Киришүү

Бир жерде көпкө эс алып кайтып келгенде, үйүнүн өтө тартиптүү жана кооз болуп жаңы эмеректер менен төшөлүп калганын, ага керектүү бүт нерселер эске алынып, анын баарынын жасалып калганын көргөн бир адам бул көрүнүшкө өтө таң калып, таасирленет. Анан мага бул сюрпризди даярдаган киши ким болду экен деп кызыгып баштайт. Албетте, мындай керемет сюрпризге кайдыгер мамиле кылышы мүмкүн эмес. Мисалы, «кандай болсо да болуптур да иши кылып, бул мени кызыктырбайт» дей албайт. «Бүт нерсе өзүнөн-өзү же кокустан пайда болгон, буюмдар өздөрү эле үйгө келип, өз ордуна жайгашып калган» деп эч качан ойлобойт. Себеби булардын баары белгилүү бир акыл, аң-сезим жана күч талап кылат. Ошондуктан, бүт баарын ойлонгон жана пландап жасалгалаган бирөөнүн бар экени апачык көрүнүп турат.

Бул мисалдагы жагдай бүт аалам, дүйнөбүз жана жандуу-жансыз бүт нерселерге да тиешелүү. Ааламда адам денесинен асманга, жаныбарлардан океандардын түбүнө чейин бүт нерселерде жана кубулуштарда өтө комплекстүү системалар жана сансыз, өтө так тең салмактуулуктар бар. Ойлонгон жана акылын колдоно алган ар бир адам бул комплекстүү системалар менен өтө так тең салмактуулуктарды жогору курудеттүү жана акылдуу Улуу Аллахтын жаратканын түшүнөт.

Мындай түшүнүккө жеткен адам айланасындагы бүт нерселерде ага Аллахты тааныта турган сансыз далилдерди көрөт. Мисалы, ылай топурактан чыккан түркүн түстүү, сонун жыттуу гүлдөр, даамдуу жашылча-жемиштер жана мөмөлөр, буларды сездирген сезүү органдары, ичинде көптөгөн комплекстүү система кемчиликсиз жана гармониялуу иштеген адам денеси, дүйнөбүздү жарык кылган, жылыткан жана бул үчүн бизге эң ылайыктуу аралыкта жана чоңдукта жаратылган күн, бопбоз топуракты жандандырган жамгыр жана ааламдын бүт тарабын курчаган ушулар сыяктуу дагы сансыз далилдер...

Булардын баары бир «ыйман акыйкаты». Б.а. адамды ыйманга алып баруучу жана ыйманынын бекемделишине себепчи болуучу чындыктар, жаратуу кереметтери. Бул далилдер жөнүндө терең ой жүгүрткөн ар бир абийирлүү (жүрөгү таза) адам Аллахтын бар экенин жана улуулугун апачык көрүп, ыйман кылат (ишенет). Ыйман кылгандар болсо ыйман акыйкаттары аркылуу Аллахты жакшыраак таанып, Ага болгон ыйманы, сүйүүсү жана коркуусу андан да өсөт.

Бирок адамдардын көпчүлүгү жаш кезинен баштап тынымсыз материалисттик пикирлер менен сугарылгандыктан, айланаларындагы мындай ыйман акыйкаттарын байкай алышпайт. Бүт нерсени кокустуктардан, туш келди же табигый окуялардан көз-карандыдай көрсөткөн материалисттик пикирлер адамдардын бүт ааламды курчаган апачык жаратуу кереметтерин көрүшүнө жолтоо болот. Көздөрүнүн алдына көрүнбөс бир парда тарткандай болот. Көп адамдар ыйман акыйкаттарына «Аллах кандай сонун жараткан» деп карабай, «кандай сонун» деп карайт, б.а. капылеттик көзү менен баа берет. Бул китептин максаты – кээ бир адамдардын көз алдындагы капылеттик пардасынын ачылышына көмөкчү болуу. Ушул себептен бүт ааламды курчаган ыйман акыйкаттарынын жакшылап изилденип адамдарга жеткирилишинин маанилүүлүгү жөнүндө сөз кылынат. Китепте, ошондой эле, кээ бир Ислам аалымдарынын ыйман акыйкаттарынын маанилүүлүгү жөнүндөгү пикирлерине жана кээ бир ыйман акыйкаты мисалдарына орун берилет. Мындан тышкары, акыр заманда адамдарды атеизмге жана динсиздикке түрткөн жана эң чоң алдамчылык болгон эволюция теориясынын жалган көз-караштарына каршы ыйман акыйкаттарынын кандайча эң натыйжалуу курал экени да каралат.

Акылдуу Долбоор (План), Б.А. Жаратылуу

Бул китепте маал-маалы менен колдонулган «план (долбоор)» сөзүн туура түшүнүү керек. Аллахтын кемчиликсиз бир план (долбоор) менен жаратканы Раббибиз алгач план түзүп, анан жараткан деген мааниге келбейт. Жерлердин жана асмандардын Рабби Аллахтын жаратуу үчүн кандайдыр бир «план (долбоор)» түзүүгө муктаж эмес экенин билүү керек. Аллахтын пландап-долбоорлошу менен жаратуусу бир учурда болот. Аллах мындай кемчиликтерден аруу-таза, жогору. Аллах бир нерсенин же бир иштин болушун каалаганда, анын ишке ашышы үчүн «Бол!» деп айтып коюшу гана жетиштүү болот. Куран аяттарында мындай деп айтылат:

Бир нерсени каалаганда, Анын буйругу бир гана: «Бол» деп айтуу; ал ошол замат болуп калат. (Йасин Сүрөсү, 82)

Асмандарды жана жерди (өрнөксүз) жараткан. Ал бир иштин болушун кааласа, ага «Бол» деп гана айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)