3- Бөлүм: Ислам Аалымдарынын Ыйман Акыйкаттарынын Маанилүүлүгү Жөнүндө Ойлору

Бизге ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгүн көрсөткөн жана бул акыйкаттарды кантип чечмелөө керек экени жөнүндө бизге жол көрсөткөн маанилүү бир булак – бул өтмүштөгү же азыркы доордогу Ислам аалымдарынын эмгектери. Куранга жана сүннөткө толук моюн сунуп жашаган жана Куранга ылайык ойлонгон бул олуя адамдар ыйман акыйкаттарын изилдөөгө жана алар жөнүндө ой жүгүртүүгө өтө маани беришип, эмгектеринде да ыйман акыйкаттарын дайыма алдыңкы планга коюшкан. Бул бөлүмдө кээ бир Ислам аалымдарынын эмгектеринде орун алган ыйман акыйкаты мисалдарына жана бул теманын маанилүүлүгү жөнүндөгү пикирлерине орун берилген.

Имам Газали

Имам Газали он биринчи кылымдын экинчи жарымы менен он экинчи кылымдын баштарында жашаган Хорасандык бир Ислам аалымы болгон. Өз доорунун эң кескин мээлүүлөрүнүн бири деп кабыл алынат. Өз доорунун мужеддиди (Пайгамбарыбыздын хадистеринде кабар берилген, ар кылымдын башында диний акыйкаттарды доордун муктаждыгына жараша сабак берүү үчүн жөнөтүлгөн күчтүү аалым) деп кабыл алынат. Терең илими, күчтүү мээси жана күчтүү анализи менен атагы бир эле Ислам ааламына эмес, бүт Батыш дүйнөсүнө жайылган. Имам Газали ал доордо өзгөчө грек философиясынан таасирленип Куранга сыйбаган ишеним менен пикирлерди айткан кээ бир ойчулдарды өтө натыйжалуу кыйратып, ыйманды сактаган.

Бул атактуу аалым сабактарында жана маектеринде ыйман акыйкаттарына кеңири орун берген. Эмгектеринде да ар кандай темада ыйман акыйкаттарын көрүүгө болот. Эмгектеринде орун алган ыйман акыйкаттарынан кээ бир мисалдар жана ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү жөнүндөгү кээ бир сөздөрү төмөнкүдөй:

Эч бир өкүмдардын мамлекетин башкаруусу асмандар менен жердин мүлкүн жана бул ааламдын тартибин камсыз кылган Аллах Тааланын чарасындай тартиптүү эмес. Аллах Тааладан сулуураак, кемчиликсизирээк эч ким жок. Демек Аны көрүүдөн, Ага кароодон да ырахаттуураак бир нерсе болушу мүмкүнбү? Бул жерден көрүнүп тургандай, Аллах Тааланы жана Ага тиешелүү сырларды билүү бүт илимдерден ырахаттуураак.

Жүрөктүн ырахаты марифетуллах (Аллахты түшүнүү): ар сезим жактырган, ырахат алган нерселер бар. Көздүн ырахаты сулуу нерселерди көрүү, кулактын ырахаты каалаган нерселерин угуу, напсиники жеп-ичүү, жакындашы, душманын жеңүү сыяктуу нерселер. Жүрөктүн ырахаты болсо бүт нерсенин акыйкатын билүү, бул болсо марифетуллах. Марифетуллах жолунда канчалык алга кетсе, ошончо ырахат алат. Ааламдын Халики (Жаратуучусу) жана сактоочусу Аллах Тааланын заты жана сыпатына, сыры жана даанышмандыгына, эмгектер менен чеберчилигине, күч-кудуретине байланышкан марифеттен (ачылыштан, таануудан) да ырахаттуураак; Ага жакын болуу, Аны таануу кубанычы менен бакытынан да жакшы эмне болушу мүмкүн?1

Нутфадан (спермадан) жаратылган адам Аллахтын аяттарынан... Башында абалыңдын эмне экенин, анан эмне болгонуңду ойлон! Адамдар менен жиндер чогулса, спермадан бир көз, же кулак, же акыл, же кудурет, же илим же рух жарата алышмак беле? Андан сөөк, тамыр, нерв, тери, түк жана башкаларды жасай алышмак беле? Булар мындай турсун, Аллах жараткан соң адамдын мүнөз жана маңызын, затынын маңызын (өзүн, негизин) түшүнүүнү каалашса, муну да кыла алышмак эмес...

