1865.

Аятта билдирилгендей, момундар ыйман келтирген бүт адамдарды өз бир тууганындай көрүшөт. Башка бир момунга жакшылык, бейпилдик тартуулоо үчүн эч кандай кыйынчылыктан тартынбайт. Момундардын мындай сүйүү түшүнүгүнө бир гана ыймандын жана Куран ахлагынын жашалышы менен жетүүгө болот.

Пайгамбар Мырзабыз сүйүүнүн маанисин жана чыныгы сүйүүнү жашаган момундардын бийиктигин бир хадисинде мындайча билдирген:

Аз. Өмер (радыйаллаху анх) баяндайт: «Расулуллах (алейхиссалату весселам) буйурду: «Аллахтын кулдарынын арасында бир топ бар, алар пайгамбар да эмес, шейит да эмес. Бирок кыямат күнү Аллах алдындагы даражаларынын бийиктиги себебинен пайгамбарлар да, шейиттер да аларга суктанышат. «Ал жердегилер сурашты: «Эй, Аллахтын Элчиси! Алар ким, бизге кабар бер!» «Алар араларында кан (биологиялык) туугандыгы же бири-бирине белек кылган мал-мүлк болбогонуна карабастан, Аллах атына бири-бирин сүйгөндөр. Аллахка ант ичем, алардын жүздөрү сөзсүз нур. Алар бир нур үстүндө. Адамдар коркуп жатканда, алар коркушпайт. Адамдар кайгырып жатканда, алар кайгырышпайт. 12

Saray

... Handhold. The end result of all affairs is with Allah.
(Surah Luqman, 22)

Сүйүү сыяктуу чоң бир нематты момундарга тартуулаган болсо Раббибиз Аллах. Аллах Аз. Яхьяга Өз Кабатынан бир сүйүү сезимталдыгы бергенин мындайча билдирүүдө:

(Ал төрөлүп, чоңойгондон кийин ага айттык:) «Эй Яхья, Китепти бекем карма.» Биз ага өкүм шариятты наристелигинде берген элек. Жана Биз ага Өзүбүздөн сүйүү сезимталдыгы (мээримдүүлүк), таза-пакизалык (да тартууладык). Ал – абдан такыбаа эле. (Мариям Сүрөсү, 12-13)

Башка бир аятта болсо Аллах ыйман келтирип, салих амал кылгандарга Өз Кабатынан бир сүйүү тартуулаарын кабар берген:

Албетте, ыйман келтирип, салих амал кылгандар үчүн Рахман сүйүүнү жаратат. (Мариям Сүрөсү, 96)

Бул жерде абдан маанилүү бир нерсеге да токтолуу керек. Аллахтын ыраазычылыгы үчүн сүйгөн бир адам эң сонун ахлактуу, Аллахка эң жакын, эң такыбаа адамды бүт баарынан көбүрөөк сүйөт. Ошондуктан, Пайгамбарыбыз (сав) – бүт момундар үчүн эң сүйүктүү, эң жакын дос.

Чыныгы Сүйүү Куран Ахлагы Менен Бирге Жашалат

Аллахка чын көңүлдөн байланган жана Аллахты абдан сүйгөн бир адам Ал жараткан бүт кооздуктарга карата жүрөгүндө бир сүйүү сезет; бир гүл, көпөлөк, чымчык, мышык же сонун бир табият көрүнүшү бул адамдын ичинде чоң бир толкундануу ойготот. Ошол сыяктуу сонун адеп-ахлактуу, сулуу бир адам да жүрөктө чыныгы суктанууну пайда кылат. Себеби адам көргөн бүт бул нерселер Аллахтын көрүнүштөрү. Аллахка болгон күчтүү сүйүү Анын чексиз сулуулугу, чеберчилиги, акылы жана күч-кудурети көрүнгөн бүт нерсеге карата рухунда табигый бир сүйүү жана махабат пайда кылат. Ушул себептен Аллахка чын көңүлдөн байланган адамдар гана чыныгы сүйүүнү жашай алышат.

