Дин ахлагын жашабаган адамдардын чындап сүйүшү жана сүйүлүшү эч мүмкүн эмес. Чыныгы сүйүүнүн эки тараптуу жашалышы үчүн ал адамдын бүт нерседен мурун Аллахты терең бир сүйүү менен сүйүшү жана Аллах сүйүүсүнө татыктуу бир ахлак көрсөтүшү керек. Аллах сүйгөн кулдарынын жүрөгүнө бир сүйүү берет жана башка адамдардын жүрөгүндө да ага карата бир сүйүү пайда кылат. Сүйүүнүн чыныгы булагынын жана ээсинин Аллах экенин унутпоо зарыл. «Сүйүү» деген абдан баалуу жана чоң нематты жашай алуу үчүн эң алгач адамдын жакшы ахлагы менен мындай нематка ылайык болушу жана Аллахтан бул нематты сурашы зарыл. Жаман ахлактуу же дин ахлагын жашабастан, жахилия жашоосун каалаган бир адам дүйнөдө да, акыретте да ушул себептен бактысыз болуп калышы, жалгыз жана доссуз калышы мүмкүн.
Сүйүүнүн Аллах Кабатынан берилген бир немат экенин Аллах Курандын бир канча аятында билдирген:
Жана Биз ага (Аз. Яхьяга) Кабатыбыздан сүйүү сезимталдыгы (мээримдүүлүк) жана таза-пакизалык (да тартууладык). Ал – абдан такыбаа эле. (Мариям Сүрөсү, 13)
Албетте, ыйман келтирип, салих амал кылгандар үчүн Рахман сүйүүнү жаратат. (Мариям Сүрөсү, 96)
Жана Анын белгилеринен – алар менен тынчтанууңар үчүн силерге өзүңөрдөн болгон жубайларды жаратып бергени жана араңарга сүйүү, ырайым салып койгону. Чынында бул нерселерде ой жүгүрткөн адамдар үчүн аят-белгилер бар. (Рум Сүрөсү, 21)
Аллах чыныгы сүйүүнү ылайык көргөн адамдардын кээ бир өзгөчөлүктөрү төмөнкүлөр:
![]() |
Strain not thine eyes. (Wistfully) at what |
Аллахка жана акыретке ишенбеген кээ бир адамдар дүйнө жашоосун бир «күрөш мекени» деп түшүнүшөт. Бул адамдардын көз-карашы боюнча, ар бир адам жашоосун уланта алуу үчүн күрөшүшү зарыл жана бул күрөштө күчтүүлөр алсыздарды эзүү менен жашоосун улантышы керек. Толугу менен бузуку бир ишенимдин натыйжасы болгон мындай көз-караш адамдардын сонун ахлактан толугу менен алысташына жана бир гана өз пайдаларын коргоону көздөгөн бир ахлак түшүнүгүн өнүктүрүшүнө себеп болот. Мындай көз-караш өкүмчүлүк кылган бир коомдо кыйын абалга кабылууга да макул болуу менен алсызга жардам берүү, башка бирөө үчүн өз жанын аябоо же башка бирөөнүн ден-соолугун, бактысын, бейпилдигин өзүнүкүнөн өйдө тутуу сыяктуу сонун ахлак өзгөчөлүктөрү керексиз нерселер катары кабыл алынат. Ошондуктан, кандайдыр бир пайда алмайынча, эч ким башка бирөө үчүн өз мал-жанын жумшабайт.
Дин ахлагы жашалбаган коомдордо адамдар арасында мындай көз-карашты көп жолуктурууга болот. Мындай түшүнүккө ээ адамдардын бири-бирин чындап сүйүшү көбүнчө эч мүмкүн эмес. Себеби адам өз ырахатын бүт баарынан өйдө койгон, өзүмчүл бир адамды чын жүрөктөн сүйө албайт. Маңдайындагы адамдын бир нерседе эле өзүмчүл мамиле жасаганын көрүшү рухунда ал адамга карата болгон сүйүүсүнө тескери таасир берет. Мисалы, бир адамдын жалаң гана өз ырахатын ойлошу, сонун бир тамакты, сонун керебетти өзү үчүн сактап, чөйрөсүндөгү адамдарды ойлонбошу да ал адамга болгон сүйүүгө тескери таасир берет. Жахилия коомунда адамдар бири-биринин ушул сыяктуу жаман кыялдарына көп жолу күбө болушат жана бул нерсе адамдардын жүрөгүндө ал адамга карата тескери көз-караш пайда кылат.
