Биз жашап жаткан доор – өткөн доорлорго салыштырмалуу Аллахка, динге баш көтөрүү эң жогорку чекке жетип, дүйнө жүзүнө тарап, ал тургай, Аллахтын бар экендиги жана бүт нерсени Анын жаратканы апачык четке кагылып жаткан бир доор.
19-кылымга чейин батышта да, чыгышта да динсиздик жана атеизм белгилүү маргиналдуу кишилер же топтор тарабынан гана жакталып келген. 19-кылымдан баштап болсо мындай пикирлерди бүт элдерге сиңирүүнү көздөгөн системалуу жана пландуу бир пропаганда башталды. Дагы эле уланып жаткан бул пропаганданы материалисттик идеологияны жана дүйнө көз-карашын жактаган чөйрөлөр жүргүзүшүүдө. Бул чөйрөлөр тарабынан башкарылып, жол көрсөтүлгөн атеизм пропагандасы өнүккөн илим менен технологиянын медиа (массалык маалымат каражаттары) жана башка байланыш каражаттарын да кеңири колдонуу аркылуу эң алыс жактагы адамдарга чейин жеткириле алды.
Учурдагы бул эң чоң алдамчылыктан кутулуунун эң натыйжалуу жолу – бул адамдарга ыйман акыйкаттарын айтып берүү. Муну көрүү үчүн алгач материалисттик көз-караштын жана эволюция теориясынын пикирлерин кыскача карайлы.
Have you thought about what you cultivate? Is it you who make it germinate, or are We the Germinator?
(Qur'an, 56:63-64)
Бүгүнкү күндө Аллахтын бар экендигине жана бүт нерселерди Анын жаратканына каршы согуш ачкан эң чоң жана эң кеңири масштабдуу пикирдик агым – бул материалисттик философия. Бул философия таянган «илимий пайдубал» болсо – бул «эволюция теориясы». Эч бир илимий жана логикалык далилге таянбаганына, акыл менен илимге таптакыр сыйбаганына карабастан, ар кандай пропаганда, көз бойомочулук жана алдамчылык ыкмалары аркылуу бул калп дүйнө жүзүндө белгилүү материалисттик очоктор тарабынан адамдарга сиңирүүгө аракет кылынууда. Учурда дүйнөдө адамдардын Аллахка болгон ишенимин жок кылган, аларды атеист кылган жалгыз маанилүү пикирдик агым – бул эволюция теориясы, башкача айтканда, дарвинизм.
Белгилүү атеист эволюционист профессор Ричард Доукинс «Дарвинден мурда атеист болуу илимий жактан мүмкүн эмес эле, Дарвин бизге бул мүмкүнчүлүктү берди» деп муну таамай айткан.
Бүгүнкү күндө эволюция теориясы гезит-журнал, китептер жана телевизор аркылуу кирбеген эч бир үй, бул теорияны укпаган эч бир адам дээрлик калган жок. Бул жагдай бүт батыш дүйнөсүнө да, Түркияга да, ал тургай, башка бүт Мусулман өлкөлөргө да тиешелүү. Окуу китептерине да киргизилген бул теория сансыз калп жана көз бойомочулуктар аркылуу жаш бала кезден баштап адамдардын аң-сезимине сиңирилип, «адамдар кокустуктар натыйжасында пайда болду, маймылдан келип чыкты» деген сыяктуу тантык калптар менен адамдар алданышууда. Биринчи класстан баштап университетке чейин бул эволюционист калптар аркылуу элдердин мээси жуулууда.
Пайгамбарыбыздын «Эч бир тарап андан коргоно албаган бир фитна чыгат, ал фитна турган жеринен заматта башка бир тарапка жайылат...»25 деген хадиси ушул абалга ишарат кылып жаткан болушу мүмкүн. Чындап эле эволюция теориясынын тантык пикирлери учурдагы байланыш технологиясынын мүмкүнчүлүктөрү менен (журнал, гезит, китеп, интернет, спутниктик байланыш ж.б. ...) ушунча тарай алды. Бүгүнкү күнгө чейин Аллахтын бар экендигине, бүт нерсени Аллахтын жаратканына жана динге каршы согуш ачкан, дүйнөлүк масштабда мынчалык тараган бир атеисттик пикирдик система балким эч болгон эместир.