beyaz at

They worship besides Allah something for which no authority has come down,
something about which they have no knowledge. There is no helper for the wrongdoers.
(Surat al-Hajj, 71)

Куран ахлагы болсо чыныгы сүйүүнүн негизин пайда кылат. Бир адамды ахлагы менен, адамкерчилиги менен жана ээ болгон бүт өзгөчөлүктөрү менен терең сүйүү ал адамдын Куранга баш ийиши менен гана мүмкүн болот. Себеби Куранга баш ийген бир адам Аллах жакшы көргөн ахлакты жашоо менен көптөгөн сүйүлө турган сонун өзгөчөлүктөргө ээ болот. Аллахтын «...Раббиңдин назарында сооп-сыйлык жаатынан да, акыбет-натыйжа жаатынан да түбөлүк-түгөнгүс жакшы амалдар пайдалуураак.» (Мариям Сүрөсү, 76) өкүмүн билүү менен бардык мындай сонун ахлак өзгөчөлүктөрүндө өмүр бойу сабырдуу жана чечкиндүү болот; бекемдик, туруктуулук, урматтоо, сүйүү, жөнөкөйлүк, башкаларды өйдө койуу, чынчылдык, түшүнүктүүлүк, кечиримдүүлүк, мээрим, жумшак пейилдүүлүк, эр жүрөктүк, чечкиндүүлүк сыяктуу өзгөчөлүктөр Аллах коркуусу жана Куран ахлагынын жашалышы менен гана туруктуу болот. Мындай туруктуулук момундун сүйүүдө да өмүр бойу сабырдуу жана бекем болушуна шарт түзөт. Сүйүүнүн негизи ыйман, Аллах коркуусу жана Куран ахлагына таянгандыктан жана Аллах ыраазычылыгы үчүн сүйгөндүктөн момундун сүйүүсү абдан күчтүү жана терең. Ыйман келтиргендер менен жашаган достуктун акыретте түбөлүккө уланаарын билиши сүйүүнү күчтүү жана туруктуу кылган себептердин бири.

Куранга баш ийген бир адам көрсөткөн мындай жогорку ахлак аны Аллах Кабатында да момундарга да абдан баалуу бир адам абалына алып келет. Куранга баш ийген, такыба бир момун бүт баарынан мурда Аллахтын сүйүүсүнө жана ыраазычылыгына жетүүнү үмүт кылат. Аллах Өзү сүйгөн кулун момундарга да сүйдүрөт, ага Өз Кабатынан бир нур, сулуулук берет жана адамдардын жүрөгүнүн жылышына себеп боло турган өзгөчөлүктөр тартуулайт.

Куран Ахлагын Жашабаган Адамдардын Туура Эмес Сүйүү Түшүнүгү

Куран ахлагынан алыс жашаган адамдар башка көптөгөн нерселерде болгон сыяктуу сүйүү жөнүндө да туура эмес түшүнүккө ээ. Бул адамдар канчалык өз араларында урмат жана сүйүү бар деп ойлошсо да, булар көбүнчө туура эмес негизге таянат.

Төмөндө Куран ахлагын жашабаган адамдардын кээ бирлеринин сүйүүлөрү таянган баалуулуктар каралат.