Жахилия ахлагын жашаган кээ бир адамдар эң жакын досторуна да жоомарттык (федакарлык) кылыш керек болгон кандайдыр бир иш сунуштай алышпайт. Мисалы, баласы ооруп калган бирөө жумуштагы досторунан анын ордуна ишин кылып туруусун сурана албайт. Апа жана атага жардам берүү да кээде балдарга оор болушу мүмкүн; ал тургай ушул себептен жүрөктөрдө таарынычтар пайда болот. Сураганда болсо, бүт баары «апа, атамды абдан сүйөм» деп айтат. Бирок, жоомарттык (федакарлык) керек болгондо болсо, эгер бир пайда жок болгон болсо, кээ бир адамдар мындан да качышат. Чынында болсо чындап сүйгөн адам сүйгөнү үчүн эчтекесин аябайт жана ага жардам берүүдөн эч качан тажабайт жана арызданбайт.
Момундардын бири-бирине болгон сүйүүсү жана боорукердинин эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул алардын бир-бири үчүн чын жүрөктөн жоомарттык (федакарлык) кылышы, бири-биринин муктаждыктарын өздөрүнүкүнөн өйдө тутушу. Аллах Куранда бул жөнүндө берген мисалдардын бири Меккеден Мединага хижрат кылган (көчкөн) момундарды тосуп алган Мадиналык момундар.
Куранда момундардын мындай сонун ахлагы мындайча билдирилген:
Ал эми аларды (алардын көчүп келишин) утурлап, короо-жайлары менен ыймандарын(ын жылуулугун) даярдап койгон (мединалык) момундар аларга хижрат кылып келгендерди сүйөт жана аларга берилген олжо себептүү жүрөктөрүндө көрө албастык сезимин туйбайт. Өздөрүндө жетишпестик болуп турса да, аларды өздөрүнөн жогору коюшат. Ким напсинин сугалактыгынан сактана алса, дал ошолор гана жеңишке (бейишке) жетет. (Хашр Сүрөсү, 9)
Аятта Меккелик да, Мединалык да момундардын сонун ахлагы жөнүндө сөз кылынууда. Меккелик момундар малдарын, туугандарын, буюмдарын, үйлөрүн, бак-чарбаларын, иштерин артка таштап, Аллахтын динин жашоо үчүн мекендерин калтырып, Мединага көчүшкөн. Аллахтын ыраазычылыгына жете алуу үчүн ээ болгон бүт нерсесин артка таштоого ыраазы болушкан. Бул абдан жогорку бир ахлак көрсөткүчү жана алардын өздөрүнө Аллахты векил туткан ишенимдүү адамдар экендигинин бир көрсөткүчү. Мындай сонун ахлагы башка момундардын аларды терең сүйүп, урматташына жана боорукердик сезишине себеп болгон.
![]() |
By no means shall ye attain righteousness unless ye give (freely) of that which ye love; Those who spend (freely), whether in prosperity, or in adversity; who restrain anger, |
Натыйжада Мединалык момундар бул ишенимдүү жана бекем момун бир туугандарын эң сонун тосуп алышкан жана эң сонун коноктошкон. Өздөрүнүн кызыкчылыктарын эч ойлобостон, момун бир туугандарына даам таттырышкан, эң сонун тамактарын жана кийимдерин аларга беришкен жана аларга эң бейпил боло турган үй-орундарын беришкен. Мындай жоомарттыктары Аллахка жана момундарга болгон күчтүү жана чыныгы сүйүүлөрүнүн бир натыйжасы. Мындай сонун ахлагы аларга карата да сүйүү сезимин жаратат. Аллах аларды Куранда сүйүү жана мактоо менен эскерип, 1400 жылдан бери Куранды окуган ар бир Мусулмандын жүрөгүндө алар үчүн бир сүйүү жана урмат пайда кылууда.