He has made night and day subservient to you, as well as the Sun and the Moon and the stars, all subject to His command. There are certainly Signs in that for people who use their intellect.
(Qur'an, 16:12)

Аллахтын берешендигин, ал укмуш кудурет менен даанышмандыкты караңыз, адамды кандай кучактоодо. Канчалык ажайып таң калыштуу; дубалда бир сүрөт же кооз бир сызык же оймо-чиймени көргөн адам токтоп, таң калып аларды карап, сүрөтчү буларды кантип жасады деп ойлонот, канчалык зор чеберчилик жасаган дейт; бирок ушул керемет ааламды жана Аллахтын жараткандарын көрүп туруп, аларды жана Аллахтын чеберчилиги менен даанышмандыгын ойлонбой, капылеттик кылат.2

Күн, ай, жылдыздар, булут, жамгыр, шамал жана табияттагы бүт күчтөр, баары Аллах Тааланын эркинде, буйругунда. Жазуучунун колундагы калем сыяктуу.3

Асманда канчалаган жылдыздар бар, жерден жүздөгөн эсе чоң. Алыс болгондуктан, чекиттей көрүнүшөт. Жылдыздар ушундай болгондуктан, асмандардын чоңдугун ушундан түшүнүүгө болот. Бүт бул жылдыздар ушундай чоңдугу менен сенин көзүңдө кичинекей эле көрүнөт. Мына ушул себептен буларды жараткандын улуулугу менен өкүмдарлыгын түшүнө аласың.4

Жылдыздардын көптүгүнө көңүл бургула... Кыймылы менен айланышы, айланып жатканда ылдамдыгы ар түрдүү. Кээ бири бир айда, кээ бири бир жылда, кээ бири он эки жылда, кээ бири отуз жылда айланып, көпчүлүгү ушул топтон. Ал жердеги таң калыштуу маалыматтар эч түгөнгүс... Аллах Таала бул кыска дүйнө өмүрүндө бул жагдайда берген илимдерди айтып берүүгө аракет кылсак, канчалаган күнгө созулат.5

Жүзүңдү асманга бур, асмандын жылдыздарын, алардын чыгып батышын, күн менен айды, алардын тынымсыз эч адашпастан чыгып-батышындагы айырмачылыктарды, кыяматка чейин улана турган керемет кыймылдарын, бир секунда да жолунан чыкпаган кыймылдарын насаат алып кара! Жылдыздардын көптүгүн, формасы менен түстөрүн ойлон. Күндүн бир жыл ичиндеги кыймылына назар сал. Эгер ал чыгып батпаганда, түн менен күндүз болмок эмес. Чыгышы менен батышындагы айырмалар болбогондо мезгилдер болмок эмес... Буларды санап бүтүүгө болбойт. Ааламдагы ар бир зерренин (эң майда нерсе, атом) канчалаган сырлары бар. Аалам бир үй болсо, асман анын чатыры.6

Имам Азам Эбу Ханифа

Эбу Ханифа азрети – Ханафий мазхабынын түзүүчүсү. Өз доорунда Мусулмандар арасында «Имамы Азам», б.а. «Эң чоң имам» деген ат менен таанылган. Мусулмандарга имамдык кылып, Исламды адамдарга жеткирүү жана Аллахтын өкүмдөрүн адамдарга түшүндүрүү үчүн өмүр бою күрөшкөн. Имамы Азамдын Аллахтын бар экенин далилдөөдө жана динди жеткирүүдө колдонгон эң негизги ыкмасы болсо ыйман акыйкаттары болгон. Бул чоң аалымдын ыйман акыйкаттарына берген маанисин бир мисал катары анын төмөндөгү атеист (дехри-табиятчы, материалист) бир адам менен болгон диалогун берели: ...