Аял Менен Эркек Арасындагы Ширкке Таянган Сүйүү

Ширкке таянган сүйүү өрнөктөрү аял менен эркек арасындагы мамилелерде көп байкалат. Кээ бир адамдар Аллахка карата болушу керек болгон сүйүү жана байланууну эч нерсеге күчү жетпеген алсыз жандыктарга багытташат. Кээде бир адамды жашоолорунун негизги максатына айлантышат, дайыма бүт жерде анын атын эскеришет, аны улуулашат жана анын сүйүүсүнө жетүүгө аракет кылышат. Эрте менен тургандан баштап күн бойу тынымсыз ал адамды ойлонушат. Же ал адамды ойлоп, таң атканча уктабай чыгат. Аллахтын ыраазычылыгына жетүүнүн ордуна, бир гана ал адамды ыраазы кылууну максаттайт, ал тургай кээде ал адамды ыраазы кылуу үчүн Аллахтын ыраазычылыгына туура келбеген иштерге барат. Ал үчүн ар кандай нерсеге даяр болот, бирок Аллахтын ыраазычылыгына жетүү үчүн эчтеке жасабайт. Мындай адамдар дээрлик бири-бирин «кудай» кылып алышат. Мунун бир мисалы, сүйүү жөнүндөгү кээ бир ыр саптарында, чыгармаларда же романтикалык сөздөр айтылганда, «сыйынуу» этиши абдан көп колдонулууда. Мына ушундай сүйүү түшүнүгүнүн негизи Аллахка шерик кошууга (ширкке) таянат. Аллах бир аятында жахилия (караңгы) ишенимине ээ адамдар жашаган мындай ширк сүйүүсүнө көңүл бурулуп, Аллахка карата туйулган чыныгы сүйүүнүн мындан алда канча жогорку күчкө ээ экени жана абдан күчтүү бир жакындыкка алып келээри билдирилген:

... Аллахты, ата-бабаңарды эстегендей, ал тургай андан да күчтүүрөөк эстегиле... (Бакара Сүрөсү, 200)

bahçe mor salkım

It is not fitting for a Prophet to take captives until he has let much blood in the land. You desire the goods of the dunya, whereas Allah desires the akhira. Allah is Almighty, All-Wise.
(Surat al-Anfal,67)

You consider them united, but their hearts are scattered wide. That is because they are people who do not use their intellect.
(Surat al-Hashr, 14)

Аллах сүйүүсү бардык сүйүүлөрдүн үстүндө. Аллах сүйүүсүнүн ордуна тандалган, жүрөктөн Аллах сүйүүсүн чыгарып анын ордуна койулган бир сүйүү адамдын Аллахка ширк кошушуна себеп болот жана бул болсо адамды тозокко түртүшү мүмкүн. Бирок адамдардын кээ бирлери мындай коркунучту байкашпайт да.

Бир адамдын башка адамдарды сүйүшү, аларга жакын болушу, үй-бүлөсүн, жакындарын сүйүү менен коргошу албетте сонун бир ахлак. Мурда да айтылгандай, сүйүүнү сезе алуу, сүйүү жана жакындыкты жашай алуу Аллах адамдарга берген абдан сонун бир немат. Бирок бул сүйүү Аллахтын ыраазычылыгы үчүн болгондо гана адамга бул дүйнөдө да акыретте да бакыт алып келет. Аллахтан өйдө койулган сүйүүлөр адамга дүйнөдө да, акыретте да кыйноо жана азап алып келет. Аллах дүйнөдө бири-бирин ширк кошкон адамдардын акыретте тозок азабынан кутулуу үчүн бири-бирин садака чапкысы келээрин мындайча билдирет:

Алар бири-бирине көрсөтүлөт. Күнөөкөр адам ошол күндүн азабына(н кутулуш үчүн) перзенттерин, аялын жана ага-инилерин, өзүнө арка-жөлөк болгон тууган-уруктарын, жана деги эле жер бетиндегилердин баарын садага чаап, өзүн (тозоктон) куткарып кетүүнү каалайт. (Маариж Сүрөсү, 11-14)

Ал күнү киши өзүнүн бир тууганынан качып калат. Апасы менен атасынан дагы, түгөйү (аялы-күйөөсү) жана балдарынан дагы. Ал күнү ар бир адамдын өзүнө жете турган иши бар. (Абаса Сүрөсү, 34-37)