Мына ушул себептерден улам учурда ыйманга каршы эң чоң душмандын дарвинизм жана дарвинизмден колдоо тапкан идеологиялар экени апачык көрүнүп турат. Муну бир аз тереңирээк караганыбызда, дарвинизмдин негизи коомдо өкүмчүлүк кылган динге жана адеп-ахлакка карама-каршы маданияттын эң чоң булагы экенин көрөбүз. Учурда Мусулмандарга көрсөтүлгөн кысымчылыктардын, атеизмдин, тездик менен тараган адеп-ахлаксыздыктын, коомдордун бузулушунун тамырында да пикирдик мааниде дарвинизм турат.
Эволюция теориясы «жандыктар кокустуктар жана жашоо күрөшү натыйжасында эволюциялашат» деген жалганды жактайт. Натыйжада дарвинизм адамга «эч кимдин алдында жооптуу эмессиң, кокустуктар натыйжасында пайда болгонсуң, жашаш үчүн күрөшүшүң, керек болсо башкаларды эзишиң керек, бул дүйнө уруш-талаш жана кызыкчылык дүйнөсү» деген пикирди сиңирет. «Табигый тандалуу», «жашоо күрөшү», «күчтүүлөрдүн жашашы» деген сыяктуу биологиялык дарвинист түшүнүктөр коомго мына ушул пикирди сиңирүүнү көздөйт.
Дарвинизмдин бул пропагандасынын канчалык натыйжалуу болуп жатканын көрүү үчүн коомдун баалуулуктарына байкоо жасоо жетиштүү болот. Учурдагы коомдорду караганыбызда адамдардын көпчүлүгүнүн дүйнөдө өмүрүн улантуу, жакшы кесипке ээ болуу, мал-мүлк жана акча табуу, ойноп-күлүү жана ушундайча «жашоо күрөшүндө жеңишке жетүү» үчүн жашап жатканын көрөбүз. Өзгөчө жаштардын арасында люкс үйлүү же машиналуу болуу, каалашынча акча коротуу эң чоң идеалдарга айланган. Мындай түшүнүктөгү адамдар эмне үчүн жаралдым деп сурабайт, Аллахтын бар экенин эч ойлонушпайт. Эч жаратылбагандай, аларды жараткан Аллахтын алдында эч бир жоопкерчиликтери жоктой жашашат. Бул адамдардын көпчүлүгүнүн балким эволюция теориясынын пикирлеринен, Дарвиндин көз-караштарынан кабары да жок. Бирок жашоого белгилүү очоктор тарабынан жайылган дарвинисттик бир логика менен карашат.
Мунун себеби – мына ошол «жашыруун дарвинизм пропагандасы». Дарвинизм, аты андай аталбаса да, белгилүү чөйрөлөрдүн пропагандалары себебинен коомдун көпчүлүгүнө өкүмчүлүк кылган бир адеп-ахлак түшүнүгүнө айланды.
Бул адеп-ахлак түшүнүгү адамдарды өзүмчүл, кызыкчылыкты көздөгөн, таш боор жана заалым болууга үндөп, боорукердик, мээрим, башкаларга жакшылык кылуу, жөнөкөйлүк сыяктуу баалуулуктарды болсо жок кылууда жана муну «жашоо эрежелеринин» бир талабындай көрсөтүүдө. Мындай заалым бир көз-караштын бүт дүйнөгө кыйроо алып келээри талашсыз.
Мындай туура эмес адеп-ахлак түшүнүгүнүн таасири астына киргендер дарвинизмди илимий бир чындык деп ойлоп, ага ишенишүүдө. Акыйкат динди болсо «элдердин салттык бир ишеними» деп ойлошууда. Куранда динди тангандардан (атеисттерден) «Раббиңер эмне түшүрдү?» деп суралганда, алардын «илгеркилердин жомокторун» (Нахл Сүрөсү, 24) деп жооп берээри айтылат.
Чындыгында болсо акыйкат дин, б.а. Ислам адат-салттар менен эч кандай байланышы жок, апачык бир чындык. Адамдын аны жараткан Аллахка бурулушу. Бирок дарвинизм менен алданган же бул диндин таасири астында калган кишилер бул чындыкты түшүнө албай турганчалык даражада аңкоо болуп калышкан. Бул негизсиз (жалган) динди жок кылуу, элдердин үстүндөгү капылеттик пардасын ачуу үчүн дарвинизмди жана материалисттик философияны илимий ыкмалар менен кыйратуу шарт. Ыйман акыйкаттары мына ушул себептен өтө маанилүү.