Багдаддын аркы жээгинде жашаган Эбу Ханифанын талкуу жасала турган убакта келбеши «дехринин» (атеисттин) жана топтун оюнда ар кандай суроолордун пайда болушуна себеп болот. Баары кызыгып турушат... «Эмне үчүн келген жок? Келбей койобу? Корктубу? Далил таба алган жокпу? ж.б. суроолор.! Имам Азам белгиленген сааттан бир аз убакыттан кийин келет. Дехринин маанайы көтөрүлүп, атеисттиги менен текебердиги ан сайын өскөн...

Эбу Ханифа кечирим сурап, кечигишинин себебин түшүндүрүп баштайт: аркы жээктен бул тарапка келе алууга бир унаа таба албадым. Күтүп баштадым. Балким бир кайык же сал келип, ошону менен барам деп ойлоп жаткам. Ошол убакта дарактардын кокустан жыгылып баштаганын көрдүм. Жыгылган дарактардын өзүнөн-өзү тактай, тактайлардын өзүнөн-өзү кайык болгонуна күбө болдум. Анан өзүнөн-өзү бир калак менен парус пайда болгонун көрдүм. Силерден андан да көп уят болбогонума кубанып, кайыкка түштүм. Кайык өзүнөн-өзү мени бул жерге алып келди...

Дехри (Аллахка ишенбеген талашчы) менен угуп жаткандар бул сөздөрдү түшүнбөй калышат. Табиятчылыкты жактаган, бүт нерсени табият пайда кылган деген талашчы мындай нерсе болушу мүмкүн эмес дейт.

Чоң имамдын күткөнү дал ушул болгондой...

Жылмайып мындай дейт: «Бир кичинекей кайыктын да өзүнөн-өзү, жасагычы жана устасы жок туруп пайда болушун кабыл албайсыз, анан кантип бул керемет ааламдын бир жасагычы, бир жаратуучусу болбостон өзүнөн-өзү пайда болгонуна ишенесиз? Аалам ааламдын эмес, Аллахтын чыгармасы. Бүт ушунча далилдер турганда, Аллахтын бар экени жөнүндө талаш баштоонун кажети да жок.7

He made the sea subservient to you so that you could eat fresh meat from it and bring out from it ornaments to wear. And you see the ships cleaving through it so that you can seek His bounty and so that, hopefully, you will show thanks.
(Qur'an, 16:14)

Абдулкадир Гейлани

11-кылымда жашаган Абдулкадир Гейлани да башка Ислам аалымдары сыяктуу ыйман акыйкаттарына өтө маани берген. Эмгектеринде адамдарды Аллахтын далилдери жөнүндө ойлонууга чакырган. «Аллахтын белеги» аттуу эмгегинде ыйман акыйкаттарына берген маанисин көрсөткөн кээ бир сөздөрү төмөнкүдөй:

Эй уул! Ааламдын ар бир зерресинде (майда бөлүгүндө, атомунда) Аллахтын кооз чеберчилиги бар. Бул кооз чеберчиликтердин ар бири Акыйкатка (Аллахка) жеткирүүчү далилдер. Терең ойлон. Ойлоруң тереңдеген сайын көтөрүлөсүң жана бийиктейсиң.8

Бедиүззаман Саид Нурси

Өткөн Хижрий кылымдын мужеддиди деп кабыл алынган чоң аалым Бедиүззаман Саид Нурси да бир Куран тафсири (чечмелөөсү) саналган Рисале-и Нур жыйнагында ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгүн көп жерде айткан:

Бир сарай, жүздөгөн жабык эшиктери бар. Бир эшик эле ачылса ал сарайга киргенге болот, калган эшиктер да ачылат. Эгер бүт эшиктер ачык болсо, бир экөөсү жабылса, ал сарайга киргенге болбойт деп айта албайбыз. Хакаик-и иманийе (ыйман акыйкаттары) мына ошол сарай. Ар бир далил бир ачкыч; далилдеп, эшикти ачат. Бир эшиктин жабык болушу себептүү ал ыйман акыйкатынан баш тартып, танууга болбойт. Шайтан болсо кээ бир себептерге таянып, же капылеттик же сабатсыздык аркылуу жабык калган бир эшикти көрсөтүп; далилдөөчү бүт далилдерди көздөн өчүрөт. «Мына, бул сарайга киргенге болбойт. Балким сарай эмес, ичинде эч нерсе жок» деп, алдайт.9