Момундардын жоомарттыгынын дагы бир өрнөгүн Аллах Куранда төмөнкү аяттары менен билдирет:
Бей-бечараларга, жетимдер менен туткундагыларга өздөрү сүйүп (жегиси келип) турган тамактан жедирип (мындай дешкен): «Биз силерди Аллахтын ыраазычылыгы үчүн тамактандыруудабыз. Биз силерден (эч кандай) акы жана алкыш сурабайбыз. Биз Раббибизден (жана жүрөктү) сыга турган оор күндөн (кыяматтан) коркобуз.» (Инсан Сүрөсү, 8-10)
Өзү муктаж болуп турганына карабастан, кедейге тамагын берген бир адамга карата адамдардын жүрөгүндө бир сүйүү жана урматтоо сезими пайда болоору талашсыз. Бул абалды мындай бир мисал менен түшүндүрөлү: абдан чарчап жана ачка болгонуңузду жана жаныңызда сиздей абалда дагы эки адам болгонун элестетиңиз. Алдыңызда бир адамга гана жете турган тамак жана бир адамга ылайык төшөк болсун. Жаныңыздагы адамдардын бири сизден «ачсыңбы?» деп сурап да койбостон, тамакты өзү жеп баштасын жана төшөккө да өзү жатууга аракет кылсын. Экинчиси болсо ач болгонуна карабастан, тамакты сизге сунсун жана төшөктө сиздин жатып эс алууңузду кааласын. Мындай абалда өзүмчүл мамиле кылган адамга карата ичиңизде бир сууктук, ал эми жоомарт адамга карата болсо сүйүү пайда болгонун сезесиз. Аллах адамдын рухун сонун ахлакты жактыра турган, мындай адамдарга карата сүйүү жана махабат сезе турган кылып жараткан.
![]() |
Жахилия (караңгылык) ахлагын жашаган кээ бир адамдар бири-бирине оңой эле ачууланышат, ылдам ичтеринде кек пайда болот. Аларга кичинекей бир зыян берген бирөөнү да ошол замат жаман көрүп калышы мүмкүн. Болбогон майда нерселерден улам достугун үзгөн, «эң жакыным» деген досуна бир заматта душман болуп калган адамдар бар. Мунун себеби Куран ахлагы жашалбаганда, адамдардын кечиримдүүлүк сыяктуу, сабыр, сүйүү жана жогорку ахлак талап кылган өзгөчөлүктөрдөн алыс калышында.
Ал эми момундар болсо абдан сабырдуу жана кечиримдүү болушат. Кичинекей каталардан же адамдык кемчиликтерден улам маңдайындагы адамга ачууланып, бир заматта алар менен мамилелерин үзүшпөйт. Дайым ага дагы бир мүмкүнчүлүк берет, туура жолду эсине салат жана иш-аракеттерин оңдошу үчүн жардамчы болушат. Сүйгөн досторунун кемчиликтерин таап чыгарып, аларга ачууланып, кекенүүнүн ордуна, алардын каталарын, кемчиликтерин жоюуга аракет кылышат жана Куран менен кеңеш берип аларга жардамчы болушат. Чыныгы сүйүүдө достор арасында чоң бир түшүнүктүүлүк жана сабырдуулук орун алат. Ар кандай маселе сүйүү жана түшүнүктүүлүк менен тынч гана чечилет.
![]() |
O ye who believe! Fear Allah, and (always) say a word directed to the Right: That He may make your conduct whole and sound and forgive you your sins: He that obeys Allah and His Messenger, has already attained the highest achievement. |
Аллах Куранда адамдарга кечиримдүү болушу зарылдыгы жөнүндө мындайча кеңеш берет:
Силердин араңардагы пазилет (илим) ээлери жана бай-бардар жашагандар туугандарына, мискиндерге (жакырларга) жана Аллах жолунда хижрат кылган (көчкөн) кишилерге (садака) бербейм деп ант ичпесин. Тескерисинче, (аларды) кечирсин жана айыбынан өтсүн. Аллах силерди кечиришин каалабайсыңарбы? Аллах кечиримдүү, ырайымдуу. (Нур Сүрөсү, 22)
... Араларында бир азынан башка, алардан тынымсыз кыянаттык көрөсүң. Сен аларды кечирип кой, ачууга алдырба. Аллах жакшылык кылуучуларды сүйөт. (Маида Сүрөсү, 13)
