Жыйынтык

Ыйман акыйкаттары жөнүндө ойлонуу адамдардын өз каалоосуна калтырылган эмес, Куранда буйрук кылынган. Ошондуктан бүт ааламды курчаган ыйман акыйкаттары жөнүндө ойлонуу ыймандуулар үчүн тынымсыз бир ибадат болот.

Ыймандуулар Аллахтын бар экенин дайыма жана күчтүүрөөк сезүүгө негиз түзгөн ыйман акыйкаттары аркылуу Аллахтын сыпаттарын жана сыпаттарынын улуулугун жакшыраак түшүнүп, Ага ансайын жакыныраак болууга аракет кылышат. Ыйман акыйкаттарынан келип чыккан терең ойлонуу себебинен Аллахтын илими менен кудуретинин чексиздигин көрүшкөндүктөн, Аллахтан болгон коркуусу эсе эсе өсүп, дүйнөдө дайыма Аллахтын ыраазылыгына, мээримине жана бейишине жетүү каалоосу жана мүдөөсү менен жашашат. Аягында болсо, Аллахтын каалоосу менен, Аллахты жакшылап тааныган жана Анын ыраазылыгынан башка эч нерсе күтпөстөн жашаган дүйнөдөн өтүп, астынан дарыялар агып турган бейиштердеги сарайларына жайгашышат. Куранда ыймандууларга бейиш сүйүнчүлөнгөн аяттардын бири мындай:

Ыйман келтирип, чын ыкластуу иштерди кылгандар болсо (алар) бейиш калкы, ал жерде түбөлүк болушат. (Бакара Сүрөсү, 82)

Чындыкты тангандар (атеисттер) болсо аңкоолук жана караңгылыктан (сабатсыздыктан) келип чыккан капылеттик себебинен Аллахтын бар экендигин көрсөткөн апачык далилдерден жүз бурушат. Алардын жыйынтыгы болсо Куранда төмөнкүчө кабар берилген:

Чындыкты танып, аяттарыбызды жалганга чыгаргандар болсо; алар ичинде түбөлүк кала турган оттун калкы. Кандай жаман бара турган мекен ал. (Тегабүн Сүрөсү, 10)

Куранда кабар берилген бул өкүмдөрдүн негизинде тозоктон коркуп-тартынып, чексиз сулуулукта, напси (көңүл) каалаган бүт нерселер эч кемчиликсиз жаратылып ыймандууларга сунула турган бейишти каалагандар Раббибизди жакшыраак таанып Анын ыраазылыгына, достугуна жана сүйүүсүнө жетүүгө аракет кылышы керек. Ал үчүн болсо ыйман акыйкаттары жөнүндө терең ой жүгүртүп, Аллахтын бийик сыпаттары жөнүндө көбүрөөк билим алып, түшүнүгүн өстүрүшү зарыл. Үйрөнүп, ой жүгүртүүдөн тышкары, ыйман акыйкаттарын айтып берүү да адамдардын ыйманына себепчи болуу, ыймандарын өстүрүү жагынан өтө маанилүү. Ыйман акыйкаттарын айтып берип адамдарды ойлонууга чакыруу – бүт ыймандуулардын мойнундагы маанилүү бир жоопкерчилик.

He cast firmly embedded mountains on the ground so that it would not move under you, and rivers and pathways so that, hopefully, you would be guided.
(Qur'an, 16:15)

Айтышты: «Сен – Улуксуң, бизге үйрөткөнүңдөн башка биздин
эч кандай илимибиз жок. Чындыгында,
Сен – бардык нерсени билүүчү,
өкүмдар жана даанышмансың.»
(Бакара Сүрөсү, 32)