And We send down water from the sky and make every generous species grow in it.
(Qur'an, 31:10)

Бедиүззаман Мектубат аттуу эмгегинде болсо өзгөчө бүгүнкү күндө ыйман акыйкаттарына бекем кармануунун маанисине токтолуп, өтмүштө жашап өткөн көп Ислам аалымдары эгер бул доордо жашаса, эң көп токтоло турган теманын да ыйман акыйкаттарын үйрөтүү аркылуу адамдардын ыйманын куткаруу болоорун айткан:

Силсиле-и Накшинин (Накши тизмегинин) баатыры жана бир күнү болгон Имамы Раббани (Р.А) Мектубатында айткан: «Ыйман акыйкаттарынан бир маселенин чыгышын миңдеген ырахаттар жана меважид (жүрөккө ырахат берген абалдар) менен кереметтерден өйдө көрөм.» Анан айткан: «Бүт тариктердин (жолдордун) акыркы чекити ыйман акыйкатынын ачылышы менен чыгышы.»... Демек Накши тарикатынын үч пардасы бар: бирөөсү жана эң биринчиси жана эң чоңу: түздөн-түз ыйман акыйкаттарына кызмат кылуу; Имамы Раббани да (Р.А.) акыр заманында (акыркы убагында) ошол жолдо болгон...

Демек акыйкат ушундай болгон соң; менин болжолум: эгер шейх Абдулкадир Гейлани (Р.А.) жана Шах-ы Накшибенд (Р.А.) жана Имамы Раббани (Р.А.) сыяктуу заттар ушул заманда болушканда, бүт эмгектерин ыйман акыйкаттарын жана Ислам негиздерин бекемдөөгө арнашмак. Себеби түбөлүк бакыттын таянычы ошолор. Аларда кемчилик кетсе, түбөлүк азапка (балээге) себеп болот...10

Башка жазууларында болсо устат Бедиүззаман ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү жөнүндө мындай дейт:

Бул заманда ыйман акыйкаттары биринчи максат, биринчи милдет, негизги максат болушу керек. Мындан тышкаркы нерселер экинчи, үчүнчү, төртүнчү даражада калат. Рисале-и Нур менен аларга кызмат кылуу эң биринчи милдет, кызыгуу темасы жана негизги максат болушу керек... Рисале-и Нур рамкасы сыртындагы аалымдар балким олуялар бул саясий жана коомдук жашоонун мамилелери себебинен ыйман акыйкаттарынын маанисин экинчи, үчүнчү даражага калтырып, ошол агымдардын таасиринен, аны менен бир пикирдеги мүнафыктарды (эки жүздүүлөрдү) да сүйө турган болуп калды... Рисале-и Нурдун чыныгы шакирттери өлбөс алмаздар даражасындагы ыйман акыйкаттарын түшүндүрүү милдетин жасап жатышканда, заалымдардын шахмат оюндарына окшогон темалар менен алектене турган алардын ыйык милдеттерин үзгүлтүккө учуратпаш жана түшүнүктөрүн адаштырбаш керек деп ойлойм.11

Мындан тышкары, Бедиүззамандын өмүр баяны жөнүндөгү бир жазууда анын ыйман акыйкаттарына берген мааниси төмөнкүчө айтылат:

Бедиүззамандын ою боюнча негизги маселе; адамдын өзүн, башка нерселерди, ааламды жана түгөйлөрүн ыйман огунда кабылдашы. Эң негизги кызмат ушуга шарт түзүү... Ушундай жыйынтыкка келген Бедиүззаман муну айыктыруунун ыкмасын да иштеп чыкты: «тахкики (изилдеп текшерилген) ыйман» ал иштеп чыккан ыкманын маңызы эле. Кезек «тахкики ыйман» огунда алга жылып доордун технологиясы менен байый турган адамдарды тарбиялап өстүрүүгө келген эле. Мунун жолу болсо билим берүү эле.12