Аллах момундарды милдеттүү кылган Куран ахлагында кечиримдүүлүктүн чеги жок. Жогорудагы аятта да момундарга тынымсыз кыянат көргөн адамдарды да кечириши буйрук кылынууда. Мындай ишенимдеги адам бир адамдын катасы себебинен чоң зыянга учураса да, ал адамды оңой гана кечире алат. Аркасынан аны жамандаган, ага жамандык кылууга аракет кылган же материалдык зыянга учурашына себеп болгон бир адамды кечирүү менен, мындай ахлагы аркылуу ал адам үчүн сонун бир өрнөк боло алат. Натыйжада аны өзүнүн жакын бир досуна айлантышы мүмкүн. Чынында эле чоң бир ката кылгандан кийин кечирилгенин көрүү момундун рухунда аны кечирген адамга карата чоң бир сүйүү жана жакындык пайда кылат. Аллах кечиримдүүлүктүн чыныгы сүйүүнүн пайда болушу үчүн зарыл өзгөчөлүктөрдүн бири экендигин Куранда мындайча билдирет:
Жакшылык менен жамандык эч качан тең болбойт. Жамандыкка сылык мамиле менен жооп бер. Ошондо (көрөсүң) сени менен анын арасында душмандык бар киши жакын бир дос(уң) болуп калат. (Фуссилет Сүрөсү, 34)
![]() |
Чыныгы сүйүүнүн пайда болушу үчүн эң алгач сүйүүгө тоскоол болгон өзүмчүлдүк, өз кызыкчылыгын ойлоо, жасалмалык сыяктуу сапаттардын жоголушу зарыл. Бой көтөрүү – сүйүүнүн пайда болушуна тоскоолдук кылган эң маанилүү себептердин бири. Жөнөкөйлүк болсо – сүйүүнүн эң маанилүү шарттарынын бири. Себеби кичи пейилдүү болбогон жана өзүн башка адамдардан жогору көргөн бир адамдын жашоодо эң маани берген нерсеси өзүнүн напсиси болот. Башка адамдарды өзүнөн төмөн жана маанисиз көрөт. Эң акылдуу, эң ариеттүү, эң урматтуу адам менмин деп ойлойт жана бир мааниде напсисин «кудайга айланткан» болот. Ошондуктан, мындай көз-карашка ээ болгон бир адамдын өзүнөн төмөн көргөн бир адамга байлануусу, ал үчүн жоомарттык кылышы, анын напсисин өзүнөн өйдө тутушу, башкача айтканда, жүрөгүндө ага карата чыныгы сүйүүнүн пайда болушу көбүнчө эч мүмкүн болбойт. Ушул себептен, сүйүү жана бой көтөрүү бири-бирине толугу менен карама-каршы эки өзгөчөлүк. Бой көтөргөн бир адам башка адамдар тарабынан да сүйүлбөйт жана өзү да башкаларды чындап, терең сүйө албайт.
Бой көтөргөн адамдардын сүйүүсүз өмүр сүрүшүнүн бир канча себеби бар. Бой көтөргөн адамдар напсилериндеги өздөрүн «көтөрүү» каалоолорунан улам көбүнчө башкаларды шылдыңдаган бир кыялга ээ болушат. Чөйрөлөрүндөгү адамдардын кемчиликтерин айтканда, өздөрүнүн артыкчылыктарына жакшыраак басым жасай алам деп ойлошот. Тынымсыз шылдың кылган жана сөздөрү менен айланасындагы адамдарды басмырлоого аракет кылган бир адамды эч ким чын жүрөктөн сүйө албайт.
![]() |
... But your Allah is One Allah. |
Кичи пейилдүү адамдар болсо, бул адамдардын тескерисинче, абдан сүйүлүшөт. Кичи пейилдүү адамдын маңдайындагы адамга маани бергени сезилип турат, ошондуктан мындай ахлак көрсөткөн адамдардын жанында бүт адамдар бейпил болушат. Мындай адам ага берилген кеңештерди чын көңүлдөн угат, эч кайсы темада «муну эң жакшы мен билем» дебейт, бой көтөрбөстөн, эң сонун иш-аракетти ошол замат жасайт. Чындыкка каршы тиренбейт, туура эмес бир нерсеге ачууланбайт. Адамдардын маселелерине көңүл бурат жана бүт нерсени байкап турат. Эч кайсы темада бир жогорулук ойу болбогондуктан, «алгач ал сүйүү көрсөтсүн, алгач ал салам берсин, алгач ал мени менен сүйлөшсүн» деген сыяктуу бой көтөрүүдөн пайда болгон ойлорго кабылбайт. Маңдайындагы адам катуу жана бой көтөргөн болсо да ага кичи пейил мамиле кылат. Бүт адамдардын пикирине маани берет, бүт адамдардын саламына эң сонун жооп берет жана жүрөгү бүт адамдарга карата сүйүү жана урматка толо болот. Кыскача айтканда, Куран ахлагы алып келген кичи пейилдүүлүк абдан ылайыктуу, бүт пикирлерге ачык, эч кайсы темада бой көтөрбөгөн, дайыма маңдайындагы адамдарды көтөрмөлөгөн, аларга мээрим көрсөткөн жана баа берген бир адам моделин жаратат. Ушул себептен кичи пейилдүү адамдар абдан сүйүлгөн адамдар болушат.