Кызыкчылыкка (Пайдага) Таянган Достуктар

Көп адамдар кабыл алгысы келбесе да, кээ бир мамилелерде адамдардын көңүлдөрүнүн түпкүрүндө бир кызыкчылык болот. Кээ бир адамдар аларга кандайдыр бир пайда алып келет деп үмүттөнгөн бир адамды көргөндө, сезген толкундануусун «сүйүү» катары кабылдашат. Чынында болсо алар сезген толкундануу бул адамдын өзүнө эмес, ал ээ болгон нерселерге карата болгон «күчтүү каалоо». Көп адамдардын башкага болгон сүйүүсү бул адам ээ болгон мал-мүлк жана байлыгына жараша өзгөрөт. Байлык адамдын напсисинде толкундануу алып келгендиктен эң көп толкундануу эң бай адамга карата болот. Бирок жогоруда да айтылгандай, бул сезим сүйүү эмес, дүйнө байлыгына карата болгон каалоо. Бай кишинин ахлагы мындай көз-карашка ээ адамдар үчүн маанисиз. Ошондуктан, ачуулуу, орой, өзүмчүл, акылсыз, таш боор, өз кызыкчылыгын ойлогон, жасалма, ойлонбогон (акмак) адам болсо да бай же атактуу болушу гана бул адамга көп маани берилип, сыйланышы үчүн жетиштүү болот.

Кээ бирөөлөр болсо аларды күлдүргөн адамдар менен бирге болгусу келет жана «мени менен дос боло турган адам мени күлдүрө алышы керек» деген сыяктуу сөздөрдү айтып, муну мойнуна алышат. Ошондуктан, мындай жакындык да сүйүүгө таянбайт, кызыкчылыкка таянат. Адамдын напсиси күлгүсү келгенден улам аны күлдүрө турган бири менен болуудан ырахат алышы аны сүйөт деген мааниге келбейт. Бирок көп адам пайда алуудан сезген сезимди сүйүү менен адаштырат жана бул адамды абдан сүйөм деп айтат.

Кээ бирлери болсо «сулуу адамдар менен бирге болуу мага аброй алып келет» деп ойлойт. Ушул себептен достук үчүн сулуу адамдарды тандашат; дос тандоодо адамдын бойу, көзүнүн же чачынын өңү, мурду сыяктуу сырткы көрүнүштөрүн карайт. Сулуулук болгондон кийин ал адам үчүн бул кишинин акылы, абийири же адамдык өзгөчөлүктөрүнүн эч кандай мааниси жок. Бирок «ал адамга болгон сүйүүдөн улам мындай сапаттарга маани бербейм» деп айтат. Чынында болсо мындай сүйүү бул адамдар үчүн «бул адамдын сулуулугу мага топтогон абройду сүйөм» маанисин берет. Сулуулук кеткенде, артта калган рух болсо бул адам үчүн эч кандай мааниге ээ болбойт. Алдындагы адам сулуу болгону үчүн анын таш боордугун, орой же бой көтөрүп, адамдарды шылдыңдаган кыялын байкамаксан болот.

Saray

Allah expands and restricts provision to anyone He wills.
They rejoice in the life of this world. Yet the life of this world, compared to the Hereafter, is only fleeting enjoyment.
(Surat ar-Ra'd, 26)

As for anyone who desires this fleeting existence,
We hasten in it whatever We will to whoever We want.
Then We will consign him to Hell, where he will roast, reviled and driven out.
(Surat al-Isra', 18)

Кээ бир адамдардын күткөн кызыкчылыгынын бири болсо өздөрү айткандай «жашоо гарантиясына» жетүү болуп саналат. Көп адамдардын келечегин гарантияга ала албоо, жалгыз жашоого мажбур болуу, экономикалык жактан муктаж абалга келүү, ооруп калганда аны карай турган бирөөнү таба албоо сыяктуу коркуулары бар. Кээ бирлери мындай коркууну жеңүүнүн эң билинген жана эң бекем жолу деп үй-бүлө курууну ойлошот. Ушул себептен, мындай өзгөчөлүктөргө ээ деп ойлогон адамга байланат жана аны эч жоготууну каалабайт. Мындай «келечек коркуусуна» таянган бирге болууну болсо көбүнчө чыныгы сүйүү деп ойлошот.