Бедиүззаман Табият Рисалеси аттуу эмгегинде да ыйман акыйкаттары темасына өтө кеңири орун берген. Барла Лахикасында болсо Рисале-и Нурдун эң негизги өзгөчөлүктөрүнүн биринин ыйман акыйкаттарын ойлонтуп, «маддиййун жана табиййун» (материалист жана табиятчы) пикирдик агымдарынын оозун жабуу экенин айткан:

Рисале-и Нур Курани Хакимдин бир керемет руханияты жана бул замандын динсиздигине каршы руханий атом бомбасы катары сол агымдардын жүрөктөрдүн руханий байлыгын бузушуна жооп катары жүрөктөрдүн руханий байлыгын оңдоп адамдан адамга тахкики ыймандан келген керемет бир күч-кудуретке болгон таянычты окурмандардын жүрөктөрүнө берүүдө. Жана бул кызматты да кайра эле ыйык Кураныбыздын илхамы жана иршады (туура жолду көрсөтүүсү) жана сабагы менен орундатууда. Ой жүгүртүү ыймандык сабагы менен табииййун (табиятчылык) жана маддиййун (материализм) кыйратылган бул маселелерде тавхид (Аллахтын жалгыздыгы) нурун көрсөтүп; ыйман акыйкаттарын заттык ааламдан мисалдар менен далилдерди көрсөтүп баян кылат. Жогорку класстарда, университеттерде окутулган илим жана табигый-так илимдердин бул маселелеринде ыйман акыйкаттарынын далилин күн чыккандай көрсөтүүдө. Ушул сыяктуу көп тараптан Рисале-и Нур бул заманда ыймандуулар менен Ислам үчүн алдыңкы планда тутулушу керек болгон, ыймандуулардын колунда руханий алмаз бир кылыч. Кылымдын түшүнүгүнө, замандын аң-сезимине кайрылган, муктаждыкка эң туура келген, сабак берген жана түздөн-түз фейиз жана илхам аркылуу аяттардын жылдыздарынан келген Куран сабагы, бүтүндөй Марифетуллах далилдери.13

The two seas are not the same: the one is sweet, refreshing, delicious to drink, the other salty, bitter to the taste. Yet from both of them you eat fresh meat ...
(Qur'an, 35:12)

Устат башка кээ бир эмгектеринде да аалам менен жандыктардын жаратылуусундагы ыйман далилдерине көңүл буруп, бар болгон бүт нерсенин Аллахтын улуу кудуретин көрсөтүүчү далилдер экенин айткан. Бедиүззамандын ыйман акыйкаттары жөнүндөгү башка кээ бир сөздөрү мындай:

Эй ырахат менен жыргалга жулунган адам! Мен жетимиш жашымда миңдеген тажрыйбалар менен жана далилдер менен жана окуялар менен айн-үл йакин (көз менен көрө турган даражада көрүп, күбө болуп билүү) билдим: чыныгы ырахат жана кайгысыз жыргал жана кайгы-капасыз кубаныч жана өмүрдөгү бактылуулук бир гана ыйманда жана ыйман акыйкаттарында табылат. Дүнүйөлүк бир жыргалда болсо көптөгөн азап-кайгылар бар.14

Ар бир сөзү бир китепти жана ар бир тамгасы бир сапты камтыган бир китептин катчысыз (жазуучусуз) пайда болушу мүмкүн эмес. Аалам китеби да Наккаш-ы Эзелинин (Башы-аягы жок, Түбөлүктүү Оймо-чийме Устасынын) бар болушунан көз-каранды.15

Ааламда эч бир аң-сезимдүү жандык ааламдын бүт дарыларындай күбөлөрү бар Халык-ы Зүлжелалды (Улуу Жаратуучуну) жокко чыгара албайт... Жокко чыгарса, бүт аалам аны жалганчы кыла турганы үчүн оозу жабылып, эч майнап чыкпайт.16