Аллах момундардын мындай сонун өзгөчөлүгүн Куранда мындайча билдирет:
Алар Рахман (болгон Аллах)тын пенделери, жер бетинде кичипейил-салабаттуу жүрүшөт жана наадандар (оройлук менен) сүйлөсө да «Салам» дешет. (Фуркан Сүрөсү, 63)
Аллах башка бир аятында болсо кичи пейилдүү кулдарын түбөлүк бейиш жашоосу менен сүйүнчүлөйт:
... Демек, силердин Кудайыңар – бир гана Аллах. Эми Анын Өзүнө гана моюн сунгула. Сен кичи пейилдүүлөргө куш кабар бер. (Хаж Сүрөсү, 34)
Аллах Ал-и Имран Сүрөсүндө адамдардын кичи пейилдүү жана жумшак кыялдуу болушу себебинен Пайгамбарыбыздын (сав) айланасына топтолгонуна басым жасайт:
Аллах тарабынан болгон ырайым себептүү сен аларга жумшак мамиле жасадың. Эгер орой, таш боор болсоң, алар сенин айланаңдан тарап кетишмек. Аларды кечир жана алар үчүн (Аллахтан) кечирүүсүн сура. Жана иште(р жөнүндө) алар менен кеңеш. Эгер (бир ишке) киришчү болсоң, Аллахка тобокел кыл. Албетте, Аллах тобокел кылуучуларды сүйөт. (Ал-и Имран Сүрөсү, 159)
![]() |
Then will he be of those who believe, and enjoin patience, (constancy, and self-restraint), and enjoin deeds of kindness and compassion. |
Аллахтан коркуп тартынбаган кээ бир адамдар үчүн жалган айтуу абдан оңой. Бир адамдын жалган айткандыгынын билиниши болсо, эгер ал адам чындап мойнуна алып мамилесин оңдобосо, ага карата сүйүү пайда болушуна тоскоол болот.
Себеби жалган сүйлөгөн бир адам, кайсы сөзүнүн чын, кайсы сөзүнүн калп экени билинбегендиктен улам, ишеничсиз болот. Адам ишенбеген бир адамын сүйө албайт.
Момундар болсо чоң зыянга учурай турган же материалдык-руханий зыянга кабыла турган болушса да эч качан жалган айтышпайт. Алар – дайыма, ар кайсы темада чынчыл жана ишенимдүү ахлак көрсөткөн адамдар.
Эч качан чындыкты жашырышпайт, өз кызыкчылыктарын коргоо үчүн чындыкты бурмалабайт, аткара албаган нерсесине убада бербейт.
Ошондой эле, Ислам ахлагын жашаган бир адам үчүн жалгандын чоң-кичинеси болбойт.
Ушул себептен момундар эч качан бирөөлөргө жагынуу, абройун коргоо, мактануу, материалдык пайда алуу же кандайдыр бир зыян берүү сыяктуу максаттар үчүн да эч качан калп айтууга батынышпайт.
Мындай сонун ахлак өзгөчөлүгү рухту сүйүүгө багыттаган себептердин бири. Себеби адамдын рухунда чынчыл адамдарга карата ылдам бир сүйүү пайда болот.
