Сүйүү – бул Аллах адамдарга берген эң чоң немат-жакшылыктардын бири. Аллах адамдын табиятын сүйүүдөн жана сүйүлүүдөн ырахат ала турган, достукту жана боордоштукту жактыра турган абалда жараткан. Момундардын жүрөгүндөгү сүйүүнүн чыныгы булагы болсо – бул алардын Аллахка болгон терең сүйүүлөрү. Момундар Аллахты абдан сүйүшөт жана жашоолору боюнча дайыма Аллахтын сүйүүсүнө жана ыраазычылыгына жетүү үчүн болгон аракети менен аракет кылышат. Аллахты сүйгөн адам Аллах жараткан жандыктарды да сүйөт, аларга боор ооруп, мээримдүүлүк көрсөтөт, аларды коргогусу, аларга жакшылык жана сулуулук тартуулагысы келет.
Адамдардын кээ бирлери Куран ахлагын билишпегендиктен, Аллахты зарыл деңгээлде таанып, Анын улуулугун аңдап-түшүнө албагандыктан сүйүүдөн жана достуктан алыста калып, жашоолорун азап ичинде өткөрүшүүдө. Мындай адамдар арасында эң мактанаарлыктай көрүнгөн жашоодо жашагандар да чындыгында чыныгы бакытты жана бейпилдикти таба алышпоодо. Сүйүүсүз жашоону Аллах ыйман келтирбегендерге бул дүйнөдө жана акыретте жакшылыкты сезип шүгүр кылбагандыгы жана ыйман келтирбегендигине бир жооп катары берүүдө. Бул адамдар чыныгы мааниде сүйө алышпайт жана сүйүлүшпөйт. Аллахка шерик кошуу менен жашаган сүйүү болсо чыныгы сүйүү эмес жана аларга дайыма пессимисттик, бактысыздык жана азап алып келет. Бул китептин максаты – ыйман келтиргендерге чексиз мээримдүү Раббибизге, Аллах жараткан жандыктарга жана момундарга болгон сүйүүнүн маанисин эске салуу, Аллахтан баш тартуучуларга тиешелүү өзгөчөлүк болгон сүйүүсүздүктүн бир адам үчүн канчалык чоң балээ жана азап экенин көрсөтүү.