Катардагы бир укмуш машина (техника, жабдык) тартиптүү жана пландуу формасы менен күмөнсүз бир адис жана өтө кылдат устаны көрсөткөн сыяктуу; ааламды толтурган эсепсиз тирүү машиналар (жандыктар) да, ар бири миңдеген илим кереметтерин көрсөтүшүүдө. Албетте, жылдыз курттун жарыгына салыштырмалуу күндүн нуру (жарыгы) даражасында илимдин көрүнүштөрү менен ал жандыктар уста жана түбөлүктүү усталарынын (жаратуучуларынын) бар экенине жана мабудиятына (ибадат кылынууга ылайыктуулугуна) апачык күбөлүк беришет.17

Керемет бир иш аны жасаган бирөөсүз болбойт. Маанилүү бир китеп жазуучусуз болбойт. Чебер бир оймо-чийме узсуз болбойт... Албетте, бул ааламды толтурган өкүм кылган иштердин бир жасагычы жана жер жүзүнүн ар мезгил сайын жаңырып турган таң калыштуу оймо-чийме кооздуктарынын, маанилүү катынын бир жазуучусу, бир узу бар.18

Раббибизди бизге сүрөттөгөн үч чоң, жалпы котормочу бар. Бирөөсү: мобул аалам китеби. Бирөөсү: мобул улуу китептин улуу аяты болгон Хатемүъл-Энбия (Акыркы пайгамбар) алейхиссалату вассалам. Бирөөсү болсо Кураны Азимүшшан (Улуу Куран).19

Башыңды көтөр, көзүңдү ач! Мобул ааламдын улуу китебин бир кара; ал ааламдын жалпы пейзажынын улуулугу даражасында бир тактык менен Жалгыздыктын мөөрүн көрсөтүп жатканын көрөсүң.20

Бүт мөмөлөр жана ичиндеги уруктар Раббаний даанышмандыктын бир керемети, Аллахтын чеберчилигинин бир керемети, Аллах мээриминин бир тартуусу, Аллахтын жалгыздыгынын бир материалдык (заттык) далили, акыретте Аллахтын берешендиктеринин бир сүйүнчүсү, кудуретин толук түшүнүүгө жана илиминин капташына бир чынчыл күбө болуп; мобулар көптөгөн нерселер ааламында жана мобул дарак сыяктуу көбөйгөн бир ааламдын айланасында жалгыздыктын (Аллахтын жалгыздыгынын) күзгүлөрү. Көздөрдү көптүктөн жалгыздыкка бурушууда.21

Эгер акылың күмөндөрдүн арасында калбаган болсо муну түшүнөсүң: бир кудурет сөзүн, мисалы, бал аарыны көп буюмдарга бир кичинекей каталог сымал кылуу; жана бир бетте, мисалы адамда мобул аалам китебинин көбүрөөк маселелерин жазуу, жана бир чекитте, мисалы кичинекей анжир (инжир) данегинде чоң анжир дарагынын программасын ичине камтуу жана бир тамгада, мисалы адам жүрөгүндө мобул улуу ааламдын баскычтарында чагылып, курчаган бүтүн ысымдарынын издерин көрсөтүү жана бир жасмык (чечевица) уругундай жерди ээлеген адам эс-тутумунда бир китепканадай текст жаздыруу жана бүт нерсе менен байланыштуу окуялардын кеңири маалыматтуу каталогун ичине камтуу, албетте жана албетте, Бүт нерсенин Жаратуучусуна тиешелүү жана бул ааламдын Рабб-и Зүлжелалына тиешелүү бир мөөр.22

Мехмед Захид Котку

He stretched out the land and placed firmly embedded mountains and rivers on it, and made two types of every kind of fruit. He covers over day with night. There are Signs in that for people who reflect.
(Qur'an, 13:3)

Мехмед Захид Котку 1897-1980-жылдар арасында жашаган. Өмүр бою даанышман сөздөрү, сабактары жана Курандык кызматтары менен адамдарга мугалим болгон. Куранды өзүнө жол башчы тутуп, адамдарга түшүндүрүүгө аракет кылган. Адамдарга Аллахтын бар экендигинин анык далилдери болгон ыйман акыйкаттарын айтып берген. Эмгектериндеги ыйман акыйкаты мисалдары жана ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү жөнүндөгү сөздөрүнүн кээ бирлери төмөнкүдөй:

Ойлонгон бир коом үчүн Аллах Тааланын бар экени жана жалгыздыгы жөнүндө жерлерди жана асмандарды ойлогондо сансыз сабактар жана белгилер бар. Ошондуктан, кайра кайра жерлерди жана асмандарды кароо жана алардан сабак алуунун Женабы Хакка (Аллахка) бурулууга себепчи болоорунда эч күмөн жок.23

Аллахтын макулуктарын жерде, асманда, деңизде, абадагыларынын түрү менен санын биле алабызбы? Мунун санын жаратуучубуз улуу Аллахтан башка эч ким биле албайт. Микроб деп бизди аябай коркуткан жана көзгө көрүнбөгөн кичинекей, бирок адамдарды, ал тургай, жаныбарларды жана ал тургай мөмөлөрүбүздү кыйнаган жана биз эч түгөтө албаган жандыктар Аллах Тааланын бар экенин жана жалгыздыгын далилдөөгө жетпейби? Ошол кичинекей макулук кантип чоң бир адамды бир заматта жерге жаткырып, өлүмгө чейин алпарат. Албетте, ойлонгон адам үчүн мында көп насаат (сабак) бар.24

Көрүнүп тургандай, Ислам аалымдары ар доордо ыйман акыйкаттарын динге чакырууда эң алдыңкы планда тутушкан. Эмгектериндеги сөздөрүнөн да көрүнүп тургандай, Ислам аалымдары ыйман акыйкаттары жөнүндө терең ойлонушкан. Бул ой жүгүртүүлөрүн башка адамдарга да айтып берип, аларды Аллахтын бар экендигинин далилдерин түшүнүүгө, Аллахтын сыпаттары жөнүндө ойлонууга чакырышкан.

Алардын мындай ой жүгүртүү ыкмасы бизге өрнөк болушу керек жана азыркы заманбап доор бизге сунган бүт илимий жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, ыйман акыйкаттарын жакшыраак үйрөнүп, изилдеп, чечмелешибиз керек.

Footnotes

1 Online at: www.hakikat.com/nur/tsvf/tsvf16.html.

2 Imam Ghazali, Zubdet-ul-ihya, Huccet-ul-Islam (Sayings of Imam Ghazzali), Muhammad al-Qasimi, (Istanbul: Kitabevi Publishings, 1973), 579.

3 Imam Ghazali, Kimya-yi Saadet (Alchemy of Happiness), trans. by A. Faruk Meyan (Istanbul: Bedir Publishings), 712.

4 Ibid., 707.

5 Ibid., 706-07.

6 Imam Ghazali, Zubdet-ul-ihya (Sayings of Imam Ghazzali), 584.

7 Emin Arik, Ateizm'den Inanca (From Atheism to Belief), 4th ed. (Istanbul: Marifet Publishings, 1998), 68.

8 Abd al-Qadir al-Jilani, Ilahi Armagan (The Divine Gift), 39.

9 Bediuzzaman Said Nursi, The Risale-i Nur Collection, "The Flashes": The 13th Flash.

10 Ibid., "The Letters," The 5th Letter.

11 Ibid., "Kastamonu Lahikasi" (Kastamonu Additions), 84-85. Online at:www.yeniasya.org.tr/rslhtm/KAST_78.HTM.

12 For Bediuzzaman Said Nursi's life, see www.nesil.com.tr/wwwroot/turkish/nursi-tr/nursi.html.

13 Bediuzzaman Said Nursi, The Risale-i Nur Collection, "Barla Lahikasi" (Barla Additions), 412.

14 "The Rays," The 14th Ray.

15 Saban Dogen, Risale-i Nur'dan Vecizeler (Good Sayings From Risale-i Nur Collection), 2nd ed. (Istanbul: Genclik Publishings), 161.

16 Ibid., 162.

17 Ibid.

18 Nursi, The Risale-i Nur Collection, "The Words," The 31st Word.

19 Ibid., The 19th Word.

20 Ibid., The 22nd Word.

21 Ibid., The 32nd Word.

22 Ibid., The 22nd Word.

23 Mehmed Zahid Kotku, Tasavvufi Ahlak (Mystical morals), 4th ed. (Istanbul: Seha Nesriyat, 1991), 228.

24 Ibid., 229.