Дүйнө жүзүндөгү адамдар да кошо, бүт жандыктарды кокустуктар натыйжасында пайда болгон деген эволюция теориясына каршы Аллахтын бүт ааламды жаратып, бүт нерсени башкарып тураарын көрсөтүүчү далилдер болгон ыйман акыйкаттарын үйрөнүү, башкаларга айтып берүү жана адамдарга жеткирүү эң натыйжалуу ыкма болот. Себеби ыйман акыйкаттары эволюционисттердин «кокустук» логикасына таянган теорияларын толугу менен жок кылып, бир Жаратуучу бар экенин көрсөтүүдө жана Аллахтын теңдешсиз жаратуусун көз алдыга тартуулоодо.
Мисалы, ыйман акыйкаттарынын бири болгон көз - «көздөрдү ойлонуу мени бул теориямдан көңүлүмдү суутту (алыстатты)» деген Дарвинден бери эволюционисттерди туюкка такаган жаратуу далилдеринин бири. Көздүн түзүлүшү жана функциялары изилденгенде, эволюционисттердин мындай качуусунун себеби жакшыраак түшүнүктүү болот. Көз көптөгөн ар кандай органелл жана бөлүктөн турган татаал бир түзүлүшкө ээ. Таң калаарлык майда-бараттуу жана комплекстүү функциялары бар. Булардын баары көздү түзгөн органелл менен бөлүктөрдүн бир-бири менен координацияда иштеши натыйжасында жасалат. Бөлүктөрдүн бирөөсүнүн эле жок болушу көздүн ишке жараксыз болушуна себеп болот. Бул болсо эволюция үчүн кутулгус бир туюк. Себеби эволюция бүт органдар убакыттын өтүшү менен акырындап өзүнөн-өзү пайда болгон дейт. Көздүн бүт органеллдери менен бирге толугу менен, бир учурда пайда болуу мажбурдугу мындай кокустуктарга таянган бир процесс эч качан болушу мүмкүн эмес деген мааниге келет.
Көз жашын чыгарбаган бир көз кыска убакыт ичинде кургап, сокур болуп калат. Болгондо да, көз жашы антисептикалык касиетинен улам көздү микробдордон коргойт. Эволюционисттер «көз жашы жок болсо бир канча сааттын ичинде куурап калчу көз «эволюция процесси» ичинде көз жашы бездери пайда болгонго чейин миллиондогон жыл бою кантип чыдаган» деген суроону ойлогулары да келбейт. Болгондо да, көз өз функциясын аткара алышы үчүн, бүт орган жана системалары менен бар болгон бир денеден тышкары, айнекчел, конъюнктива (көздүн былжыр чели), көздүн карек айланасындагы чели (iris), карек, чечекей (көздүн линзасы), торчо (тордомо чел), сосуддук кыртыш, көз булчуңдары, көз кабактары сыяктуу кыртыш жана органеллдер талап кылынат. Мындан тышкары, көз менен мээнин байланышын камсыз кылган кереметтүү бир нерв тармагы менен мээдеги өтө комплекстүү көрүү аймагы болмоюнча, көрүү мүмкүн эмес. Бул саналгандардын баары кокустан эч качан пайда боло албай турганчалык өзгөчө жана комплекстүү түзүлүштөргө ээ.
Бул органеллдердин кандайдыр бирөөсү, мисалы көздүн чечекейи болбосо көз эч нерсеге жарабайт. Ал тургай, көз чечекейи менен каректин орду алмашып калса, көз кайра эле ишке жараксыз болуп калат. Кыскасы, көздүн түзүлүшү – өтө кылдат бир пландын натыйжасы. Бир даанасы да кокустуктар натыйжасында өзүнөн-өзү пайда боло албаган бул органелл менен кыртыштардын белгилүү бир планга ылайык бир учурда, бир жерде пайда болуп калышынын бир гана логикалуу жана жарактуу түшүндүрмөсү бар. Көздү түзгөн бүт органеллдерди чексиз акылдуу жана кудуреттүү Аллах жараткан.
Мына ушул ыйман акыйкаты мисалынан да апачык көрүнүп тургандай, бир даана көздүн дагы кокустан пайда болушу мүмкүн эмес, демек жандыктардын кокустан пайда болушу такыр эле акылга сыйбайт. Дарвинизмдин канчалык жалган жана тантык пикирлерге таянган бир теория экени анык көрүнүп турат.