Жашоолору боюнча бул адамдын жакпаган көптөгөн тараптарына ушул коркуулары себебинен гана чыдоого мажбур болот. Коңшулары же досторуна арызын айтат, жашоосу жөнүндө арызданат, бирок суралганда, кызыкчылык үчүн гана бирге жашаган түгөйлөрүн «абдан сүйөм» деп айтат. Ал эми, Куран ахлагына ылайык жашалган чыныгы сүйүүдө эч кандай кызыкчылык же пайда максат кылынбайт. Адам маңдайындагы адамды эч кандай кызыкчылык күтпөстөн, ал адамда Аллахтын көрүнүштөрүн көрүү менен, аны абдан толкунданып сүйөт. Ал жокто эч качан аны жамандабайт. Чын жүрөктөн сүйгөндүктөн, аны мактаган, коргогон сөздөрдү гана сүйлөйт. Эч качан андан тажабайт, анын алсыздыктарын же кемчиликтерин көрсө да, ага мээрим, боорукердик сезет; кемчиликтерин ага сездирбестен жаап, жашырууга аракет кылат; дайыма ага бейпилдик болушун каалайт, ар бир каалоосун кубаныч менен орундатат. Чыныгы сүйүүсүн, достугун жана жакындыгын эң сонун жол менен билдирет.

Кыска Мөөнөттүү, Убактылуу Сүйүүлөр

Куранга таянбаган сүйүүлөр кыска мөөнөттө өтүп кетет. Тараптардын бири ал адамдан күткөн пайдасын ала албашын көргөндө, мурда ага карата сезген толкундануусу ошол замат тажоого айланат. Ошол сыяктуу анын бир кемчилигин же оорусун көргөндө, андан сууп баштайт. Өзгөчө ал адамдын кебетесинде бир бузулуу болсо; мисалы, бир кырсык натыйжасында жүзүндө тыртыктар калса, бул сүйүү бүттү дегенди түшүндүрөт. Көп адамдар чөйрөсүндөгү адамдарда же гезит, телевизорлордон көрүшөт: абдан жакшыдай көрүнгөн үй-бүлөлөрдүн ажыроо себеби көбүнчө оору, алсыздык же банкрот болуу. Түгөйү абдан сулуу же бай да болсо, анын ооруган учурдагы алсыздыгын көргөндүктөн, араларындагы сүйүүнүн бүткөнүн айткан жана ушул себептен ажырашкан көптөгөн жуптар бар. Ушул сыяктуу, бай жана бардар жашаган кезде абдан сонун түшүнүшүп жашайбыз дегендер мал-мүлкүн жоготкондо, бир заматта аларга көрсөтүлгөн сүйүү жана жакындыктын да жоголгонун көрүшөт.

Чынында болсо чыныгы сүйүү күн өткөн сайын көбөйөт, эч азайбайт. Маңдайындагы адамга анын ахлагы үчүн баа берген бир адам бул ахлактын сонун тараптарын көргөн сайын ага болгон сүйүүсү барган сайын өсөт. Бул адамдын бир кырсык натыйжасында майып болуп калышы, бүт мүлкүнөн айрылышы, денесин жара капташы же ушул сыяктуу бир кыйынчылыкка кабылышы сүйүүгө эч кандай таасир бербейт. Ал тургай мындай кыйынчылыктар ал адамдын жөнөкөйлүгүн жана сабырдуулугун жогорулатып, аны мурдакыдан да сонун ахлактуу кылгандыктан, сүйүүсү дагы күчөшү мүмкүн. Мындай окуялардын сүйүүгө таасир этпешинин себеби – чыныгы сүйүүнүн адам жашаган Куран ахлагына таянгандыгында. Бир адамдын Аллахтан ичи титиреп коркушу, дайыма Анын ыраазычылыгын издеши жана Куран ахлагын эң сонун абалда жашашы сүйүүнү калыптандырган негизги себептер. Ушул себептен Куран ахлагын жашаган адамдар арасындагы сүйүү мындай окуялардан эч качан тескери таасирленбейт, тескерисинче мындай окуялар сүйүүнү күчөтөт.

Бележки

10- Kütüb-i Sitte, 10. cilt, s.140; Ebû Dâvud, Sünnet 3, 4599

11- Kütüb-i Sitte, 10. cilt, s. 141

12- Kütüb-i Sitte, 3345