Пайгамбар Мырзабыз маектеринде момундардын бири-бирине болгон сүйүүсүнүн маанисин баса белгилеген жана мындай сүйүүнүн пайда болушу үчүн ишенимдүүлүктүн жайылышын буйурган:
Эбу Хүрейре (радыйаллаху анх) баяндайт: «Расулуллах (алейхиссалату весселам) буйурду: «Напсим кудуретинде болгон Затка ант берем, ыйман келтирмейинче, бейишке кире албайсыңар, бири-бириңерди сүймөйүнчө, ыйман келтирген болбойсуңар! Ушуну кылганда, бири-бириңерди сүйө турган нерсе жөнүндө кабар берейинби? Араңарда саламды жайылткыла!» 13
Курандын «... Напсилер (көңүлдөр) кызганычтыкка жана өзүмчүл каалоолорго даяр кылынган...» (Ниса Сүрөсү, 128) аяты ар бир адамдын напсисинде көптөгөн тескери өзгөчөлүктөр болушу мүмкүн экендигин эскертүүдө. Адам Аллах ал үчүн белгилеген өмүрү ичинде напсисин ээ болгон мындай тескери өзгөчөлүктөрдөн тазалоого жана бейиш ахлагындагы кемчиликсиз ахлакка жетүү үчүн аракет кылууга милдеттүү. Бирок буга карабастан, адам – жашоосунун аягына чейин, ар качан ката кылууга жакын бир жандык.
Чыныгы сүйүү жана достуктун өкүм сүрүшү үчүн адамдар адамдын мындай абалын унутпашы керек. Бир адам сүйгөн адамга карата абдан сабырдуу жана кечиримдүү болушу, досунун кемчиликтерине сабыр жана түшүнүктүүлүк көрсөтүшү жана анын кемчиликтерин жоюуга аракет кылышы зарыл. Себеби, сүйүү жана сүйүлүү сабырдуу болууну талап кылат. Ката кетирилгенде көрсөтүлгөн сабыр адамдар арасында сүйүүнүн өнүгүшүнө шарт түзөт. Момундар бири-бирине ишенгендиктен, Мусулман болгондуктан жана бири-бирине урмат көрсөтүшкөндүктөн улам бири-биринин катасын сабырдуулук жана кечиримдүүлүк менен кабыл алышат. Мусулман бир туугандарынын каталарын жойо алуу, Куран ахлагын эң сонун негизде жашай алуу үчүн көрсөткөн чын пейилдүү аракети да аларга карата сүйүү сезишине жетиштүү. Ошондуктан, бир туугандарынын туура эмес сөзү же мамилесине жолукса да, ага карата сабыр көрсөтөт, эң сонун мамиле менен жооп кайтарат.
Пайгамбар Мырзабыз да момундарга бир туугандарынын кемчиликтерин жашырууларын, аларга жардамчы болушун буйурган:
Ким бир Мусулмандын айыбын жашырса, Аллах да анын дүйнө жана акыретте айыбын жашырат. Ким бир кыйынчылыкка жолуккан бирөөнүн кыйынчылыгын жойсо, Аллах да кыяматта анын кыйынчылыктарынын бирин жойот. Ким бир тууганынын бир муктаждыгын канааттандырса, Аллах да анын муктаждыгын канааттандырат. 14
Аллахты сүйгөн жана дайыма Аллахтан ыраазы болгон бир адамдын сабыры жахилия коомдорундагы кээ бир адамдардын сабыр түшүнүгүнөн такыр башкача. Мындай коомдогу адамдар эгер бир адамдан бир пайда үмүт кылып жатышса же элдердин сөзүнөн тартынганда, кээ бир нерселерге «чыдап» коюшат. «Чыдап койгон» адам өзүн сүйлөнүүгө, урушунууга акылуу деп ойлойт. «Ушунчалык кыйынчылыкка чыдап жатам, бул үчүн каалаганымды кылууга акым бар» сыяктуу ойго кабылышат. Мисалы, оорулуу бир досун кароого мажбур болгон бир адам эгер Куран ахлагын жашабай аткан болсо, белгилүү убакыттан кийин бул абалдан сыгылып, ачууланып жана арызданып баштайт. Түнкүсүн уйкусуз калганын, чарчаганын, ишинин оор экенин же эч кимдин мындай ишке чыдабасын айтат. Бул абалдан кыйналганы жана ичинен ачууланып жатканы ачык сезилет. Оорулуу досун карыздар сыяктуу көрсөткөн сөздөрдү айтып, ага карыздар экенин эскертет.