Дарвинизмдин негизсиз (ойдон чыгарылган, жалган) ишенимдердин, атеизмдин жана динсиз бир адеп-ахлак түшүнүгүнүн пикирдик пайдубалы экени анык; ыйман акыйкаттары болсо чындыктын, акыйкаттын дал өзү. Ошондуктан ыйман акыйкаттарын башкаларга айтып берүү, бүт адамдарга жеткирүү дарвинизмдин негизсиз (жалган) пикирдик системасын жок кылат. Куранда айтылгандай мээсин талкалайт. Куранда бул сөз айкашы колдонулган аят төмөнкүдөй:
Жок, Биз чындыкты батылдын (негизсиз жалгандын) үстүнө таштайбыз, ал (чындык) анын (батылдын) мээсин талкалайт. Бир карасаң, ал жок болуп кеткен болот. (Аллахка карата) Мындай сыпаттаганыңар үчүн силерге азап болсун. (Анбия Сүрөсү, 18)
Аятта апачык кабар берилгендей, батыл (негизсиз жалган) бир көз-караш акыйкаттардын ортого коюлушу менен жок болот. Дарвинизм айткан жалгандар менен негизсиз көз-караштар да абсолюттук чындыктар болгон ыйман акыйкаттарынын ортого коюлушу жана адамдар арасында тарашы натыйжасында жок болот. Илим дүйнөсүндө бул процесс эбак эле башталды.
Almighty God gives us a clearer image through the eye, a living tissue, than through glass.
Учурда дүйнөдө эволюция теориясына каршы чыккан, бул теориянын жараксыз экенин жактаган көптөгөн илимпоздор бар. Бул илимпоздор жашоо эволюция теориясы айткандай кокустан пайда болгон эмес, акылы жана аң-сезими бар бир зат тарабынан жаратылган, ааламдагы кемчиликсиз жана өтө так физикалык тең салмактуулуктардын, тирүү организмдердин денелериндеги комплекстүү орган жана системалар же жандыктардын молекулярдык деңгээлдеги комплекстүү түзүлүштөрү материализмдин «кокустук» көз-карашын апачык кыйратат жана жаратылууну (Жаратуучунун бар экенин) далилдейт дешүүдө. Өзгөчө акыркы 20 жыл ичинде бул чындыкты жактаган илимпоздор тарабынан жүздөгөн илимий китеп, макалалар жарык көрүп, жүздөгөн илимий панель жана конференциялар уюштурулду. Бул темада макалалар жарыялаган илимий журналдардын бири – бул Origins and Design (Тамырлар жана дизайн (долбоор)) аттуу журнал жана бул журналда эволюция теориясынын көз-караштарын кыйраткан көптөгөн илимий чындыктар жарыяланууда. Бул темадагы дагы бир мисал болсо биохимия профессору Майкл Бихинин (Michael Behe) Darwin's Black Box: The Biochemical Challange to Evolution (Дарвиндин кара кутусу: эволюция теориясынын үстүнөн биохимиялык жеңиш) аттуу китеби жана бул китеп Түркчөгө да которулган.
Do they not see the birds suspended in mid-air up in the sky? Nothing holds them there except God. There are certainly Signs in that for people who believe.
(Qur'an, 16:79)
Бул илимпоздор айткан бул темадагы далилдерге материалисттер менен дарвинисттер эч жооп бере алышкан жок. Натыйжада эволюция теориясынын бир алдамчылык экени учурда илим дүйнөсүндө да, коомдо да көп адамдар тарабынан байкалды.
Ыйман акыйкаттары Дарвин дооруна чейин Батыш илиминин негизги түшүнүктөрүнүн бирин түзчү. Кеплер, Ньютон, Кювье, Линней сыяктуу көптөгөн белгилүү илимпоздор ааламды же жандыктарды «Аллахтын далилдерин көрүү» ниети менен изилдешкен. Уильям Пейли (William Paley) аттуу илимпоз тарабынан жазылган жана 1802-жылы жарык көргөн Natural Theology: or, Evidences of the Existence and Attributes of the Deity, Collected from the Appearances of Nature (Табигый теология: же Аллахтын бар экендигинин жана сыпаттарынын табияттагы чагылууларынан чогултулган далилдери) аттуу китеби көптөгөн ыйман акыйкаттарын камтыган. Китебинин кириш сөзүндө бир саат мисалын берип, бир талаада баратып жерден бир саат таап алган бир адамдын «муну табият кокустан жасаган болушу керек» деп ойлобой турганын, ар бир сааттын бир саат жасагыч устаны далилдээрин айткан. Андан соң жандыктын органдарын изилдеп ар бири бир сааттан алда канча комплекстүү түзүлүштөр камтыйт жана Аллахтын бар экенин далилдейт деген.
Дарвин мына ушул түшүнүккө каршы күрөшүп, аны жок кылууга аракет жасаган. Жандыктардын «ыйман акыйкаты» эместигин, кокустуктар натыйжасында пайда болгонун, табияттын бул жандыктарды пайда кыла турган бир күчкө ээ экенин айтып чыкты. Дарвиндин мындай пикирлеринин жайылышынын себеби – ал доордо жандыктардын чындыгында канчалык комплекстүү экендигинин белгисиз болушу эле. Болгондо да, табият жөнүндө жетиштүү санда эксперимент жана байкоолор жасала элек болчу жана Дарвин «табияттын эволюция механизмдери» деген факторлордун чындыгында эч өзгөртүп-өнүктүрө турган күчү жок экени аныктала элек эле.
And He created livestock. There is warmth for you in them and various uses, and some you eat.
(Qur'an, 16:5)
Дарвинден бери өткөн болжол менен 1,5 кылымдык убакыт ичинде Батыш илими бул чындыктарды бир-бирден ачып, дарвинизмди далилдөө үчүн аракеттенип жатып, бирок иш жүзүндө бул теориянын канчалык чоң бир жаңылыштык экенин көрсөттү. (Дарвиндин учурдагы эң фанаттык жактоочуларынын бири атеист Ричард Доукинс бул пикирди The Blind Watchmaker (Сокур саатчы) аттуу китеби аркылуу акыркы бир үмүт менен жактоого аракет кылды, бирок ийгиликке жете алган жок.) Жана илим бир кездерде Пейлинин айткандарынын тууралыгын, жандыктардын чындап эле бир «ыйман акыйкаты» экенин далилдеди. Майкл Бихи бул чындыкты китебинде төмөнкүчө айтат:
Пейлинин көз-караштарына ким жооп бере алган? Ал саат бир пландап жасаган бирөөсүз кантип пайда болгон болушу мүмкүн?... Чындыгында Пейлинин көз-карашын эч качан кыйрата алышкан эмес. Дарвин же Доукинс, илим же философия эч качан сааттын бир пландап жасаган бирөөсүз кантип пайда болгонун түшүндүрө алган эмес.26
Ыйман акыйкаттарын кайрадан табуу – илим дүйнөсү менен бирге бүт дүйнөгө түп-тамырынан таасир тийгизе турган бир окуя. Мунун натыйжасында 1,5 кылымдан бери дүйнөнү алдаган материалисттик философия кыйрап, адамдар Аллахтын бар экенин түшүнүшөт жана Ал үйрөткөн адеп-ахлакка ылайык жашап башташат. Ыймансыздык (атеизм, материализм) дүйнөгө алып келген балээлер жоголуп, дарвинизмден колдоо тапкан фашисттик, коммунисттик же капиталисттик идеологиялардын ордуна дин алып келген сонун адеп-ахлак орнойт.
Бул окуялар ишке ашышы үчүн болсо ыйман акыйкаттарын үйрөнүү, түшүнүү жана бүт адамдарга жеткирүү эң негизги рольду ойнойт. Ыйман акыйкаттары, Аллахтын каалоосу менен, атеист-материалисттердин калптарын, көз бойомой жалгандарын жутуп жок кылган Аз. Мусанын асасы сыяктуу, азыркы замандын алдамчылыктарын жок кылат.
Жок, Биз чындыкты батылдын (негизсиз жалгандын) үстүнө таштайбыз, ал (чындык) анын (батылдын) мээсин талкалайт. Бир карасаң, ал жок болуп кеткен болот. (Аллахка карата) Мындай сыпаттаганыңар үчүн силерге азап болсун. (Анбия Сүрөсү, 18)
25 Richard Dawkins, The Blind Watchmaker, (London: WW Norton, 1986), 6.
26 Ibn Hajar Haythami, Al-Qawl al-Mukhtasar fi `Alamat al-Mahdi al-Muntazar, 23.
27 Norman Macbeth, Darwin Retried: An Appeal to Reason (Harvard Common Press: 1971), 131.
28 Michael J. Behe, Darwin's Black Box (New York: The Free Press, 1996), 213.