![]() |
Сабырдуу бир адам болсо сүйгөн адамынын ар кандай каалоосуна, муктаждыгына сүйүнүү менен жооп берет жана ага колунан келишинче жардамчы болот. Кылган иши үчүн ал адамды эч качан милдеттүү кылбайт. Сабыр – Аллах Куранда момундарга кеңеш кылган сонун бир ахлак өзгөчөлүгү:
Эй ыйман келтиргендер, сабырдуу болгула жана сабырдуулукта жарышкыла, (чек араларда) кезектешкиле. Аллахтан корккула. (Ошондо) кутулаарсыңар (жеңишке жетээрсиңер). (Ал-и Имран Сүрөсү, 200)
Бир адамга карата сүйүү пайда болушуна себепчи болгон ахлак өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул «туруктуулук». Аллах Куранда момундарды туруктуулугунан улам сыйлаарын билдирет. Ошондуктан, Раббибиз жактырган бул ахлак өзгөчөлүгүн момундар эч шартсыз ишке ашырышат. Момундардын мындай өзгөчөлүгүн Аллах бир аятында мындайча түшүндүрөт:
Себеби Аллах (сөзүндө турган бекем) чынчыл адамдарды өз чынчылдыктары себептүү сыйлайт, мүнафыктарды кааласа азаптайт же тообо (насип кылып тообо)лорун кабыл кылат. Шек жок, Аллах – кечиримдүү, ырайымдуу. (Ахзаб Сүрөсү, 24)
Момундар эң оор шарттарда да Аллахка жана ыйман келтиргендерге болгон туруктуулугу, бекемдигинен эч кайтышпайт. Аллах Куранда Аз. Мусаны ээрчиген жаштарды өрнөк көрсөтүү менен момундардын мындай өзгөчөлүгүнө көңүл бурган:
Аягында Мусага өз коомунун бир тайпа жаштарынан башка, Фараон жана анын адамдары аларды балээге кабылтышынан коркуп, ыйман келтирген болгон жок. Анткени, Фараон чынында жер жүзүндө бой көтөргөн бир залим жана чектен чыккандардан эле. Муса айтты: «Эй коомум, эгер силер Аллахка ыйман келтирип, Мусулман болгон болсоңор, эми жалгыз Ага гана тобокел кылгыла.» (Йунус Сүрөсү, 83-84)
Ыйман келтиргендер жана пайгамбарлар тарых боюнча өлтүрүлүү, байлык жана абройдун тартып алынышы, жалаа жабылуу сыяктуу коркунучтар астында жашашкан. Жашоолору бойу бири-биринен бөлүнбөгөн Мусулмандар Аллахка болгон сүйүүлөрү, коркуулары жана баш ийүүлөрү себебинен бардык мындай коркунучтарга бел байлашкан жана артка кайтышкан эмес. Аллахка болгон мындай шартсыз туруктуулуктары момундардын бири-бирине күчтүү сүйүү сезишине жетиштүү бир себеп. Аллах Куранда момундардын мындай өзгөчөлүгүн мындайча кабар берет:
Албетте, Аллахка жана Анын Элчисине ыйман келтирип, (ыйманынан) эч кандай шек санабастан, Аллах жолунда малдары, жандары менен жихад (аракет) кылган адамдар гана чынчыл момундар. (Хужурат Сүрөсү, 15)
![]() |
That is (the Bounty) whereof Allah gives Glad Tidings to His Servants |
Боорукердик – сүйүүнүн бир бөлүгү. Ошондуктан чыныгы сүйүүнүн жашалышы үчүн боорукердикти да толук түшүнүү зарыл. Пайгамбарыбыздын (сав) боорукердиги бүт Мусулмандар үчүн эң сонун өрнөк болот. Аллах Куранда Аз. Мухаммеддин (сав) мындай жогорку ахлагы жөнүндө мындай сөз кылат:
Ант болсун, силерге өз араңардан болгон, силердин кайгыңар үчүн кыйналган, силерге абдан боорукер, момундарга ырайымдуу, коргоочу бир элчи келди. (Тообо Сүрөсү, 128)
Боорукер бир адам чөйрөсүндөгү адамдардын кыйналып жашашын каалабайт; өз жашоосу, ден-соолугу, бейпилдиги канчалык маанилүү болсо чөйрөсүндөгү адамдардыкы да эң аз ошончолук маанилүү жана ал тургай өз жашоосунан да маанилүүрөөк болот. Ушул себептен, чөйрөсүндөгү адамдардын маселелерине карата унчукпай калбоо жана алардын маселелерин чечүү үчүн аракет кылуу – бул боорукер адамдын эң маанилүү өзгөчөлүктөрүнүн бири.
Пайгамбар Мырзабыз момундарга бүт адамдарга карата боорукер болушун мындайча буйурган:
«Боорукер болмойунча, ыйман келтирген болбойсуңар.» «Эй, Аллахтын Элчиси, дешти, баарыбыз боорукербиз.» «Жок, деди, мындан максат элиңерге (Мусулмандарга) болгон боорукердигиңер эмес, бүт калкка, баарына болгон боорукердигиңер.» 15
Адамдын чыныгы жашоосу – бул өлүмү менен бирге башталган акырет жашоосу. Дүйнө ар бир адамдын убактылуу, жана сыналуу үчүн гана жашаган мекени. Бул чындыкты түшүнгөн момундар бири-бирине болгон сүйүүлөрүн эң негизи бири-бирин акыреттеги түбөлүк жашоолоруна даярдоо аркылуу көрсөтүшөт. Өздөрү Аллахтын ыраазычылыгына, рахматына жана бейишине жетүүнү канчалык каалашса, абдан сүйгөн момун бир туугандарынын да ошол нематтарга жана сулуулуктарга жетишин каалайт. Антпесе, адамдын түбөлүк, кайра кутулуу мүмкүнчүлүгү болбостон тозок азабына кабылаарын билиши ыйман келтиргендердин бул багытта абдан каалоо жана чечкиндүүлүк менен аракет кылышына түрткү болот. Бири-биринде көргөн каталуу же кемчиликтүү тараптарды эч убакыт коротпостон жоюуга жана бири-бирин Аллах эң көп ыраазы боло турган ахлакка багыттоого аракет кылат. Бири-бирин дайыма эң жакшы жана сонун жолго чакырып, жамандыктардан тосууга аракет кылышат. Алардын бул багыттагы каалоо жана чечкиндүүлүгү бири-бирине болгон чыныгы сүйүүлөрүнүн эң ачык көрсөткүчтөрүнүн бири. Аллах Куранда ыйман келтиргендердин бири-биринин акыретине багытталган мындай күчтүү сүйүү түшүнүктөрүн мындайча кабар берет:
Момун эркектер менен момун аялдар бири-биринин досу. Жакшылыктарга буйуруп, жамандыктардан кайтарышат, намазды туптуура кылышат, зекетти беришет жана Аллахка жана Анын Элчисине моюн сунушат. Аллах мына ушуларга ырайымын жаадырат. Шек жок, Аллах күч-кудуреттүү, даанышман, өкүмдар. (Тообо Сүрөсү, 71)
![]() |
So set thou thy face steadily and truly to the Faith: (establish) Allah's handiwork according to the pattern on which He has made mankind: … |
Адамдардын көпчүлүгү үчүн жашоолорунун эң негизги темасы – бул өздөрүнүн ырахаты. Бирок чыныгы сүйүүдө адам өз напсисин унутат жана сүйгөн адамынын напсисин биринчи орунга койот. Анын жыргалчылыгы үчүн колунан келген бүт аракетин жасайт. Дайыма сүйгөн адамынын каалоолорун өзүнүкүнөн мурда койот. Мисалы, бирге жасаган бир иши үчүн өзү макталгандын ордуна сүйгөн адамынын макталышы ал үчүн маанилүүрөөк болот. Өзү туура чыккандан көрө сүйгөн адамынын туура чыгышынан көбүрөөк ырахат алат. Эгер эмгек талап кылган бир жумушту бүтүрүү керек болсо, сүйгөн адамынын чарчашынан көрө өзүнүн чарчашын туура көрөт. Эч качан ал адамды уялта турган, басмырлай турган, көңүлүн оорута турган бир иш-аракет жасабайт. Мунун себеби – бул анын Аллахтын ыраазычылыгына, сүйүүсүнө жана бейишине жетүү каалоосу. Бир адам Аллах ыраазычылыгына жетүү үчүн гана башка адамды мынчалык жоомарттык жана чын пейилден түшүнүктүүлүк менен сүйө алат.
13- Müslim, İmân 93, (54); Ebû Dâvud, Edeb 142, (5193); Tirmizî, İsti'zân 1, (2589)
14- Hz. Müslime İbni Muhalled r.a, Ramuz El-Ehadis, s. 423.8
15- Kütüb-i sitte, cilt 10, s.134